“Карыянын көз жашы” Ибрагим Балтабаев |
HTML-код
- Опубликовано: 13 ноя 2023
- Күңүрт жарык кирген бөлмөдөгү керебетте карыя жатты. Көздөрүнөн шоргологон жашы жүзүн жууп, күмүш түстүү сакалынан сарыгып, жаздыгына тама сиңип, жаздыкты кыйла нымдап койгон.Үнсүз гана ыйлап жатты. Көз жашына кошулуп жүрөгү мыжыгып ыйлады. Оу кылымга тете өмүрүндө качан ыйлаганы эсинде жок. Адатта, күн сайын конок аягы үзүлбөчү бөлмөнү бүгүн жаптырып алган. Эч кимди кыртышы сүйөр эместей…
Бул үйдөн конок үзүлбөйт.
Россияданбы, Бишкектенби, же дагы башка четтенби, же айылындагылардан болсун; ким болбосун карыянын абалын көргөнү, анын батасын алганы келип турушчу. Айылына кадыры чоң аксакал. Жашы да 90дон оодарылып калган. Күнүгө келгендер менен бакылдашып, ушул көнгөн керебетинде отурчу. Орозо айларында саарлык ичкени турам деп керебеттен кокусунан кулап кетип, жамбаш сөөгүн сындырып алганына эки айдай болуп калды. Болбосо сыртка чыгып майда-чүйдө иштерди бүтүрүп жүрө берчү.
Бүгүн болсо эч кимди көргүсү жок. Үнсүз ыйлайт кемшеңдеп. Көз жашы тып-тып…тып-тып…
М😊
Аянычтуу тагдыр экен ата бала небере авторго да окуган кызга иштерине ийгилик
Музыка акырын эле койсонор болмок
Музыканын кереги жок эле
😢
Ангемени окууп атканда музыканы койбой эле койгклачы сураныч
Музыка тажатып жиберди
Музыканарды очуруп койсонор кошо жарыштырбай