Укканда жарпың жазылган Боз булбул Жокем шаңшыган Рыспай сенсиң экинчи Аткаруу обон жагынан. Укканды тартып өзүңө Үн менен болдуң кадырман Сагынып калам үнүңдү Кез кезде угуп турбасам Аллага чексиз ыракмат Чоң ырчы кылып жараткан. Укпастан таштап кетмей жок Кайсындан ырдап баштасаң Зергерден болот деп угам Чангеттин чыгыш жагынан. Ырларыңдын далайын Угамын жаштык чагымдан. Өркүндөй берсин өнөрүң. Өзгөчө ашып ташыган Балам жокту ырдасаң Армандуу адам жашыган. Сүйүүгө жетпей зарлабайт. Өткөргөн билет башынан. Өлбөгүн Жоке көп жаша Ачылсын талан казынаң. Саламым менен кат жаздым Өзгөндүн түндүк жагынан. Досуң Төлөгөн. 10- август 24- ж.
Укканда жарпың жазылган
Боз булбул Жокем шаңшыган
Рыспай сенсиң экинчи
Аткаруу обон жагынан.
Укканды тартып өзүңө
Үн менен болдуң кадырман
Сагынып калам үнүңдү
Кез кезде угуп турбасам
Аллага чексиз ыракмат
Чоң ырчы кылып жараткан.
Укпастан таштап кетмей жок
Кайсындан ырдап баштасаң
Зергерден болот деп угам
Чангеттин чыгыш жагынан.
Ырларыңдын далайын
Угамын жаштык чагымдан.
Өркүндөй берсин өнөрүң.
Өзгөчө ашып ташыган
Балам жокту ырдасаң
Армандуу адам жашыган.
Сүйүүгө жетпей зарлабайт.
Өткөргөн билет башынан.
Өлбөгүн Жоке көп жаша
Ачылсын талан казынаң.
Саламым менен кат жаздым
Өзгөндүн түндүк жагынан.
Досуң
Төлөгөн. 10- август 24- ж.
Ага ай.ден-соолугунуз.бекем.болсун
Онорунузго таазим ден соолугунуз чын болсун омурунуз узуун болсун
Бали байке үнузго береке сиздей талант көп болсун элибизде.
00х0х
Ден соолук берсин менин боорумдун туу туткан иниси
АББАЛИ. КӨӨӨП ЖАШАҢЫЗ УККАН САЙЫН УККУҢ КЕЛЕТКО ЧИРКИН
Ырлары айабай жакшы
Азамат байке бар болуңуз.талантыныз ташкындай берсин.
У9ф😅¹
Г67ы