Бөлөмө - Сыймык Бейшекеев

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 7 фев 2025
  • Сөзү : С. Бейшекеевдики
    Обону : С. Бейшекеевдики
    Көңүл сүйгөн нур кызым,
    Көктө жанган жылдызым.
    Сүйүп калдым кантейин,
    Таэжемдин тун кызын.
    Кайырма:
    Бөлө, бөлө, бөлөм деп,
    Бөлөм үчүн мен өлөм деп.
    Күтүп жүрөм өзүңдү,
    Не болсо да көрөм деп.
    Эй бөлө, бөлө, бөлөм деп,
    Сен үчүн мен өлөм деп.
    Күтүп жүрөм өзүңдү,
    Не болсо да көрөм деп.
    Обонумду созчу элем,
    Олжобайдай ок жеген.
    Кишимжаным болсо деп,
    Күндө жолуң тосчу элем.
    Кайырма:
    Балалыктын туптунук,
    Ууз сүйүүсүн арнаган.
    Жылдар өтсө арадан, эй
    Жолугарбыз кайрадан.
    Кайырма:

Комментарии • 114

  • @FghnccfbnChhjxdbnb
    @FghnccfbnChhjxdbnb Год назад

    2023 угуп жаткандар барбы балалык кездер еске тушту 😢😢😢😢 лайк баскыла сыймык акебиз бар болсунчу

  • @Syrgabek_Kanatov
    @Syrgabek_Kanatov 4 года назад +13

    Жан дүйнө таза балалык кезди бир эстеп балалыкка барып алдык бар болуңуз

  • @anubnova9374
    @anubnova9374 4 года назад +10

    Уксам Кайра жашарам толкунданам/ бул ыр биздин журоктордон оорун алган/Эх жаштыгым кайрылбас болуп кеттин/ Айла канча тагдырга моюн сунам.

  • @КайратбекОрозумбетов

    Оо ал кезде сонун күндөр бойдокпуз
    Саманчынын жолдорунда жойлоппуз
    Бөлөмө деген ырды угуп биз дагы
    Бөлөм менен сүйүү оюн ойноппуз
    Атаң гөру алоолонуп жаныппыз
    Ал күндөрдөн азыр ыраак алыспыз
    Күйүт менен азыр эстеп олтурам
    Күзгү нөшөр астында биз калыппыз

  • @azatbolotbekov3854
    @azatbolotbekov3854 Год назад

    Мына сага 2024-жылы угуп атам, точно ушул ырдагыдай болуп атам кыйналып, азыр ушундай болуп атат, эх Сыймык байкенин ырлары жашоого дал келет ко

  • @АкжолАсанбеков-ю2х
    @АкжолАсанбеков-ю2х 4 года назад +7

    Донду сахна кылып,кошуналарды олтургузуп кок чопко,
    Колго чыбык кармап элестетип чон сахнаны,
    Балалыгым откон экен бир шандуу,
    Кузгу ношор менен боломду деген ырды созуп.

  • @АзизаМахмудова-у7ъ
    @АзизаМахмудова-у7ъ 4 года назад +4

    Болом мага ашык ,мен боломо ашыкмын.Кой ,тууганбыз биз ушундай болмок беле дейсинер !Журок кургур созунорду угабы,?ар согушу журоктун БОЛОМ деп турган кезде.!

  • @bekamoldaliev7147
    @bekamoldaliev7147 4 года назад +5

    Балалык кундорум Сыймык агабыздын ыры менен чонойдум ага Ден соолугунуз бекем омурунуз узун асманыныз ачык болсун эч качан кайгы капа жолобосун уйбулоонуз менен Аман болунуз аягында Арстанбек Буйлаш улуу чон тай атабыздын. Батасын жазгым келди
    Таразанын ташы бол
    Кургак жерге тамчы бол
    Ууруларга камчы бол
    Ашы жокко айран бол
    Душманың келсе Айбар бол
    Эрениш чыкса эңчи бол
    Эл журтундан кенчи бол
    Билимсиз болбой билги бол
    Илимсиз болбой илги бол
    Кашаң ат болбой буудан бол
    Касташпаган тууган бол
    Сонкуларга үлгү бол да
    Сокурларга дүрбү бол

  • @zhazaiymzhanysheva8172
    @zhazaiymzhanysheva8172 4 года назад +1

    Чыгармачыл адамдарды аздектеймин.
    Себеби мен озум дагы бул чойронун адамымын.
    СЫЙМЫКТЫН,ЭЛМИРБЕКТИН ырларында,
    Аралашып кошо ырдап жургондоймун.
    Кузгу ношор. Боломо бул ырларын,
    Биздин доордун чыныгы табылгасы.
    Анткени ал мезгилдин жаштык оту
    Махабатты камтыган даназасы
    Табигат кошо ырдап бул кайрыкты.
    Ношорлоп жамгыр сымал тогоор эле,
    Эх чиркин , бул ырларды уккан кезде,
    Далайлардын журогун аппак суйуу сгоор эле.
    Чыныгы легенда десем жанылышпайм,
    Сыймык ага ырларын урпактарга.
    Себеби азыр деле жаш муундар,
    Суйуп угуп,ырдап журот чындап эле.
    Арыбыныз,бар болунуз элин учун,
    Элмирбектин чыгармачылыгын даназалап,
    Экинчи ирет жан киргиздин...
    КЫРГЫЗ УЧУН.

  • @elizakg1692
    @elizakg1692 4 года назад +8

    Бөлөлөр көп болсун!
    Сыйга тең болсун!
    Ырдалсын кылымга!
    Бөлө ыры дайыма!

  • @АстраАстра-н5и
    @АстраАстра-н5и 4 года назад +3

    Өзгөчөсүз ырчылардан башкача,
    Жан дуйнонуз жаш баладай таптаза,
    Сөз байлыгы кенен Сыймык агамды,
    Аздык кылаар саат сайын мактаса.
    Сыймык ,Расул,Бек агаларымдын ырлары менен чонойдук,баардык ыры "хит", шедевр болду,сөздөру да,уйкаштыгы да мааниси да төп келген ырларды жазышат,мен чыгармаларына таазим кылам,кыргыз элинин сыймыгы силерсинер,Сыймык ага көп жашаныз🙏🏻

  • @ЧынгызТолонбаев-ж7г
    @ЧынгызТолонбаев-ж7г 4 года назад +5

    Электроника деген магнитафон болчу ошо менен турдуруп кайра кайра укчуубуз.

  • @АйжанСманова-я9л
    @АйжанСманова-я9л 4 года назад +4

    Бөлө тууган сый мамиле арабыз,
    Бөлүнбөсүн тууганчылык жайыбыз,
    Бар болушсун көп жашасын бөлөлөр,
    Болбосо экен бөлө менен капабыз.

  • @АлгаКылычов-е2ь
    @АлгаКылычов-е2ь 4 года назад +17

    Элимдин залкар туйгуну Элмирбектин жан досу Элимдин Сыймыгы Сыймык досум аман бол!!! Анан таежендин тун кызы кандай? Жакшы журобу?🙂 мен учун " Кузгу Ношор" ырын легенда болгон жана болуп кала берет. Бул ырын гитара менен ырдап канча жигиттин ыры менен канчалаган кыздын журогун алды билбейтирсин досум?😀 менин жалындаган жаштык кундорум ' А Студио" " Элес" " Инсан" топторунун ырлары менен биргеликте жана нукура , чыныгы кыргыз обондорунан Залкар атабыз Рыспай Адыкадыров атабыздын ырлары жана сен белгилеп кеткен уч ырын айрыкча Кузгу Ношор биздин жаштык серенадабыздын символдору эле😀 жатаканадагы кыздар ушу ырларды чогулуп алышып бир ырдаганда 5-6 жолудан кайра кайра ырдатышаар эле. Жаштыктын эн жалындаган бактылуу кундору азыр эстесем ностальгия ! Аман бол! Бар Бол! Элмикемдин онорун кошо даназалап журуп 100го чык досум!!!

  • @АстраАстра-н5и
    @АстраАстра-н5и 4 года назад +3

    Мага жагат ар бир чыккан ырларыныз,
    Ыгы менен чыгат кошо сырларыныз.
    Ностальгия ,хит ырын угуу менен,
    Балалыкта отту биздин жыргалыбыз.
    Төп келишип ырды жазуу жагынан,
    Тушпөнуз эч ырчылыктын тагынан,
    Чын дилимден өмур жана бакытты
    Каалайм сизге кыргыз элдин атынан.

  • @АйжанСманова-я9л
    @АйжанСманова-я9л 4 года назад +1

    Күзгү нөшөр эске салып өткөндү,
    Козгоп ийди көңүл абдан чөккөндү,
    Көңүл калып нечен ирет ыйладым,
    Күлкүм анан азабымды эстетти.

  • @taldybekduishonaliev481
    @taldybekduishonaliev481 4 года назад +1

    Боло боло болом деп,
    Болом учун олом деп .
    Калап суйгон тенимди ,
    Качан беттен обом деп .не деген сонун чыгарма !

  • @akylbek2719
    @akylbek2719 4 года назад +22

    Жаштык кезде ыр угуп жыргаганбыз,
    Көчө бетин жаңыртып ырдаганбыз.
    Азыр жаштык өтүп кеткен болсо дагы,
    Бул ырдан биз каршылык кылбаганбыз.
    Баракелде эң сонун ыр эле, ал кезде уккандар үчүн азыр деле баасын жогото элек. 👏👏👏👏

    • @СыймыкБейшекеев-й6ю
      @СыймыкБейшекеев-й6ю 4 года назад +2

      Сизди жеңүүчү деп таптык куттуктайм, байланышыңыз. 👏👏🤝

    • @akylbek2719
      @akylbek2719 4 года назад +1

      @@СыймыкБейшекеев-й6ю оо чоң рахмаат Сыймык байке кубанычтамын, кандай байланышсам болот?

    • @СыймыкБейшекеев-й6ю
      @СыймыкБейшекеев-й6ю 4 года назад

      0705475185 менеджер жигиттин номери чалыңыз.

    • @akylbek2719
      @akylbek2719 4 года назад

      @@СыймыкБейшекеев-й6ю рахмат Сыймык байке сыйлыкты алып алдым, мен үчүн баа жеткис болду Алп акын Элмирбек Иманалиев агабыздын китеби

  • @KaparoV1997
    @KaparoV1997 4 года назад +1

    Болом деп ырдап анда сиз
    Синирген эмгек сиз артист
    Белегин мага берилеер
    Эх аттин акын Элмирсиз
    Дуйнодо адам саз болоор.
    Болодой адам аз боолор
    Сыймыктай сыйлуу бололор,
    Сыйкырдуу кундо жаз болоор,
    Бир бутак бакка шак болоор,
    Болого боло так болоор,
    Элмирсиз эли калса да,
    Элине Элмир бакболоор
    Курманбек Капаров

  • @УмкаОрозобекова
    @УмкаОрозобекова 4 года назад +5

    Кичине кезимде жездем экөөбүз караоке ырдачу элек. Ушул ырлар менен чоңойгом. Сонун ыр.

  • @Мунар-и7е
    @Мунар-и7е Год назад

    Сыймык Бейшекеевдин ырлары керемет бололор Аман болсун

  • @АдилетБайбалаев-б4ы

    Отуз жылдык эгемени бар элбиз,
    Баштан отуп копту коруп келебиз.
    Ар тармакта ардактуу кесип кылган,
    Адамдар бар айга кунго тенегис.
    Ошолордун арасында Элмирбек бар,
    Жалп очуп, шашып кетти а дуйного,
    Комузчу, Манасчы, токмо акын.
    Артында созу калды очпой турган.
    Кыргыз эли талантты баалаган эл,
    Бала кезден чонойдум ырлар менен.
    Кичинекей Сыймык деп аташчу эле,
    Ырдасам ырларын элге синген..., бар болунуздар, аман болунунуздар силер бар Кыргыздын уучу кур эмес, ар кайсы тармакта алгылыктуу иш жасап, туруктуу коз караш менен берилип иштеген кесипте созсуз майын чыгарган адамдар бар, кыргыз шоу чойросундо кылым кайрыган куулорду, обондорду жараткан Кыргыз Таланттары, эл артисти, эмгек синирген ырчылар ийгилик жарата бергиле!!!

  • @satibayaman5183
    @satibayaman5183 4 года назад +3

    Атаганат кыйын жашоо, кыйын убак
    Эч токтолбой кундор сызат бизден узап.
    Армандуу суйуу сымал бул омурдо,
    Адам жок армансыз жургон жыргап.
    Атаганат кыйын жашоо, кыйын убак
    Залкарлар алыстарда бизден узак
    Ак эмгегин досу сыйлап мына бугун
    Мыктыны мыкты данктап конул куунак.

  • @AisalkynMurzakulova-uw9qe
    @AisalkynMurzakulova-uw9qe Год назад +1

    Бизда куйоом менен болобуз

    • @Raimbek.
      @Raimbek. 9 месяцев назад +1

      Саламатсызбы мен да ара ойдо турам боломду жакшы көрөм үйлөнөйүн десек балдар слабый болуп калбайбы деп коркуу болуп жатат сизден кеңеш күтөм.

    • @aibasubaru3698
      @aibasubaru3698 Месяц назад

      Уйлондунбу?​@@Raimbek.

  • @ЭркеайымШакировнаБоталиева

    Сыймык Бейшекеев чыгармачылык ийгилик каалайм 🤲🤲🤲🌹🌹🌹

  • @АлгаКылычов-е2ь
    @АлгаКылычов-е2ь 4 года назад +4

    Досум мен эми акын болбосом да ,сенин конкурсуң жеңүү максатта деле эмес , жөн эле элимдин Сыймыгынын кайрылуусуна жакшы сөз айткым келди.
    "Күз айлары нөшөр төксө капыстан
    Жаштыгымдын өткөн күнүн эстеймин
    Сапырылып жалбырактай жан дүйнөм
    Артта калган ошол күндөр эңсеймин"…

  • @НурадилМырзакматов-е1п

    Кичинемде кайырмасын эле билчү элем ошол жерин кечке ырдап жүрөт элем☺

  • @КундузАрстанбекова-ц6д

    ❤❤❤❤сыймык элмирбек женишбек дагы бар ушулар мн жаркырап чыга келген сыймыктаапше жылдыз болуп копогон жакшы инсан болгонго аваз Акимов дагы деле сахнадагы атам деп сыйлап журот мындай сыйга арзыган ырчылар аз элмирбек анан сыймык❤❤❤

  • @ЛааилаахаиллаллоохуМухаммаданр

    Боло,Боло,Боло,Боло,аманатым,таянаарым,кармаанарым,карааныны коруп байлаанарым,Аман болуп ар дайым, караанына ашыгаарым.

  • @hdhhehdhhdhd3917
    @hdhhehdhhdhd3917 4 года назад

    Менин балам 3 кл,ушул ырды жаттап ырдап чонойду, болосу уйго келгенде, кайра-кайра ырдачу. Сыймыка Рахмат ушундай керемет чыгарма жаратканына!!!

  • @Ruslan.arstanbekov
    @Ruslan.arstanbekov 4 года назад +2

    Бөлө бөлө бөлөм ай, качан сени көрөм ай?
    Куса болуп сагынып сага жетпей жүрөм ай.
    Эй эй бөлө бөлө бөлөм ай
    Качан бетен өбөм ай
    Жолугабыз аз күндө
    Мен сыйлаган бөлөм ай

  • @БерметОморова-в6б
    @БерметОморова-в6б 4 года назад

    Алгач козгоп махабатты бөлөлөр
    Ырга айлантты аны биздин төрөлөр
    Турмуш салды өз оордуна бардыгын
    А бирок да кала берет күбөлөр.
    Өмөрова Бермет 707097883
    Талантыныз ташкындай берсин Сыймык агай үй бүлөлүк бакыт каалайм,
    Элмирбек,Сыймык,Аалы да
    А балким башкалары да
    Көнүлгө кыттай сиңишкен
    Унутпайт элиң дагы да!

  • @ЖылдызНазарова-ф7ю
    @ЖылдызНазарова-ф7ю 4 года назад

    Бул ыр менен канча боло бололорун жандаган, кээ бирлери бактылуу болуп бирин бири тандаган, не болсо да кором деп кайда кана барбагам , бул ырды уксам жаштыкты эстейм коздор козго урунушуп жайнаган😊

  • @ulanulan7484
    @ulanulan7484 4 года назад

    Ооба бул ыр мен шаардан айылга бардымеле айылда хит болуп турган убагыкекн убагында ырдапда калдык атайын жаттап бателе жаттадык создоруда оной женил обонуда ырдаганга ылайыкту кобеле ырдап калдык бул ырды

  • @КулпунайТоктосунова-ю5п

    Эх сонун ыр, алтын балалыкты элестетет.
    Менин Руслан деген болом, Боло боло боло, 1тыйынды толо деп ырдачу эле.Сыймык байке апам 66жашта, Элмирбек Иманалиевтин китебин алалы деп мумкунчулук болбой жатат, апам учун белек кылайын 1китепти сатып алганга жардам берип коюнузчу суранам.🙏🙏🙏🙏🙏

  • @ДастанКудайбергенУулу-э5у

    Ыр жазсам ырым сизге жагаар бекен.
    Ырым учун Элмикемдим китебин алар бекем?.
    Ырастуу торт сап ырды жазалбастан.
    Элмикемдей акындын китебинен куру балээ калар бекем.
    Сизин ырларыныз менен чонойдук Сыймык байке,унунуз обонунузга соз жок,дагы да шедеврга айланчу ,эл эсинде калчу ырлардан жаза бериниз ,ийгилик сизге ага.

  • @БайэлКурманбеков-г8м
    @БайэлКурманбеков-г8м 4 года назад +1

    Боломо ыры жазылганда ,Мен мектеп босогосун аттагам,Болом ырын жаттап алып.Коп жерлерден чын журоктон ырдагам,Андан бери жыйырма торт жыл отсо дагы .Бул ырды мен мен журогумо сактагам😊😊😊Эске тушот мектептеги эн кызыктуу кундорум,Андан бери канчалаган жузду,кузду кордум,Эки уул эки кыздын энеси болсом дагы,Боломо ырын журогумон очурбодум!Рахмат сонун мыкты ырыныз учун ❤❤❤❤баламдын телефонунан жаздым👨‍👩‍👧‍👦👨‍👧‍👧

  • @ЖылдызНазарова-ф7ю
    @ЖылдызНазарова-ф7ю 4 года назад

    Жылдар отту арадан жолуктук биз кайрадан, аялын бар экен сени дайым жандаган , сен учун мен олом деген созун беле алдаган😄мейли эми бактылуу бол, мен жон эле жузундон обойун деп барбагам, а мумкун неберелер жагып калса тууган болобуз кайрадан😘

  • @АйжанСманова-я9л
    @АйжанСманова-я9л 4 года назад +1

    Күзгү нөшөр,акын мени жактырды,
    Күйүтүмдү сөзү менен унткарды,
    Саманчынын түгөнбөгөн жолундай,
    Сезимдерим акын үчүн жангандай.

  • @ВенераОргочорова
    @ВенераОргочорова 4 года назад

    Эх кандай сонун чыгарма 24 жыл артка барып келдим бир коз ирмемге жаштыгымды эске салдырдын чон рахмат бар бол кыргызымдын Сыймыгы

  • @ЛааилаахаиллаллоохуМухаммаданр

    Бул ырлар менен семичке кырган кундор отту

  • @АйзиАзимбаева
    @АйзиАзимбаева 4 года назад +2

    Бул ырга бироосу калбай баары мыкты комментарий жазарын билгенмин. Бирок баарыбир кандай ойлор жазылгандыгы кызык болду го... Ийгилик баарыныздарга!😊

  • @mamamama9625
    @mamamama9625 4 года назад

    Эн эле суйуп уккан ырыбыздын бири болгон,

  • @tagaevna.gulnaz.6663
    @tagaevna.gulnaz.6663 4 года назад

    Ооохооо бойдок кездер эле да чиркин кыйкырып ырдап отук го чиркин чоп маалында,бешилик,чапкылар колдо 🤗🤗👍👍🥰жашчылык кездер отуп кетиптир.

  • @Эрмек-й7п
    @Эрмек-й7п 4 года назад +1

    Аай кайран жаштык күндөр,жыйырма жыл арта калды

  • @nuraiymzholdubaeva2710
    @nuraiymzholdubaeva2710 4 года назад

    Керемет ырлар👍
    Боло болом деп
    Болом учун олом деп
    Кутуп журом озунду
    Не болсо да кором деп
    Сонун коз ирмемдерди эске салат,канча деген тойлордо кудага барганда ырдалып журот

  • @АйжанСманова-я9л
    @АйжанСманова-я9л 4 года назад

    Элмирбек байкенин китеби 27 октябрда жарыкка чыкты.Эртеси эле эл талап кетиптир.Шаардагы туугандарга айттырдым,тапсак эле чалабыз дешти.Элмирбек байке каза болгондо ыйладым,ызаа болдум.Аттиң жакшыга өмүр жок тура.Бирок чыгармалары кыргыз барда өлбөйт.Элмирбек байке азыркы болуп жаткан окуяларга кайгырмак.Жүрөгү зыркырамак.Эми Элмирбек кыялданган ынтымактуу,өнүккөн эл бололу!

  • @ГулшанАманжанкызы
    @ГулшанАманжанкызы 4 года назад

    Боломо мн Кузгу ношор ырынызды Болом экообуз коп ырдап бийлеп калдык го.Боломо ырыныздан кийин экообуз корушкондо саламдашканда чакырганда да Бокуш деп атайбыз .Мага абдан жагат. Аман болунуз.Ырыныз ушул кунго дээри атактуу. Окунучтуусу Бокуштайым Ооруп калгандан кийин ырдай албай калды. Бирок уйуно бар баттан барып Бокуштай деп бир эркелетип алам.

  • @АзаматТендиков
    @АзаматТендиков 3 года назад

    Олуп калам гоо 😀😀😀

  • @АйгеримСамарбековна
    @АйгеримСамарбековна 4 года назад +2

    Эстен кеткис эски ырлар💗кылымдарга жашайт бул обондор..😘

  • @Эрмек-й7п
    @Эрмек-й7п 4 года назад

    Ушул ырлар менен жаштыгыбыз өткөн

  • @BishkekBishkek-kv2hd
    @BishkekBishkek-kv2hd Год назад

    Маш аллах соонун сонун ыр азаматсын Сыймык ❤

  • @chyngyz6000
    @chyngyz6000 2 года назад

    Сонун ыр

  • @gulsuluualimbekova5278
    @gulsuluualimbekova5278 4 года назад +1

    Алла ыраазы болсун Сыймык. Достукда өтө бекем инсан экенсиңер.

  • @АйгулАйдарова-е1ж
    @АйгулАйдарова-е1ж 4 года назад

    Сыймык сенин ар бир ырындын мазмуну ото маанилуу ,укулуктуу журоко ото жакын ,менин жолдошум дагы Токтогулдан ,сен чыканга чейин Бектин ырларын укчу эле ,азыр кун тун сенин ырларын менен эргуу алат ,сен бизге дем куч берип турган биздин уй булоолук ырчыбызсын ,биз сыймыктанабыз ,жолдошум классташындын эле ырын койуп койчу деп калат ,себеби сен окообуз тен биз ,жылыбыз да ,туулган кунубуз да .Эми торт сап ыр депсин ,мен ырчы эмесмин ,бирок калоо тилек айтам ,омурун узун болсун ,ден соолугун бекем болсун ,уй булоон менен бактылуу бол🙏🙏🙏 .Элмирбектин Аманат китебине жетпей калдым 27 си колум бошобой калып ачылышынарга барбай калдым,кийинки чыкан нускасынан алаттырмын деген умуттомун🙏🙏🙏

  • @borontoihlev6623
    @borontoihlev6623 4 года назад

    Калын эл көтөрөт го төбөсүнө айрымдар тен келалбайт көлөшүнө Юлдуздарга таттыктуу жообун берип айланган кыргызымдын төрөсүнө көбүбүз жыргап угуп бийлегенбиз рахмат Сыймык акемдин "бөлөсүнө"Элмикемди эскерет кайра кайра таазим кылам чын достуктун үлгүсүнө💪💪

  • @ЖайлобекАдылбекович

    Сыймык байке мен ыр жаза албайм, ошентсе да сизге кара соз турундо Калоо тилегим жаза кетейин. Омурунуз узун, орушунуз жайык болсун, чыгармачылыгынызга ийгилик, Кыргыз элин ар дайым жакшы чыгармаларыныз менен кубантып журо бериниз! Элмирбек Иманалиевдин китептерин мага белек кылсаныз, мен атама белек кылат элем.

  • @bakdoolotalmazbekuulu1962
    @bakdoolotalmazbekuulu1962 4 года назад +4

    Кандай сонун ырлар менен чонойдук///Ушул кезди эстеп ыйлап соорондук///Сыймык байке бар болунуз оорубай///Ырларыныз кубат берип тооролдук////@sherbet924

    • @bakdoolotalmazbekuulu1962
      @bakdoolotalmazbekuulu1962 4 года назад +1

      Кузгу ношор эн бир сонун ыр саптар///Ностальгия таттуу мезгил ал таптар///Саманчынын жолу дагы озгочо///Болом ыры баары соонун бир мактаар///@sherbet924

  • @ЖылдызНазарова-ф7ю
    @ЖылдызНазарова-ф7ю 4 года назад

    Ай болом ай болом ай мен баягы таэжендин тун кызы , кутуп журуп сени качан обот деп жузум дагы бырышты, Ошондо сен учун олбогонум жакшы болуптур 😄 неберелер жолум тосуп чыгышты😘 канчалаган бололор бактылуу болушту унутпагыла Сыймышты😘😘

  • @эмирчикруслановыч
    @эмирчикруслановыч 4 года назад

    Жаштык кезди эске салат.бул ырлар.ыр ичине катылгандай бир сырлар.бөлө тайке деп ырдашат кыргыздар.

  • @БЖолдошбаева
    @БЖолдошбаева 4 года назад

    Бул ырды укканда бололорумду эстеп кетем.Негизи Сыймык байкенин ырларын, обондорун коп угам.Журокко жеткирип ырдайсыз ,чыгармачылыгынызды аябай сыйлайм.Коп жашаныз!!!🙏

  • @ВселеннаяМир
    @ВселеннаяМир 4 года назад +4

    Сөздүн тапкан сыйкырын
    Боздоттурган Сыймыгын
    Сүйүп калдым кантейин
    Ыманбектин бир кызын
    Бир төрт сап бир Сыймык деген жигиттин мага арнап ырдаган ыры ( Албетте сиздин ырды бурмалап)
    Терезенин түбүндө сыздап тураар эле...
    Сыймыыык эсиңдеби ошол күндөр?)))🤭🤭( окуйт болуш керек)

  • @НазгульЖумаева
    @НазгульЖумаева 4 года назад +1

    Кандай керемет,жаштыкты эске салат!

  • @ИскендерТурдубаев-и1ю

    эх болом эн сонун ыр

  • @бактыгулжалиева
    @бактыгулжалиева 4 года назад

    Кыргыздын сыймыгы болгон Сыймык ага -сиздей ЖАКШЫ адамдар бар учун дуйно сакталып турат деп ойлойм.
    Чыгармачыл адамдардын арасынан уй булоосун бекем сактап сыйлаган туруктуу адам катары жана кыргыз жыттанган бийик ырларды жараткан адам катары сизди баалайм .
    Элмирбектей улуу инсандын досу экенинизди билгенде андан да баалом кобойду.
    Ырларыныз баардык жактан келишкен ,уккан сайын уккун келген ырлар.
    Мындан нары да ден соолук уй булоонузго бактылуулук жана да чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.

  • @АйжанСманова-я9л
    @АйжанСманова-я9л 4 года назад

    Актаңдай алп төкмө аты өчпөйт,
    Кыргыз барда эскерилет,даңкталат,
    Ынтымакта эл жерибиз өнүгөт,
    Ой тилеги Элмикенин орундалат.

  • @АФамилия-к3ч
    @АФамилия-к3ч 4 года назад +1

    Кайран гана жаштык жылдарым!😞

  • @umutai2258
    @umutai2258 Год назад

    Бөлөлөр эч убакта үйлөнбөй эле коюлары керек экен болбойт экен

  • @НурийлаАнарбаева-н2т

    Кайрыктар кайрып берген жылдарым бар,
    Көңүлгө канат байлап сызганым бар.
    Канаттуу кездер менен кезигишип,
    Бал ууртам сезимдерге сыйганым ал.

  • @gulzadaduishebaeva4254
    @gulzadaduishebaeva4254 4 года назад

    Бөлө бөлө, бөлөлөр,
    Бөжүрөгөн жөжөлөр
    Эсте калды ошол кез
    Чаңы чыккан көчөлөр.😍😘

  • @НазгулТойгонбаева-п7о

    Бөлөмө деген ырыныз
    Бир кезде абдан жанырган
    Далайлар ырдап чер жазып
    Сүйгөнүн бийге чакырган.

  • @ЭльнураИйбакова
    @ЭльнураИйбакова 4 года назад +1

    👍👍Балалык кезди эске салды ишинизге ийгилик Сыймык байке

  • @ДамираМамашова
    @ДамираМамашова 4 года назад +1

    Мурда комсомольский тойлор болот эле го, үйдүн алдына.Жаман ырдачу элек ушул ырды 🤭Үйдө тамеки тизгендеда ушул ыр менен баштайт элек ишти, кассета чайнап кетсе, ручка менен түрдүрүп🤪.Ырларыңыз баары маанилүү, көп жашаңыз ылайым, үй бүлөңүз менен аман болуңуздар.

  • @aisuluuruslanova9186
    @aisuluuruslanova9186 4 года назад +1

    Сыймык агай, омурунузго береке, Ден соолукта болунуз! Элмирбек агайдын суроттун, создорун баракчаныздан жазып турунуз, биз ар дайым кутобуз.

  • @FghnccfbnChhjxdbnb
    @FghnccfbnChhjxdbnb Год назад

    Екатеринбургда кв угуп жатам козумо жаш алып

  • @Эрмек-й7п
    @Эрмек-й7п 4 года назад

    Көңүл сүйгөн нур кызым
    Көктө жанган туң кызым
    Сүйүп калдым кантейин ээй
    Тайэжемдин туң кызын.

  • @janyshbek.5855
    @janyshbek.5855 4 года назад

    Соонун чыгарма ийгилик Сыймык аке ушул ырдын таасиренен боломду суйуп калгамго 😀😀😀

  • @pubgdracula526
    @pubgdracula526 4 года назад

    Эл уулу ЭЛМИРБЕККЕ
    Кыргызда болуп Бакайдай,
    Сөзүңүз калды макалдай,
    Кайгырдык кеткен күнүңүз,
    Күн дагы жакшы баталбай.
    Гүлдөр да ачып жайнабай,
    Улуулар кетти байма бай.
    Буулугуп турдук баарыбыз,
    Бул таңда булбул сайрабай.
    Төрөсү кетти музанын,
    Үзалбай ылаң тузагын.
    Элүүгө дагы барбастан,
    Эх устат бизден узадың.
    Кайра-кайра устат деп,
    Кыялым көктө учат көп.
    Кантейин бир да айтпадым,
    А азыр алар муздак кеп.
    Кайраттуу кыргыз калкыбыз,
    Сабыр кылуу салтыбыз.
    Айрыдып сиздей бир алптан,
    Кайгыга баттык жалпыбыз.
    Маңдайдан тери куйулуп,
    Маанисине жуурулуп.
    Магдырап карап турчумун,
    Манасты айтса буулугуп.
    Эски түскү жолдорду,
    Эси дарды тойлорду.
    Эсине такыр келбеген,
    Эки жүздүү койлорду.
    Ээрчип жүрүп айттыңыз!
    Калкты уурдап тоногон,
    Канча жесе тойбогон,
    Кам көрүп дайым өзүнө,
    Кара жанын ойлогон.
    Капырларды айттыңыз!
    Акыл жок ворлорду,
    Аябастан чоңдорду,
    Ачыгын,ачык айттыңыз.
    Адилеттүүлү табалбай
    Азабын даалай тарттыңыз!
    Улуу төкмө Элмир деп,
    Урпак билет эл билет.
    Чоң Манасчы Элмир деп,
    Чогулган кыргыз эл билет.
    Чоочурканбай бетке айткан,
    Чоңдордун шорун кайнаткан.
    Көлөштү айтып ар дайым
    Кыргыздын көөнүн жайнаткан.
    Кош эми устат Элмирбек,
    Жайыңыз болсун ЖАННАТТАН
    а: Нурболот Ысманбаев
    Менин эң сонун кыялым Элмирбек усттаттын колунан белекке комуз алыш жана шакирт болуш эле😒...Бирок экөө тең насип эткен эмес☹

  • @mr.killer6123
    @mr.killer6123 4 года назад

    Талантыңызга таазим.Сиздин ырларыңыз менен чоңойдум,концерттериңизден калбай көрдүм.👍👍👍

  • @ЗинаСатиева
    @ЗинаСатиева 4 года назад

    Боло боло болом деп.
    Болом учун олом деп ай,
    Кутуп жургом озунду
    Не болсо да кором деп.
    Электроника магнитафондон кайра кайра укчу элек.Ручка менен турдуруп алып😀👍

  • @Naziko1982
    @Naziko1982 4 года назад

    Жаштыгыбыз отту го ушул ыр менен

  • @АйгеримМелисова-ж8р

    Баардык ырларыныз жагымдуу жана мааниси терен. АЗАМАТСЫЗ!!!

  • @anarhanbagyshova7365
    @anarhanbagyshova7365 4 года назад

    Жаштык кез жалын болуп турган курак,
    Жамгырлар ноошор болуп токкон убак.
    Ээх чиркин, туболукко эсте калат,
    Бир тууган болосун суйуп калган убак.

  • @АзизаМахмудова-у7ъ
    @АзизаМахмудова-у7ъ 4 года назад +2

    Тун.Айлана жымжырт.....Тынчтыкты бузган экообуздун демибиз.Жылдыздар жымындап бизге сонун жарашасынар дегендей коз кысат.Ал ангыча "саманчынын жолу"-деп кыйкырды болом.Оа...биз жакшы коргон жылдыз, Болом экообуздун ашык болгон жылдызыбыз,карап суктанып гана олтурчубуз.Ангыча кайдан -жайдан кун куркуроп куздун ношорлуу жамгыры жаай баштады,.А Болом экообуздун жыргаганыбызды.....Куздун жамгыры...биз суйгон жамгыр,биз суйгон мезгил ,биз суйгон жылдыз . ..баары бар.Болом экообуз куздун жамгырлуу ношорундо жон ган бактылуу элек,жон гана.........

  • @БурулМаамытова-к4с
    @БурулМаамытова-к4с 4 года назад +6

    Саламатсызбы?
    Ушул ырды менин бир сабактан начар окуган окуучум ырдаар эле...Жеткиликтуу,озундой аткарган учун эле мен сабактарынан жакшы деген баа коер элем.Азыр да ошол окуучум коз алдыма тартыла тушту.
    Ал азыр керилген жигит болду.35 деген жашка толду.
    Чыгармачылык эргуу каалайм,ийгилик💐🙏

  • @nurdinbaiturov5353
    @nurdinbaiturov5353 4 года назад +3

    Ассаламу алейкум Сыймык байке. Негизи бөлөмө деген ырыныздын мындан башка эң биринчи чыгарылышы бар эле, ошол вариантын таап чыгарып койбойсузбу, такыр таппай койдум, өтө уккум келип жүрөт, алдын ала ырахмат! Жооп күтөм🙏

  • @salamatumetaliev1785
    @salamatumetaliev1785 4 года назад

    Эн сонун 👍👍👍👍

  • @КанышайТемиркулова-ш8н

    ❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤

  • @Душман-л9д
    @Душман-л9д 4 года назад

    Молодцы

  • @bakytbekovaa_
    @bakytbekovaa_ 4 года назад +2

    Откон убак унуттулбайт журокто,
    отсо дагы канча саат канча минута.
    Элмикемдин кылган иши артында ,
    жашай берет эч оспостон кылымга.
    Мен урматтай ушул эки инсанды,
    ушулардай туболуктту дос барбы.
    Боло ырын мин кайталап угамын,
    тарыхында элмикемди изи калды.
    сыймык агай жылдызыныз жана берсин,
    эли журтун чын дилинен бата берсин.
    эрте кеткен Элмикемди жоктотпой,
    ырын элге тартуулап жургон сенсин.
    Эшикте кузгу ношор жаап жатат,
    бир кызын сиздер жонундо ырын жазат.
    Ал менин акын болом деп талпынган.
    Элмикемди эстеп алып ыйлап турган.
    Китебин колго алсам бактылуу адам болор элем,
    Аманатка кол жеткис кылып койгунбу бейм.
    Уйдогулор эч эле макул болбочудай.
    кыяалымды белек кылып алсам экен.

  • @МирбекЗамирбеков-в4т
    @МирбекЗамирбеков-в4т 4 года назад +1

    Боломо деп ыр жазды сыймык ага
    Бололордун конулу которсун деп
    Жамиля деп ыр жазды сыймык ага
    Жамандык бул жашоодо болбосун деп
    Жашка тенеп ыр жазды сыймык ага
    Ношорлогон коз жаштар болбосун деп

  • @athenakg
    @athenakg 6 месяцев назад +1

    БОЛОНОРГО УЙЛОНБОГУЛО , БАЙКУШ БАЛДАР МАЙЫП ТОРОЛОТ

  • @АдилетКемелбеков-д8е

    Ыйлаган жокмун, жаштык кез козго кирип кетти

  • @ГулжамалТоктобаева-к4ц

    Бул ыр менен отту оттой балалык,
    Бугун турам коздорумо жаш алып.
    Эске тушту секелек кез,муноттор,
    Баштаганда саамай чачтар агарып

  • @СыймыкБейшекеев-й6ю

    Баардык активдүү катышкан угармандарга алкыш билдирем, жеңүүчү @Akyl Bek сизди куттуктайм, байланышып белегиңизди алып кетиңиз.

  • @gulyakushubakova3182
    @gulyakushubakova3182 4 года назад

    💃💃💃💃

  • @НурзатБектурова-з8у

    Ырдаганга унум деле жок,бирок озунчо кынылдай берчумун.Бул ырды укканда бактылуу болчумун,Бир чети капа болоор элем.Анткени болом жок.Кыскасы бул ырды укканда балалыкка кайрылсак керек.

  • @Насырбек-ь8ь
    @Насырбек-ь8ь Год назад

    Ески варианты кимде бар, болсо жуктоп койгулачы сураныч

  • @АйгеримМелисова-ж8р

    Саламатсызбы Сыймык байке мен Таластан жазып жатам. Элмирбек Иманалиевдин айтыштарын калтырбай корчу элем. Азыр да кайталап коро берем. Китептерин алып окугум келет. Таласка салып жибере аласпы

  • @ХондаАкорд-р6р
    @ХондаАкорд-р6р 4 года назад

    Ушул боломо деген ырдын 1-чыкканын жуктобойсузбу