Азаттык: Кечки радио эфир | 24.12.2024
HTML-код
- Опубликовано: 23 дек 2024
- Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда тиш дарылоо учурунда каза тапкан үч жашар кыздын өлүмү боюнча иш боюнча 23-декабрда өкүм чыкты. Бул тууралуу 24-декабрда аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, бул иш боюнча айыпталуучулардын бири - стоматолог Айганыш Кадыркулова (К.А.Н) 5 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Анын бөгөт чарасы үй камагынан камакка өзгөртүлүп, сот залынан камалды.
Мындан сырткары анестезиолог Айнура Туратбекова (Т.А.Т.) 6 жылга кесилди. Ал буга чейин камакта болчу.
Ахунбаев атындагы Медакадемиянын медициналык борборунун ошол кездеги директору Муктарбек Искаков (И.М.Б.) 5 жылга кесилип, 3 жыл пробация берилди. Анын бөгөт чарасы камактан эч жакка чыкпоо тилкатына өзгөртүлүп, бошотулду.
Стоматологдун жолдошу Данияр Таалайбеков (Т.Д.Т.) 5 жылга эркинен ажыратылып, жазасын түзөтүү колониясында өтөөгө өкүм кылынды. Ал да буга чейин камакта болгон.
“Дентомакс” жеке клиникасынын директору Байыш Шамурзаев коюлган айыптар боюнча акталды.
Соттолуучулардан жабырлануучуларга моралдык компенсация үчүн 1 млн сом жана материалдык чыгым үчүн 541 745 сом өндүрүү чечими чыкты.
Үч жаштагы Алия Кубанычбекова 2023-жылы 18-декабрда алты сааттык операциядан кийин чарчап калган. www.azattyk.or...
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -www.youtube.co....
Телеграм - t.me/Azattyk_r...
t.me/azattykrus