Зарыкканда Ажарыңа арбалып, Дидарыңа зарланып. Муңканып ыр ырдадым, Булбул кушка айланып. Кыйноо салган кылыгың, Кызгалдактай бууралып. Күн кечке созом обон, Күкүк болуп үн салып. Үн салып ээй, үн салып оой, үн салып. Айыбы жок жаралган, Ажайып көркөмүңө. Ашыгып ыр арнадым, Асылкечим өзүңө. Өчпөс болуп жанасын, Өрт сымал жүрөгүмдө. Өзүң гана болсоң дейм, Өмүрлөшүм өмүрдө. Өмүрдө ээй, өмүрдө оой, өмүрдө. Миң сулуунун ичинен, Бир өзүңдү каалаймын. Туткуну болдум эркем, Тушалган бул жагдайдын. Бир өзүңдү ойлоймун, Бир өзүңдү самаймын. Тагдырга башымды ийип, Тартым сен деп убайым. Убайым ээй, убайым оой, убайым. Алдыман чыга калсаң, Ай сымал түндө жаркып. Арзуум күчөп ансайын, Алоолойт сага тартып. Күлмүңдөп чыга келсең, Күндөй жаркып таңдагы. Суусатат бүткөн боюң, Сулуулугуң андагы. Андагы ээй, андагы оой, андагы. Карааныңа зар болуп, Кайгырсам кубансам да. Мен жалгыз өзүңдү эңсейм, Келсе деп кучагыма. Сагынтасың күн сайын, Саргайтып сар санаада. Арманга тумчуктурбай, Алганым болчу жанымда. Жанымда ээй, жанымда оой, жанымда.
Шумкар бар бол иним онорун оркундоп, талантын ташкындай берсин, унуно береке, талантына таазим.
Шумкар чыгармачылык ийгиликтерди каалайм, оркундой бер, осо бер
Унунузго береке
Мыкты, сонун
Азамат
Марсел досум мендей ырдайт экен аа
Сен бөлөксүнгө сен
кайсыл жерде ырдайт экен? Кайсыл заведение Марсел айтып койчу сураныч
Бул жигит биздин досубуз, Бишкектеги Бай-Казан чайканасында туулган күн өткөрүп жатып ырдаган. Өзү консерваторияда 3-курста окуйт.
Зарыкканда
Ажарыңа арбалып,
Дидарыңа зарланып.
Муңканып ыр ырдадым,
Булбул кушка айланып.
Кыйноо салган кылыгың,
Кызгалдактай бууралып.
Күн кечке созом обон,
Күкүк болуп үн салып.
Үн салып ээй, үн салып оой, үн салып.
Айыбы жок жаралган,
Ажайып көркөмүңө.
Ашыгып ыр арнадым,
Асылкечим өзүңө.
Өчпөс болуп жанасын,
Өрт сымал жүрөгүмдө.
Өзүң гана болсоң дейм,
Өмүрлөшүм өмүрдө.
Өмүрдө ээй, өмүрдө оой, өмүрдө.
Миң сулуунун ичинен,
Бир өзүңдү каалаймын.
Туткуну болдум эркем,
Тушалган бул жагдайдын.
Бир өзүңдү ойлоймун,
Бир өзүңдү самаймын.
Тагдырга башымды ийип,
Тартым сен деп убайым.
Убайым ээй, убайым оой, убайым.
Алдыман чыга калсаң,
Ай сымал түндө жаркып.
Арзуум күчөп ансайын,
Алоолойт сага тартып.
Күлмүңдөп чыга келсең,
Күндөй жаркып таңдагы.
Суусатат бүткөн боюң,
Сулуулугуң андагы.
Андагы ээй, андагы оой, андагы.
Карааныңа зар болуп,
Кайгырсам кубансам да.
Мен жалгыз өзүңдү эңсейм,
Келсе деп кучагыма.
Сагынтасың күн сайын,
Саргайтып сар санаада.
Арманга тумчуктурбай,
Алганым болчу жанымда.
Жанымда ээй, жанымда оой, жанымда.