КИЧИНЕКЕЙ РОЛЬ ЖОК, КИЧИНЕКЕЙ АРТИСТ БАР / КҮМӨНДӨР АБЫЛОВ / МИРЗАМАТОВ ВЛОГ
HTML-код
- Опубликовано: 29 июл 2024
- Салам достор!
Подкасттын кезектеги коногу КР Эл артисти, куудул Күмөндөр Абылов. Ал өмүр таржымалын кенен баяндап, чыгармачылыгындагы кызыктуу учурлары тууралуу бөлүштү.
Коомдогу талкуу жараткан темалар боюнча да өз пикирин билдирип өттү.
Жагымдуу көрүү каалайбыз!
Инстаграм: mirzamatov....
Алып баруучу: bakaztegin?...
Конок: kumondor_ab...
Тайм-Коды
00:00 - Жаңы алып баруучу
01:25 - Интро
02:17 - Башталышы
02:50 - Конок менен таанышуу
04:15 - Телефондун кесепети
05:40 - Закон драматургии деген унутулду, азыр ар ким өзү каалагандай түшүндүрүп берет
07:01 - Комузчунун баласы болуп, комуз черткенди билбей ардангам
11:29 - Театрда жүрүп чоң апама топурак салбай калдым
17:55 - Кичинекей кезимде музыкант, сүрөтчү болгум келчүү / Чыгармачылыка келген жолум
26:11 - Чыгармачылыкта цензура деген эмне?
28:17 - Мастер киши, мастерлигин кылат каякта болсо дагы
32:18 - Кичинекей роль жок, кичинекей артист бар
41:21 - Жаңы үйлөнүп, 11 квартирага көчтүк, гастролдон келип үйүмдү издечүмүн
45:02 - Ата-эне балдарын эркин коюш керек
49:47 - Кыргыздардын тою узак болгонунан уялам
55:40 - Малды сойгонду токтотуу болбойт
56:40 - Мен атеист эмесмин, мен өзүмдү мусулман деп эсептейм
1:01:44 - Кыргыз болуп төрөлүп, араб болуп өлүшүбүз керекби?
1:05:05 - Эркек эркекке үйлөнгөнүн көрүп жашагым келбей кетет
1:10:28 - Тилди жоготсок, кыргыз эли жоголот
1:12:41 - Кыргыз тили, орус тилинен байыраакбы?
1:15:54 - Боз үй туралуу
1:19:31 - Күлкү чындыкты сүйөт
1:28:16 - Саясий сатира деген эмне?
1:31:29 - Кыргыздарда күлкүнүн 46 жанры быр
1:33:36 - Аудиторияга кайрылуу
Кумондор Абылов агайыбызды кимдер гана тааныбайт! Агайыбыз эл арасында аман эсен журо берсин!
Аллах сактасын мындай адамдар
Элди экиге болүп караганда айыныптыр мусуманмын дейт тенирчи окшойт бул чал
Кыргыз элинин сыймыгы, улуттук маданияттын жүзү Күмөндөр агабызга Кудайым узун өмүр, сый, бакубат жашоо берсин.🤲🤲🤲
Алып баруучу кыз кыйын экен тыкылдап 👏
Динге каршы чыккан жок !
Динди туура эмес кабыл алып
Кыргыз экенин унуткандарды учун гана айтып жатат!!!!
Конкретно эле каршы болуп журот, азыр дагы ошону далилдеди
@@GuluAsylbekkyzy Алоахаа каршы ьул ьайкебиз, азап куто ьерсин
Мындай да тууган, ким каалагандай кийинсин. "Улуттук кийим кийгиле" дегендердин дээрлик бардыгы орустун же бир еврейдин кийимин кийип жүрөт да. Бир аз ойлонуп же өзүнө карап сүйлөш керек.
Күмөндөр тил үчүн күйгөн инсан,айтканы баары туура.
Ооба салиц, молодец, намёк, илибой граждан деп таза сүйлөйт экен.
Тил үчүн күйсөң инсан эмес киши дейт,инсан фарсы тилинен,Кыргызча адам дагы эмес Киши дейт!
@@user-vn1nw2hy3m ой тенирчииии
БААРДЫК АЙТКАНДАРЫНЫЗ ТУУРА, МИЛЛИОН жолу %%% СӨЗҮНУЗГО КОШУЛАМ. МОЛДОКЕЛЕР, АЖЫЛААР, АКЫЛСЫЗ, БААРЫ АФЕРИСТ! КЫРГЫЗДЫН МАДАНИЯТЫН АРТКА ТАРТКАНДАР!
Эгер мусулман болсон ,ошол акылсыз молдолор сен олгондо жаназаны окуйт
ДИНДЕ АЙТЫЛГАН: ОЛГОН АДАМГА АКЧА АЛБАЙТ ДЕП, ОШОЛ СЕН АЙТКАН АЧ КӨЗ БОК КУРСАК МОЛДОЛОРУН АКЧАГА ОКУЙТ ЖАНАЗАНЫ, БУЛ МУСУЛМАНЧЫЛЫКТА ОТПОЙТ, АКЧА ҮЧҮН ДҮЙНӨНҮН 4 БУЛУНУНА ДА БАРЫП КЕЛЕТ, ОШОН УЧУН БУЛ МОЛДОЛОР, КУРСАГЫ ЧЫГЫП,ЭЛДИН АКЧАСЫН ЖЕП, ЧОЧКОДОЙ СЕМИРИШТИ, БИР АРЫГЫ ЖОК, ТООБО!
@@user-oj5sk1bn5t колунан келсе озун оку жакынын жаназасын копчулук молдолор коп отуруп илим алгандан курсактары чыгып кетет,сага окшогон пас адамдар молдого берген кичине акчасын милдет кылат ырчы менен тамадага берген акчасын милдет кылбайт
бул ото акылдуу создун чучуна жеткирип суйлогон менин ойумдун баарын айтты рахмат сизге ото чоон акылдуу созмор киши экенсиз сиздей кишилерд узун омур сурсун
Кайсы жерин айта албай журдунуз эле
Мына сага Кыргыз деп жүрөгү соккон инсан, маданиятыбызга эбегейсиз эмгек жаратып. Кыргыз үчүн кыргыз тилинин келечегин ойлоп күйгөн жан дүйнөсү бийин, бай инсан! Көп жашаңыз , ден -соолугуңуз чың болсун! Кылымда бир жаралган инсан! Бар кезинде сыйлайлы залкар инсаныбызды.❤❤❤
Покту жепсин билят
Инсан деген арабча сөз ,кыргызча жаз . Кыргызча алфавит менен жаз да
@@AigerimOmurakunova койчаай
Күмөндөр аксакал бар болсун. Кыргыз тили, салты сакталсын деген жакшы тилеги бар.
Күмөндөр байке мыкты инсан! Бар болунуз, аманчылыкта чыгармачылыгыңызды өркүндөтө берииз! Алып баруучу кыз тыкылдап, сөз байлыгы да жакшы экен! Жакшы суроолорду берип, өзү да бөлбөй угуп, сонун алып барды!❤
Бул киши Кыргыз 🇰🇬 деп жашаган мыкты киши Кыргыз Кыргыз жана Кыргыз деген Кыргыз Мырзасы.Өмурлуу болуңуз!!!
Кумондор байкеге ден соолук каалайм сиз менен замандаш болгонума ыраазымын сизден кыргыз деп куйгон кыргызды суйгон агаларыбыз коп болсун❤❤❤❤
Кумондор байке менен коз карашым бир экен😊 Озгочо тойдун сценарийи ото жакты.
Жайдын узун кечелерин сонун адамдар менен чер жазып суйлошкондой, чет жерде журуп мекенге, туугандарга болгон сагынычты жазгандай болдум кыргыз тилинде угуп… алып баруучунун конокту ар тараптан ачып бергенине алкыштар 💚
Кыргыздардагы. .мусулман. ..чачын. агарганы. менен. Аллах. сизге акыл. эс. бербептир. олсон. куран. арапча. окулат. акретининиз. кандай. болот. экен
Аллах сага окшогон фанаттарга ыйман-ынсап берсин.
Аллах деп, оозунан чыккан сөз башка.
Кылган иши башка.@@user-zy2er1sn2t
@@user-zy2er1sn2tАкылдуу кишилер ушинтип суйломду толук жазып бутпой эле точка койо беришеби? 😅
Легендарлуу куудул агабыз чындыкты айтып жатат жакпаса корбой укпай койгула бул инсан дин жонундо эч кандай жаман айткан жок шалбырабай, шалтактабай жакшынай кийинип жургуло анда мобу негативно каментарии жазгандар
Туптуура
Туура.Афганистердин чолдо ысыкта кийген. Шалбыраган штандарын кийбей. Тыкан кийинип сакалды тегиздеп. Аккуратный мусульман болуш керек.
Кумондор байкеге каршы чыккандар, жалан акылы тайкы оомолор! Агрессивный агымдардын мучолору!
Кумондор апендиге айтпайсынбы Кыргыздын улутук кийимин кийип жур деп
@@Мамаш5006 Кумондор агай кыргыз элининин эмгек синирген артиси. Апенди сенсин ал дамдын тырмагынын кириндей болоалбайсын так что молчи.
Ушундай кыргызча подкасттар көбүрөөк чыкканы сүйүндүрөт👍 азаматтар 👏👏👏
@@MairamkanBeishenova сеьеби силерге окшогон ьаптис. тенирчилерге майдай жагат
@@user-tc4vs6np7i Теңирчинин кандай тиешеси бар? Кыргыз тили жөнүндө сөз болуп жатат бул жерде! Акыл берсин сизге Кудай)
@@user-tc4vs6np7i Кыргыз тили жөнүндө сөз болуп жатканда теңирчинин кандай тийешеси бар. Айтмакчы туура жазганды үйрөнүп алсаңыз өзүңүзгө жакшы 👍
Динбаштар кочугунорду кыссып Бангладеш Пакистан Арабияга көчүп кеткилечи !!!!! Биз намазыбызды окуп эч кимди мажбурлабай эле кыргыз болуп эле тынч жашайлык !!!!
Энендин коту
@@user-ho4by2pi1tчындык ачуу болот ушундай
Маданият министри болчудай инсан. Бар болунуз Кумондор байке.
Күмөндөр ага дин агымдары бойунча эң туура менин ойумдагы сөздөрдүн ток этээр жерин айттың, чынында мыйзам кабыл алып тыйуу сабаса бул чала молдо дин бузаарлар эми саясатка мурундарын тыга башташты. А саясатка аралашса Афганистандагы талибандардай болушуп, катындардын баарына паранжаны мажбур түрүндө кийинтип кийбесе муустап, кулак мурундарын кесип киришмек, ошондо көрмөкпүз оронгондорун чече алышпай маймыл болуп жүрүшмөк. Ошондуктан кыргыз кыргыздай, кыз кыздай болуп жүргүлө кеч боло электе, эч качан кыргыз арап болбойт, кыргыз бойунча өлөт, арап болуп өлөбүз дегендер жалган күнөөлү болуп өлөсүңөр, Күмөндөр ага бул жагында да ээң туура азамат бар болуңуз оомиин.
Той бойунча туура айты Байке.
7,8 саат берилген тойдо элдин баары чарчап калат.
Мен туура кором.
Кемпайларга чон сабак болсун,
Кыргыз бололу, Кумондор байке туура айтат,
алып баруучу кыз дагы азамат экен !
Ден соолук ушул улуу кишиге❤
Ото сонун создор болуптур,ден соолук,сизге,алыпк баруучу кызга рахмат
Саламатсызбы Кумондор ага,биз сиздей таланттуу,ой чабыты кенен,кыргызымдын патриот мырзасы катары сиз мн сыймыктанабыз!
Эн маанилуу,жеткиликтуу диалог болуптур,алып баруучу кызыбызга да иштерине ийгиликтер каалайбыз!
Алып баруучу кыз билимдуу экен.
Соз байлыгы жетиштуу.
Мен Кумондор байкени Отто жакшы кором, сыйлайм.
Суйунуп кордум.
Соонун баарлашуу болуптур.
Ыраазычылык сиздерге ❤
Кумондор агабыз туура айтып жатат. Мусулман болбогула деген жок, арабдын киймин кийбей эле, ОЗ улутубуздун киймин кийип мусулман болсок болот дегени. Эн туура.
Сен өзүң кыргыздын кийимин киесинби
Кумондор аган кимдин кийип алган ошондо айтчы?
@@Ikrima-hv8ef артис көйнөк
Андай адамдврды укпаныз кыргыз тили онуксун Рахмат ага❤❤❤
Омурлуу,ден соолукта болунуз Кумондор ага!
Кудул Артист деген ушу кишиде бар ото таланту киши омурунуз Узун болсун
Кыргызбыз Кыргыз бойдон калалы,Араптанып кетпей арабын сени мени тааныбайт
@@user-wh6zn6qf3l вот сищ точно жахабасыз или тенирчисиз причем тут арабы😅 Ислам. Курандв ээрчийбиз араьты эч ким ээрчиген жок доопарастар кечиргиле😀
Кыргыз бойдон калсанго мейли сен боло албай атасынбы?
ЖАКШЫ САЛМАКТУУ СОЗДОР БОЛДУ КОШУЛАМ ДЕН СООЛУКТА БОЛУН
100 % Кумондор агайдын ою туура, колдойм. Кыргыздын каада салтыбызды сактап ардактайлык.
Бар болуңуз Күмөндөр байке! Көп жашаңыз, ден соолугуңуз бекем болсун! Алып барган кызга чооң Ийгилик! Азаматсыңар👏👏👏
Сонун маек болуптур. Ден соолук каалайм. Тилибизди сактап унутпайлы. Кыргыз деген улут өсүп өнүксүн, жоголбосун.
СССР убагында, мындайча айтканда орус колониясында эле болгонго жакын болуптурбуз. Орус тилин билүү - шарт болгон үчүн, азыркыга дейре конечно, молодец ж.б.д у.с сөздөрүн колдонбой коё албай жүрөбүз. Эми эгемен болуп, тилибизди көтөрө турган учурда, ата энесинен ажыраган баладай болуп турганда, арабдар ылайыктап бизге озунун тилин, маданиятын жая баштады. Сопсонун кыргыз сөздөрүн арабча айткан мода болуп калганы өкүнүчтүү. Күмөндөр байкенин ар бир сөзүнө кошулам, колдойм. Бар болуңуз
Күмөндөр байкени үч күн уктум,,кол бошобой атып, аягына чейин көрөйүн деп
Абдан кызыктуу баарлашуу болуптур, арыбаңыз,карыбаныз,Нарындыктар сиз менен мактанабыз,сыймыктанабыз!!!!!
Кумондор мыкты 👍
Акыркы күндөрү Кыргыз бололу башка элдерди ээрчибей деген нукура кыргыздар көбөйүүдө, ата салтын үрп адатын нарк насилин үйрөнүп унутпай билип жүрөлү.АЛГА УЛУУ ЭЛДИН УРПАКТАРЫ БОЛГОН КЫРГЫЗ ЭЛИМ!
Кафедеги тойдон тажап буттук,Мен барбайм кошумчасын берем тойдун отурбайм баш оорутуп чуудан,дунгурок,арсыз оюндар.корбош учун.Уйуно берсе барам туугандар менен суйлошуп кетебиз Бата берип.
Кумондор Абылов мыкты куудул ❤
Ээнн туура айтып атат,тостту токтотуш керек,1 ак сакал суйлосо болду,3саат жетет
Кыргыз болуп торолуп алып,араб болуп олушубуз керекби деген цитатаныз -озу бир тайлык😂 азаматсыз,Сиздей аттуу баштуу адамдар мындай пикирлерин эчак эле айтышынар кк болчу,эл тааныган адамдар оозунарды 30 жыл жаап,оз ойунарды айтып чыкпаганынардан улам ,сабатсыздардын агымы,сырттан келген ар турдуу агымдар басып кетти,эч болбосо да кеч болсун дейт элде,кеч болсо да айттыныз,сизди эл сыйлайт,Сиздей эл тааныган адамдар эл учун иштеш кк,анткени сиздердин касиетиниздерди эл гана баалайт,омурлуу болунуз
Кыргыз болуп торолуп,олбойлу арап болуп,сиздей касиеттуу адамдарды,элиниз самайт тоолук кара кулжалык карындашыныз
Аябай күлдүм:-"Үйүнөргө киши көп келип,итим келесоо болуп калды "дегени жакты.😅
Отконунду билбесен келечеке. Жол таппайсын.
Салт. Эреже.
Кыргыз бололу ээрчиме болгондон сактасын.
Бар болгула.Маанилуу маек болду.
Алып баруучу кыз да, Нурландан кем эмес экен. Азаматсың алып баруучу!
Кумондор Мыкты Мырзабыздын акыл ою кыргыз,Каны кыргыз,Сезими кыргыз,Ары,Намысы Кыргыз,Кыргыз Ата ,Бабаларыбыздын Кыргыз тилин,Дилин,Улуу Салтын,Колдогондугу менен Кыргыз экендиги ,Конул кубантаарлык.
Чыныгы Кыргыз деген инсан да Кумондор байке ден соолукта болуцуз. Арапташып кеткенибиге ото окунучтуу , жон эле кыргыз бойдон калып намазын окуп жон эле журчу Элек кайдагы араптарды туурап оронуп алгандарга тац каласында.
Саламатсызбы Күмөндөр Абылов .
Сизге кааларым; Чың ден-соолук, узун өмүр, балдарыңыздын,небере чөбөрөлордун жакшылыгын көрүп жүрө бериңиз.Сизди сыйлайбыз, чыныгы таланттуусуз,сизден башка жакшы көргөн куудул ум жок ачыгын айтканда.
Таланттуу адам бардык жактан таланттуу демекчи,ыр жазып,обон чыгарып,китеп жазып, роль жаратып,куудулдук онорунуз менен калын элге таанылган билимдуу,жан дуйносу таза агабыз .Сиздей инсан коп алкышка татыктуу.Коп кырдуу талант ээсисиз .Кичинемден бери сизди кутуп телевизорду карап мыскыл тамашаларды коруп чонойдук.Дагы элге берчуу эмгектериниз жарала берсин.Ден соолукта болуп,коп жашан❤❤❤
Кумондор сиздин айтканызга жуз процент кошулам ак соз кыргыз кыргыз болуп торолот орус болуп жашайт арап болуп олушот дегенге кошуламкыргыз озуле ыймандуу эл болушкан
@@AziziJamilyaJamiiAziz-tu6fr кумондор апенди экоонон башка Кыргыздар Ыйманду элебиз
@@Мамаш5006 сен тушун ой калдын мен турку фундамент бизди айттым Ата тегибиз ыймандуу болгондо азыр рилигияда течение коп болуп кетпедиби башын айланат мурдале кыргыз ыймандуу болгон бизге чейинле
Кумондор замандын тируу Легендасы!!!Сыйлап алышыбыз бар
Ведущая очень красивая
Кыргыз тилин мынчалык жакшы деңгээлде сүйлөйсүңөр, Күмөндөр Абылов, алып баруучу кыз. Өтө сонун маек.
Кумондор аке туура суйлоду , кошулам.
Бар болунуз,мен жакшы коргон куудул
Сұқбатты бастан-аяқ қарап шықтым. Күмөндөр байкені Қазақ елі де жақсы таниды. Біздің елде де дін мәселесі ушығып тұр.
Астана
Арыбаңыз Күмөндөр ага!
Бар болгула, маек курган, уюштурган жаштар!
Күмөндөр мырзанын берген жооптору эң мыкты!!! Ар бир сөзүн колдойм. Көп жашасын. 🤲🤲🤲🤲🤲
Ага бдеген сөз да арабча да
@@user-li4ly4tt2i ашына бер, ашынып ала салып кет! 🤲Тили, сөзү жок, дудук болгонсуп өз ата-тегиң.👎
Адашып калыптыр кээ бир жеринде, ар бир созуно мен кошулбайм
@@Mir82908 Кошуласызбы, кошулбайсызбы, мен сизден сураган жокмун жана сиз мага эсептеше турган адам эмессиз да.
Кумондор ага жонокой жалпак тил менен абдан соонун тушундумо берди баардык суроолорго,аман болунуз,айткан создорунуз баары чындык😊
Туура айтат кыргыз экенибизди унутпайлы! Арабдар келип комуз уйронот беле,арабдар келип боз уй тигеби? Жоок аларга бир тыйын биздин дилибиз,тилибиз.
Ээ,катын ислам динин АЛЛАХ ,Адам атадан баштап,124 мин пайгамбардын баарына берген! АЛЛАХ СУБАХААНА ТААЛА бала торолгондондо эле мусулман болуп жаратат,анан сага окшогон сабатсыздар туура эмес тарбия,коз караштары менен каафыр кылат! Ал эми акыретте сенин урп-адат,каада-салттарынан,комузунан суралбайсын.
Жомокту айтпачы ислам динин 6 кылымда кылыч менен келген
@@user-vc5dc9df1v
@@user-vc5dc9df1v сен катын!
@@user-vc5dc9df1v фанатик успакойся.
Шарит этет экенсиң
Кыргыз учун куйгон киши,туура айтып жатат.
Бар болунуз кыргыз кыргыз бойдон калуу кк
Кыргыз кыргыз эле бололучу
Албетте кыргыз кыргыз болуп калыш керек. Мыкты куудул.
Кумондор байке бар болунуз
Кумондор Абылов чыныгы талант,Нарындан чыкан сыймыктынган байкебиз,бар болунуз,сиздин кыргыз элине салымыныз чон ,дин тууралу туура айтыныз,кыргыздын жакшынакай кийими бар,Уулу Тенири бар,Рахмат сиздердин падкасыныздар сонун башталыптыр ,бар болунуздар
Кумондор агай нукура кыргыз, абдан жонокой адам экен. Баардык айткандарын туура деп эсептейм
Дайыма туура ,орундуу так суйлойт Кумаондор байке
Күмөндөр туура айтат негизи
Эх, не деген маек болду, эфир бүтпөсө деп тиленип жатып көрдүм. Күмөндөр агайыбыздын акыл көрөнгөсүнүн кеңдиги, даанышмандыгы, кыргызга күйгөндүгү деги ар тараптуулугун казса түгөнбөгон кен байлыктай эле туюлду. Ашынган байлыгым болсо го, ушундай агамды колдоп, озу каалаган Куйручукту, Шаршенди ойнотконго шарт, каражат бермекмин. Жонум жука бирок. Руханий байлык топогондон тажабай келем. Бар болунуз, кылым жашаныз агай!❤
Теңирчилер үчүн болуптур бул майек
Алып барычуу Кыз жакшы алып барат экен ооздон созун жулуп албай угуп и суйлогон создору да так молодец Ийгилик
Кыргыз болуп туулуп Кыргыз болуп ололу
Кумондор Абылов ава ден соолук сизге ,Кыргызстандын жакшы жака онугушун коруп ,жакшылыктарын коруп жашаныз!!!❤
Сиздин оюнузду мен да ошондой ойдо журот экенмин, демекчимин Кыргыз эли ,кыргыз тили жок болуп кетпей онугуп кетсе ... мага аябай жакты маек 👍
Кумондор агабыз Туголбай Казаков атабыз улуттун жузу
❤
❤
Түгөлбай Казаков атаң атейст сен да ошондойбу
Туура
Кой антпегиле
Сиз Күмөндөр байке патриотсуз!
Туура айтатат арап болбош керек мусулман болуш керек аллах пайгамбарыбыс менен куранды жалпы адам заты учун тургон ошону эске алуу керек
Күмөндөр агайга ден соолук, чыгармачылык ийгилик❤ Алып баруучу айым алып баруу маданияттуулугуңузга бийик баа бердим 💥💥 өсүп өнүгө бериңиз 👏👏👏👏👏👏
Кумондор Агай абдан туура айтып жатат. Эн туура соз болуп жатат.
Коментарийлерди карасам биздин арабтар жок экен, бул абдан жакшы корунуш, Кумондор ага ото туура айтты, мен ойлоном да бу Кудай ; Силер мага бир эле тилде жалынгыла, баарынар окшош кийингиле жана башка толтура акылга сыйбаган создорду айтмак беле деп🤔
Урматтуу улуу Кыргыз элим!Коптогон туура созор айтылып кетти,эн башкысы билимге болгон басымды эн жогорку дегээлде конул бурбасак,ото окунучтуу олкого,улутка айланып баратабыз!кунумдук мамиледеги маданиятыбыз,бири бирибизге болгон сый урматыбыз тугонуп эле баратат.Жонокой эле мисал;жол эрежесинде баш аламандык баш айлантат,баарыбыз сен деп озубуздон башканы адам ордуна корбой,торт беш орусча созду жаттап алып орусча тантырайбыз,торт беш арабча соз жаттап алып арабча аралаштырып суйлойбуз!Кудай деле жон эле бербегендир Кыргыз деген улутту,Кыргыз деген тилибизди?барктайлы жана коздун карегиндей сактайлы Кыргыз элим!!!
Эн туура айтылган создор
Сиз туура айтасын колдойм
Ак сакалдык сөзү. Күмөндөр атадай бизге атанын сөзү керек. Кыргыздын тилин, маданиятын, каадасын айтып берген атабыз .
Эң сонун маек.👍👍👍Дин жөнүндө жакшы айтты.
Кумондор байке , ден соолукта, ишиниз ийгиликтуу болсун,бар болунуз, биз сизди жакшы коробуз ❤️ 👍
Ислам дини эч качан бурмаланбаш керек. Куранга , сүннөт эч кандай жаңылык кирбесин. Кыргыз эли, дили,тили, салты сакталсын,бекемделсин.
Ооба, туура айтасыз!
Бирок, так ошол тенирчилер дин биз каалагандай болуш керек деп келжиреп атышпайбы, кыргызга калп эле куюмуш болуп
Азамат агай бар болуңуз,сиздей инсандар көбөйсүн
Кыргыз кыргыз болуш керек, баары Бир американец же немис,же араб боло албайбыз.
Ким немис,араб,орус болуп кетиптир ошондо?
Кыргыз болуп кыргызча суйлой албагандарды корбой элесинби?
@@alishakirov9639Коп Оз тилин билбегендер.
Кыргыз американец боло алат. Ким айтты боло албайт деп?
Ислам дини болбогондо кыргвз якут чукотко окшоп жок болуп кетсекпиз, аттин Ислам динибиздин баркын копчулук билбейт
Ммм даааа Кумондор агай,мен толук кордум,аябай баа бердим Кыргыз элиме. Кыргыз болуп жаралганыма Кудайга рахмат. Сизге ден соолук омур чыгармачылык коп коп ийгиликтер сизге!
Агай ишиңизге ицгилик, ден соолукта болуңуз, кыргыздын каймактары, аман болуңуздар, ар бир сөзүңүзгө кошулам
Эх кандай сонун маек алга тилди,салты унутпайлы кыргыз бойдон калалы
Кумондор байке бар болунуз,омурунуз узун болсун.Сиздин ар бир созунуздо чындык бар.
Байма бай чындык учун курошкон, чындыкты дайым айтып жургон, кыргыз дили учун куйгон инсан катары баалап колдоймун, эл агартуучу агайыбыз.
Сонун беруу болуптур 👍 алып баруучу Кыз сонун алып барат экен наоборот ийгилик каалайм 💐😘
Байке аман болунуз🤲 Туура айтасыз
Кумондор Ава туура айтасыз , Кыргыз кыргыз бойдон калалы ,Арабташпай .
Туура айтасыз сизге кошулам
Бар болуңуз Күмөндөр байке сиз менен дайыма сыймыктанабыз көөп узак жашаңыз ден соолукта болунуз.
Борбаштын досу Камгакбай спектакль. Мен көрүп, мага аябай жаккан. Мен 10 класста окучумун аябай кулгонбуз😂😂😂. Сонун болгон ошондон баштап Күмөндөр байкени тааныгам.
Кумондор байке,соонун адамсыз,бар болунуз .
Кандай бактылуу элбиз,ушундай акылман аксакалдарыбыз бар болгону! Убагында барктай билсек Гана, создорун кунт угуп
Ар бир созунуз журокко жетти бар болунуз агай❤