Жоодурап сага караар бир адам бар, Жалбарып жүрөгүңдү сураган бар. Жамалың жашка толуп турса дагы, Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар. Муңкансаң муңду жазар миң амал бар, Моюубай кылыгыңа чыдаган бар. Мүнөзүң мөндүр сымал төксө дагы, Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар. Күз келип, жалбырактар куураганда, Көңүлдүн кетиктерин сураган бар. Кыш өтүп, махабаттуу жаз да келет, Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар.
Жоодурап сага караар бир адам бар,
Жалбарып жүрөгүңдү сураган бар.
Жамалың жашка толуп турса дагы,
Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар.
Муңкансаң муңду жазар миң амал бар,
Моюубай кылыгыңа чыдаган бар.
Мүнөзүң мөндүр сымал төксө дагы,
Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар.
Күз келип, жалбырактар куураганда,
Көңүлдүн кетиктерин сураган бар.
Кыш өтүп, махабаттуу жаз да келет,
Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар.
Караоке керек😢
жарымын жеп койдунарбы неге жок?
Мас болуп алып жаздырышканго, 😂 сонун болуп баратып жарымы жок, облом😅😅
Сонун
Абдан могу ыр