РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВ - Сагындым туулган жер сени - караоке

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 28 сен 2024
  • 🎵 Рыспай Абдыкадыровдун "Сагындым туулган жер сени" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Автордун аткаруусундагы варианты тексти менен.
    🎤РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВ - Сагындым туулган жер сени ырынын үнү жок (минус) варианты • Сагындым туулган жер с...
    🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
    🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
    ✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
    ✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
    ☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
    ☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
    🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
    🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
    🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
    👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
    💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
    Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
    ❗ ЭСКЕРТҮҮ:
    © Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
    #ыркесе #кыргызча_караоке #караоке_тексти_менен #karaoke_kg #yrkese
    ======================================================
    -- "Сагындым туулган жер сени" --
    Сөзү : Б.Алыбаев
    Обону : Р.Абдыкадыров
    Аткаруучу: Рыспай Абдыкадыров
    ---------------------
    Убайым тартып алыстан,
    Унутуп бардык нерсени.
    Сары оору болуп ансызда,
    Сагындым туулган жер сени.
    Сары оору болуп ансызда, э-э-эй,
    Сагындым туулган жер сени.
    Канатым болсо азыр мен,
    Калкылдап учуп жетсем дейм.
    Калдайган сары талааңда,
    Карлыгач болуп кетсем дейм.
    Калдайган сары талааңда, а-а-ай,
    Карлыгач болуп кетсем дейм.
    Ээрчитип дайым бийикке,
    Элесиң чыкпайт эсимден.
    Сел жүрүп дайым денемде,
    Сезимди бийлеп келесиң.
    Сел жүрүп дайым денеде, э-э-эй,
    Сезимди бийлеп келесиң.
    Уктасам кирет түшүмө,
    Аргымак чапкан талаалар.
    Тыйылбай такыр кусалык,
    Тынчыбай койду санаалар.
    Тыйылбай такыр кусалык, э-э-эй,
    Тынчыбай койду санаалар.

Комментарии • 112

  • @Yrkese
    @Yrkese  2 года назад +78

    Рыспай Абдыкадыровдун “Сагындым туулган жер сени” ырынын караокеси тексти менен.
    ❤ Достор, ыр жактыбы? Кыргыз ырларын кенен жайылтууга каналга жардам бериңиз:
    👍 ВИДЕОГО ЛАЙК БАСЫҢЫЗ! Бул каналдын өнүгүшүнө чоң түрткү берет!
    📢 СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА ушул видеону БӨЛҮШҮҢҮЗ (ПОДЕЛИТЬСЯ кнопкасы)!
    📝 КОММЕНТАРИЙ ЖАЗЫҢЫЗ же сунуш / суроо бериңиз - биз дайым жооп беребиз!
    ♫ ♫ ♫ ЫРКЕСЕ каналына жазылыңыз bit.ly/3tYphyJ
    💬 Кийинкиде кайсы ырдын караокеси чыгуусун каалайсыз?
    ✍ Комментарий калтырып, сунуш бериңиз! Аткарууга аракет кылабыз.
    Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
    ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ Ырдайлы, достор, ырдайлы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫

  • @mirahon9589
    @mirahon9589 Год назад +43

    Рысбай Абдыкадыровдой артист, ырчы, обончулар 1000жылда келе турган таланттар

  • @ГулайымТабалдиева-х5у

    Кандай Гана керемет аткаруучулук талант! А обонучу!

  • @ЖээналыЖусупов
    @ЖээналыЖусупов Год назад +53

    Мен азыр Россия жергесиндемин. Угуп олтуруп туулган жерлеримди коз алдымдан откордум. Рыспай агабыздын жайы жанната болсун.

  • @kanybekmatsakov6667
    @kanybekmatsakov6667 7 месяцев назад +14

    Ырыспайдын ыры калды, бул дуйнодо..!!!. Кыргыз бар ырдалаберет!!!.

  • @АсаналыКалил
    @АсаналыКалил Год назад +47

    Мындай ырчы , мындай ыр 1 эле жаралган.
    Ырысбай аке чыныгы улуу (гений) инсан.
    Рыспай Абдыкадыров - ырдын пири. Ал эми, бул сагындым туулган жер сени деген ыр. Бүт классикалык ырлардын төрөсү деп айтар элем.

  • @ЫрысбекБатыров
    @ЫрысбекБатыров Год назад +62

    Гоп жылдар бироонун элинде бироонун жеринде гопчулук жердештер мигрант болуп журобуз .Ушул ырды ар дайым эртен менен бир угуп анан ишке жономой адатка айланткамын .Туулган жерге болгон суйуу сагынуу ар бир мигрант болуп жургон жердештеримдин ушул ырды укканда журогу аркылуу откозсо керек деп ойлойм.Ырысбай агабыздын жаткан жери жайлуу болсун .Ырысбай агабыздай ыр менен мекенге болгон суйуусун айткандыгы ар бир эле ырчынын ушундай денгеелде колунан келе бербесе керек

    • @karalevakoreleva
      @karalevakoreleva 5 месяцев назад +4

      😢😢😢😢😢😢😢мен да угуп отуруп ыйлап алдым

    • @МурзалиСуранов-г2к
      @МурзалиСуранов-г2к 5 месяцев назад +7

      Гоп жылдар гопчулук г деп кыйынсынбай эле коп жылдар копчулук деп к менен эле жазабергилечиле туугандар Кыргыз деп эле жазылатго Гыргыз эмес.

    • @СайфидинАхмадов-ц7д
      @СайфидинАхмадов-ц7д 2 месяца назад

      Оа коп жылдар бойу эл копчулугубуз чет элде журубуз ушу ырды уксан биртоп эсалатушобуз😊

    • @ЖаныбекОрмонов-з7г
      @ЖаныбекОрмонов-з7г Месяц назад

      Гоп девей коп деп жазбайсынбы

    • @TurduahunTurhunbaiuulu
      @TurduahunTurhunbaiuulu 25 дней назад

      ,🥲👍

  • @БегайымТоктосеитова

    Мекенимди сагындым, ырды угуп козумо жаш алдым

    • @ТолкунРыскулова
      @ТолкунРыскулова 11 месяцев назад

      Мен дагы,торт жыл болду бара албай журом Мекениме,ооба сагындым тууган жер сени деп ушкуруп алам,аман эсен жетеличи Мекенибизге

    • @АкылбекКалматов-ф5й
      @АкылбекКалматов-ф5й 7 месяцев назад

      Ажап бобтур😂😂

    • @УлукбекОмуров-р6б
      @УлукбекОмуров-р6б 2 месяца назад

      Сагындым деп журо бербей келип кеткиледа акчаны кууп журо бербей

  • @ilgod7099
    @ilgod7099 Год назад +16

    Сагындым туулган жеримди❤

  • @БибигульАкимбаева-ц8м
    @БибигульАкимбаева-ц8м 6 месяцев назад +7

    Аруагыннан айналайын Рысбай ага кандай керемет олен жаткан жериниз жумсак жайлы болсын сиздей Адам мын жылда Бир туылатын шыгар сиздин олендеринизге мын тагзым!!!

  • @gulnaraeshanova6890
    @gulnaraeshanova6890 7 месяцев назад +7

    Бул ырды ар Бир мигрант журогу менен кабыл алса керек, себеби: алыста жургондо билинет, туулган жердин кадыры!❤

  • @mayrakarabekova2249
    @mayrakarabekova2249 Год назад +14

    Эң мыкты 👍

  • @KankyzSadirova
    @KankyzSadirova Месяц назад

    АЛЛАХЫМА ЧЕКСИЗ МАКТООЛОР ШУГУРЛОР БОЛСУН ООМИИН!!!!!!!!!!❤

  • @bekbolotniyazov
    @bekbolotniyazov 4 месяца назад +3

    Рыспайдын ырларын укканда көңүлүм ачыла түшөт. Ырларын кыргыз көбү билет демек . Рыспай тирүү.

  • @БегалиТурдубаев-ч2з

    Туулган жерди сагындым.

  • @ГулзыйнатАйдарова

    Ырчы деп ушул агабызды айтам мен!!!👍👍👍💪🥰

  • @СалимаТайчыбекова-в6о
    @СалимаТайчыбекова-в6о 6 месяцев назад +4

    Кыргызстанда жургондо угуп журогум менен сезбептирмин , Москвада журуп угуп сагынычым кучоп атат

  • @АнаркулДербишалиева-в5ц

    Эмне деген жагымдуу чыгарма.жуз жылда бир келген талант.азыр бул ыр кайрадан жашарып,жаш муун ырдап келе жатат.Рысбай аке ырлары менен Элдин жүрөгүндө жашайт.

  • @ВадимОлейник-у4м
    @ВадимОлейник-у4м 2 года назад +19

    Текста за душу берут...

  • @somebody-nd3yh
    @somebody-nd3yh Год назад +12

    Эн сонун ыр😊😊😊😊😊😊😊😃😃😃😃

  • @Арууке-я5е
    @Арууке-я5е 11 месяцев назад +7

    Сонун ырчы деп ушундай агабызды айтыш керек 🥰🥰

  • @AskiArsenal
    @AskiArsenal 11 месяцев назад +7

    Талантынзга таазим Рысбай Абдыкадыров😢

  • @sanabarkhanganybaeva6824
    @sanabarkhanganybaeva6824 3 месяца назад +1

    Рыспай аганын артында уул калбаса дагы олбос-очпос ыры калды.
    Мындай талант бир жаралат!

  • @Suhionlin
    @Suhionlin 2 месяца назад

    Кыргыздын легендасы бул албетте - Рыспай Абдыкадыров 👍👍

  • @ГульнараУсманова-й3э

    Эх рыспай бир кэлдинда биркэттин арман дунуйо баарыбыз барабыз сэн жака бирок ай ай ай

  • @БуоБа
    @БуоБа 3 месяца назад

    Кыргыз элинен гений духу . Бул киши м.н бирге чай ичкенмин. Жайы жаннаттан Болсун. Амиинь.

  • @Касымбековасабира
    @Касымбековасабира 10 месяцев назад +9

    1985-жылы Фрунзеге комадировкага барган эле менин жолдошум,Кыргызстан гостиницасында жатабыз,иштен келсек очеред адам коп дейт мен чочуп кетип эмне болуп жатат десем Рыспай ага ушул жерде экен азыр ырдайт тамактанып жатат дешти ,жанындагы комнатада жатат элек.бир мезгилде ырдап калды чымыгдын уну угулат тынч,Башкириядан келген адам экоо жатышчу ,ошол башкир айтыптыр да страшно пиет,а отлично поёт песню деген экен,музыкада тил жок да ичсе ла мас болчу эмес экен,кадимктдей ырдай берчу экенда ыраматылык

    • @atomysamash6421
      @atomysamash6421 3 месяца назад

      Жаткан жери жайлуу болсун.
      Менин атам да больницада чогуу жатып дос болушкан экен илгери.
      Телевизордон ырдап калса ай кайран досум деп ыйлап калчуу эле.😢😢
      Азыр атамын да көзү өттү.

  • @RayaSaburova
    @RayaSaburova 7 дней назад

    Агайдын ырлары керемет

  • @СанабарСамидинова-я1х
    @СанабарСамидинова-я1х 4 месяца назад +1

    Кандай сонун укулуктуу ун просто ыйлагым келет

  • @alixanaidar-uc7oi
    @alixanaidar-uc7oi 11 месяцев назад +4

    Талантты Таш жарат Деген Рысбай болсо керек

  • @jaina5904
    @jaina5904 Год назад +6

    Сагындым туулган жерим сени❤🇰🇬

  • @tottoraliazinbaev2432
    @tottoraliazinbaev2432 6 месяцев назад +3

    Рыспай агабыздай обончу композитор канчалан ырларга обон чыгарган качалан студентерди окуткан доцентке 60 жашка чыкканда эл артисин берген акмактарга да ракмат.азыркы учурда 2 ырга обон чыгарганга жаш болсо да эл артисин берип жатышат анаын эмгегин карабайт канча акча бергенин карашат эх дуйно курусун ушул маданиятты да карупсия баскан.

  • @АнтонинаНичаева
    @АнтонинаНичаева 9 месяцев назад +6

    В 1967 году увидела его по телевизору,рыжый мальчик!

    • @Эрик-п7р
      @Эрик-п7р 2 месяца назад +1

      Разве Рыспай был рыжим ????

  • @SarybaiKuchukov
    @SarybaiKuchukov 2 месяца назад

    Бааржык инсандын туулган жери бар емеспи Рахмат тадан тына рысюай !

  • @АлтынайИсмаилова-ш2я
    @АлтынайИсмаилова-ш2я 5 месяцев назад +1

    Манас соонун ыр екен

  • @АлмазШерматов-е5о
    @АлмазШерматов-е5о Год назад +8

    Бул ыр азыркы мигранттарга чыгарган экенда акабиз

  • @КанайымБакалбаева
    @КанайымБакалбаева 8 месяцев назад +3

    Композитор обончу Рысбай агабыз чыныгы талант эмгеги синир арлак наамды козу откондо берилген эх ащы комозитор эмес эки ырды коштосо эмгек минир .наам плат 😊

  • @Datka-f2d
    @Datka-f2d 7 месяцев назад +2

    ❤сонун ыр

  • @РайканАташова
    @РайканАташова 3 месяца назад

    Мына ун азаматсын бактылуу бол эн сонун дале дагы укум гелет сенин унугу мен56 кемпинг мин

  • @Fatima-bs8fm
    @Fatima-bs8fm 3 месяца назад +1

    ❤🥀🌼🥀🏵🥀🌼🥀🌼🥀🌼🥀🌼🥀🌼🥀

  • @dersaqpisb8192
    @dersaqpisb8192 3 месяца назад +1

    7ге кочту ошол бала

  • @CholponAbdibalieva-nj7qd
    @CholponAbdibalieva-nj7qd 8 месяцев назад +1

    Жакшы ыр экен

  • @AksaidaKarimova
    @AksaidaKarimova 7 месяцев назад +1

    👍👍👍

  • @ДинараЗулкайнарова
    @ДинараЗулкайнарова 2 месяца назад

    ❤❤🎉🎉

  • @БубусараТолобекова
    @БубусараТолобекова 6 месяцев назад

    Станбул дан салам

  • @gipartglobal1816
    @gipartglobal1816 8 месяцев назад +2

    Журокту тубундого чиркин туулган жэр

  • @АбдихалилАмираев-р3ц
    @АбдихалилАмираев-р3ц 4 месяца назад

    Мындай талант кыргызов башка жаралбайт умут кылбагыла.

  • @СанабарСамидинова-я1х
    @СанабарСамидинова-я1х 4 месяца назад

    Азыркы ырчылар рыспайдын обонуна жетпейт акча бербесен озун да ачышпайт азыркы ырчылар ырларын бизнеске алмашып аоышкан бир ыры 500 доллар

  • @atomysamash6421
    @atomysamash6421 3 месяца назад

    Мигранттардын гимни 😢😢

  • @elizabeshubakova8587
    @elizabeshubakova8587 8 месяцев назад +1

    ❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤

  • @ТаалайКабылов
    @ТаалайКабылов Месяц назад

    Бул.ырдын пири

  • @Мерседес-ц2я
    @Мерседес-ц2я 7 месяцев назад +2

    Ушул ырдын музыкасы ото жагат .Татаал но ото уккулукту.

  • @ГулбараДавлатова
    @ГулбараДавлатова 7 месяцев назад +1

    Залкар адам

  • @ЭмиилбекПатиев
    @ЭмиилбекПатиев 8 месяцев назад +3

    Кайран залкар

  • @ГуламидинЖалалов
    @ГуламидинЖалалов 2 месяца назад

    Гоп эмес көп

  • @Атабексила-ш7у
    @Атабексила-ш7у 9 месяцев назад +2

    Емне барын лайк деп еле калгансынар

  • @АйбекУсенов-о9с
    @АйбекУсенов-о9с 11 месяцев назад +2

    👍

  • @АйнагулМанасова
    @АйнагулМанасова 2 года назад +23

    Туулган жериримди сагындым,эн сонун,ыр.

  • @tohrjonkockorof357
    @tohrjonkockorof357 Год назад +18

    Ырысбек.Легенда Кайра Кайра угам Тойбойм Браво ❤❤❤❤❤

  • @ТурдуОсмонтегин
    @ТурдуОсмонтегин 9 месяцев назад +18

    Рыспай акемин ыры менен өстүм. Акардеонду мынчалык ойногон инсанды көрбөдүм. Жаның жаннаттан болсун аке!

  • @Толкун-ц8м
    @Толкун-ц8м 3 месяца назад +3

    Кыргызстанда туруп угуп менин ыйлагым келип кетет чет жердегилер кандай болушаар экен, аман болгула мекендештер

  • @САЙКАЛТюлегабылова-ф3х
    @САЙКАЛТюлегабылова-ф3х 10 месяцев назад +12

    МЕН Р АГАЙДАН ДАВЛЕТ ЖЕНЕ МЕНЕН ЧОГУУ ОКУП ИШТЕП БААРЫ КОЗ АЛДЫМДА 😢😊
    УЛУУ ЗАЛКАР ЭЛЕ 😮 БИР КЫЛЫМДА БИР ЖАРАЛАТ ЭКЕН ДА😮
    БАЕЛДИН ЫРДАП ЧЫККАНЫ СОНУН БОЛДУ ЖАШ ТАЛАНТТАР ТИРИЛТИП КОЙГОНУ МЕНИ КУБАНТАТ!!❤❤🎉🎉😊😊

  • @АйдарбекАбытов
    @АйдарбекАбытов 4 месяца назад +4

    Рыспай Абдыкадыровдун ырлары кулактын эмес журоктун ырлары.

  • @НурмухамедСатарбеков-х8т

    🎵🎶💪🏼👍👏

  • @dersaqpisb8192
    @dersaqpisb8192 3 месяца назад +1

    Ушул киши биздин класста акмат деген баланын тай атасыбы ушундай экен да озу айтты

  • @Prosto_LinaWuW
    @Prosto_LinaWuW 5 дней назад +1

    Бизге ушуну жаттаганга берип еойду😢

  • @ГулбараАнарбекова
    @ГулбараАнарбекова 3 месяца назад +1

    ОТО СОНУН ЭЧКИМ ЖЕТПЕЙТ ЖАТКАН ЖЕРИ ЖАЙЛУ БОЛСУН

  • @АйсалкынАширбекова

    Азыр да манисин уккулуктуулугун кучун жоготкон жок,элдин суйгон таланты эч качан олбойт туболуктуу.

  • @kimsmith8505
    @kimsmith8505 11 месяцев назад +7

    What a beautiful song! I wonder what is it about!

    • @oigonupjasha1342
      @oigonupjasha1342 8 месяцев назад +1

      Song about missing his homeland , his eternal love .

  • @СабираАлайчиева
    @СабираАлайчиева 28 дней назад

    Рыспай олгон жок анын ырлары омур бою элдин журогундо жашайт туболукко

  • @БатемханСыдыкова
    @БатемханСыдыкова 2 месяца назад

    Неге катте жазылады казакша дурыстап жазбаима

  • @bekboevasairabyby7377
    @bekboevasairabyby7377 8 месяцев назад +3

    Ры́сбайдын. Ы́рлары. Орг3штап. Агып. Чыккан. Б3ла4тын. ОЗУ. Рыспайдын. Кызы. Да. Атасындай. Сонун. Ы́рдайт. Небереси. Да. Кенч. Кыргыз. Элиндеги. 🌺🌹🥀🌺🌷🍁🪻🌹💐🍁🌷🌺🌺🌺🎤🇵🇼🪗🪗🪗

  • @AisalkynAlimova-w3p
    @AisalkynAlimova-w3p 4 месяца назад

    Коп деп жаз гоп дебей.Сабатуу бололу балдар!!!!!

  • @AliMuhammad-yf9sm
    @AliMuhammad-yf9sm Год назад +6

    Козго жаш кылгыратго

  • @somebody-nd3yh
    @somebody-nd3yh Год назад +8

    Мен да

  • @Бариса-з2р
    @Бариса-з2р 2 месяца назад

    Эн сонун ыр мигрант учун

  • @БекаТаалайбеков-л4й
    @БекаТаалайбеков-л4й 3 месяца назад

    Таятам❤

  • @ЭрнистТурдубаев-я6ъ
    @ЭрнистТурдубаев-я6ъ 2 месяца назад

    👍❤️🤲

  • @СыдыкбекЖеентаев
    @СыдыкбекЖеентаев 8 месяцев назад +3

    Ето песни наверное для мигрантов каторые далеко от дома 😢😢😢

  • @RusAkjolov-fw1df
    @RusAkjolov-fw1df 5 месяцев назад +1

    Добрый щщ щщщщ

  • @АбдыгулЫсмаилов-й2к
    @АбдыгулЫсмаилов-й2к 8 месяцев назад +1

    Айтылгыс соз не деген керет

  • @БувайшаАнарбаева
    @БувайшаАнарбаева 8 месяцев назад +1

    👏👏👏

  • @AmanKohbai
    @AmanKohbai 8 месяцев назад +1

    Ырдын пири рысбай дегени жон эмеско