Саламат Садыкова "Жылкычынын ыры"

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 26 сен 2024
  • Жылкычынын ыры
    Сөзү & обону: Ашыраалы Айталиевдики
    Асыл бир тукум мингениң,
    Салкын-Төр жайлоо жүргөнүң.
    Эриктим жылкы кайтарып ай,
    Кайдасың келчи сүйгөнүм.
    Жылкы оттойт чөптүн түрлөрүн,
    Мен жыттайм жыпар гүлдөрүн.
    Санаадан такыр чыкпайсың сен,
    Сагындым келчи сүйгөнүм.
    Ыргалса шибер жалбырак,
    Ыргыштап үркөт аргымак.
    Камыкпа келет дегенсип ай,
    Ай карайт көктө жалдырап.
    Кыялым учуп асманга,
    Кубанам жылкы бакканга.
    Жаныма келсең болбойбу да,
    Жылкылар жуушап жатканда.
    Мен жылкычы, сен чабан,
    Кыйкырып добуш үн салам.
    Өлкөбүз үчүн иштейличи,
    Өркүндөп өссүн нур заман.

Комментарии • 3

  • @ГулмираСарина-ы9з
    @ГулмираСарина-ы9з 4 года назад +2

    Менің сүйікті əншім,Саламат апайым мың жасасын!😍👍🏻👏🏻👏🏻👏🏻💐💐💐

  • @aichurokabdyseitova4176
    @aichurokabdyseitova4176 5 лет назад +2

    Менин сүйүктүү, сүйкүмдүү эжем,бар болуңуз ,сизге чың ден-соолук каалайм.

  • @РызаАлиев-х1ъ
    @РызаАлиев-х1ъ Месяц назад

    БРАВО КИРГИЗССКАЯ ПРИМАДОНА