Жамиля Муратова "Сизге"
HTML-код
- Опубликовано: 29 сен 2024
- Уюп жаткан кумарымды сизге деп,
Таркатууга барбы алың мени менен?
Чүнчүтүп дүйнөмдү кусага ороп,
Сүйүп калуу мынчалык түйшүк беле?
Ыйык сүйүүм, анан жаштык көктөмүн,
Бүт баарын сизге гана арнай алсам.
Мен ошондо өз бактымды таба алам,
Көңүлүмдүн буккан черин ала алсам.
Кайырма:
Жалгыз жатсам сиз деп жатам, сырдашам,
Жазсам жалаң сиз жөнүндө ыр жазам.
Мен кыйылбай, куурап өтөм дүйнөдөн,
Сүйгөнүм, ай, өзүң гана кыйбасаң.
Карааныңыз карегимде жанса экен,
Өзүм гана аздектеген жыргалдай.
Менин сүйүүм сизде гана калса экен,
Мен жараткан жакшынакай ырлардай.
Өмүрдө жалгыз гана сизди күтөм,
Өзүмө энчилеген адамым деп.
Зериктирген сезимге кантип түтөм?
Канча жашайм сагынуудан запкы жеп?
Бирок билгин, менин сүйгөн адамым,
Сүйүүм үчүн кулдук уруп барбаймын.
Зарыктырбай даба болсоң сезимге,
Бүт баарысын сизге гана арнаймын.
Кайырма:
Уюп жаткан кумарымды сизге деп,
Таркатууга барбы алың мен менен?
Чүнчүтүп дүйнөмдү кусага ороп,
Сүйүп калуу мынчалык түйшүк беле?
Бирок билгин, менин сүйгөн адамым,
Сүйүүм үчүн кулдук уруп барбаймын.
Зарыктырбай даба болсоң сезимге,
Бүт баарысын сизге гана арнаймын.
Ж.Муратованын ырларын дайыма угуп журом. Музыкалары, тексттери сонун жазылган!
Бул ырды өзүнөн башка жаңы артистер ырдап чыкканга духу жетпей жатат чамаси.
Ким ырдайм десе да бузбай ырдасын !
Жамиля эжеке мен бала кезден бери сиздин ырларынызды угуп чонойдум. Мына уже 40 ка келип калдым, сиздин ырларынызды уксам ошол бала кез кундорум эске тушот. Рахмат сизге.
Жамилия эже мыкты композитор таланттуу чыныгы ырчы ийгилик сизге
песня моего детство как я люблю эту песню Рахмат Жамиля эже вы супер !!!
эн сонун ырчы копозитор, булбул ундуу, кргызымдын кызы!!!
ОГО!! Мына! чыныгы тунук ун! Эн эле жакшы)
Мен сиздижакшы комом, ушул ырынызды суйом.
Супер!
Саламат Жамиля 30 жыл болду жолукпаганга таазим
О кыйын жылдыз
супер песня мен ырдаш учун жаралган ыр
душа радуется вот это песня
согласен как приятно ее слушать
"Табалбайсын "деген ырыныздын оригиналын сиздин аткаруунузда кутом.
Коп жашаныз, оорубаныз Жамилия эже дагы коп - коп ырларды чыгарып турунуз 👍 👍 👍
Жамила сизге ден соолук узун омур бакыт таалай уулунуздун урмат сыйын корунуз. Сиздин ырларыныз унунуз керемет
Рахмат Рахмат Рахмат мен эми билдим кечир
мен суйгон ыр,жана куткон,укканда ыйлаймын....
Бул ыр менен канчадан бери ооруп келем
Бакыт дагы бакыт каалаймын
Жамиля сиз менен сыймыктанам.Унунуз назик .келбетиниз периштндей.Ушундай емгекчил.туура емес нерсени жалтанбай бетке айткан Адилет адамсыз..Бар болунуз.Сизге бекем Ден соолук каалайм.
Рахмат
Кайра угам досум ырахмат
Рахмат чон Жамила
Рахмат Жамиля
Мен кедесоо
Рахмат