Жаныңа бара албастан, Ыраактан карап турдум. Баштагы күндөрдү эстеп, Башымды чайкап турдум. Кайырма: Сен аны, сен аны, Сен аны сезген жоксуң, Сен аны билген жоксуң. Жок нерсем табылгандай, Жарааттан арылгандай. Жан дүйнөм балкып турду, Ошол кез кайрылгандай. Кайырма: Жакындап баргым келди, Жакшы сөз айткым келди. Жаныңда жарым мүнөт, Бир болуп кайткым келди. Кайырма: Карааның менден узап, Жүрөктү чырмап, тузап. Артыңдан кала бердим, Арманда жүрөк сыздап.
Соонун ырдаптыр 👍👍👍👏👏👏
Жаныңа бара албастан,
Ыраактан карап турдум.
Баштагы күндөрдү эстеп,
Башымды чайкап турдум.
Кайырма:
Сен аны, сен аны,
Сен аны сезген жоксуң,
Сен аны билген жоксуң.
Жок нерсем табылгандай,
Жарааттан арылгандай.
Жан дүйнөм балкып турду,
Ошол кез кайрылгандай.
Кайырма:
Жакындап баргым келди,
Жакшы сөз айткым келди.
Жаныңда жарым мүнөт,
Бир болуп кайткым келди.
Кайырма:
Карааның менден узап,
Жүрөктү чырмап, тузап.
Артыңдан кала бердим,
Арманда жүрөк сыздап.
👍Азаматсыздар😍