Татымың тоонун балы, Аселдейим, Сүйөмүн, балким, алыс сезилбейин. Арзуумду аягандай туюлармын, Ичимден канча сага эзилбейин. Кайырма: Эзилбейин, эзилбейин, Аселдейим, Тоо булагы аккандай, Алма бүчүр ачкандай, Айга Чолпон жаккандай, Мен сени сүйөм. Жаздын таңы аткандай, Булбул гүлүн тапкандай. Жыпарың тоонун балы, Аселдейим, Түшүнүп, ишен, башка эмне дейин? Түбөлүк эриш-аркак бололу бир, Жоготуп такыр сени издебейин, Издебейин, издебейин, Аселдейим.
Тоо булагы аккандай, алма бүчүр ачкандай мен сени сүйөм.... 🤍💔
Татымың тоонун балы, Аселдейим,
Сүйөмүн, балким, алыс сезилбейин.
Арзуумду аягандай туюлармын,
Ичимден канча сага эзилбейин.
Кайырма:
Эзилбейин, эзилбейин, Аселдейим,
Тоо булагы аккандай,
Алма бүчүр ачкандай,
Айга Чолпон жаккандай,
Мен сени сүйөм.
Жаздын таңы аткандай,
Булбул гүлүн тапкандай.
Жыпарың тоонун балы, Аселдейим,
Түшүнүп, ишен, башка эмне дейин?
Түбөлүк эриш-аркак бололу бир,
Жоготуп такыр сени издебейин,
Издебейин, издебейин, Аселдейим.