ОШ МЭРИ: ЖАҢЫ БАСЫЛГАН АСФАЛЬТТЫ КАБЫЛ АЛГАН ЖОК// САПАТЫ НАЧАР ЖАСАЛГАН ЖОЛДОР

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 3 ноя 2021
  • #Ош#Мэр#Долбоор#Жаңылыктар
    Абдумалик Базарбаев журналист ТРК "ОшТВ"
    Instagram - abdumalik_b...
    Facebook - profile.php?...
    Ош шаарында жаңыдан гана реконструкциядан өткөрүлгөн Алиев көчөсүндөгү сапатсыз асфальт кабыл алынган жок.Жолдун курулушу бүткөнүнө аз убакыт болсода,ирригациялык каналдын бөлүгүндөгү суу өтүүчү түтүкчөлөр тешилип калган. Бүгүн шаар башчысы Алмаз Мамбетов жаңы жолдун курулушун текшерип, кетирген кемчиликтерди тез арада калыбына келтирүүнү талап кылды.Шаар казынасынан каржыланган долбоорлорду сапатсыз курган тендердик компанияларды кара тизмеге киргизүү сунушу берилди.Калаада 530 км жол болсо,анын дээрлик 70 пайызы жараксыз абалга кептелген. 60-70-жылдары курулган жолдун абалына шаардыктардын нааразычылыгы көп жаралат.
    Калаанын негизги жолдорунун кесилишиндеги Алиев көчөсүнүн 1 км 75 метр аралыгына асфальт төшөлүп,жаңыдан тротуар курулуп бүткөн.Бирок,көчөнүн реконструкциядан кийинки техникалык каталарга коомчулуктук нааразычылыгы көп.Калаа мэри Алмаз Мамбетов асфальттын басылышын текшерди. Жолдун курулушу бүткөнүнө аз убакыт болсода,ирригациялык каналдын бөлүгүндөгү суу өтүүчү түтүкчөлөр тешилип,жол куруудагы катачылыктар аныкталды. Жаңы асфальттагы канализация капкактарынын орду асфальт менен басылбай жөн гана цемент менен түздөлгөн.Суу түтүктөрүнүн кошулмалары жолдун калыбын бузганы байкалып турат.Шаар башчысы толук жасалбай калган жумуштарды жана техникалык кемчиликтерди тез арада оңдоп-түзөөнү талап кылды.Жаңы салынган көп кабатуу үй дагы жаңы асфальт басылгыча канализация тартууну жасабай койгон.
    Каналга катталыңыздар!!!
    ruclips.net/user/results?searc...

Комментарии • 309

  • @goldstar5294
    @goldstar5294 2 года назад +58

    Болот экен гоо кабыл албаса, азаматсыз мэр.

    • @kydayarshakiruulu2411
      @kydayarshakiruulu2411 2 года назад +1

      Сарбашов кетти бардак жаны мерди эчким тоготпойт

    • @user-rm5hm8sz9q
      @user-rm5hm8sz9q 2 года назад +1

      албаса жакшы балким 1 2милон берсе откоруп койсочу

  • @user-in5vl3yi8c
    @user-in5vl3yi8c 2 года назад +92

    Сапатын жакшы кылбаса штраф салыш керек.30 жылдан бери боло берет да деп үйрөнүп калышкан любой жумуш ту.

  • @Jet_Li.1988
    @Jet_Li.1988 2 года назад +18

    Азамат сапаттуу бутурсун кабыл албасын, Мамлекет ушундай жакшы жолго тушолу сапат тек кана сапат

  • @user-eb8xc2gf8k
    @user-eb8xc2gf8k 2 года назад +20

    Иштейм деген жакшы Мэрлер келет Ошко. Жалабаттын Мэрлерине жуксун жуксун.

  • @user-tu1ff7ut6i
    @user-tu1ff7ut6i 2 года назад +13

    Азамат жетекчи Деген ушундай болуш керек ийгилик каалайбыз

  • @garhsj6810
    @garhsj6810 2 года назад +14

    Азаматсыз сапатына караныз. Озгондун жолдорун базарларында ушинтип текшерсе жакшы болмок яма толтура.

  • @user-ks5qj2zx4h
    @user-ks5qj2zx4h 2 года назад +50

    Эми оздорунун жанынан акча чыгарып кылып беришсин. Кийин сабак болчудай.

  • @user-by9kh3tq3h
    @user-by9kh3tq3h 2 года назад +26

    Азаматсыз Кара суу район Сарай айыл окмотто да асвалт басылып аттат бироок стандарткка жооп бербейт колдон отоор уйго жетер эптемей бизде бир жакта тратуар бир жагын да жоок

  • @bekabeautyblog811
    @bekabeautyblog811 2 года назад +24

    Молодец Меерге рахмат

    • @Miru_Mir.
      @Miru_Mir. 2 года назад

      Мэрге

    • @user-tt5qj3qj2l
      @user-tt5qj3qj2l 2 года назад

      Сарыбашев каякка Кетти Ким билет?

    • @user-wt2cp9cw6w
      @user-wt2cp9cw6w 2 года назад +1

      @@user-tt5qj3qj2l депутаттыка кетти

  • @user-ku2xe3gl5h
    @user-ku2xe3gl5h 2 года назад +2

    Азаматсыз Алла раазы болсун шаарыбызга жакшы көңүлдү иштеп бериңиз горкуно чыгарып

  • @user-em4yr7tw2x
    @user-em4yr7tw2x 2 года назад +2

    Урматтуу ош шаарынын мэри.Именно Таалай сарпашевдин шаар боюнча ачылбай жаткан иштери толуп жататко ошолорду да корсотуп талап коюнуз.Аны сиз баарын билип буттунуз деген умуттобуз.

  • @user-en6ye2hy8c
    @user-en6ye2hy8c 2 года назад +7

    Эң туура, сапаттуу болуп бүтүш керек, кандай гана курулуш болбосун.

  • @kyrgyzstan8575
    @kyrgyzstan8575 2 года назад +5

    Иштеген мэр ушундай иштейт тихо мирно эле, жонокоой зонтиктикти озуле которуп жаанга карабай карапайым эл менен элее аралаап шаарды👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍

    • @sultanjoldoshov3927
      @sultanjoldoshov3927 2 года назад

      Паказуха это колун чонтоктон чыгарбай тураткоо качып кететургандай чонтоктогу нерсени кармап алганбы

  • @odiljonmamadaliev7203
    @odiljonmamadaliev7203 2 года назад +10

    Молодцы джалал-абаде вообще бардак практически бездорожье

  • @user-ej5kb2no5c
    @user-ej5kb2no5c 2 года назад +17

    Таалай сарпашевке караганда , грамотный, экенсин. Молодец жестоко бол ошондой тендершиктерге.

  • @azake8891
    @azake8891 Год назад +1

    Алмаз ава ишинизге ийгилик, Балыкчынын мэри болуп иштегенден бээри сыйлайм

  • @user-bm9ch9md8n
    @user-bm9ch9md8n 2 года назад +8

    💪💪💪кабыл албасын сапаты болбосо

  • @gauharkalbaeva3512
    @gauharkalbaeva3512 2 года назад +4

    Жолдорду ондоп туздогондо тез аранын ичинде бутургуло!!! Машиналардын донгологу жабыркап жатат. Силердин жай иш алып барганынардан болуп жатат.

  • @user-kv5vv8ps6u
    @user-kv5vv8ps6u 2 года назад

    Ен туура Ош мерине ийгилик ушундай темпте иштеп бериниз соз жок ошондо гана Кыргызстаныбыз онолот 👍👍👍👍

  • @user-uy5bn5xb1y
    @user-uy5bn5xb1y 2 года назад +5

    Бул Мэрди, коштогон жан жөкөрлөрү азга.

  • @user-wl5dd1bh1q
    @user-wl5dd1bh1q 2 года назад +22

    Сапаты начар болсо 22млн толотуш керек

  • @keldibekabdyldaev1706
    @keldibekabdyldaev1706 2 года назад +6

    Урматту меер сиз элдин козундогу адамсыз, сизди жалпы Кыргыз эли коруп жатат, чонтоко колду салып кочо баласына окшобой журум турумду ондосонуз, ишинизге ийгилик.

    • @damirasydykova6645
      @damirasydykova6645 2 года назад

      Ошону айтамда канды кайнатпай катту катту айтып иштеш керек келгенине кыйла болдуу эми кыш келгенде болор иш болуп буткондо чыгат текшерип эми башталып жатканда текшерип козомол кылышы керек эле .

  • @user-ro9gm1oe3e
    @user-ro9gm1oe3e 2 года назад

    Молодец негизи Кыргызым деп журогу соккон Меер экен главный алкымы ичке болсун жасаган жумушу коп болсун

  • @user-hk8ld5cy6y
    @user-hk8ld5cy6y 2 года назад +8

    Ооба Мер мырза туура айтасыз санына эмес сапатына караныз оз созунузго туруп оз козомолунузго алып тез бат баттан текшерип турсаныз жакшы болот эле.

  • @akyltugelbaev2242
    @akyltugelbaev2242 2 года назад +3

    Мыйзамсыз курулуштар деп мэриянын аламдары оздору сатып жатышат жерлерди

  • @ch.z.ach.z.a5705
    @ch.z.ach.z.a5705 2 года назад

    Урматтуу биздин Оштун бийлиги,ушул ТЕНДЕР деген балээни жоюп эле салсаңыздар жакшы болот эле...

  • @uranchelci9615
    @uranchelci9615 2 года назад

    Мэрден Аллах ыразы болсун сизден

  • @user-zk1cz8sj5s
    @user-zk1cz8sj5s 2 года назад +18

    Этот мэр хоть зонт сам держит

  • @user-yk2xs4ro8u
    @user-yk2xs4ro8u 2 года назад +1

    Биринчи жолу мага жакпайт деп мэр айтты Кыргызстан боюнча

  • @user-oj7gr5iw2s
    @user-oj7gr5iw2s 2 года назад +10

    Тойгончо жеп Эми олгончо карганба.

  • @asanbekzhusupov3373
    @asanbekzhusupov3373 Год назад

    Салтты бузба жаны Мер!

  • @user-sz5xn6ir5p
    @user-sz5xn6ir5p 2 года назад +4

    Асфальттын смаласы аз ошон үчүн ташы чыгып бириндеп атат

  • @user-un8hr6dx9p
    @user-un8hr6dx9p 2 года назад

    Азаматсын

  • @user-iv9pw8li1k
    @user-iv9pw8li1k 2 года назад +2

    Ар ким аткарган туура эмес жумушу учун жоопко тартуу болбой келген мына эми мыйзам иштей баштаганын белгиси

  • @user-xn6vy7ym5n
    @user-xn6vy7ym5n 2 года назад +2

    Азаматсыз

  • @user-rf5ec7pl6m
    @user-rf5ec7pl6m 2 года назад

    Эх, эч убактан бери, кичи кезден бери келген ойлор жол койголору боюнча Ош район, Манас Атадагы жолдор эми ишке ашып аткандай! Баракелди!

  • @tlgatmatov2993
    @tlgatmatov2993 2 года назад +6

    35 тонна жукко чыдабаса.Анда только тоок жургону салынган жол экен.

  • @user-il4ep7jb6i
    @user-il4ep7jb6i 2 года назад +1

    Маладес ишине ийгилик.Караколгода ушундай киши керек бир кичине суутурбасын жарып торт кун Горкий кочосу суу жок жатты .Эки жумушчу алты башкарма жургон???

  • @user-mp7fp3cq4j
    @user-mp7fp3cq4j 2 года назад +1

    Молодец ТЕКШЕРГИЛЕ ЖЕГИЧТЕРДИ

  • @user-ms9dw2cs2x
    @user-ms9dw2cs2x 2 года назад

    Молодец экен жаны мер жёсткий экен озу дагы

  • @user-br8hz1ke9c
    @user-br8hz1ke9c 2 года назад +1

    Кабыл албай койгонуу жакшы болуптур

  • @kinobar7231
    @kinobar7231 2 года назад

    Алга мэр иштениз эл бааласын билсин!!!!!

  • @user-zn3zm1wu8y
    @user-zn3zm1wu8y 2 года назад

    Биринчи жолу

  • @sjhhevhshjsh6937
    @sjhhevhshjsh6937 2 года назад +1

    Туура кылазыз Ош мээри

  • @user-qw1or2lb9d
    @user-qw1or2lb9d 2 года назад

    туура айтыныз сапатын жаман кылгандарды кара тизмеге киргизиш керек.

  • @user-kq4vf9ki5y
    @user-kq4vf9ki5y 2 года назад +1

    Азыр Санкт-Петербургда Асфальт тошоп атабыз мен инженер мин бирок зор Аллах ка шугур

    • @user-ps2wr8xk4x
      @user-ps2wr8xk4x 2 года назад

      СИЗ Кыргыстанга келип иштеп берңиз Кыргыстандын келечекги үчүн

  • @user-br8dj7yo5f
    @user-br8dj7yo5f 2 года назад

    Красавчик...байке...

  • @user-go6jf9by8u
    @user-go6jf9by8u 2 года назад

    Жарайсын биздин Киргиз мерибиз жакшы иштеп жатат

  • @dn1415
    @dn1415 2 года назад +2

    Бул көчөлөрдон басып өттүм, жолу да, тротуары да эптеп септеп сапатсыз жасалганы көрүнүп билинип турат, тендерде чоң коррупция болгону анык, бир эки айдан соң бул жолдор чөгө баштайт, эптеп кар менен кошо ээрип кетпей кыштан аман эсен чыгып алсын эми

  • @user-hl9sy1sb9y
    @user-hl9sy1sb9y 2 года назад

    Ушундай мээр бардык жерде болсо экен

  • @user-ex3vu7zo9j
    @user-ex3vu7zo9j 2 года назад +5

    Кудайберди жакта латоктор бирин устуно бири минип каптыр го хаха

  • @samtel6040
    @samtel6040 2 года назад

    биздин адамдарда жаман еми болгон жерден ото беришет оор жуктор менен

  • @toktosghssbhshshdud9850
    @toktosghssbhshshdud9850 2 года назад

    Мына анык мээр азамат .иштесе болот экен

  • @user-rd7oo7jy9g
    @user-rd7oo7jy9g 2 года назад

    Азамат жарайсын ушундай иштейбер

  • @aytolkunorozova9264
    @aytolkunorozova9264 2 года назад +2

    Талайбек сарпашовту Джалал Элине мээр кылып бергиле жакшы болот эле сарпашов ондойт эле Джалал абады

  • @user-vc4yf6kw9u
    @user-vc4yf6kw9u 2 года назад +14

    Бул асфальт емес шагл го

  • @zhanybekaskarbekov8368
    @zhanybekaskarbekov8368 2 года назад +1

    Саламатсыздарбы 👋🏻 ОШ шаарынын тургундары! сапатка ☝🏻көнүл буруңуздар!!! шаар башчыңар туура кылат! 👍🏻 мен өзүм: Ысык-Көлдүн, Балыкчы шаарынын тургуну болом. Бизде да шаарыбызды 2-жыл жолубузду бузуп, талкалап, жол азабын тартканбыз тратуар жок эмдигиче! эмне үчүн?🤔 бизде Кыргызстандын баардык облустарында окшош элебиз (кыйынсынбайм) кайдыгерчилик, эптемей адат! баягы эле "тендер" жол сала турчу компания жолду арзан сапатсыз асфальттайт же көнүмүш адаттагыдай сол чөнтөккө салып, качып кетмей! ошондой☝🏻 шылуундарды жоопко тартыңыздар. Кийинки КЕЛЕЧЕККЕ көңүл бурууга мезгил келди …

  • @almazsartov1072
    @almazsartov1072 2 года назад

    Жакшы сонун текшерүү учуру.

  • @user-ye5uh6du3v
    @user-ye5uh6du3v 2 года назад

    жол куручулар качан тойосунар кадам жай кызыл кия жолуда сапатсыз ошонуда кабыл албаш керек

  • @elnurgim4230
    @elnurgim4230 2 года назад

    Биринчи жолу кордум

  • @kubanychbek.orozbaev.3739
    @kubanychbek.orozbaev.3739 2 года назад

    Молодец

  • @user-lc1ck3ns3i
    @user-lc1ck3ns3i 2 года назад

    Кыргызстанда деерлик баардыгы ушундай эле бүтө берет текшерсеңер чын чынында!

  • @muratmamyrov1203
    @muratmamyrov1203 2 года назад

    Маладессиз э

  • @Patrick-xx9bl
    @Patrick-xx9bl 2 года назад

    Туура

  • @user-xe2fo2nq9j
    @user-xe2fo2nq9j 2 года назад

    Жаны мэр таза иштейт экенсин доля алба эчкачан фирмалардан доля алсан айласыз болот дейт элен эчкачан бюджеттен акча урдаба ал акча ош шаарынын элиники элдин акчасынан жеген чиновник барибир убак сааты келгенде жооп берет

  • @ledydianabanny5713
    @ledydianabanny5713 2 года назад

    Бизде мастерлер жок, аларды практикага башка олкого жибериш керек, кичине мээлерине бир нерсе кирер кандай кылыш керек экенин

  • @user-ff7ut3ui5c
    @user-ff7ut3ui5c 2 года назад +2

    Кимкурса ошол жоопко тартылсын.

  • @user-mw2ov6qe8u
    @user-mw2ov6qe8u 2 года назад

    Ушундай начар жасаган тендерди утуп алган фирмаларды чёрный списоко киргизип чара коргуло мыйзам чегинде экинчи катышпасын

  • @user-xd3ce5tq9t
    @user-xd3ce5tq9t 2 года назад

    Уй курган усталардан кабыл алгандайго эксперт дегенлер жокпу асфальтында сапатында текшериш кк болчу

  • @user-pj1tc9nd5b
    @user-pj1tc9nd5b 2 года назад +5

    Кулотко тарс тарс дадил болсон урмутту шар Мери

  • @user-tr5es4hm6k
    @user-tr5es4hm6k 2 года назад

    Ассалому алейкум янги новкат йулларини хам бир куриш керек йул вообще юришни иложи йук

  • @user-dj2fi8fs2c
    @user-dj2fi8fs2c 2 года назад

    Меердеген еки колун чонтоко салбай ишти колуменен корсотуш керек капа чылык жок

  • @user-ug3dc2vw1f
    @user-ug3dc2vw1f 2 года назад

    Маладец иштесе бт экен

  • @user-sd6fu5zu5d
    @user-sd6fu5zu5d 2 года назад

    Сапатын текшериш учун биринчиден:
    бир эки жерден кирпичный блок кылып асфальты кесип алыш керек
    Экинчиден ошол кесилген образецти кыргызстандартка текшертишкерек.
    Учунчудон ошонун негизинде права качать этиш керек. Келтирилген ушербти кайтартыш керек. Козомол болгон органдарды иштен айдаш керек.

  • @ulanofficial4025
    @ulanofficial4025 2 года назад

    Шайлоодон кийин откорбопсунорда кабыл алат эле сразу эле

  • @aruuketv1586
    @aruuketv1586 2 года назад

    Жаны салынган уйлор асфалтарды бузуп буттуго ким карайт буларды

  • @user-ey9ut8oe5y
    @user-ey9ut8oe5y 2 года назад

    👏👏👍👍👍👍🌷

  • @user-sk7lq2tt1k
    @user-sk7lq2tt1k 2 года назад +1

    Неге кыргызстанда жол ото тар курулат соодагери да жолго чыгып соода кылат камокчу деле кафелер заправка баарыле жолго чыгып алышат неге

    • @iganberdievsarvar6532
      @iganberdievsarvar6532 2 года назад +2

      Жол тар болсо сарып аз болот бул дегены канча тар болсо ошончо аз акча кетет дегены эмы содегерлер кочого чыгышына келсек эч кандай окумотун завод фабрыке деген иш жок адамдарды иш менен камсыз кылгенге акча жок шаарда жашаган адамдаргее 1 сом дагы балдар акчасы жок адамдар кунумдун Нан таап бала бакат Нан алыб барбаса балдары оздары ачка калат Нан таап бала бакам деб бечара карапайим Эл кочого чыгат адамдарге айрыкча шаарда жаашо ото кыйын суу свет ото кымбат коммерческое светер сапсем эле кымбат адамдар кыйналганынан кочого чыгыб тырыктык кылыб жаатат жыргаб эмес кундо башынан кун отот башыдан сукде суу отот бутунон ушенде кыйын жашоо заправкалер байларды заправкасы байлар былганын кылат ОЗУ кышык болсодо байдын балансы суйлосун деген эскы адамдар

  • @user-jy4zr4ou1d
    @user-jy4zr4ou1d 2 года назад

    Туура айтты сала албаса кара тизмеге Киргизиш кк

  • @user-ge8qg8mo6x
    @user-ge8qg8mo6x 2 года назад +1

    Пияр кылвай эле иштейт экен👍

  • @user-qx2ul2ym5v
    @user-qx2ul2ym5v 2 года назад

    Ушундай текшеру кылса болот экенгоо

  • @user-uz1bn8kk9h
    @user-uz1bn8kk9h 2 года назад

    Оздоруно штраф малыш к к айлыктарын алуу к к

  • @user-br5fp4eu1f
    @user-br5fp4eu1f 2 года назад

    Мер ушинтип иштесе болот экен го, молодец, жөнөкөй эле,мурункулар как бутто Москванын мериндей болуп жүрөт эле го

  • @Bahtlebahtier
    @Bahtlebahtier 2 года назад

    Иште иште таза иште.

  • @user-gz9zt3fd6k
    @user-gz9zt3fd6k 2 года назад

    Кыргызтандын технадзорлору аман эле болсунда😂😂😂😂

  • @user-qt9mw6bl1o
    @user-qt9mw6bl1o Год назад

    👍👍👍👍👍😻😻😻😻😻

  • @user-cr7yr9lu6f
    @user-cr7yr9lu6f 2 года назад

    Э арам корлор баары козомолдо деп актанба. Астафираллах

  • @jodijodi3912
    @jodijodi3912 2 года назад

    Жолдун сапатына гарантия деген киши , оозунуз кыйшайып кетпесин. Асфальт жолдун сапатын элден сурасанар жакшы болмок.

  • @user-ts7mm6qg6c
    @user-ts7mm6qg6c 2 года назад +1

    Китай же Турктор оздоруно жол же тратуар салса алар уномдоп керек болсо фантазия кошуп соонун кылып жасап койот. Бизде кайдан жол салып текшерсе озунор кордунор чачылып жатат таштары. Грузовой машина кунолуу 🤦‍♂️ анткени оор болуп отуп кетти))) шефи устундогу акча уурдайлы деп ачыгын айтмак беле)

  • @kanjarmamasaid9701
    @kanjarmamasaid9701 2 года назад

    Ушунтишет да тоба кылдым салгандан кийин жакшына салышпайбы кол тийди кылбай ушундай кантип болсун жаш бала деле билет да жолдун кандай экенин

  • @user-jq4im2qt1m
    @user-jq4im2qt1m 2 года назад

    Кыргызстандын 2-борбору бул Ош турат башка жактын элдери келсе коротурган жер акбууранын бойу мусур толуп жатат ошону онуктурсо болот

  • @user-yo1gv4kh3b
    @user-yo1gv4kh3b 2 года назад

    Арекет кыла бергиле

  • @adiletmomunzhanov1277
    @adiletmomunzhanov1277 2 года назад +1

    Кыргызча сүйлөп калыптыр го мэр 😃

  • @user-ci8ds8nj2p
    @user-ci8ds8nj2p 2 года назад

    Урматуу мер элдерге бей бечараларга жэр берууну чечин 5 6 жылдан бери чек алалбай жатабыз.

  • @kyrgyzstan8575
    @kyrgyzstan8575 2 года назад

    МЭР 👍👍👍👍👍👍👍

  • @user-sj3dl9wf9p
    @user-sj3dl9wf9p 2 года назад +1

    Кыргызстанда жолду ондогон убакта асфальт жегендерди коруп кытайларда тан калыптыр деп укканмын анан булардын жолун тегиздеп койсо озунон озу кырылып жок болушат дешеткен авария болушуп

  • @sjdshjdhdhdd1052
    @sjdshjdhdhdd1052 2 года назад +1

    Ачып бербегиле ешек такалап журдубу канализациясын койуп албай,еми талкалап кайра койобу

  • @user-nd7tt6lj8u
    @user-nd7tt6lj8u 2 года назад

    Ош шаарыны пешенеси бар жакшы меерлер туш келет иштеймин деген адамдарга джалалабадкада ошондой кишилер качан келет

    • @biskkeksultanakmatkiz4838
      @biskkeksultanakmatkiz4838 2 года назад

      Меерлерди Эл иштетишти билиш керек Ош Эли билет кандай иштетишти сиздерда кочого алып чыгып иштеткиле

  • @nebo5656
    @nebo5656 2 года назад

    УГД жетекчиси давно кетиш керек

  • @user-uz1bn8kk9h
    @user-uz1bn8kk9h 2 года назад

    Каттуу талап коюу к к штраф салоу к к