«Сен адамсың” Бердибек Жамгырчиев |

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 23 окт 2023
  • Сен адамсың, жарты эмес бир бүтүн,
    Сезгин, тапкын бар бакыттын үлгүсүн.
    Тумандан да көрсөк болот жарык нур,
    Туура кармап бу турмуштун дүрбүсүн.
    Калп дүйнөгө казык болуп не керек,
    Калса калаар жакшы сөзүң бир күкүм.
    Сен адамсың, акыл-эстүү жансың да,
    Сенек болуп тирүүлүккө жанчылба.
    Аздыр-көптүр кайгы үчүн кайыгып,
    АДАМ деген дарегиңе камчы урба.
    Үйүп алып көөдөнүңө боштукту,
    Үмүтүңдү таштандыга калтырба.
    Сен адамсың, жапыз болуп тепселбе,
    Сезим өлүп калбаш керек эч сенде.
    Таңгалдырып басып кеткин кулабай,
    Тагдыр келип так жүрөккө тепкенде.
    Көзүң барда ак дил менен жан үрө,
    Көөдөнүңө “АДАМ” данын сепкенге.
    Сен адамсың, кенен атта, тушалба,
    Сен адамсың, так жебедей уч алга.
    Келечегиң жатпаш керек оролуп,
    Келечексиз кайгы, санаа, кусаңда.
    Каалайм сага нур жолдорду адамзат,
    Кана эмесе тагдырыңдан ут анда!!!
    #аудиокитеп #кыргызча #чыгарма #аңгеме #укмакитеп #сүйүү #жашоо #бакыт #өмүр #пайда #сооп # китеп #билим #поэзиякыргызча #поэзия

Комментарии •