"Асылзаадам" Асманда жылдыздар көп нуру тонуп, Биринен бири нурлуу, бири улук. Бирок да асыл жардын сүйүүсүндөй, Жылдыздын ыйыктыгы, туруктуулук Таңкы чолпон жылдызындай, Асылзаадам кутманым. Өзүң жанып турган кезде, Дайым жарык асманым. Турмуштун жолдору көп, төрү көктөм, Биринен бири сүйкүм, бири көркөм. Бирок да бул дүйнөдө куттуу төрүм, Сүйгөн жар түндүгүңдө сени күткөм. Таңкы чолпон жылдызындай, Асылзаадам кутманым. Өзүң жанып турган кезде, Дайым жарык асманым. Атың гүл, өзүн да гүл, гүлдөй затың, Бактыма жарык болуп тунук жардын. Турмуштун туңгуюктуу бороонунда, Бир гана сенин сүйүүң, күч кубатым. Таңкы чолпон жылдызындай, Асылзаадам кутманым. Өзүң жанып турган кезде, Дайым жарык асманым!!!
"Асылзаадам"
Асманда жылдыздар көп нуру тонуп,
Биринен бири нурлуу, бири улук.
Бирок да асыл жардын сүйүүсүндөй,
Жылдыздын ыйыктыгы, туруктуулук
Таңкы чолпон жылдызындай,
Асылзаадам кутманым.
Өзүң жанып турган кезде,
Дайым жарык асманым.
Турмуштун жолдору көп, төрү көктөм,
Биринен бири сүйкүм, бири көркөм.
Бирок да бул дүйнөдө куттуу төрүм,
Сүйгөн жар түндүгүңдө сени күткөм.
Таңкы чолпон жылдызындай,
Асылзаадам кутманым.
Өзүң жанып турган кезде,
Дайым жарык асманым.
Атың гүл, өзүн да гүл, гүлдөй затың,
Бактыма жарык болуп тунук жардын.
Турмуштун туңгуюктуу бороонунда,
Бир гана сенин сүйүүң, күч кубатым.
Таңкы чолпон жылдызындай,
Асылзаадам кутманым.
Өзүң жанып турган кезде,
Дайым жарык асманым!!!
🥰🥰🥰🥰🥰
👍👍👍👍👍👍👏👏👏👏
Азамат сонун
Эээн соонун. 🤩
Соонун чыгарма, азаматсыз!👍👍
Дагы жаңы чыгармаларыңыздарды күтөбүз!. Ишиңиздерге чоң ийгилик каалайбыз! Жаңы жыл жакшылыктын жылы болсун!
Азаматсыз!Асылзааданыз менен бактылуу болунуз!
👍👍👍
👏👏👏👏
ушул ырды бир нече жыл мурун концерттен уктум эле, интернеттен таппай канча издедим. очень красивая песня🤩
Таппай журдум эле