Караоке: Гульназ Чыныбек кызы Жолуксак кандай жакшы минусовка менен тексти менен кыргызча караоке

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 14 авг 2021
  • Каналга жазылып коюңуздар🇰🇬
    Текст: Гульназ Чыныбек кызы
    Жолуксак кандай жакшы
    Чыныгы жүздөр менен
    Чыры жок сөздөр менен
    Жаркырап күлүп турган
    Жайнаган көздөр менен
    Жолуксак кандай жакшы
    Жолуккан кандай жакшы
    Жолуккан кандай жакшы
    Сагынган жүрөк менен
    Эң жакшы тилек менен
    Кучактап бекем кысып
    Кубаттуу билек менен
    Көрүшкөн кандай жакшы
    Жолуккан кандай жакшы
    Жолуксак кандай жакшы
    Амандык болсун дешет
    Бөксөлөр толсун дешет
    Байырлап башыбызга
    Бак дөөлөт консун дешет
    Бар болсок кандай жакшы
    Бар болгон кандай жакшы
    Бар болсок кандай жакшы
    Өйдөдө өбөк болуп
    Ылдыйда жөлөк болуп
    Туугандар жай турмушта
    Жакшылык себеп болуп
    Жолуксак кандай жакшы
    Жолуккан кандай жакшы
    Жолуксак кандай жакшы
    Жолуккан кандай жакшы
    Жолуксак кандай жакшы.
    #текст#Жолуксак#кандай#жакшы#Гульназ#Чыныбек#кызы#гульназчыныбеккызы#текстименен#создоруменен#жолуксак#кандай#жакшы#жаны#жаңы#клип#клиптер#ыр#ырлар#кыргыз#кыргызча#2021#караоке#караокекыргызча

Комментарии • 6