"Архат" - Казат Акматов | 1-бөлүм | Кыргызча аудио китеп | Рух Азык

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 8 сен 2024
  • Бул романда мен Адилет аттуу табиятынан адамдан артык, сырдуу касиет менен жаралган кыргыз уулунун татаал, бирок максаттуу өмүрүн баяндадым. Төрөлгөндө эле адамдардын адилетсиздигине дуушар болгон бул бала тибет элинин улуу архаты (олуясы) ыйык Миларепанын миң жылдан кийин кайра жаралган түгөйү катары өзүнүн бүткүл өмүрүн жер жүзүндөгү адилеттик үчүн күрөшкө арнайт.
    Бир кезде биз, тарыхый шартка жараша, көзү ачыктык, кара сыйкыр, ак сыйкыр, гипноз, левитация (асманда учуу жөндөмү), кайып дүйнө, бакшылык ж. б. сыяктуу көркөм-философиялык ой жүгүртүүнүн баа жеткис мыкты куралдарынан ажырап калганбыз. Нарксыз, кунсуз, кыялсыз, жайдак рух менен жашап келгенбиз. Булардын баардыгын бир гана: «кыялый миф» деген мокочо ат менен тындым кылган элек.
    Чындыгында мифтик уламыштар кээ бир учурларда ойдон чыгарылган калп болгон күндө дагы адамдын аңсезимин, ниетин чындыкка чакырып турган накыл сөз эмей эмине? Алар бизге ошонусу менен кымбат! Кыял болсо - өзүбүздөн алдаканча алдыга озуп, кең ааламдан адам баласы үчүн бакыт издеген Зымырык куш эмеспи!
    «Архатты» окуган ар бир окурманым мына ушул эки жагдайды эске алса деген тилегим.
    Автор
    "Архат" - Казат Акматов | 1-бөлүм | Кыргызча аудио китеп | Рух Азык
    ***
    📣Эскертүү❗️❗️❗️
    “Рух азык” каналына жүктөлгөн баардык видео материалдарды, аудиокитептерди көчүрүп таратууга же башка каналга жүктөөгө тыюу салынат❗️ Баардык укуктар корголгон©️
    ***
    "Жыландын сүйүүсү" - Жыпаркүл Исабаева
    ⬇️
    • "Жыландын сүйүүсү" - Ж...
    ***
    "Тоолор кулаганда" Чыңгыз Айтматов
    ⬇️
    • "Тоолор кулаганда" Чың...
    ***
    "Чоочун киши" Зуура Сооронбаева
    ⬇️
    • "Чоочун киши" Зуура Со...
    ***
    "Адам болгум келет" Төлөгөн Касымбеков
    ⬇️
    • "Адам болгум келет" Тө...
    ***
    "Бриллиант жылан" Чолпонбек Абыкеев
    ⬇️
    • "Бриллиант жылан" Чолп...
    ***
    "Мунабия" Казат Акматов
    ⬇️
    • "Мунабия" Казат Акмат...
    ***
    "Астра гүлү" Зуура Сооронбаева
    ⬇️
    • "Астра гүлү" Зуура Соо...
    ***
    "Ээсине кайткан роза" Нуржигит Кадырбеков
    ⬇️
    • Нуржигит Кадырбеков - ...
    ***
    "Гүлсарат" Чыңгыз Айтматов
    ⬇️
    • "Гүлсарат" Чыңгыз Айтм...
    ***
    | кыргызча аудио китеп | аудио книга | Кыргызстан | Рух азык |

Комментарии • 168

  • @uulkyzsarymsakowa7796
    @uulkyzsarymsakowa7796 3 года назад +23

    Рахмат ушундай аудио китептерди чыгарып тургандарга океане бала жакшы окуп жатат

  • @Eldos_Akyltegin
    @Eldos_Akyltegin 3 года назад +11

    "Рух Азык" жамааты азаматсыздар. Канча эмгек ,канча көздүн майы, канча тамак кургоосу , эң негизгиси канча убактыңыздарды арнап жатасыздар.
    Бул эмгегиңиздер азыр бааланбайттыр бирок бир күн сөзсүз жемишин берет. Ийгилик!

  • @user-nd1ib1jg8i
    @user-nd1ib1jg8i 3 года назад +7

    Жылаандар шанышасын чыдамсыздык менен кутуп жатабыз Рух азык каналы.сыздерге Рахмат

  • @aimy95maratovna45
    @aimy95maratovna45 7 месяцев назад +1

    Керемет ангме екен керектти акпараттар алып билмегенимди тусинип куанып тындап отырмын,коп рахмет❤❤❤❤❤

  • @Qutfidin2096
    @Qutfidin2096 3 года назад +5

    Укмуш жазылган экен,аябай кызык. Чоон рахмат, окуп бергенинизге💙👍

    • @apizamirzalieva4343
      @apizamirzalieva4343 2 года назад +1

      Жеткиликтүү, түшүндүрмөлүү сонун окулган.Азаматсың.

  • @user-nt2dy7ee6f
    @user-nt2dy7ee6f 3 года назад +19

    Казат Акматов агайдын арты кайырлуу болсун бейишин берсин жараткан 🤲🤲🤲
    Жан дилим менен берилип уктум. Таасирлүү, укмуш сонун баян🙏🙏🙏

    • @bulak999
      @bulak999 3 года назад +2

      Каап, бул кишини тирүүсүндө баарлыштым эле, бирок канчалык денгээлде Касиет карманган адам экенин сезбептирмин...

    • @user-jz1df3yn2o
      @user-jz1df3yn2o Год назад

      Оз.

  • @user-jx9dc7um1q
    @user-jx9dc7um1q 3 года назад +19

    Ура! Аябай күтүп жаттым эле 🤗🤗🤗🤗 Рахмаат сиздерге Рух Азык!)))

  • @user-ee5xt7sb1n
    @user-ee5xt7sb1n 2 года назад +4

    Окууган байкеге Аллах ыразы болсун

  • @a.rom.3602
    @a.rom.3602 Месяц назад

    Сонун кызыктуу чыгарма экен😊👍

  • @user-qz7xs3nm7c
    @user-qz7xs3nm7c 3 года назад +4

    Рахмат рух азык👍👍 кутуп журдум эле

    • @user-yh9pw5wh3m
      @user-yh9pw5wh3m 3 года назад +1

      Архаттын экинчи болуму

  • @user-ou9kj1rm8e
    @user-ou9kj1rm8e 3 года назад +9

    Үнүңөргө береке 😍

  • @user-hs6ti8tc8l
    @user-hs6ti8tc8l 3 года назад +2

    Рахмат сиздерге чон рахмат.

  • @rozaabirova8443
    @rozaabirova8443 3 года назад +1

    Ар бир каармандын маанайын чагылдырып соонун окуп бердинер,сизге сон Рахмат.

  • @Aitbaevbj
    @Aitbaevbj 3 года назад +7

    Радиодон уктум эле 5,6 жыл мурда аябай кызыктуу ,уландысын чыдамсыздык менен күтүп жатам
    Ишиниздерге ийгилик

  • @user-dx2ld5ey4e
    @user-dx2ld5ey4e 3 года назад +11

    Мен эжем менен ар бир китебиниздерди калтырбай угабыз
    Дагы ушундай кызыктуу китептерден коп жана батыраак чыгарсанар

  • @Askat-v2k
    @Askat-v2k Месяц назад

    Чыгарма ыйманга терс таасир берет экен!

  • @user-zx8dx7ei2j
    @user-zx8dx7ei2j 3 года назад +2

    Абдан сонун окугансыз,рахмат сизге. Кийинки болумдорун кутуудобуз...

  • @user-nt2dy7ee6f
    @user-nt2dy7ee6f 3 года назад +18

    Азаматтар бар болуңуздар.
    Жан дүйнөңүздөр дайыма жаркырап жана берсин🙏🙏🙏

  • @Aitbaevbj
    @Aitbaevbj 3 года назад +2

    Көпөт күткөт чыгарма чооң рахмат ишинерге ийгилик

  • @user-pj5xx6gl1i
    @user-pj5xx6gl1i 3 года назад +2

    Рахмат 2 болум кутобуз

  • @user-ox2ym1ms3y
    @user-ox2ym1ms3y 3 года назад +30

    Саламатсызбы Рух Азык каналы. Сиздерге ыраазымын ушундай жакшы чыгармаларды чынарасыздар. Мен чоочун киши, кара чумбот, бриллиант жылаан, жылаандын суйуусу дагы башка чыгармаларды кайталап 4,5жолудан угуп буттум. Кубанычтамын жанымчынарманы коруп. Сиздерден суранаарым кобуроок чыгарсаныздар. Мен швеада иштейм музыка же башка нерсе коргончо аудио китеп пайдасы кобуроок. Рахмат. Ишиниздерге ийгилик каалайм.

  • @user-re7wv2cp6r
    @user-re7wv2cp6r 3 года назад +12

    Ишиниздерге ийгилик ырахмат.... 👍

  • @usernagimaa
    @usernagimaa 3 года назад +3

    Ишиңиздерге ийгилик ❤️❤️👍👏👏

  • @user-fg3mi2zi4t
    @user-fg3mi2zi4t 3 месяца назад

    Казат Акматовго чон рахмат аябай жакшы чыгарма жараткан коп жолу окуп чыккам.

  • @miraimashova
    @miraimashova Год назад +1

    Илгери окудум эле Архат чыгармасын,кайра уккум келип жыргап угуп отурам,Рахмат окуган мырза.

  • @user-bx6ui4hg4v
    @user-bx6ui4hg4v 2 года назад +7

    Кандай сонун окуйсуз кара чумбот жыландын суйусуу.баары.мыкты окулган бали

  • @MaNzUra_R
    @MaNzUra_R Год назад

    Ото керемет чыгармалардын бири.
    Берилип уктум.

  • @user-mk8di9hr1f
    @user-mk8di9hr1f 3 года назад +3

    Жакшыы экен

  • @user-gc2dz7jr6c
    @user-gc2dz7jr6c 3 года назад +16

    Ассаляму алайкум Урматтуу бир туугандар бул китеп акыйдага чооң терс тасирин берип койот экен анча мынча Аллах Таалага болгон ишенич тууралу жерлерин окубай койсоңуз болмок Аллах езелтен бар зат аны эч ким жаратпаган Адам Аллахка окшош эмес

    • @ritamairambekova622
      @ritamairambekova622 2 года назад +1

      Китептегини окуйтда

    • @user-hf4zh4yz5m
      @user-hf4zh4yz5m 10 месяцев назад

      Эң туура.

    • @gukajin8771
      @gukajin8771 9 месяцев назад

      Бул китепти Лобзанг Рампанын "Үчүнчү көз" чыгармасын уурдап алган деп жүрөт мындайча плагиат

  • @user-ql7uv2pu3s
    @user-ql7uv2pu3s 3 года назад +3

    Окуп чыгарып тургандарга рахмат ийгилик болсун кийинки бөлүмүн күтүп атабыз

  • @nurkulovamunduz.6137
    @nurkulovamunduz.6137 3 года назад +1

    Аябай соонун, түшүнүктүү окуптур,, интонация соонун кетиптирго.

  • @guljanabdyldaeva3932
    @guljanabdyldaeva3932 3 года назад +4

    Эн жакшы болду,убакытты уномдоп,окуп отурбай ,сонун чыгармаларды угуп алабыз
    Сиздерге ийгилик,!!!!

  • @user-yl5yh2uj1v
    @user-yl5yh2uj1v 8 месяцев назад

    Эң сонун окуйсуң үнүңо береке алтындай убактыңды коротуп окуп бергениңе

  • @user-ou9kj1rm8e
    @user-ou9kj1rm8e 3 года назад +4

    Ууурраа жаңы китеп

    • @user-us1pd7jt4t
      @user-us1pd7jt4t 3 года назад +1

      Жылаандын суйуусу эмне болду же буттубу?

    • @ruhazyk
      @ruhazyk  3 года назад +1

      Ооба. Бүткөн

    • @user-dq1wd6mc7h
      @user-dq1wd6mc7h 3 года назад

      @@ruhazyk Качкынды да сиз окуудунуз беле? Сиз окууганда кино коргондой эле болом😁Рысбек Акматбаевтин китепи чыкан экен ошону да окууп беринизчи

    • @user-mn3og8qv2i
      @user-mn3og8qv2i 3 года назад

      @@user-us1pd7jt4t ээээээ

  • @usernagimaa
    @usernagimaa 3 года назад +1

    Баракелде 👏👏🇰🇬🇰🇬👍❤️

    • @user-tb8cw6wi2r
      @user-tb8cw6wi2r 2 года назад +1

      👏👏👏🇰🇬🇰🇬🇰🇬👍👍❤️❤️

  • @NVtvchannell
    @NVtvchannell 3 года назад +2

    Китеп соонун

  • @gulnura1madalieva
    @gulnura1madalieva 3 года назад +1

    Мурун озум окуп, тушунбой, зеригип кеткем. Эми сонун тушундум. Рахмат сиздерге. Ишиниздерге ийгилик!!!

  • @kubanychbekjunusbekov8088
    @kubanychbekjunusbekov8088 3 года назад

    Жакшы окуп бересинер чоон рахмат

  • @samsunqgalaxytilla9687
    @samsunqgalaxytilla9687 Год назад

    Тибетке барып каармандар менен кошо аралашып жургондой болдум аябай таасирдуу чыгарма

  • @user-lz9vr9hr4k
    @user-lz9vr9hr4k 3 года назад +1

    Рахмат экинчи болумун кутобуз 👍👍👍

  • @user-kz8yw7jn7p
    @user-kz8yw7jn7p 3 года назад

    Рахмат ишинизге ийгилик

  • @fabiosfabio7954
    @fabiosfabio7954 Год назад

    Соонун окудунуз, рахмат!

  • @kymbatkudaiberdieva4878
    @kymbatkudaiberdieva4878 3 года назад

    Абдан жакшы чыгарма экен , рахмат. 2 чи болугун кутобуз.

  • @user-qz5bx7tq1g
    @user-qz5bx7tq1g 11 месяцев назад

    Мыкты жазылган,мааниси терен жана кызыктуу.
    Дагы да чыгармаларды кутобуз

  • @anaramanbetkadyrova3563
    @anaramanbetkadyrova3563 Год назад

    5 жыл мурун китебин окудум эле,абдан жаккан эми кайра угуп жатам.

  • @user-qv3ux1kw7m
    @user-qv3ux1kw7m 3 года назад

    Рахмат сонун чыгарма

  • @user-mi4iy1sm3j
    @user-mi4iy1sm3j 3 года назад +2

    Ишинерге ийгилик,:Баатырлар эмнеден олот : деген чыгарманы да алып чыксаныздар жакшы болмок.

  • @dankodanko6409
    @dankodanko6409 3 года назад

    Ырахмат жана ишиниздерге ийгилик

  • @veneramambetova6136
    @veneramambetova6136 3 года назад +1

    Башка дуйного барып келгендей болосун го,ото сонун

  • @gulzadakalykova6978
    @gulzadakalykova6978 2 года назад

    Соонун 👏🔥🔥

  • @saratalipova5072
    @saratalipova5072 Год назад

    Аябай сонун👍👍👍

  • @user-hf9yl5nv1k
    @user-hf9yl5nv1k Год назад

    Абдан сонун!

  • @user-yy2cy6qc4l
    @user-yy2cy6qc4l 2 года назад

    Ишинизге ийгилик👍👍

  • @user-nt2dy7ee6f
    @user-nt2dy7ee6f 3 года назад +3

    Бегалы иним, ыраазычылык билдирем чооң рахмат.
    Фейсбуктагы "Көл тамчылары-группасына бөлүшүп койдум!

  • @Kambar.
    @Kambar. 3 года назад +1

    💥💥💥

  • @user-jm3du2gn8x
    @user-jm3du2gn8x 3 года назад +5

    Рух Азык жамааты салам алейкум силер ден сураныч Ким Билет Атаман китебин чыгаргылачы

  • @juguruk9858
    @juguruk9858 Год назад

    Сонун...

  • @user-qo8jp2ci6n
    @user-qo8jp2ci6n 2 года назад

    Сонун чыгарма.

  • @user-gq4mq1yt6m
    @user-gq4mq1yt6m 3 года назад

    Соонун баарынарга

  • @guljanabdyldaeva3932
    @guljanabdyldaeva3932 3 года назад +14

    "Архаттын" 2 -болугун кутобуз

  • @1.1tv18
    @1.1tv18 3 года назад

    Бар болгула

  • @user-ec8hd7ex9f
    @user-ec8hd7ex9f Год назад

    Мани Ясо. Мурда окудум эле укмуш роман 💫

  • @MaNzUra_R
    @MaNzUra_R Год назад

    Озунун бактысын,билимин издеп Шамбала га Тибетке сапар алды.

  • @user-ph5vs6dz8i
    @user-ph5vs6dz8i 2 года назад

    👍👍👍😍

  • @user-dr3qy5ep7s
    @user-dr3qy5ep7s 5 месяцев назад

    Дагы чыгаргылачы баарын угуп буттум. Аял киши окугандар да бар экен окшошпойт экен

  • @user-nu3mj1qn7f
    @user-nu3mj1qn7f 3 года назад +6

    Жыландын суйусуу качан чыгат жобун кутобуз

  • @user-hg7sy2oh3b
    @user-hg7sy2oh3b 3 года назад

    👍👍👍

  • @user-is9pc1dv9l
    @user-is9pc1dv9l Год назад +1

    Саламатсызбы.Ушул китеп барбы.Сатып алайын дедим эле.Ушул китеп аябай керек болуп жатат.Сураныч болсо мага беринизчи,окуйт элем.

  • @user-ep8wu5eh5i
    @user-ep8wu5eh5i Год назад

    Рахмаат.

  • @user-gw6bz8bp9f
    @user-gw6bz8bp9f 3 года назад

    😊👍🎧👂

  • @Samatova_arzygul
    @Samatova_arzygul 3 года назад +4

    Экинчи болумун батыраак чыгаргылачы,сураныч.Рахмат

  • @user-to8mo1kd5o
    @user-to8mo1kd5o 3 года назад +6

    Уландысы качан чыгат...

  • @user-ou1go4nf3e
    @user-ou1go4nf3e Год назад +1

    Менин олум жана омур деп аталган китебимди аудио окуп берууну суранар элем кимге кайрылсам болот.

  • @user-oe5gp4ii3m
    @user-oe5gp4ii3m 3 года назад

    👍

  • @user-hy3zv2rp4r
    @user-hy3zv2rp4r 3 года назад +3

    Рахмат ,рух азык ! Уландысы качан ? Тез чыгаргылачы ....

  • @user-te4xt2dg6o
    @user-te4xt2dg6o Год назад +1

    Саламатсынарбы ушул китептегидей больница да Архип ортонуп коп жылдан бери. Документ Ала албай келем

  • @user-dt5rh9cb6n
    @user-dt5rh9cb6n 3 года назад

    Экинчи болуму барбы?Абдан кызыгып уктум.Азаматсыз

  • @user-xg4hv3zy6i
    @user-xg4hv3zy6i 3 года назад +3

    Ошондо жылаандар суйуусу буттубу

    • @ruhazyk
      @ruhazyk  3 года назад +2

      Ооба. Бүткөн

    • @user-xg4hv3zy6i
      @user-xg4hv3zy6i 3 года назад +2

      Жомок айтып олтурушкан боюнча бутот турбайбы анда.Жылан кимдин тукуму

    • @AdelAdel-ld5ek
      @AdelAdel-ld5ek 3 года назад +1

      @@ruhazyk окуя аягына чыкпай калдыго абдан куттум эле андан ары болчу окуяны

    • @user-iu7hr4gf2k
      @user-iu7hr4gf2k 3 года назад +3

      @@AdelAdel-ld5ek Саламатсызбы? Чыгарма 9-бөлүм менен аяктайт. Автордун улантып жазуу планында бар экен. Эгер жазылса качандыр бир убакытта жүктөп калышыбыз мүмкүн.

    • @user-xg2sm7ku8r
      @user-xg2sm7ku8r 3 года назад

      @@user-iu7hr4gf2k анда айтып кой афторго кызыгы жок создорду жазыып жазып кызыгына келгенде ит кылдыго

  • @arzykim6685
    @arzykim6685 3 года назад +9

    Саламатсыздарбы сураныч КАПАЛАНБА деген китепти да аудио китеп кылып чыгарып бериниздерчи СУРАНЫЫЫЧ
    окууганы убакыт болбой калып жатат Аудиокитепти угуп жумуш кыла берсек да болот экен стздерден АЛААХ ыраазы болсун🤗🤗🤗🤗🤗

  • @zaripajanibekova2712
    @zaripajanibekova2712 2 года назад

    Ото соонун экен🥰

  • @fatimaduishebaeva2714
    @fatimaduishebaeva2714 3 года назад +7

    Азирейилди Азезил деп алышканго 😂😂

    • @bekakd2799
      @bekakd2799 3 года назад +2

      Урматы мн Азраил алейхиссалам деп айтыныз )

    • @wermnewermne9601
      @wermnewermne9601 Год назад

      Азезил деп шайтанды айтат го .

    • @mir8394
      @mir8394 Год назад

      ​@@bekakd2799 щщш53

  • @user-qv1gt5mp2p
    @user-qv1gt5mp2p 3 года назад +1

    Суранам

  • @user-ou1go4nf3e
    @user-ou1go4nf3e Год назад

    Рух Азык каналындагы баардык жазуучулардын аудио китептерин клтырбай кечке угам

  • @gudxhghfxb1272
    @gudxhghfxb1272 3 года назад

    Чыгарма сонун экен 2 болум качан чыгат сураныч тезеле башталсынчы

  • @user-wf5ig9jr5w
    @user-wf5ig9jr5w Год назад

    Боги

  • @akunov_a00
    @akunov_a00 3 года назад

    Чон рахмат силерге
    Телеграмм каналына чыкса жакшы болмок, ынгайлуу дагы болмок
    Чон рахмат

  • @user-bx4xq9yk5q
    @user-bx4xq9yk5q 2 года назад +1

    Ошондо ким азыр Адилет,жашоодо болгон окуябы?

  • @kokjalkarywkyr2217
    @kokjalkarywkyr2217 2 года назад +1

    Бул китепти уксак динибизден чыгып кетпейбизби

  • @uulkyzsarymsakowa7796
    @uulkyzsarymsakowa7796 3 года назад

    Архаттын 2болумун таппай жатам балдар чыгаргылачы суранам

    • @user-ll7qy6xw2g
      @user-ll7qy6xw2g 3 года назад

      Архат 2-бөлүм деп издесеңиз качан эле чыккан

  • @user-kf1qo5wc3q
    @user-kf1qo5wc3q Год назад +1

    Откондо Ыссыкколдо достуктун балдарын урганда бийлик эчнерсе дебединер элего

  • @KAKE04
    @KAKE04 Год назад

    ⬆️5️⃣9️⃣

  • @user-gd5oo5hr8c
    @user-gd5oo5hr8c 3 года назад +1

    Бул Бишкекте торолгон бала тууралу уккам Милиончу бала торолгонун

    • @user-no8wv4mt8y
      @user-no8wv4mt8y 3 года назад

      Чын эле ушундай окуя болгон бекен?

  • @user-ik7ph2ee3g
    @user-ik7ph2ee3g 3 года назад +1

    2-чи болум качан чыгат

  • @user-sg1ye3bv3w
    @user-sg1ye3bv3w Год назад

  • @user-rg2by7nw2l
    @user-rg2by7nw2l 3 года назад

    Сураныч 2-бөлүгүн чыгарыңыздарчы

  • @user-um3ih5og2h
    @user-um3ih5og2h 3 года назад +1

    Калганы качан чыгат?

  • @juguruk9858
    @juguruk9858 Год назад

    Архат деген сөз, кандай маанини билдирет??? 😇💞

    • @kanatsabirov3860
      @kanatsabirov3860 Год назад

      Бул Даража Монахтардын эн жогорку даражасы учунчу козу ачылган адамдар Лобсанг Рампа третий глаз деп издесенер чыгат ошонун окуясына окшош экен 😊

  • @АрапбайМамишов
    @АрапбайМамишов 14 дней назад

    болгон окуябы ошондо бул

  • @user-ty2if5kv6u
    @user-ty2if5kv6u 3 года назад +2

    Блин рекламанар тоска

  • @MaNzUra_R
    @MaNzUra_R Год назад

    Адилеттин 11жашаар баланын тагдыры,ага эмнеге мындай болуп атат деп баш катырышпады.