Кыргыз тилин кордодуң деп депутаттар жаш министрди талап кетти.
HTML-код
- Опубликовано: 8 фев 2025
- Кыргыз тили- мамлекеттик тил статусу бар экенине карабастан, коомдук жашоодо расмий тилге басым жасалган көйгөй бар экени эч кимге жаңылык деле эмес. Демек Кыргыз тилине болгон мамиле солгун жана анын өнүгүүсүнө тоскоолдуктар көп. Эгемендик алганга чейин союздун курамында болуп, Орусиянын таасири күчтүү болгон. Бирок көз карандысыздыкка жеткен 34 жылда да Кыргыз тилинин кадыр-баркын өстүрүп, башка улуттарды жөн коёлу өзүбүз да эне тилибизди жарытарлык үйрөнүп, тилибиз менен сыймыктанчу деңгээлге жетип калган жерибиз жок. Кыргыз тилин өнүктүрүүгө бийлик канча аракет жасабасын, чыгарылган мыйзамдар, токтомдор кагаз бетинде калып, иш жүзүндө орусча ойлонуп, кыргызча жооп берген чала кыргыздардын катары калындап бара жатат. Кечээ жакында эле санарип министри болуп дайындалган Азамат Жамангуловдун кыргызча оюн топтой албай праламенттин тепкисинде калганы буга бир мисал. Жарымын кыргызча, жарымын орусча айтып тилибизди кордодуң деген ошол Жогорку Кеңеште отурган депутаттардын кеминде элүү пайызы да чала кыргыздар. Сынчынын сыңар өтүгү майрык демекчи эл өкүлдөрү биринчи өздөрү мамлекеттик тилге болгон мамилесин оңдосо, андан соң алардын алдына барган бийлик төбөлдөрү уят болбойун деген таризде кыргызча даярданып барышмак. Ал эми Борбор калаабыздын коомдук жайларында тилге байланышкан талаш- тартыштар ушул күнгө чейин уланып келүүдө. Мамлекеттик тилде тейлөө өтүнүчүн берген кардар менен кызмат көрсөтүүчүнүн ортосундагы пикир келишпестиктер күн алыс катталып турат. Тилибизге байланышкан мындай көйгөйлөрдөн канткенде арылабыз, канткенде кыргыз тили кыргызстандыктар сыймыктанып сүйлөгөн тилге айланат?
Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор
Телеграм каналыбызда
Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз
t.me/azamatlive
Ушул маалыматты окуп отурган ютуб каналыбызга да катталганды ( подписка) унутпаңыз. 👇
/ @azamatlivekg
#кыргызстан #бишкек #бишкеккабар #акыркыкабарлар #новости #камчыбекташиев #садыржапаров #жогоркукенеш #жогоркукеңеш #azamatabdiev #azamatlive #азаматабдиев #тезкөр #тезкор #чүй #чуй #баткен #ош #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #ысыккөл #ысыккуль #жаңылыктар #кабарлар