Дайыр Исмадияров "Кара көз" текст⤵️⤵️⤵️

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 9 сен 2024
  • Татына болуп көздөрүмө көрүнөсүң
    Апакай болуп, бир өзүнчө чүрөктөйсүң
    Суктанып мен, ой көлүнө чөмүлөмун
    Асылым, ай жүзүңө
    Жылдызымдай, жымыңдайсың көз алдымда
    Тартасың сен махабаттын булагына
    Арбалып мен бир өзүңдүн кучагыңа
    Байландым тузагыңа
    Кара көзүң, карегиңен айланамын
    Кара көзүң, кундөй болуп татынасың
    Сезимдерим учат сага алоолонуп
    Жүрөгүмдө сенсиң менин махабатым
    Мөлтүрөгөн көздөрүңө суктанамын
    Аккуудай сенин ажарыңа багынамын
    Көздөрүңө тик карабай, тайсалдаймын
    Кара көз бир өзүңө
    Ырдасам мен, ырларымды сага арнаймын
    Жүрөгүмдө жалын болуп сен жашайсың
    Карагаттай көздөрүнө ашыгып мен
    Асылым, ай жүзүңө

Комментарии •