Кызыл-Кыяда кагаз баштык жасаган ишкана алгачкы өндүрүмүн чыгарды
HTML-код
- Опубликовано: 29 сен 2024
- Кызыл-Кыя шаарында кагаз баштыктарды жана каптарды жасаган муниципалдык ишкана алгачкы өндүрүмүн сыноо иретинде чыгарды. Ишкана шаардык мэрия жана жеке ишкердин өнөктөштүгү менен түзүлгөн. Андагы жабдууларды сатып алууга республикалык бюджеттен Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган каражаттын эсебинен 4 млн 600 миң сом бөлүнгөн. Сыноодогу баштыктар шаар бийлиги тарабынан ишкерлерге сунушталып колдоо тапкан. Соода түйүндөрүнүн ээлери ар кандай көлөмдө жана шөкөттө тапшырыктарды берүүдө.
Эн сонун! Кыргызстаныбыз өнүгүп жатат ❤