Кыргыз-хакас байланышы. Энесайдын эзелки тарыхы. Жолоочу Адилет

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 24 янв 2025

Комментарии • 682

  • @Joloochu
    @Joloochu  4 месяца назад +79

    Достор, кийинки видеолорумда эмнени өзгөртүүнү сунуштайсыңар? Пикириңерди калтыра кеткиле

    • @qwertasdfg7927
      @qwertasdfg7927 4 месяца назад +9

      @@Joloochu коптогон блогерлер барган жердеги адамдардан интервью алып сурашат. Ушул тарткан видеондогу Андрей ден коп нерселерди айтып беруусун уккум келди эле таштардагы суроттор боюнча. Сен башка блогерлердин жакшы жактарын пайдалансан болот. Молодец. Мага видеон жакты.

    • @Joloochu
      @Joloochu  4 месяца назад +5

      @@qwertasdfg7927 абдан туура. Мен жаңы баштаганга тартынчаак болуп, адамдарды камера тарта албай жатам😀. Эртерээк көнөм деген үмүттөмүн.

    • @Joloochu
      @Joloochu  4 месяца назад +4

      @@qwertasdfg7927Андрей жакшы эле айтып берди, видеого көп бөлүгү чыкпай калды

    • @Ton_Yokuk
      @Ton_Yokuk 4 месяца назад +2

      Энесай эмес жер суунун атын туура айтыңыз Енисей. Же кыргызча айткыңыз келсе Кем.

    • @komandormayskii5563
      @komandormayskii5563 4 месяца назад +5

      @@Joloochu Сен, блогер болгун келсе ЭЧ тартынба.Ошондо ,КЫРГЫЗ ЭЛИН сени корот.Для начало, баардыгы жакшы,суро жооп ,комментарий коп ал.

  • @ЭркеайымАрыстанбекова-э8е

    Азаматсын,ата бабаларыбыз, кайсы бир кылымдарда жашап мамалекет туптоп басып откон ыйык жерлер, канчалаган ата бабаларыбыздын мурзолору жаткан жерлерди озунчо кыдырып ,кызыгып озун коргончо,бизге да корсотуп жатканына терен ыраазычылык айтам ,мыкты жигит экенсин арыба , кооп жаша ❤❤❤

  • @Flower-p7t
    @Flower-p7t 4 месяца назад +13

    Салам, жолоочу балам! Ушинтип Ата бабаларыбыздын жургон жерлерин бизге корсотойун деп журосун, сага чон Рахмат! Омуруно береке! 🙋🖐️👍👏

  • @TalaiRahmatyldaev
    @TalaiRahmatyldaev 4 месяца назад +12

    Ассалам алейкум иним Америкадан коруп отурам. Сага катталдым . Даагы даагы Хакас ( хыргыс) кытайча хагязы жонундо тюменьге барып дагы колдон келсе коп жэрден тарсан жакшы болот эле . Ушул биз Кыргыз изин калтырган жонундо. Рахмат. Дагы жаны чыгарма кутобуз.

  • @Длясебя-м2б
    @Длясебя-м2б 4 месяца назад +15

    Азаматсын ото акылдуу жигит экенсин, сендей жаштар телефондон игра ойноп тарыхтын т сын билбей 90жылдан бержагын гана билишет. Корунушун айылдан чыкпагандай корунот экенсин жонокой. А мээн, билимин дуйнонун тарыхын Антара турган анча мынча тарыхчылардан мин эсе жогору ойлонот экенсин. Менин ойума бир идеа келди . Оз айылымдын тарыхын изилдеп, ошол кочого илип дубал газета сыяктуу кылып туристтерди тартыш керек экен, Менин айылымда ото тарыхый айыл, бирок эч ким кызыкпайт.

  • @Анарбай-ч5ч
    @Анарбай-ч5ч 3 месяца назад +8

    Азаматсын! Озун айтмакчы, "Саякат десе эле олчойгон акча коротуп, чет жерди энсей бербей", Тарыхый Мекенибиздин Кооздугун тартуулаганына Рахмат! Ийгилик Каалайм!

  • @Смешныевидеороликиугарные

    Кыйын жигитсин иним ийгилик кайсыл жакта болбо АЛЛАХ ТААЛАМ колдосун🤲

  • @МараимовБолотбек
    @МараимовБолотбек 4 месяца назад +7

    Азаматсын мен сени кыргыздын мекенчил жигити деп бааладым , дагыда коп жанылыктарды элине тартуулайсын деп ишенем . АЛГА КЫРГЫЗЫМ !!!

  • @Таласб
    @Таласб 4 месяца назад +10

    Оо мурдунду урайын кантип барып калдың ал жерге. Азамат жигит экенсин кем болбо.

  • @gulnaraisinbaeva5037
    @gulnaraisinbaeva5037 4 месяца назад +105

    Наконец то иним биздин Кыргысдарга(Хакас) барып келгенин учун каналына катталдым.Себеби булар биздин калып кеткен элибиз.Ата-бабаларыбыздын жери.Кыргыздар блогерлер кобуроок ошондой хакастарга барып силер кыргызсынар деп оздоруно келтирсенер,себеби булар орус чалыш болуп калышкан.Хакастар менен таанышып тарыхыбызды эскертип булар жок болмой болду озубуздун кыргысдарыбыз.

    • @gulnaraisinbaeva5037
      @gulnaraisinbaeva5037 4 месяца назад +4

      @@BEBi-e3t Жакшы

    • @BEBi-e3t
      @BEBi-e3t 4 месяца назад +2

      @@gulnaraisinbaeva5037 ден соолук, иштериниз?

    • @BEBi-e3t
      @BEBi-e3t 4 месяца назад +1

      @@gulnaraisinbaeva5037 ден соолук, иштериниз?

    • @BEBi-e3t
      @BEBi-e3t 4 месяца назад

      @@gulnaraisinbaeva5037 гулнар эже

    • @BEBi-e3t
      @BEBi-e3t 4 месяца назад

      @@gulnaraisinbaeva5037 эже

  • @ГулкыялКазакбаева
    @ГулкыялКазакбаева 4 месяца назад +8

    Азаматсын, кыргыз жигити эл таанып, жер таанып жургонуно кубанычтамын. Бизге да маалымат бергенине ыраазымын 🎉🎉🎉

  • @Парикан
    @Парикан 3 месяца назад +6

    Азаматсың Уулум кыргыздын ошол жерлерде жүргөнү анык мен өзүм мугалиммин аябай кызыгамын Орхон Энесай жазуулары жерлерден табылган да ошол

  • @bars_1955
    @bars_1955 4 месяца назад +7

    Рахмат айланайын.Аябай кызыктуу материалдар экен.Ютуб каналың кеңейе берсин.Ишиңе ийгилик.

  • @ШайбееСардалбеков
    @ШайбееСардалбеков 3 месяца назад +5

    Сени тарбиялап, чонойткон ата-энене чоон рахмат! Кыргыздын тарыхын изилдеп элге жеткиргенин бул чоон сооп.

  • @УланАбдыкадыров
    @УланАбдыкадыров 4 месяца назад +5

    Рахмат иним! Кыргыз жаштары сендей жер корсун тамырын унутпасын. Сокур, гоодону карангыларга конул барба. Озун тааныгысы келген адамга бул керемет ой сезимдер. Жарайсын! Колдойм! Суктанам!

  • @emilemil9503
    @emilemil9503 4 месяца назад +7

    Азаматсын, иним. Рахмат сага бизге Абакан, Минусинск тараптарды корсоткунун учун.

  • @adinamamasalieva4042
    @adinamamasalieva4042 4 месяца назад +6

    Азамат патриот кыргызды издеген, изденген, тууганчыл бала экенсиң! Сендей кыргыздын түбүн издеген балдар көп болсун! Ээн талаада түшүп калганыңда корктум өзүм балам калып кеткендей, антип жалгыз жүрбө жаныңа дос же шерик алып алгын мындан кийин. Этият шартта жат элде жүргөнүңдө. Кыскасы изилдөөңө ак жол.

  • @ЗамирКыдыралиев-т9п
    @ЗамирКыдыралиев-т9п 3 месяца назад +6

    Айланайын балам ишине ийгилик. Бул кыргыздар учун чон иш аракет. Коз жаш алдым

  • @KGZ_ALT_HAK
    @KGZ_ALT_HAK 4 месяца назад +25

    2023 жылы Сары-челекте Алина деген Хакасиялык турист Кыз менен таанышкам мен Хакасиялык Кыргызмын Дейт Бутанаевдин небереси болот экен.

  • @lorihardly9350
    @lorihardly9350 4 месяца назад +5

    Азаматсың иним,жаштар сенден үлгү алсын. Кыргыз экенибизди эч качан унутпайлы . Ар кайсы улутту ээрчигенди токтотушса экен.

  • @БегайымСапарбаева
    @БегайымСапарбаева 4 месяца назад +6

    Чындыгында кыйын бала экенсин молодец ийгилик

  • @UruyatTashmatova
    @UruyatTashmatova 4 месяца назад +5

    Жолчу Адилет чынында бактылуу экенсин👍
    Куттуу ата-бубабыздын,Манас аьабызбын аяктары баскан,тегибиздин жаралган жери,Энесайыбызды коруп,сенин видону коруп мен ушунча бактылуулук туйдум,
    Уулум сени билбейм.
    Жолун ачык болсун.

  • @КасымалыУзенбаев-п2д
    @КасымалыУзенбаев-п2д 4 месяца назад +7

    Рахмат тарыхка кызыгат экенсин Кыргыздардын тарыхын изилдеп иштей бер ишиңе ийгилик

  • @СулууКайбулдаева-д6ж
    @СулууКайбулдаева-д6ж 4 месяца назад +6

    Ишинизге ийгилик каалайм иним тарьхть элибизге эскертип изиилдегениниз учун омурунуз узун болсун ооооомийн

  • @ТоктобубуОке
    @ТоктобубуОке 4 месяца назад +6

    Рахмат, иним эн сонун, кийинки сапар барганында Хакасиядагы боордошторго салам айта бар❤

  • @СагидаТоктогулова
    @СагидаТоктогулова 4 месяца назад +6

    Көп нерсени көрдүм.яНегизи биздин жерге окшош экен.Өзүм ал жакка баргандай сездим.яӨмүрүңө береке берсин жаратканым.

  • @СалижанЖеенбеков-ю7у
    @СалижанЖеенбеков-ю7у 4 месяца назад +6

    Азаматсын укам нак кыргыздардын тарыхын чагылдырыпсын Аллах сага ыраазы болсун иштерин дайыма илгери болсун

  • @JedjjdRjjdfjf
    @JedjjdRjjdfjf 2 месяца назад +5

    Азаматсын Азамат! Жаш кезде ошентип жер коро бер!

  • @qwertasdfg7927
    @qwertasdfg7927 4 месяца назад +6

    Ото соннун . Иним иштерине ийгилик. Мага видеон жакты. Озум барып келгендей. Рахмат сага.

  • @АйнураБакирова-ф9б
    @АйнураБакирова-ф9б 4 месяца назад +8

    Омуруно береке коп ийгиликтерди жаратабер❤

  • @ГулнараМаматкулова-ц5у
    @ГулнараМаматкулова-ц5у 3 месяца назад +7

    Соонун.Азамат экенсиң.Мен да тарыхый жерлерге баргым келет Энесайга,Байкалга.

    • @gulnarakadyrbaeva1977
      @gulnarakadyrbaeva1977 3 месяца назад

      Байколго

    • @МорскойВолк-щ1ь
      @МорскойВолк-щ1ь 3 месяца назад

      Кыргызча айткың келсе Байкалга деп айтпа Байкөлгө деп айт.Биздикилер деле Ыссык-Көлдү азырга чейин Иссик-Кул деп жаткандай да

  • @ТаалайЖанчаров
    @ТаалайЖанчаров 4 месяца назад +11

    Эне -Сай илгертен бери кыргыздын байыркы улутунун жери болгон

  • @ГулмайрамНышанова
    @ГулмайрамНышанова 3 месяца назад +6

    Азаматсын💥💥💥Кудайым озу колдосун, куч кубат берсин 🤲❤️

  • @komandormayskii5563
    @komandormayskii5563 4 месяца назад +5

    Жоолочу,сага рахмат кызыктуу болду.Бара-бара жакшы блогер болосун,буйруса.

  • @ЭлдиярСарбашов-у4д
    @ЭлдиярСарбашов-у4д 4 месяца назад +5

    Ишине ийгилик АК ЖОЛ
    Баардык чыгарыштарынды колдойбуз🎉

  • @AlaTooKyrgyz
    @AlaTooKyrgyz 4 месяца назад +6

    Азаматсың өтө сонун өзгөчө видео болуптур патриоттуулугуң менен өзгөчөлөнүп турат экенсиң башкалардан аябай ыраазы болдум көрүп! Тарых,санжыраны көп окуп,укчумун Дастан Сарыгулов, Темирбек Токтогазиев,Кубан Чороев Тынчтык Карымшаковдордун берүүлөрүн, ошондо көп айтышат Хакасиядагы Дөбө маданиятын,ташка чегилген тамгалар ж.б мен да көкүрөгүмдө бекем уюп жүрөт эле барып жеринен көрсөм деп,сага рахмат бирок өтөле кыска,дагы барып кененирээк тартсаң сураныч. Кыргызга эң жакын эл бул Хакас дар да,Казак Калмактан 10 эсе жакын ДНК дан да текшерилген...жана Байкөлдү да барып бир тартсаң жакшы болот эле Байкал да Кыргыздын көлү болгон экен кандай болду экен жанынан ушунчалык кооз,анан дүйнөдө эң чуңкур көл аталат түбү жок дешет.....ракмат!

  • @choratalas7854
    @choratalas7854 3 месяца назад +8

    Эне Сай Кыргыздардын жери!

  • @НурийлаСабирбаева
    @НурийлаСабирбаева 4 месяца назад +4

    Азаматсын Кыргыздын патриот жигити, эн жакшы биз билбеген корбогон жерлерди тартыпсын, бар бол иним. Дагы да кызыктуу видеолорду кутобуз сенден. Адист тарыхчыларга жол ачып журо бер. Ишине ийгилик озуно бекем ден соолук каалаймын.

  • @aijansultanova1907
    @aijansultanova1907 4 месяца назад +6

    Эң сонун, кызыктуу материал болуптур. Сүйлөө речин да жакшы экен, эми тарыхый маалыматтарды да жакшы үйрөнүп, видео материалын менен кошо айтсаң сенден эң мыкты билимдүү блогер чыгат. Эң негизгиси сенде жер кыдырып, эл таанып башкалар менен бөлүшүүгө аракетин зор экен, ошондуктан сенин кийинки материалдарында көрүү учун жазылууну чечтим. Барган сайын сапаттуу маалымат даярдап, аудиториянды кенейтет деген ишеним жараттың !

    • @Joloochu
      @Joloochu  4 месяца назад +1

      Чоң рахмат!

  • @КаныкейАдиева-ш3ъ
    @КаныкейАдиева-ш3ъ 3 месяца назад +4

    Аябай туура! Азаматсын! Аракетке берекет! Тарыхты изилдеген эн сонун! Келечегин кен болсун! жалпы адамзат кыргызга биригет! ! Кыргыз ата эне баарына! Жашоого Башчы!

  • @ЭгембердиевТалгатбек
    @ЭгембердиевТалгатбек 3 месяца назад +6

    Азаматсын иним жер тааныган эл тааныган бул жакшы каналын онуго берсин

  • @АдылбекЮлдашов-ц6п
    @АдылбекЮлдашов-ц6п 4 месяца назад +9

    Эне сайга барганын учун подписка болдум 👍👍👍

  • @АлишерЭрмекбаев
    @АлишерЭрмекбаев 3 месяца назад +4

    Азамат экенсин! Дениң чың, өмүрүң узун болсун! Кыргыз элинин Эне-Сайдан Ала-Тоого чейин тарагандыгы жөнүндө тарыхый жана "Манас" эпосунан о.э. түрдүү уламыштардан угабыз. Кыргых элинде "миң уккандан, бир көргөн артык" деген макалдагыдай, сенин кыргыз тарыхына кызыгып, видео аркылуу баян эткениңдин ахыбети болсун. ХАКАС -- деген кытайча кыргыз деген сөз. Мен да Екатеринбургда турам. Дарегиңди билсем, кененирээк баарлашмакпыз.

  • @mjumaly7253
    @mjumaly7253 3 месяца назад +10

    Туугандар, биз манаста айтылгандай Алтайга куулуп барганбыз. Кайра Манас ошол жакта төрөлүп өз жерибиз деп Ала-Тоого көчүрүп келген. Хакастар кыргызбыз дебесе аларга жабыша бербеш керек. Өзүбүздүн алакандай эл жерди сактап калуубуз зарыл.

  • @РасульАликов
    @РасульАликов 3 месяца назад +3

    Азаматсың,өз тамырыңды,кайдан келип кайда туруп калганыбызды ар бирибиз билсек кана.Хакастарга да ушул маалыматтарды көбүрөөк жеткизишибиз керек,алар орусташып, жок болуп кетүү коркунучунда турушат.

  • @ЭльмираСултанбекова-г7л
    @ЭльмираСултанбекова-г7л 3 месяца назад +6

    Адлет молодец керемет Энесайды корсоттун Ден соолукта омуру узун болсун

  • @КараматЖудомишова
    @КараматЖудомишова 4 месяца назад +4

    Азаматсын мекенчил жигит, ишине ийгилик, ар дайым жолун ачык болсун, тилеген максатына жет, жигит пири шаймерден колдосун, Алла таала оз баанесинде сактасын, оомиин

  • @History3242-tw7tt
    @History3242-tw7tt 3 месяца назад +4

    Абдан сонун тасма болуптур.38 минуттун ичинде,канча деген кызыктуу нерсени корсоттун.Кызласов деген тарыхчы хакастардын меесине бу кыргыздардын бизге тиешеси жок деп синиртип салган.Эмнеден коркушат бильбейм,биз барып аларды басып калатургансып.Хакастын тарыхы жок,хакас деген ат 20 кылымда пайда болгон.Кыргызы ,это основа Алтайской цивилизации.

  • @SONATALF-u2n
    @SONATALF-u2n 4 месяца назад +5

    Азаматсын иним !!!
    Ишине ийгилик
    Бир туугандарыбызды тартып тааныштырдын

  • @ШиринбекАтагараев
    @ШиринбекАтагараев 3 месяца назад +2

    Иним, сенин илгерки ата-бабаларыбыз жашаган жерлерге барганын бул озу абдан чон ийгилик. Сенин видеолорундагы байыркы кыргыз бабалар жашаган жерлерди коруп сезимибиз козгодун. Рахмат. Дагы коргозо бер.

  • @ГульсараКушбакова-ж3ж
    @ГульсараКушбакова-ж3ж 3 месяца назад +5

    Азамат жигит, тарыхты билуу, ар бирибиз учун керек 🎉

  • @Торобек-у2н
    @Торобек-у2н 4 месяца назад +5

    Ырахмат.жигит.биразда.болсо.Хакастар.боюнча.саякат.болду.омур.берсин.ТАЛАСТАН

  • @rossiaekaterinburg5316
    @rossiaekaterinburg5316 4 месяца назад +5

    Азаматсын тууганым мыкты жигит экенсин, буйруса Екатеринбургтан жолугушабыз

  • @МираЖумашевна
    @МираЖумашевна 4 месяца назад +3

    Азамат жигит❤❤❤ Кыргызстандын бир болугу, орустарда калып кеткендей ичим ачышты, КЫРГЫЗ экенин билбей калышканга ичими ачышты😢 Ошол жака барып, тартып корсотконуно чоон рахмат❤❤❤ Аю сени жеп салбай, видеону чыгарганына Кудайыма шугур😊 (тамаша) Дагы кутуп калабыз❤

  • @Туке-й4ч
    @Туке-й4ч 4 месяца назад +6

    Кыргыздар эле экенго Орусча суйлоп тилин жоголуп баратканго болгону ... Эн жакшы Жер коргонун . Катталгыла Лайк басып колдоп койгула КЫРГЫЗ мын дегендер...

  • @Р.И.Ж
    @Р.И.Ж 3 месяца назад +5

    Азаматсын Жолоочу, аябай жакшы корсотуу болуптур. Мен Енисейск шаарында кызмат отогом, баргым келип журот. Ишине ийгилик!

  • @Жениш-м5и
    @Жениш-м5и 4 месяца назад +6

    Ото жакшы малдец Саякатчы бала чарчабай тартабер сонун 👍👍👍

  • @maksatzhumagulov4615
    @maksatzhumagulov4615 4 месяца назад +5

    Азаматсың, иним, саякатың кызыктуу болуптур. Шайыр, позитивдүү жигит экенсиң. Сени менен бирге саякаттаса талаада деле калчудай эмессиң, и зерикпесең да керек ...🙂

  • @ЖанзеКокжигули
    @ЖанзеКокжигули 3 месяца назад +6

    Барсак болот экен. Группа ачып каалочулар барсак болот экен

  • @Айганыш-п6ч
    @Айганыш-п6ч 4 месяца назад +4

    Рахмат балам ушундай видиелорду кобуроок чыгарып тургула аллараазы болсун ишине ийгилик

  • @СабырСатимов-е7т
    @СабырСатимов-е7т 4 месяца назад +5

    Ырахмат Алла ыразы болсун.Мен 1979--1981 Абакан шаарында аскер кызматында болгонмун.Азырда баргым келет сонун жер.

  • @66-xk9ss
    @66-xk9ss 3 месяца назад +4

    Кыргыздардын жоокерчилик замандагы жашоосунун көбү ушул тарыхый жерлерибиз Алтайда Эне сайда өтсө керек , бизге белгисиз тарыхта жазылбай калган ,сөз жүзүндө айтылбай калган трагедиялуу кыргын согуштар дагы көп болсо керек , муну Барсбек кагандын убагындагы кыргындан билсе дагы болот деген ойдомун 😢😢😢

  • @k.alax12345
    @k.alax12345 4 месяца назад +6

    Жарайсың қырғыз бауырым(туғаным) әр сапапрың сәтті болсын👍🇰🇿🤝🇰🇬🤝👏

  • @Балаңмигрант
    @Балаңмигрант 4 месяца назад +6

    Кыргыз болуп жаралганыма шугур! Биз улуу элбиз бизден канчалаган уруу эмес бизден улуттар болунуп чыккан.

  • @66-xk9ss
    @66-xk9ss 3 месяца назад +2

    Иним азаматсың ишиңизге ийгиликтерди каалайм , ата бабаларыбыздын жашаган жерлерин кыдырып тааныштырып жүрө бериңиз, ал жерлер жөнүндө.маалыматтар ар бир Кыргыз үчүн өтө баалуу !!! 💓☝☺

  • @sky-k1b5v
    @sky-k1b5v 4 месяца назад +6

    Укмуш! Көздөн жаш тегеренди, Эмгекиңизге Ырахмааат!👏👏👏

    • @DollarEuro-w4e
      @DollarEuro-w4e 4 месяца назад +1

      Неге жаш тегеренет

    • @DollarEuro-w4e
      @DollarEuro-w4e 4 месяца назад

      Атаниапан тируубу

    • @sky-k1b5v
      @sky-k1b5v 4 месяца назад

      @@DollarEuro-w4e алыскы 2005/2009 жылдары ушул шаарга жетпей кичи жана чоң тецте иштегенмин!

  • @ИииеЕеет
    @ИииеЕеет 3 месяца назад +4

    АДИЛЕТ, АТА-БАБАЛАРЫБЫЗ, БАСКАН, ЖУРГОН, ЖЕРЛЕРДИ ТАРТЫПСЫН, ЭН СОНУН, ИШИНЕ ИГИЛИК. 🤲🤲🤲🙏🙏👍👍

  • @ЧынараСулайманова-ц9и
    @ЧынараСулайманова-ц9и 4 месяца назад +4

    СЕН АЗАМАТ ЖИГИТ ЭКЕНСИН!
    АР БИР САПАРЫН БАЙСАЛДУУ БОЛСУН! АМАН ЖУР!!!❤

  • @Самат-о7п
    @Самат-о7п 3 месяца назад +5

    Красноярский Кыргыздардан. Эне-сайдан. Чоон Салам.!

  • @sabyrbekishov9899
    @sabyrbekishov9899 3 месяца назад +3

    Эң сонун репортаж, дагы өркүндөтө бер, Дастан Сарыгулов абаң менен кабарлашкан дагы сага өтө көп пайдасы тийет. Азаматсын бар бол. Каражат жетишпесе ,сөзсүз жардамдашат, дагы бир жолу Азаматсын.😊😊😊😊😊

  • @manasshukuraliev5735
    @manasshukuraliev5735 3 месяца назад +6

    Мыкты чыгарылыш
    Тез тезден барып Кыргыздаштырыш керек орусташып кетишиптир

  • @jyky4528
    @jyky4528 4 месяца назад +4

    Азаматсың, рахмат , белинден куч кубат кетпесин ,. Дунуйөнү кыдыр , көрсөт элге , туркия, араб мамлекеттерин, Кытай, ж. б . Терс суйлогон коменттерге көңүл бурба, теңелип жооп жазба аларга, Өзүбүздүн Ощ, Жал абад ака үкалардан окшойсуң, характериңе караганда, Сонун , менин хоббимди (саякат) кылып атасың . Андрей Буренок деген блогердин Експаты деген саякаты өтө сонун , ошодон үйрөн ,

  • @Дилбар-м5п
    @Дилбар-м5п 4 месяца назад +5

    Азамат иним жакшы репортаж жасапсын алга мекендеш.
    Орусташып кеткени жаман корунуш. Мындай жол мн кетсе жоюлуп жок болушат бул Элдер.

  • @НурисламНарматов
    @НурисламНарматов 4 месяца назад +9

    Абакан деген Кыргыздын. Ханы болгон Еренек деген Кыргыздардын ханы, болгон 17 - кылымдын орто ченинде аягында. Абакан хан ошол Еренек ханга жардам берген. Орус хандыгына. Кыргызча айтканда 100 - жыл согушкан Орус хандыгына каршы. Кыргыздар Енисейде Еренек деген Кыргыздардын ханы. Государство хонгорай. Кыргыздардын мамлекети ошол кездеги тарыхты уйронгуло. Тарыхы болбой эл болбойт тамыры болбой жер болбойт.

  • @АйнагульДоолотбаева
    @АйнагульДоолотбаева 4 месяца назад +7

    Азаматсын балам ,омурлуу бол

  • @almazalymkulov8280
    @almazalymkulov8280 3 месяца назад +4

    Ассалому алейкум! Рахмат сага,уланта бер. Коп коп жакшылыктарды каалайм,Кыргызымдын чыгаан жигити. Дагы да болсо видеолорду кутобуз, катталып койдум😊

  • @БазарбайЧолпонбаев
    @БазарбайЧолпонбаев 4 месяца назад +4

    Ээ азамат жигит экенсин жүрөгүң чындап эле кыргыз деп согот экен ынандык ал таш эстеликтерде не деген жазуулар бар экен баягы Сибирлик кыргызмын деген тарыхчы көп нерсени айткан эле дагы бир илимпоздор экспидитция жасап тереңиреек изилдеш к к экен кыргыздын тарыхын билүү бүт жер бетиндеги элге маанилүү себеби кыргыз кырылгыс деп бекер айтылбайт рахмат жигит сага ден соолук ж а иштериңде ийгилик болсун !!!

  • @АлмазбекКарыбеков
    @АлмазбекКарыбеков 3 месяца назад +4

    Акылын терен журогун таза жигит экенсин, кудайым колдоп журсун!

  • @БакытбекДоолоталиев-к5л

    Молодец потриотсун сен

  • @Regent_312
    @Regent_312 4 месяца назад +6

    Орус эле болуп калышкан ,копчулугу християн динин карманышат ысымдары ,Василий, Алексей, Иван , Роман сыяктуу ысымдар. Илгери азыркы Кыргызстанга качып кеткенсинер Кыргыздар бизден тарагансынар деген бир кызыктуу маек болгон Хакас улутундагы киши менен.

  • @ТокторбаевАскар
    @ТокторбаевАскар 4 месяца назад +5

    ИншАллах жерленибизди кайтарып алышыбыз керек келечекте.Алты ай Эне-Сайды Бай Колду

  • @ЖенишбекКулуев-ю2э
    @ЖенишбекКулуев-ю2э 4 месяца назад +6

    Молодец ука зерикбей жердин жаримин айланип келдин ишине ийгилик

  • @ЗайырбекБейшеков
    @ЗайырбекБейшеков 3 месяца назад +5

    Бар бол кыргыздын жигити,ишине ийгилик!!!

  • @Redmi-g5f6k
    @Redmi-g5f6k 4 месяца назад +6

    Азаматсың иним Кыргызстандагы киргистерге Кыргыз ким экенин далилдедиң,биздин ата-бабабызды орустар кордоп өлтүргөн эми болсо ошол орустун тилин салтын туу тутуп жүрүшөт ошол кейиштүү

    • @stiveyserman1426
      @stiveyserman1426 4 месяца назад +1

      Чогуу чаран ошол манукт киргистерге каршы туралы.
      Аллахым озу кечирсин деп. Башка айлабыз жок. Аракет кыла берсек берекет болот, ИншаАллах .

  • @ЖолборсбекПратов-ю7у
    @ЖолборсбекПратов-ю7у 4 месяца назад +6

    Ассолоому алейкум туугандар эн сонун ийгилик ишине иним

  • @Улугбек-й7ъ1н
    @Улугбек-й7ъ1н 3 месяца назад +5

    Тарта бер,хакасияга брып келгендей болдум.

  • @БакытСАКТАНБЕКОВ-с7ф
    @БакытСАКТАНБЕКОВ-с7ф 3 месяца назад +3

    Молодец иним азамат экенсин ушундай саякаттынды токтотпо Алга Алга Кыргыз

  • @СталбекЖагообаев-к5ц
    @СталбекЖагообаев-к5ц 4 месяца назад +5

    Азаматсың иним кайда жүрөсөңда АЛЛАХЫМ колдосун ☝️🇰🇬✊💪

  • @УмсунайМусаева-б2г
    @УмсунайМусаева-б2г 4 месяца назад +8

    Ата бабаларым кучтуу болгон экен согушта эбегейсиз салым кошуп женишти алып келишкен экен

    • @Joloochu
      @Joloochu  4 месяца назад +3

      Ооба, бирок менин байкашымча, илтерген бери эле ынтымагыбыз жок, бийлик көтөрө албаган эле окшойбуз.

  • @БейшенТабалдиев
    @БейшенТабалдиев 3 месяца назад +4

    Азамат иним сонун корсоту болуптур бабаларыбыз Бир одарылып алыштыго кыбырабыз Келди деп Барсбек бабабыздын арбагы колдоп журсун духун дух екен Эренек бабабыз кайтарып журотко айланып жеткир тарыхты урпактары а деп

  • @КубанычбекДюшенов-п2ш
    @КубанычбекДюшенов-п2ш 3 месяца назад +6

    Садага болойун уулум,кыргыз деп соккон журогундон кагылайын!!! Ата -Бабандын карт улуу тарыхына ,цивилизация жараткан маданиятына кызыгып, " МАНКУРТ " болбой , алдында атын жанында атан жок, жалгыз жергезип , " ХАГЬЯС -КЫРГЫЗ""ТУУГАНДАРЫНА барып келгениндин озу эле эрдик!!! Аман бол уулум, ийгилик каалайм !!!.

  • @pawellensk1163
    @pawellensk1163 4 месяца назад +6

    Таштарга жана имараттарга жаныбарлардын жана адамдардын сүрөттөрү сонун. Хакас тилиндеги жазуулар.
    Жагымдуу тилдери, алар сонун угулат: Кыгыз, Алтай, Хакас, Шор, Тыва, Саха, Долган

  • @Oljobay99
    @Oljobay99 4 месяца назад +7

    Биздин жер Новосибирск Красноярск ж.б
    Кыргыз Алтай Хакас Кыргыздар

  • @Камчибек-и9ф
    @Камчибек-и9ф 3 месяца назад +2

    Азаматсын иним,Ата бабалардын арбагы колдоп,тарыхый кыргыздын жерлерин Эл журтка танытып журо бер,бар бол,аман бол.

  • @savage2084
    @savage2084 3 месяца назад +4

    Молодец, кыйын экенсин, мынддай малымат алып бергенин учун чон рахмат

  • @кыргыз-о2ь
    @кыргыз-о2ь 4 месяца назад +5

    Биздин чон таарых Манаста, азаматсын👍👍👍 анча мынча манкурттар жазган коментарийлерге конул бурба иним.

  • @kadamjay_jaryya
    @kadamjay_jaryya 4 месяца назад +4

    Азамат ийгилик 🤲🚀🇰🇬 Мамлекеттик деңгээлде алаканы бекем кылуу керек Алтай, Тыва, Хакасия, Якутия туугандар менен👍👍👍

  • @КасиетАлиева-е2ж
    @КасиетАлиева-е2ж 3 месяца назад +3

    Азаматсын балам коп нерсени айтып бердн,мен дагы ошол жакка саякатка барууну ниет кылдым

  • @ТаштанбекТоктошалиев
    @ТаштанбекТоктошалиев 4 месяца назад +4

    Азамат Адилет уулум Энесайды коргондой эле болдум Карыя болгон чакта

  • @КудайбердиРыскулбеков
    @КудайбердиРыскулбеков 4 месяца назад +8

    Арыбаныз,оорубаныз арыбай, деген соз чарчабай, карыбай деген соз картайбай, арыбай-карыбай аман,эсен турунуздар деген тушунук жолоочум, жолун шыдыр болсун.

    • @Chax63
      @Chax63 4 месяца назад

      👍👏👏