Айчүрөк Иманалиева "Жар-жар" (2000-жылы ырдаган)
HTML-код
- Опубликовано: 14 окт 2024
- #Айчүрөк Иманалиева #Жаржар #Ретроыр
Сөзү : Ж. Рысбаевдики
Обону : А. Абдуллаевдики
Кошулушуп эки жаш,
Жуп болуптур, жар-жар.
Кубанышып эл-журту,
Кут конуптур, жар-жар.
Толкуп келген мейманга,
Той баштайбыз, жар-жар.
Болушунча аянбай,
Бой таштайбыз, жар-жар.
Алтын ордо гүл бакча,
Калаалуу бол, жар-жар.
Артыңардан ээрчиген,
Балалуу бол, жар-жар.
Ак элечек колго алып,
Ыргап жүргүн, жар-жар.
Жакшы менен жаманды,
Ылгап жүргүн, жар-жар.
Баскан жериң дайыма,
Гүлдүү болсун, жар-жар.
Бүгүн курган жашооңор,
Бүрдүү болсун, жар-жар.
Көлөкөлүү саябан,
Бак болгула, жар-жар.
Мөмөлөрү ийилген,
Шак болгула, жар-жар.
Кадыр көңүл табылбайт,
Калыс болгун, жар-жар.
Ушак менен айыңдан,
Алыс болгун, жар-жар.
Ырыс алды - ынтымак,
Билип жүргүн, жар-жар.
Ата-энеге башыңды,
Ийип жүргүн, жар-жар.
Ак булуттай себилген,
Кар болгула, жар-жар.
Дайым ушул жашоодо,
Бар болгула, жар-жар.
Сөзү : Ж. Рысбаевдики
Обону : А. Абдуллаевдики
Кошулушуп эки жаш,
Жуп болуптур, жар-жар.
Кубанышып эл-журту,
Кут конуптур, жар-жар.
Толкуп келген мейманга,
Той баштайбыз, жар-жар.
Болушунча аянбай,
Бой таштайбыз, жар-жар.
Алтын ордо гүл бакча,
Калаалуу бол, жар-жар.
Артыңардан ээрчиген,
Балалуу бол, жар-жар.
Ак элечек колго алып,
Ыргап жүргүн, жар-жар.
Жакшы менен жаманды,
Ылгап жүргүн, жар-жар.
Баскан жериң дайыма,
Гүлдүү болсун, жар-жар.
Бүгүн курган жашооңор,
Бүрдүү болсун, жар-жар.
Көлөкөлүү саябан,
Бак болгула, жар-жар.
Мөмөлөрү ийилген,
Шак болгула, жар-жар.
Кадыр көңүл табылбайт,
Калыс болгун, жар-жар.
Ушак менен айыңдан,
Алыс болгун, жар-жар.
Ырыс алды - ынтымак,
Билип жүргүн, жар-жар.
Ата-энеге башыңды,
Ийип жүргүн, жар-жар.
Ак булуттай себилген,
Кар болгула, жар-жар.
Дайым ушул жашоодо,
Бар болгула, жар-жар.
Азаматсыз Айчурек 👏👏👍👍
Айчүрөк Иманалиеванын ырымда бул чынында
Жар жарды корсо Айчурок эжекебиз биринчи ырдап чыгыптырда,элден мурун
Медер Кыдыршаев ырдап чыккан биринчи болуп.1991 жыл
Айчурок жакшы ырчы корунбой кетти айылыбызга келип концерт койуп калчу эле ден соолук иштеринизге ийгилик каалайм ар дайым бар болгула
Рахмат шайырбек ушул ырдын авторун таппай жургом бул ырды биринчи жолу м.кадыршаев ырдап чыккан 90 жылдары.
Шайырбек сенден суранам аябай динара акулованын эски ырларын канцертин жукточу сураныч
Эми толуп келе Жаткан кези экен
Унунуз керемет
Бул ырды1991жылы маркум м кадыршаев ырдап чыккан
Медер өтүп кеткенби?
Соонун эжем💃💃💃💃💃💃💃💃💃💃💃😍😍😍😍😍😃😃😃😃😃✋✋😘😘😘😘😘😘
Кыргыздын улуттук кийимдерин кийип ,ырдаса сонун болмок экен.
Неге үнү жок мунун