ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ🇰🇬ЫР ЖЫЙНАГЫ✔

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 27 сен 2024
  • Элмирбек Иманалиев ыр жыйнагы.
    Кыргыз акындары.
    Төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган.
    Жогорку билимдүү. Мектепти бүткөндөн кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студиядан окуп, андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүргөн.
    Чыгармачылыгы:
    Элмирбек Иманалиевдин төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуусу мектеп жашынан эле башталган. Алгач 6-класста окуп жүргөн кезинде колуна комуз алып, калың элдин алдына чыккан. Муну көргөн төкмө акын Тууганбай Абдиевге жетип, жаш талантты борборго алдырган.
    1993-жылдан бери айтыш боюнча республикалык жана эл аралык фестивалдардын баш байге ээси. 2016-жылы КРдин Эл артисти наамын алган.
    Эмгек жолун чыгармачыл өспүрүмдөрдүн республикалык "Сейтек" борборунда иштөөдөн баштаган. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Учурда "Айтыш" коомдук фондусунун акындар мектебинин устаты.
    Ырчы, обончу катары "Булбулум", "Аруузатым", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы", "Мунарым", "Балкыма" чыгармалары менен белгилүү.
    Үй-бүлөсү:
    1995-жылы ырчы Гүлбүбү Ороскул кызына баш кошуп эки кыздуу болгон. Кийинчерээк Нурзат аттуу айымга үйлөнгөн, учурда жубайлардын үч баласы бар.
    #Каналга#катталыныз

Комментарии • 4

  • @МаксатбекСубанов-д1в

    Ыйманы Салават болсун омиин эмне кылабыз Айла жокта

  • @ЗамираИсабекова-ш1е

    Эх у

  • @aiperykadyrova7171
    @aiperykadyrova7171 3 года назад +1

    И и кызым мен канча калалдады сен жанны ачылдынбы кызым и балам 😭😢

  • @aiperykadyrova7171
    @aiperykadyrova7171 3 года назад

    Эки жыл эмес кунуго жанымда кун тун бир акын тен келбейт экен уялбай бети жок акмактар 9бети жуздуулордун бетин кордум кайсы бети м-н ииии5 о дедиби эле бети жок Акмактар мени чакырып койсо айтат.элем Ээх Саадых кудайым бар баары жакшы аман бол куурсангын чонойтптпа аман бол мени м-_н ббирда жолуга албацт сен тем боле жолукройсын мен1005 чыгам мени бул дуйно эч ким 👇👏