Komuz Элдик күү - Абактын Кара кашка аргымагы, Асанбек Кыдырназаровдун чертүүсүндө.

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 29 сен 2024
  • "Өткөн заманда Чыныбай деген манаптын алдына ат чыгарбаган кашка күлүгү болуптур. Кийин ал айтылуу комузчу Абактын колуна өтүптүр. Ал комуздун эле эмес, күлүктүн да тилин билген саяпкерден экен. Кашка аргымак Абактын колуна тийген күндөн келбети баштагыдан да сулуу, мурдагыдан да күлүктүгү артыптыр. Кашканын күлүктүгү Көл өрөөнүнө гана эмес, боордош казактарга чейин тарайт. Абак кашка аргымагын кызын эркекче кийинтип, башын жоолук менен бууп чаптырчу экен. Кашка - кызга, кыз - Кашкага канат. Бири-биринин сырын билишет. Кыз бойго жетет. Турмушка чыгат. Бир жылдан кийин ал атасыныкына төркүлөп келет. Кетеринде Абак: - Кана кызым, эмне сурайсың, энчилеп берейин дейт. Ошондо кызы бир азга ойлоно калып, эмнеси болсо да кайын атамдын тапшырмасын аткарайын деп: - Ата "Туугандан көп душман бар" берсең Кара Кашкаңды бер, бербесең эчтеке албайм - дейт. Күтүлбөгөн сөздү укканда Абактын оозунан алласы түшөт. Бир топко "берем, бербейм" деп жооп айта албай дел болот. Акыры Абак кызын кыйбай, бери карап күлүп, ары карап ыйлап, карманган Кара кашкасын күйөө баласына мингизип жөнөтөт. Бута атым жерге барганда Кара кашка аргымак бөтөн элге, бөлөк жерге баратканын сезип, кайра кайрылып кишенеп жиберет. Аны көрүп, Абактын сайсөөгү сыздап, ичи туз куйгандай ачышат. Бүгүндөн баштап күлүгүнүн багынын байланарына көзү жетет. Бир жыл өтпөй Кара кашка аргымак чабылбай, чабылса да баш байгеге илинбейт. Акырында ал чобур атка айланат. Ошондо Абак күлүгүнүн сыпатын, жүрүшүн, сымбатын, кыялжоругун, кийинки кейиштүүтагдырын эстеп, бир чети зээни кейип, "Кашка аргымак" деген күүсүн чыгарыптыр" ( kg.tyup.net/al... )

Комментарии •