АЙТУРГАН ЭРМЕКОВА - Балама - Кыргызча караоке минусовка

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 4 окт 2024
  • 🎵 Эсенбек Мааданбековдун "Балама" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Ырчынын үнү жок (минусовка) варианты тексти менен.
    🎤АЙТУРГАН ЭРМЕКОВА Балама ырынын үнү бар (плюс) варианты • АЙТУРГАН ЭРМЕКОВА - Ба...
    🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
    🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
    ✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
    ✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
    ☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
    ☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
    🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
    🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
    🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
    👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
    💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
    Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
    ❗ ЭСКЕРТҮҮ:
    © Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
    Айтурган Эрмекованын расмий ютуб-каналы: / ayturganermekova_singer
    #ыркесе #кыргызча_караоке #АйтурганЭрмекова #БаламаКараоке #yrkese
    ======================================================
    "Балама"
    Сөзү жана обону: Эсенбек Мааданбеков
    Аткаруучу: Айтурган Эрмекова
    ---------------------
    Көлөкөлөп көңүл ачарым,
    Берекем деп жарпым жазарым.
    Бал татыган балдыр тили бар,
    Балам бактым, балам базарым.
    Алдей ай, бөпөм ай,
    Балам бактым, балам базарым.
    Алдей ай, бөпөм ай,
    Балам бактым, балам базарым.
    Көңүл төтө кылган медерим,
    Көзүмдөгү эки карегим.
    Канттан таттуу, гүлдөн жыты артык,
    Кандан чыккан асыл данегим.
    Алдей ай, бөпөм ай,
    Кагылайын орун басарым.
    Алдей ай, бөпөм ай,
    Кагылайын орун басарым.
    Самаганда жетер кулачым,
    Сагынганда жыттаар кубатым.
    Башкаларга эч бир алмашпас,
    Бар байлыгым, мүлкүм, мурасым.
    Алдей ай, бөпөм ай,
    Бар байлыгым, мүлкүм, мурасым.
    Алдей ай, бөпөм ай,
    Балам бактым, балам базарым.

Комментарии • 8

  • @Yrkese
    @Yrkese  2 года назад +5

    Эсенбек Мааданбековдун "БАЛАМА" ыры тексти менен, кыргызча караоке үнү жок минусовка варианты.
    Ыр жактыбы? 👍 Лайк басып, досторуңуз менен бөлүшүп коюңуз!
    ♫ ♫ ♫ ЫРКЕСЕ каналына жазылыңыз bit.ly/3tYphyJ
    💬 Кийинкиде кайсы ырдын караокеси чыгуусун каалайсыз?
    ✍ Комментарий калтырып, сунуш бериңиз! Колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
    Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
    ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ Ырдайлы, достор, ырдайлы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫

  • @abdumanapovaabdumanapova2331
    @abdumanapovaabdumanapova2331 2 года назад

    Мынча сонун жалан мен ырдай турган ырларго рахмаат.

  • @Rybu424
    @Rybu424 4 месяца назад

    Соонун

  • @Rybu424
    @Rybu424 4 месяца назад

    Бала жыты деген Каникей Эралиеванын ырын минусовка кылып чыгаргылачы

  • @klaraatakanova4582
    @klaraatakanova4582 Год назад

    Супер👍👍👍

  • @burulkankaragulova7976
    @burulkankaragulova7976 4 месяца назад

    Сөзү Гүлсайра Момунованыкы. Оңдоп койсоңор сонун болот эле?

  • @begimaibegimai6525
    @begimaibegimai6525 Год назад

    Малика Дина менен Эрлан Андашев Арзуу ырын чыгарып койгулачы