Ата канындан отгон баламын Султан Садыралиев

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 14 дек 2024

Комментарии • 42

  • @LoveLove-gu6tq
    @LoveLove-gu6tq 4 года назад +17

    Кучтуу ырчы Султан жеткире ырдаган журокко тиет🙏

  • @arlenkonurbaiuulu2782
    @arlenkonurbaiuulu2782 3 года назад +14

    Ата, каныңдан бүткөн баламын,
    Кабыл ал айткан саламым.
    Көңүлүм канча калса да,
    Көзүмдөн учуп карааның.
    Көрүнүп “жарк” дей түшсө деп,
    Көп зарлап жолуң карадым.
    Көргөн бир күнү курсунчу,
    Ата, тирүүлөй жетим баланын.
    Туягын тулпар кордойбу,
    Тууруна туйгун конбойбу?
    Бөлүнгөн кайта бириксе,
    Бөксөргөн нерсең толбойбу.
    Укканың барбы, атаке,
    Уясын бузган торгойду?!
    Томуктай ошо макулук,
    Ата, торгойчо болсоң болбойбу?..
    Балалуу көлдүн өрдөгүн,
    Баласы үчүн өлгөнүн.
    Бүк түшүп өлгөн бала үчүн,
    Бүркүттү дагы көргөнмүн.
    Асырап бала бакпаган,
    Айбандын бирин көрбөдүм.
    Жылдыздай жанган балаңды,
    Ата, жырткычча неге көрбөдүң?!
    Барчын да канат сабалап,
    Бала үчүн кылат далалат.
    Айланып алыс кете албай,
    Ак куу да бала каралап.
    Атсаң да болбой, айкырып,
    Аюу да коргойт мамалак.
    Атаке, сендей боору таш,
    Деги адамда кантип жаралат?!
    Апам чыгарып күчүн жашка эле,
    Чыдамыш болот жакшы эле.
    Бир кокуй неме экениң,
    Билсечи байкуш башта эле.
    Сендеги сырды ал кезде,
    Сезбесе керек жаш неме.
    Убалдан коркуп койбогон,
    Ата, ушунча бооруң таш беле?!
    Ар кимден ушак кеп угам,
    Башка аял алды деп угам.
    Баарынан бирге ойногон,
    Балдардан жаман корунам.
    Тосушса балдар атасын,
    Томсоруп айла жогунан.
    Тойпоңдоп чуркап мен деле,
    Ата, тосчу эмес белем жолуңдан?!
    Турмушта болот салтанат,
    Турса да гүлдөп чар тарап.
    Ызы-чуу түшүп биздин үй,
    Мас болуп баарын талкалап.
    Томкоруп тоону келгенсип,
    Жатчу элең кээде чалкалап.
    Анда да байкуш апакем,
    Сенин айыбыңды турчу калкалап...
    Боору таш сендей жаралган,
    Болбостур деги адамдан.
    Айыгар күнүм бар бекен,
    Ачышкан жүрөк жарамдан?
    Убалдан коркпос жанагы,
    Таш жүрөк немең жаңы алган.
    Апамдан өйдө көрсөң да,
    Кантип анча өйдө көрдүң балаңдан?
    Ичине түшүп жалындын,
    Ичигиңди далай жамындым.
    Сыздатса балдар “жетим” деп,
    Сынганын айтпа шагымдын.
    Жоготкон деген атасын,
    Жогу да менин багымдын.
    Жыттатып койчу бир келип,
    Атоу, жытыңды абдан сагындым.
    Бак-таалай мага мунарык,
    Баратат улам тунарып.
    Канчалык бүтөт десем да,
    Кайгыга кайгым уланып.
    Кайгынын жетпей түбүнө,
    Кетти окшойт катым чубалып.
    Ушунун баарын сен келсең,
    Ата, унутпайт белек кубанып...

  • @doolombekaslbekov4780
    @doolombekaslbekov4780 3 года назад +6

    Мен кичинемден бери угам ушундай ырларды атамды сагындым 😞 атам жанымда болгондо баары жакшы болмок

  • @jdkdjjdfds8273
    @jdkdjjdfds8273 4 года назад +7

    Султан сага чыгармачылык ийгилик ушундай ырлардан жаныларынан торт бешоону чыгарчы

  • @pahlavonmahmudov1639
    @pahlavonmahmudov1639 8 месяцев назад +1

    Узбекистонданман 15 йил олдин эшитганман. Супер.

  • @dostanbekahmatkulov455
    @dostanbekahmatkulov455 4 года назад +6

    Сенга омат досим сени худойим сахласин

  • @музыка-ь6у
    @музыка-ь6у 3 года назад +3

    Бала кезде Апам бул ырды угуп ыйлап отурган, эле мен болсо чуркап келип, эмне ыйлап жатат деп шылдындап кулчелем, азыр болсо озумдон жаш чакалап тогулду, келесоо болсон жашоодо бактылуу болот экенсин да.

  • @Zahida-u1b
    @Zahida-u1b 5 месяцев назад

    😢😢😢соонун ыр

  • @ТынчтыкСадбакасов-ф5я

    Бул музыканы 2жыл мурун уккам дагы деле бар екен атам 😭💔

  • @БекнурАрзибеков-э4в
    @БекнурАрзибеков-э4в 4 года назад +19

    2020 угуп жатам вечный хит

  • @АЙКАНБАЛТАБАЕВА-щ8я
    @АЙКАНБАЛТАБАЕВА-щ8я 4 года назад +17

    Менин эн жакшы коргон ырчым 😍😘😘😘

  • @janylaiasanova2706
    @janylaiasanova2706 4 года назад +6

    😭ата сизди сагындым

  • @Маашаллах
    @Маашаллах 3 года назад +1

    Тируулой жетимдер кобойду каарыганда тируулой жетимдердин аталары каарылар уйуно барышатко 2021

  • @eldiarmuktarbekov2575
    @eldiarmuktarbekov2575 2 года назад

    Эхх атакемди сагындым.😭

  • @АкжолКутманали
    @АкжолКутманали 5 лет назад +10

    Журокту эзез гоо соз жок унуно береке

  • @АбдикаллакБердибаев
    @АбдикаллакБердибаев 4 года назад +5

    2021 угуп атам

  • @ЖанБиргем
    @ЖанБиргем 4 года назад +11

    Ичпеген деле эркектер бар ушундай балдарын таштап кеткен

  • @ИльясТургуналиев
    @ИльясТургуналиев 3 года назад +2

    Сонун аткаруу

  • @АйгулОтбасарова-х8у
    @АйгулОтбасарова-х8у 3 года назад +5

    2021 январь угуп жатам

  • @АзизбекМирбабаев-ь9ь
    @АзизбекМирбабаев-ь9ь 3 года назад +3

    4сентябр уктум 2021

  • @S.a.d.y.k.o.v.009
    @S.a.d.y.k.o.v.009 5 месяцев назад

    2024 угуп жатам

  • @Немо-п5я
    @Немо-п5я 4 года назад +4

    Эх это все про меня....

  • @aidarnaksutbekov6273
    @aidarnaksutbekov6273 2 года назад +2

    2022ж 29март уготам

  • @ТариельАйжигитов-у2ш

    2021 уктам 😻

  • @adelinaasanova8727
    @adelinaasanova8727 3 года назад +1

    2021 жыл 22 ноябрь бомба музыка

  • @dastankadyrov5357
    @dastankadyrov5357 Год назад

    Молодцы Молодцы

  • @Ккккмммммм
    @Ккккмммммм 3 года назад +3

    Баштан откон нерсе эске келетко 😒😓😓

  • @usonmamasali6192
    @usonmamasali6192 3 года назад +1

    24 июль 2021 жыл угватам😂

  • @ЧынараТакырбашева
    @ЧынараТакырбашева 3 года назад +2

    2021 июля

  • @AijanKalykova
    @AijanKalykova 10 месяцев назад

    😢😢😢💔💔💔💔😭😭😭😭😭

  • @aliyajusupova8503
    @aliyajusupova8503 3 года назад +2

    😪👍👍👍👍

  • @esendastanov3799
    @esendastanov3799 4 года назад +3

    🌙

  • @aikanurlanowa6357
    @aikanurlanowa6357 3 года назад +2

    🥺🥺🥺

  • @ЖылдызИсаева-с3ы
    @ЖылдызИсаева-с3ы 3 года назад +1

    😢😢😢

  • @ЧынгызКарабеков-я9й

    2023.04.07❤

  • @ТилекТиля-ч8х
    @ТилекТиля-ч8х 2 года назад +1

    2022

  • @ДинараАманова-ц8б

    13.01.2023

  • @АйтолкунТургуналиева

    👍👍👍👍

  • @YsufAbduraimov
    @YsufAbduraimov 3 месяца назад

    😢😢