ДЕПУТАТ А.МАТКЕРИМОВ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТЕРДИН КУРУЛУШУ МЕНЕН ЖЕРИНЕН ТААНЫШТЫ
HTML-код
- Опубликовано: 12 сен 2024
- Сузак районуна караштуу Атабеков айыл өкмөтүндө эки айылды бириктирген жолго асфальт басылды. Бүгүн, 23-август З. Маматов көчөсү, жаңылангандан кийин жеригиликтүү тургундардын пайдалануусуна өткөрүлдү. Жолдун ачылуу аземине Ж.К депутаты Айбек Маткеримов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл эли катышты.
Асфальт 2,2 км. жолго төшөлдү. Буга чейин айыл өкмөттүн эсебинен асфальттоо башталып, каражаттын жоктугунан аягына чыкпай калган. Эми минтип жаңы жолдун толугу менен бүтүшү элеттиктерди кубантып турат.
Депутат Айбек Маткеримов Мундуздуктар учүн курулуп жаткан заманбап мектептин курулушу менен да таанышты. Мектеп 225 орунга ылайыкташып, балдардын билим алуусуна бүт шарттар түзүлөт. Учурда курулуш иштери кызуу башталды. Бүткөрүү мөөнөтү 2025-жылдын август айы.
Бул күнү Айбек Маткеримов Атабеков айыл өкмөтү менен тыгыз иштешип, социалдык жана экономикалык өсүп- өнүгүшүүнө кошкон салымы үчүн айыл өкмөттүн ардактуу атуул наамы менен сыйланды.
Эл өкүлү иш сапардын алкагында Сузак райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда жугуштуу оорулар бөлүмүнө салынып жаткан жаңы имаратына барды. Оорукананын имараты айтылган мөөнөтүнө бүткөн жок. Курулуш иши жай жүрүп жатканы ачык байкалды. Ага ылайык, курулуш компанияга эскертүү берилди. Айбек Маткеримов кетирилген кемчиликтерди оңдоп, жумушту тездетүү тапшырмасын берди.
Жалпысынан Жалал-Абад облусунда мамлекет тарабынан 131 обьекте курулуш жүрүүдө. 31-августка 18 социалдык обьект пайдаланууга берилери маалымдалды.
--------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Официальный сайт: regiontv.kg
REGION TV @ Instagram / regiontvkg
REGION TV @ Facebook / regiontvkg
REGION TV @ Одноклассники ok.ru/region.k...
Соонун биздин айыл элибиз онуго берсин👍👍👍
Аллахыма шүгүр ушул жолду курууга жардам бергенАйбек Маткеримовго депутатка эл шайлаг депутат ушундай элдин үмүтүн актап жаткандыгына Мундуз айылын атынан ыраазычылык билдиремин Алла талаа ыраазы болсуун Оомийин
Керек болсо сузактын ардактуу депутатысын уком рахмат
Объектер, туура жазалы
Жоопко тартылсын кечиктиргендер
Айбек уком рахмаат сузакиан абдирашит умарбеков иштерин хакщы болуп олло колдоп журсун!
Рахмаат Айбек Маткеримов депутатыбызга Мундуз айылы менен Жийде айылыны бириктирген Какыр айылы 35 жылдан бери ылай таш жол ошону да карап койсонуздар урматту дупутаттар
Мен жокго уйумдун жанында экен ютубтан кортам
чуркап ойноп жургон сизби😅
Коментарииге колундаг келсе жакшы нерсе жаз болбсо жазба озун бир ит кепе салдыбы болор болбос нерсеге да лента кесет деп жазган тушунугу жок келесоого айтыл соз бул ашыкча соз жазган болсом кечирим сураймын замандаш
Блять туалет салса деле кызыл лента кесет уят деле жок чоң чычып деле лента кескиле эми