Optima24 тиркемесин кантип колдонсо болот? Толук видео нускама
HTML-код
- Опубликовано: 5 фев 2022
- Бул видеодо биз сизге “Оптима24” тиркемесин кантип колдонуш керектигин көрсөтүп беребиз.
Адегенде “Оптима24” тиркемесине кириңиз. Тиркемеге кирген сайын сиз автоматтык түрдө негизги экранга өтөсүз. Бул экранда сиздин бардык карталарыңыз жана алыш-бериш эсептериңиз көрүнүп турат. Карта боюнча маалыматты көрүп, аны башкаруу үчүн керектүү картаны басыңыз.
Бул терезеде сиз эсебиңизде канча акча жатканын көрүп, валютаны алмаштырып, төлөмдөрдүн тарыхын текшере аласыз.
Ошондой эле “Реквизиттер” деп аталган көзөнөктөн эсебиңиздин чоо-жайын көрүп, аларды көчүрүп алсаңыз да болот, башкаларга да жибере аласыз.
“Төлөө” деп аталган көзөнөккө кирип, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, айыптар, мобилдик байланыш, интернет жана башка көп нерселер үчүн келген эсептерди төлөй аласыз. Тиркемеге кирген сайын толтура бербеш үчүн ар бир төлөмдөн кийин шаблон даярдап койсоңуз болот.
“Акча которуу” деп аталган көзөнөккө кирип, картаңызга же эсебиңизге акча которо аласыз.
“Көчүрмө” деп аталган көзөнөктө операциялар, чыгашалар, түшкөн акча боюнча маалыматтарды көрүп, ошондой эле операциялар кайсы учурда болгонун текшере аласыз.
“Ырастоолор” деген көзөнөккө кирип, СМС билдирүүлөрдү/push кабарларды күйгүзүп же өчүрүп коё аласыз, картаңызга лимит коюп, же блоктоп салсаңыз болот.
Негизги экранда картага же эсепке акча которсоңуз болот. Өлкө ичиндеги башка банктарга сом менен да, чет өлкөлүк валюта менен да акча которуңуз. Өз картаңыздан өлкөнүн ичиндеги, башка мамлекеттердеги банктардын VISA картасына акча которо аласыз.
Негизги экрандан сиз каалаган кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөп, төлөмдөрдүн жана которулган акчанын тарыхын көрө аласыз.
Бургер-белгисин басканда меню бөлүмүндө каптал жактан терезе ачылат, ал жерден өзүңүздүн профилиңизди көрө аласыз, push кабарларды күйгүзүп койсоңуз болот, эсептер көрүнбөй тургандай жаап коё аласыз, тиркеменин тилин, сыр сөздү өзгөртүп, тиркемеге Touch ID же Face ID аркылуу кире тургандай кыла аласыз.
Жаңылыктар бөлүмүндө сиз соңку кабарлар менен тааныша аласыз.
Ошондой эле “Картада” деген жерди басып, кеңселердин жана банкоматтардын дарегин таба алсыз. Чет өлкөлүк валюталардын азыркы курсу менен таанышуу үчүн “курстар” деген көзөнөктү басыңыз. Банк менен байланышып, же жеке профилиңизден чыгып кетүү үчүн колдоо белгисин басыңыз.
карта заблокирована эмне кылуу к к
Когда каждый раз меняешь телефон придется каждый раз войти в приложению и это самостоятельно не будет придется пойти в банк, полное ужас блин, решите эти проблему
Приложениеден чыгып кетсе кантип,кайрадан восстановления ж.до да чыгаргылачы сураныч
Карта ужасное 🤮
Ассалому Аллейкум
Оптима виза дан башка картага акча которсо болобу???
как переводит через оптима24 на мбанк.