Эрлан Андашев - Ойлон / OST "Стимул" / Спортту сүйүү мекенди сүйүүгө барабар!

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 29 апр 2021
  • «Ойлон» / OST Стимул
    Сөзү; Акбар Кубанычбеков
    Обону; Эрлан Андашев
    Элиңдин келечегин бүгүн ойлон,
    Ал үчүн Мекениңди сүйүп ойгон.
    Жеңишке жете алабыз эңсеп жүргөн,
    Пейлиңди, жан дүйнөңдү кенен койсоң.
    Тар жолдо тайгаланса канча жаның,
    Багыттан алга деген чарчабагын.
    Көралбас ар кадамда коштоп жүрөт,
    Кыялды, максатыңды таштабагын.
    Кайырма:
    Эртең кеч, бүгүн, азыр ойгонуп,
    Элиңдин келечегин ойлонуп.
    Түшүнсөң жаңы күндүн таңы сен,
    Калың журт колдоп турат баары тең!!!
    Кыргыздын айбаты курч сүрү болгон,
    Кайтпаган ата-бабам улуу жолдон.
    Татыктуу урпак болуш үчүн анда,
    Эртең кеч болот билсең бүгүн ойгон.
    Жетпейсиң бийиктерге үмүт үзсөң,
    Канча жан өлкө үчүн күйүп бүткөн.
    Тайманбай алдыда бар улуу сапар
    Баралы келечекке бизди күткөн.
    Эр Манастын урпагы,
    Эч доордон бул жагы.
    Кырчылдашкан майданды,
    Жеңип өтүп сынбады.
    А азырчы не болду?
    Улууларын укпады.
    Көрүнгөндү сындады,
    Минте берсе кандай болот бул жагы...
    Все права защищены
    Copyright © Эрлан Андашев
  • РазвлеченияРазвлечения

Комментарии • 1,4 тыс.

  • @Erlan_Andashev
    @Erlan_Andashev  3 года назад +807

    Баардыгыныздардын колдоонуздарга Чоон Рахмат, элибизде, жерибизде тынчтык болсун. 🇰🇬😘

    • @user-ex7vo5id3l
      @user-ex7vo5id3l 3 года назад +24

      Эмнеге инстаграмга бул ырды очуром оор тийсе укпай тургула деп айттыныз очурбонуз эн соонун ыр экен кайра дем берет спортчуларга

    • @user-ot2dw7vv2g
      @user-ot2dw7vv2g 3 года назад +17

      Саламатсызбы! Элибизде тынчтык орун алгандан кийин келип концерт коюп кетиңиз, укмуш аншлаг деле кереги жок жөн гана жандуу үн, сурангандар көп макул деңизчи макулбу???

    • @user-ox1um4bl8g
      @user-ox1um4bl8g 3 года назад +7

      Клип как кино!Спасибо вам

    • @zakudooron8150
      @zakudooron8150 3 года назад +5

      👍👍👍

    • @user-in9hv9ed4d
      @user-in9hv9ed4d 3 года назад +10

      Очурбонуз кыргызга дух бере турган ыр сиздин ырлврынызды сүйүп угам ушул ыр аябай жакты угуп алып кайра кайра уккун келет

  • @URL.k
    @URL.k 3 года назад +1727

    Сколько человек уважает
    Эрлан Андашев
    сюда
    👆👆

  • @URL.k
    @URL.k 3 года назад +775

    Ушул комментарийди Ким окуп жатса ошол инсандын баарына
    Бакыт ден соолук каалайм

  • @umotbekobkamchybek8243
    @umotbekobkamchybek8243 3 года назад +182

    Адамды духтан берип ойгото Турган ыр экен кайсыл Кыргыз кошулат 👏👏👏🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬😎☝️☝️

  • @azadhacyev6692
    @azadhacyev6692 Год назад +12

    Uca Allah Qırğız və bütün Turan elini daim var etsin..Mahnı insanı duyğulara qərq edir.Əməyinə ürəyinə sağlıq...🇦🇿🇰🇬🇦🇿🇰🇬🇦🇿🇰🇬❤❤❤❤❤🇰🇬🇦🇿🇰🇬🇦🇿🇰🇬🇦🇿

  • @user-yx2qk6ez9w
    @user-yx2qk6ez9w 3 года назад +825

    Бул чыгарма да хит болот деп ишенем ким мага кошулат

    • @Panda-ub9re
      @Panda-ub9re 3 года назад +2

      Хиттин хити болот го🔝💣💣💣

    • @aizadausarova5656
      @aizadausarova5656 3 года назад

      Албетте✊✊азыркы учурга эң Эле ДУХ берет‼️‼️

    • @user-gv3nj1ch3j
      @user-gv3nj1ch3j 2 года назад

      Оа хит

    • @user-so3qi9jk5h
      @user-so3qi9jk5h Год назад

      Хит болду

  • @user-ws2yh5xw1e
    @user-ws2yh5xw1e 3 года назад +309

    Стиль Саякбая Каралаева теперь в репертуаре. Новый стиль МИРОВОГО РЕПА. Алгаа Кыргызстаааааан💯💯💯💯💥💥💥💥💥💥

    • @user-ff4mg2wt9y
      @user-ff4mg2wt9y 3 года назад

      Тата Улан !!!

    • @Nargizik191
      @Nargizik191 2 года назад

      @@user-ff4mg2wt9y Тата Улан Саякбай Каралаевден шыктангпн. Интервьюсун таап окусанар

    • @user-su5pj5tb6w
      @user-su5pj5tb6w 2 года назад

      100 процент согласен

  • @user-yz4rf4lk4n
    @user-yz4rf4lk4n 3 года назад +38

    Өте керемет Қыргыз ағайындар бар болыңдар 👍👍👍👍👍

  • @user-uo3yp1dr1w
    @user-uo3yp1dr1w 3 года назад +59

    Кыргызстан сен кучтуусун Биз алсыз мамлекет эмеспиз!Биздин Тарыхыбыз бар!Биз улуу элбиз!Мен Кыргыз болуп жаралганыма сыймыктанам!😘

  • @livekg9741
    @livekg9741 3 года назад +138

    Бүгүнкү күндүн актуалдуу ыры болуп турат, Баткен элин кайгы басып турганда, көзгө жаш ала турган ыр болуптур, элим биз Кыргызстандыкпыз, Кыргыз жери биздики, уруу урууга, түндүк түштүккө бөлүнбөй өзүбүзгө бекем бололу. 🇰🇬🇰🇬🇰🇬

    • @user-si7jv8yr2b
      @user-si7jv8yr2b 2 года назад +1

      Эн тууга тууган баткен эли силер эч канчан жалгыз эмесинер биз жаштар эч качан Кыргызстанды арам ойлуу акмактарга тебелеп тепсетирбейбиз

  • @aiguladylbekova
    @aiguladylbekova 3 года назад +195

    Текст песни
    Элиңдин келечегин бүгүн ойлон,
    Ал үчүн Мекениңди сүйүп ойгон.
    Жеңишке жете алабыз эңсеп жүргөн,
    Пейлиңди, жан дүйнөңдү кенен койсоң.
    Тар жолдо тайгаланса канча жаның,
    Багыттан алга деген чарчабагын.
    Көралбас ар кадамда коштоп жүрөт,
    Кыялды, максатыңды таштабагын.
    Кайырма:
    Эртең кеч, бүгүн, азыр ойгонуп,
    Элиңдин келечегин ойлонуп.
    Түшүнсөң жаңы күндүн таңы сен,
    Калың журт колдоп турат баары тең!!!
    Кыргыздын айбаты курч сүрү болгон,
    Кайтпаган ата-бабам улуу жолдон.
    Татыктуу урпак болуш үчүн анда,
    Эртең кеч болот билсең бүгүн ойгон.
    Жетпейсиң бийиктерге үмүт үзсөң,
    Канча жан өлкө үчүн күйүп бүткөн.
    Тайманбай алдыда бар улуу сапар
    Баралы келечекке бизди күткөн.
    Эр Манастын урпагы,
    Эч доордон бул жагы.
    Кырчылдашкан майданды,
    Жеңип өтүп сынбады.
    А азырчы не болду?
    Улууларын укпады.
    Көрүнгөндү сындады,
    Минте берсе кандай болот бул жагы...

    • @tilegenkudayarov7074
      @tilegenkudayarov7074 2 года назад +6

      ✊✊✊🇰🇬🇰🇬🇰🇬Ин ша Аллагь баары жакшы болот

    • @user-he9hv5pv4t
      @user-he9hv5pv4t 2 года назад +3

      Ыракмат за текста )

    • @user-tn6sp9xl7c
      @user-tn6sp9xl7c Год назад +2

      Алга КыргызстанЫр. Клип эн сонуОлком менин Маданият жана Спорт тубузду. котосок ошондо гана особуз себеби Кыргызстанымды коргойт турган мыеты эр жигитер омот Мекенди коргогону озудонгана куч жана кызыгыш чыгат Войений окуштарга барышат сураныч кобурок сморт залдарды ачса жакшы болмок Шаарларда эле эмес Айылдарда Мектеп ичинде болсо жакшы болмок менин созумо кошулгандар барбы Новосибир Квргызстан олкому жакшы коробуз Баары жакшы болот ИН ШО АЛЛАХ

    • @user-np7sc3kc6s
      @user-np7sc3kc6s Год назад +2

      👍👍👍👍👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬✊

    • @aiguladylbekova
      @aiguladylbekova Год назад +1

      @@user-np7sc3kc6s 👍🏻

  • @user-pv4lj3le1h
    @user-pv4lj3le1h Год назад +14

    Суйом сени Кыргызстан!Баткенибизде тынчтык орносун!

  • @almazbekdosaliev5001
    @almazbekdosaliev5001 3 года назад +203

    Өзү алыста жүрсө дагы, мекенин унутпаган Эрлан байке накта патриот🔥🇰🇬 Иштериңизге ийгилик ✊

    • @user-jb3ts1ee6i
      @user-jb3ts1ee6i 11 месяцев назад +1

      Ким унутсун мекенин,алыста журсокта Кыргызстан деп согот журогубуз ❤

  • @abdialievkg2788
    @abdialievkg2788 3 года назад +54

    Кыргыз бир туугандарым кайсыл жерде болбосун аман болгула Лондондон ысык салам Алга Кыргыз👊✊

    • @user-ou5wd9yv8m
      @user-ou5wd9yv8m 3 года назад +3

      Лондонго Москвадан салам✊😊

    • @user-kn4rn7me7d
      @user-kn4rn7me7d 2 года назад +2

      Санкт-Петербургтан чоон салам

    • @asake482
      @asake482 2 года назад +2

      Токмоктон Салам

    • @---lh1rw
      @---lh1rw 2 года назад +1

      МОСКВА.МЕТРО.КОТЕЛЬНИКИДЕН.ЧООН.САЛАМ 🖐🖐🖐

  • @user-fv3gg1iu3l
    @user-fv3gg1iu3l 3 года назад +74

    Баткен окуясына дух берген, патриоттук сезимди козгогон мыкты деңгээлде ыр болуптур. Буйруса ыр аябай хит болот👍🙌

  • @azatnurbek1649
    @azatnurbek1649 3 года назад +268

    Азыркы учурду билгендей эле чыгарыпсын😭 .элимде тынчтык болсун дегендер Бир лайк басып кетиниздер

  • @user-rf6fo6sl7j
    @user-rf6fo6sl7j 2 года назад +11

    Карагылачы кандай гана жакшы ыр салдаттар ырдаса да боло турган ыр екен ар бир кыргызга дух бере турган ырго кыргызстан алга✊✊🤝

  • @maksatkenjebaev6049
    @maksatkenjebaev6049 3 года назад +153

    Коруп алып ыйладым 😔😔
    Кайран гана Кыргызым !!!
    КЫРЫЛГАНДА КУЧОГОН КЫРГЫЗ
    ТУГОНГОНДО ТУТОГОН КЫРГЫЗ

    • @user-gx9qg6cm5j
      @user-gx9qg6cm5j 3 года назад +3

      Прекрасно сказано

    • @user-gx9qg6cm5j
      @user-gx9qg6cm5j 3 года назад +2

      👍👍👏👏

    • @user-pt3nd3cx4h
      @user-pt3nd3cx4h 2 года назад +2

      Мага ушул ырдан башкасы отпой калды,ар укканда патриоттук сезимди ойготуп турат

  • @user-hw6jg2gz4b
    @user-hw6jg2gz4b 3 года назад +131

    Эрландын баардык ырларын хит, бул ырыда хит болот деп ишенем, алга Эрлан

  • @kidskids6001
    @kidskids6001 3 года назад +112

    😢😢😢😢Так плакать хочется за Кыргызстана, эхх бедный мой Кыргызстан как же я люблю тебя💋

    • @syrgaiym
      @syrgaiym Год назад

      Кыргызстан самый дорогой ❤️❤️ ❤️

  • @gombosurenerdenesuren2185
    @gombosurenerdenesuren2185 2 года назад +46

    Приветствую из Монголии.Точно не знаю не понимаю о чем это песня. Но чувствую . И даже иностранец плачет блин.. просто красиво безусловно. Да здравствует Кыр гизия

    • @user-vs3hy9ju7n
      @user-vs3hy9ju7n Год назад

      у нас у тюрков и монгол корни одни

    • @aynuraadeeva7134
      @aynuraadeeva7134 8 месяцев назад +1

      Речь идет о патриотизме, о вдохновении к спорту, также описывается история кырг-го народа.

  • @user-mk4li5yi7n
    @user-mk4li5yi7n 3 года назад +83

    Эрлан Андашев Буйруса Кыргызстанда номер 1чи ырчы бол.Келечекте Легендарлуу Певецке айлан.Хит ырлар сага тиешелуу болсун.Кыргыз эли колдойт сени.👏

  • @user-yx2qk6ez9w
    @user-yx2qk6ez9w 3 года назад +79

    30 апрель 21:00 баарыбыз Эрланды колдоп чоогу угалы 🥳🥳🥳

  • @ilgizturgunbaevw404
    @ilgizturgunbaevw404 3 года назад +33

    Шедевр , сколько мотивация в музыке ☄️🇰🇬

  • @jakaulanova
    @jakaulanova 3 года назад +23

    Ни в коем случае не удаляйте . Специально обратно зашла чтобы написать комментарий . Эта песня наоборот воодушевляет после стольких потерь . Спасибо вам

  • @user-fb1kv6qw6t
    @user-fb1kv6qw6t 3 года назад +51

    7 минута 1300лайк просмотр 2.200 РЕКОРД
    Азыркы абалга ылайык экен, ушундай клиптеги эр журок, эр азаматтарыбыз коп болсун! Эрлан азаматсын!!!

  • @bekturimanbekov6029
    @bekturimanbekov6029 2 года назад +8

    ЖУРОКТО ЖАТКАН, БИРОК АЙТАЛБАГАН СОЗДОР! АЛГА АЛТЫНДАРЫМ!

  • @user-us2qb5lr7i
    @user-us2qb5lr7i 10 месяцев назад +2

    Ма Ша Алла1h Кыргызстан свгындым🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @epik5274
    @epik5274 3 года назад +11

    Баткен,Эртеби кечби оч алабыз Тажиктерден,Суруп барабыз Душанбеге чейин,✊✊

  • @kuttubekkurmushuev3204
    @kuttubekkurmushuev3204 3 года назад +90

    Ийгилик, хит ырлардан болсун, ар бир Кыргыздын духун ойготкон ыр болсун.

  • @user-io5iv8vv7o
    @user-io5iv8vv7o 3 года назад +48

    Ушундай ыр уккум келди бугун.журогум ооруп турат ушунчалык.ойлоно берип башым ооруп чыкты.элибизде тынчтык болсун.жаратканым бизди озу сактасын

    • @user-gx9pp7fu9h
      @user-gx9pp7fu9h 3 года назад +2

      Мен да ыйлап угуп отурам. Жүрөккө тамак барбай калды.Мекенимде тынчтык болсо экен .

    • @user-nr9tc2hh8c
      @user-nr9tc2hh8c 3 года назад

      😢😢

    • @user-vd4uq5jj8u
      @user-vd4uq5jj8u 3 года назад +3

      Алыста жүргөн бизге окшогон адамдар ата журттун баркын жакшы билет, ооба көз жаш менен көрүп ички сезим ийлап турат.

    • @user-io5iv8vv7o
      @user-io5iv8vv7o 3 года назад

      @@user-vd4uq5jj8u туура элибиз тынч болсо экен эсен аман биз да Эл журтубузга барып алайлы

  • @user-ui1jy1zk8w
    @user-ui1jy1zk8w 2 года назад +5

    Рахмат Эрлан кыргыз элибизге кучу кубат бердин го дейм алга кыргыз элим аманчылык болсун элибизде ак уйдо кунуго депутатар угуп турса алардын журогу ойгонобу эл деп иштеп калабы

  • @user-br5vm9by9f
    @user-br5vm9by9f 3 года назад +22

    Крик души! Востань наш великий, непобедимый народ! Спасибо вам большое Эрлан, и автору песни, за мега крутой хит, дающий силы и дух Кыргызстану! Алга кыргызым!!!🔥🔥🔥

  • @kg-es8un
    @kg-es8un 3 года назад +39

    Эн мыкты миллиондогон просмотр болсун дегендер барсынарбы? Эрлан Андашевтин ырлары хит болуп ататго

  • @kgshekerkam4758
    @kgshekerkam4758 3 года назад +314

    Ким каментарий окуп жатса бактылуу болсун

    • @user-ij1cw2yh8d
      @user-ij1cw2yh8d 3 года назад

      Сенда бактылуу бол тууганым

    • @user-wo8gu3vt6x
      @user-wo8gu3vt6x 3 года назад

      Сиз да бактылуу болунуз

    • @user-hb2er7bz3h
      @user-hb2er7bz3h 3 года назад

      Аминь аминь

    • @user-hb2er7bz3h
      @user-hb2er7bz3h 3 года назад

      Сизге да эки дуйнолук жакшылык

    • @user-mm9ql8ng5j
      @user-mm9ql8ng5j 3 года назад

      Аллахым сизгеда болушсун ошол бакытдан

  • @user-vm4lz7gg6l
    @user-vm4lz7gg6l 3 года назад +29

    Эрландын Ыры азыркы учурда Баткендеги жердештерибизге тактап айтканда Кыргызымдын жигиттерине дух куч кубат беретурган ыр экен Алга Кыргызстан Алга Кыргызым

  • @nuriknurik4887
    @nuriknurik4887 3 года назад +3

    Намысты ойготчуу ыр болуптур игилик Эрлан Даагыда коп спорсмендерди кошуш керек экен клипке

    • @perepiskikg8002
      @perepiskikg8002 3 года назад

      Бул сериал экен. Стимул деген

    • @ChoroNurseiitov
      @ChoroNurseiitov 2 года назад

      *Жакында чыгат Стимул деген сериал, каналга катталып коюнуз ошондон коросуз биздин*

  • @user-qx4uv9jf2z
    @user-qx4uv9jf2z 3 года назад +29

    Эрлан достойный, грамотный певец Кыргызстана 👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻 шикарный голос люблю тебя слушать, все так естественно 👍🏻

  • @user-ni6st5pj8m
    @user-ni6st5pj8m 3 года назад +19

    Эмне болгондо да кыйын кундо мырзаларыбыз чеп болуп берет экен ,ар бир кыргыз мырзасы биз сыймыктанган патриот мырза болушун тилейбиз

  • @user-ln2oz1sk7t
    @user-ln2oz1sk7t Год назад +4

    Кыргызстаным алтын бешигим! Ырыскынды талашкандарга Кудайымдын каргышы тийсин. Баткенди ойлоп журогум ооруп турат😥. Буйруса бутка туруп кетербиз. Келечегинден умутум чон мамлекетим❤️

  • @user-cu1px8rr6v
    @user-cu1px8rr6v 3 года назад +21

    Мекенибизде тынчтык болсун эки олконун карапайым элдери Аман болсун тукуму куруп кетсин согуштун

  • @user-bl6st6ee6v
    @user-bl6st6ee6v 3 года назад +15

    Орозоңуздарды Аллахым кабыл кылган болсун🤲🤲🤲жер шаарында жалаң гана тынчтык болсун 🤲🤲🤲Омиийн

  • @aitilek8998
    @aitilek8998 2 года назад +4

    Ишинизге ийгиликерди каалайм Эрлан байке!!! Дагы-да таасирдуу ,уккулуктуу ырларынызды жаратып журо бериниз.Кылган ишиниздин кудай буйруса акыбети кайтсын!!

  • @user-nd6vo8ow5w
    @user-nd6vo8ow5w 3 года назад +9

    Ыйлагым келип кетти 😥талантынызга таазим аябай соонун чыгарма клип болуптур.

  • @user-it2cw7ib1g
    @user-it2cw7ib1g 3 года назад +5

    Баарызга ДЕН соолукта
    Ишибизге ийгилик
    Куч бирдикте
    Кудайым колдосун

  • @user-wk2to2uc9o
    @user-wk2to2uc9o 3 года назад +16

    Кыргыз элим аман болсун.Кыргызстан учун куйгон инсандар коп болсун.Тынчылык токчулук болсун.
    Ийгилик талантынызга.Куч дем берип турасыз ырыныз менен.

  • @iloveyoujk2327
    @iloveyoujk2327 2 года назад +7

    Үнүңүзгө береке Эрлан байке!Сүйөмго сизди жана ырларыңыздарды😢❤

  • @user-up3gm7di4t
    @user-up3gm7di4t Месяц назад +2

    Манас айткан жери кучтондурот да🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬💪💪💪💪

  • @bakua4560
    @bakua4560 3 года назад +37

    🤲 стимул для всех нас Кыргызов в такой плохой период 😢 сабыр всем, а трек просто бомба мне так кажется👍 вы очень талантливый человек

  • @user-mn3cl2fp8t
    @user-mn3cl2fp8t 3 года назад +4

    Баткендиктер москвадагылар Кыргыз элине рахмат айтып Москваданда куйумдуу болгулачыы суранам

  • @user-ll3jp2ob7b
    @user-ll3jp2ob7b 3 года назад +5

    Алга Кыргызымдын чыгаан инсандар жигиттери. Мен мекенимди сүйөм ❤️ жаша Кыргызстаным гулдо өс Кыргызстаным 🇰🇬 мен сен менен.

  • @user-qe7bd7sc7n
    @user-qe7bd7sc7n 3 года назад +8

    Коруп алып ыйладым Аллахым озун сакта жаман жолдон кунолорубузду кечир

  • @stalbekmansurov3936
    @stalbekmansurov3936 3 года назад +8

    Олкобуздо дайым тынчтык болсун! Баткен биз силер менен!!!

  • @bkrbkr3099
    @bkrbkr3099 3 года назад +4

    Кудайым Эрланга ден соолук берсин,жакшы ырдайт ,элин учун кызмат кылып журо бер.

  • @shiringulsaipova9163
    @shiringulsaipova9163 3 года назад +3

    Азыркы кырдаалга арналып жазылгандай! Элибизде, жерибизде тынчтык болсунчу! Буюрса, баарын женебиз..
    Эн мыкты чыгарма..!

  • @user-gn4go9ex8y
    @user-gn4go9ex8y 3 года назад +3

    Ойлоно турган убакыт келди Кыргызым!!!!

  • @eliteli4188
    @eliteli4188 3 года назад +6

    Коруп алып козумо жаш келди.😢😢😢 Жерибизде тынчтык, ынтымак бекемделсин.
    Ырга аябай жакшы 👍👍👍

  • @user-vg7sp4vz8n
    @user-vg7sp4vz8n 2 года назад +1

    Ассалам алейкум МашаАллах Туган 👍✊🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬✊👍

  • @aikinmamajakyp1474
    @aikinmamajakyp1474 3 года назад +4

    Ото керемет! Жан дуйнону ойготуп,дух берет!!! Алга кыргыз!!!

  • @user-vv4bh7fq1f
    @user-vv4bh7fq1f 3 года назад +6

    Салам из Турции 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇹🇷

  • @user-ev5ek1mh2q
    @user-ev5ek1mh2q 3 года назад +57

    Бабаларыбыз канын жанын сайып МУРАС кылып берген Кыргыз жерин сактайлы!!!

  • @nurchannel6890
    @nurchannel6890 3 года назад +7

    Алга Кыргызстан ❤
    Алга Кыргыздар❤
    Алга Мекенним ❤
    🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
    ✅✅✅✅✅✅✅✅

  • @user-ni2bu5xk8o
    @user-ni2bu5xk8o 3 года назад +6

    Эн мыкты чыгарма, соонун ыр
    Элге дем куч кубат Берип турат экен.
    Чыгармачылык ийгилик, Уй булоолук бакыт каалайм

  • @user-ej3zb4gs5f
    @user-ej3zb4gs5f 3 года назад +7

    Орозонуздар кабыл болсун 🤲 Ким окууп жатса, эки дуйно бакыт каалайм. Ыр да, клипта жакшы болуптур кайра кайра угуп Баткен жериндеги кураман болгондорду эстеп алып ыр менен кошо ыйладым😭😭😭 Кыргызстанымда эч жамандык болбосунчу

  • @shaiyrbekkokonov55
    @shaiyrbekkokonov55 3 года назад +7

    Элге дем куч бере турган ыр экен 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬❤️☝️ Алга кыргызым

  • @user-fd6dl4zd5q
    @user-fd6dl4zd5q 3 года назад +3

    Адамга дем берген чыгарма экен

  • @user-ul2ki1tu5y
    @user-ul2ki1tu5y 3 года назад +5

    Эмнеге кечирим сурап жатасын?
    Жакшы ыр патриоттук сезимдеги,мага жакты👍👍👍👍👍🤲🤲🤲

  • @user-bq1te3ju3w
    @user-bq1te3ju3w 3 года назад +15

    Эрлан ушул ырың бүгүнкү күнгө дары эле болчудай, Азамат ийгилик!

  • @dddhhj
    @dddhhj 3 года назад +3

    Эн мыкты, жогорку денгээлдеги чыгарма!👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @aizadausarova5656
    @aizadausarova5656 3 года назад +2

    Эң Эң керектуу "ДУХ" берчуу чыгарма болуптур‼️‼️✊✊Кыргыз элим Эрлан байке озун ыңгацсыз сезинип атат,КЕЛГИЛЕ андан коро ушул ырды кандац видео ролик жасабацлы ушул ырды коёлу✊✊ Эрлан байкенинда мээнетин баалацлы‼️‼️‼️✊✊✊

  • @user-uw3kj2wq5r
    @user-uw3kj2wq5r 3 года назад +2

    🍋🍋🍋жетсин. Мыкты чыгарма болуптур.

  • @BeksAbd
    @BeksAbd 3 года назад +4

    #2:34 Ауфффф, мурашки по коже деп койот беле, Беле Эрлан Андашев ага ийгилик аманчылык кыргыз элиме!!!

  • @user-xw4ot9io2q
    @user-xw4ot9io2q 3 года назад +4

    Баткен окуясына тиешелуу мааниде экен ☝️👍👍👊

  • @N_U_R_S_U_L_T_A_N
    @N_U_R_S_U_L_T_A_N Год назад +1

    ар бир укканымда Муражки по коже! ! ! Москва 2022.28.07, кундо угабыз чон рахмат ушундай таасирдуу чыгарма учун!

  • @user-jt8hi6sz3j
    @user-jt8hi6sz3j 3 года назад +2

    эн соонун эрлан андашев кыргызды тааныткан чыгаан жигити

  • @islamkalmurzaev2735
    @islamkalmurzaev2735 3 года назад +4

    Кезектеги хит ырлардын бири болсун💕 АЛГАА КЫРГЫЗСТАН🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬♥️♥️♥️

  • @user-lh8uc1dc4g
    @user-lh8uc1dc4g 3 года назад +3

    5манжа бөлөк, билек бир!
    Алга Кыргызстан!

  • @ruslanumaruulu3579
    @ruslanumaruulu3579 3 года назад +2

    Биздин чимкиртктерге ушундай ырлар таасир етсе екен

  • @user-fm4tb2rd8c
    @user-fm4tb2rd8c 3 года назад +2

    Аябай сонун чыгыптыр ийгилик 👐👐👐👍👍👍👍

  • @user-gf2gw6bx7m
    @user-gf2gw6bx7m 2 года назад +6

    Дух берет екен музыка Ерлан 💥💥👍

  • @jwjwgw8039
    @jwjwgw8039 2 года назад +3

    Озумчо эле сыймыктанып ыйлап алдым го клипти коруп. Менин уулдарым да ушундай чыгаан эр азаматтардан болсо экен. Эрлан ага сизге да ишинизге ийгилик оорубаныз. Уйбулонуз мн тынч болун

  • @ababakir4371
    @ababakir4371 2 года назад +3

    Ассаламу алекум урматтуу элим кадырлуу калкым диндеш мусулман туугандарым биримдикте чогуу бололу биз алыста болсок да ойубуз Ата мекенибизде жашасын КЫРГЫЗСТАН 🇰🇬🤝

  • @user-lc2by2uv3b
    @user-lc2by2uv3b 3 года назад +2

    Баткен биз ар дайым сени мененбиз 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @user-rq1rz9sk7y
    @user-rq1rz9sk7y 3 года назад +3

    Супер чыгарма еч кандай кечирим суроого тиешеси жок деп ойлойм

  • @user-ou6lq7iq3h
    @user-ou6lq7iq3h 3 года назад +3

    Базар жок эрлан дагыда оркундойбэр.

  • @user-xr5oi8by2t
    @user-xr5oi8by2t 3 года назад +4

    Орозонор кабыл болсун баарынарга ден соолуктар

  • @bekkiejones357
    @bekkiejones357 Месяц назад

    От имени народа благодарим всех спортсменов и тренерские штабы из Кыргызстана за то что проставляете нашу маленькую страну на международных соревнованиях, без государственной поддержки ,через боль,кровь и пот❤ спасибо вам за ваш титанический труд! Желаем дальнейших больших достижений и крепкого здоровья!

  • @muhamedtashbaltaev8375
    @muhamedtashbaltaev8375 3 года назад +3

    Эрлан Андаш эң мыкты N1
    Ырчысы дегендер 《класс》

  • @user-od5eg2fb4i
    @user-od5eg2fb4i 3 года назад +6

    Мотивационный сонун ыр болуптур элим жерим деп журок соккон кыргызым бар болсун

  • @user-ir2mu3ud6y
    @user-ir2mu3ud6y 3 года назад +1

    Эн соонун маанилуу козго жаш келет. 👍👍

  • @perepiskikg8002
    @perepiskikg8002 3 года назад +4

    Бул сериалды күткөндөр класс.👍👍👍

  • @user-qo9uw6bz5v
    @user-qo9uw6bz5v 3 года назад +6

    Эрлан сага соз жок,😍😘баардык жактан барсын го. Сенин кыргыз болуп жаралганына шугур сыймыктанам, ырларындын баары жагымдуу журоко жеткизип ырдайсын, унуно береке, омурунду берсин жаратканым, ийгилик сага🤲

  • @Panda-ub9re
    @Panda-ub9re 3 года назад +4

    Эрландын ичи толо эле кен экенда. Аман болсун алтын башын!

  • @azamatabdykulov9518
    @azamatabdykulov9518 3 года назад +1

    Талант бар эекен Эрланчик игилик унуно коз тийбесин 🙄

  • @guljamalakmat5760
    @guljamalakmat5760 Год назад +3

    Любимый, родной мой Кыргызстан. Любим, ценим!!

  • @tynchyasangulov1667
    @tynchyasangulov1667 3 года назад +3

    Төрт мүнөт кантип өтүп кеткенин билбей калдым, абдан жакшы чыгарма болуптур! Алга Эрлан!

  • @user-zv9vr8px2p
    @user-zv9vr8px2p 3 года назад +3

    Мекеним элим тынчтыкта омур сурсун Элим жерим учун жанымдыда аябайм Кыргызстан деп согот ❤🇰🇬❤

  • @_yt1453
    @_yt1453 2 месяца назад +1

    Кагылайын кыргызым аман болчу деги бул ырды уккан сайын денем титиреп турат.!

  • @umarasanov6875
    @umarasanov6875 Год назад

    Өтө соонун чыгыптыр "ДУХТУ" ойготот го, Аллах ыраазы болсун.

  • @user-ib4fl3ht8i
    @user-ib4fl3ht8i 3 года назад +4

    Соз жок эми керемет! Ушундай спортту даназалаган кинолор тартылып жатса, демек Кыргызстан осуу жолунда экен. Ушундай кинолорду жаратып , тартып жаткан мыктыларга таазим. Беш ырчыга окшош кылып клип тарткандан коро, ушундай кино, сериалдарды тартышса сонун эле да. Ыр учун, кино учун рахмат! Буйурса кутобуз кинону!