✅️ Мэр Жеңишбек Токторбаевдин Ош шаарынын тургундары менен жолугушуусу уланууда

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 10 фев 2025
  • 🔸️ Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту.
    🔸️ Мында, аймактык башкармалыкта аткарылган жумуштар жана элден келип түшкөн кайрылуулардын негизинде аткарылган жумуштар боюнча жетекчинин маалыматы угулду.
    🔸️ Анын негизинде жашоочулар аймакта орун алган айрым көйгөйлүү маселелер боюнча өздөрүнүн суроолорун беришти.
    🔸️ Алсак, аймакта айрым көчөлөрдө жолдорду асфальттоо, тротуарларды, мектеп, бала бакчаларды куруу, жер мунапысы, трансформацияланган жана сугат жерлерди карап чыгуу, кош каржылоо программасынын алкагында канализацияга, газга коштуруу, экология маселелерин көтөрүштү.
    🔸️ Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жарандардын кайрылууларына жооп берүү менен бирге айтылган маселелер боюнча жерине барып, жакындан өзү таанышып чыгарын билдирди.
    🔸️ Ошондой эле жыйында көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.

Комментарии • 211