Токтобек Асаналиев - Кош атаке (cover version)

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 5 сен 2024
  • Кош атаке (cover version)
    Сөзү, обону: Бек Борбиев
    Эртелеп келатканда баштап көчтү,
    Тагдырдын таш бор ташы капыс көчтү.
    Кан жутуп жесир калды ыйлап апам,
    Мен үчүн ата деген жылдыз өчтү.
    Асманды чартка айланып шумкар калды,
    Азоолоп жайдакталган тулпар калды.
    Аттиң ай мөмөлөрүң төгүп бышкан,
    Атаке өзүң баккан багың калды.
    Атаке эл аралап ишиң калды,
    Сен таптап сен өстүргөн кишиң калды.
    Жашоонун өзү күрөш дечү элең,
    Эл айтар эл ичинде изиң калды.
    Асманды чартка айланып шумкар калды,
    Азоолоп жайдакталган тулпар калды.
    Аттиң ай мөмөлөрүң төгүп бышкан,
    Атаке өзүң баккан багың калды.
    Жөнөкөй карапайым элең ата,
    Жөлөгүм дале сенсиң сенсиң ата.
    Алыскы сапарыңа кете бердиң,
    Камчыга сап болгуң деп берип бата.
    Асманды чартка айланып шумкар калды,
    Азоолоп жайдакталган тулпар калды.
    Аттиң ай мөмөлөрүң төгүп бышкан,
    Атаке өзүң баккан багың калды.

Комментарии • 13