Көз жетпейт көр дүйнөнүн тереңине, Сөз жетпейт кайрымы жок кереңине, Күмүштөй күндөрүмдү күүп алып, Үлүштөй кайра мага берери не? Октолот өргө кетип сайран өмүр, Токтолот көргө жетип кайран өмүр. Бир күндүк ырысыңа күлкү минип, Миң жылдык жаш сүйүүнү байлана жүр. Бал сындуу уу ичирген жашоо жалган, Байлыгың, бийлигиң да кошо жалган. Биз кетсек, комуз калат ырлар менен, Билгенге жалгыз чындык ошол арман. Жолоочу жол таба албай бала күндө, Чолоо таап, айтып койбой кабарын же. Алтындай ай жылдарды артка таштап, Алдыда андан кымбат табаарым не? Жылт этип күмүш күндөр калат алыс, Жыйналбай мезгилдериң алыс, алыс. Эң кымбат жылдарды биз жолго чачып, Эй досум кайда шашып баратабыз? Датымды айткым келет Теңирге мен, Асылды теңеп койгон темир менен. Асылды табамын деп алтын издеп, Асылды жоготобуз өмүр деген. Жашайбыз бала күтүп,кайрым тилеп, Жашайбыз жадагандан кайгы-муң жеп. Жан барда арман жоктой күлдөй жүрчү, Жашайбыз дагы канча ай ким билет. Бейиттер карызыңды козгоп сурап, Адамдык парызыңды боздоп турат. Бедериң бир ууч гана боз топурак, Аларың бир ууч гана боз топурак. Бал сындуу уу ичирген жашоо жалган, Байлыгың, бийлигиң да кошо жалган. Биз кетсек, комуз калат ырлар менен, Билгенге жалгыз чындык ошол арман. ❤❤❤.
Тап так сөздөрүн жеткире ырдаган үчүн чоң рахмат🎉🎉
Кучтуу ырчы...❤
Добуш деген сонун!Алтын кыз алга❤
Ойлонткон сонун ыр экен. Аябай жакшы журокко жеткире ырдаптыр рахмат
Көз жетпейт көр дүйнөнүн тереңине,
Сөз жетпейт кайрымы жок кереңине,
Күмүштөй күндөрүмдү күүп алып,
Үлүштөй кайра мага берери не?
Октолот өргө кетип сайран өмүр,
Токтолот көргө жетип кайран өмүр.
Бир күндүк ырысыңа күлкү минип,
Миң жылдык жаш сүйүүнү байлана жүр.
Бал сындуу уу ичирген жашоо жалган,
Байлыгың, бийлигиң да кошо жалган.
Биз кетсек, комуз калат ырлар менен,
Билгенге жалгыз чындык ошол арман.
Жолоочу жол таба албай бала күндө,
Чолоо таап, айтып койбой кабарын же.
Алтындай ай жылдарды артка таштап,
Алдыда андан кымбат табаарым не?
Жылт этип күмүш күндөр калат алыс,
Жыйналбай мезгилдериң алыс, алыс.
Эң кымбат жылдарды биз жолго чачып,
Эй досум кайда шашып баратабыз?
Датымды айткым келет Теңирге мен,
Асылды теңеп койгон темир менен.
Асылды табамын деп алтын издеп,
Асылды жоготобуз өмүр деген.
Жашайбыз бала күтүп,кайрым тилеп,
Жашайбыз жадагандан кайгы-муң жеп.
Жан барда арман жоктой күлдөй жүрчү,
Жашайбыз дагы канча ай ким билет.
Бейиттер карызыңды козгоп сурап,
Адамдык парызыңды боздоп турат.
Бедериң бир ууч гана боз топурак,
Аларың бир ууч гана боз топурак.
Бал сындуу уу ичирген жашоо жалган,
Байлыгың, бийлигиң да кошо жалган.
Биз кетсек, комуз калат ырлар менен,
Билгенге жалгыз чындык ошол арман.
❤❤❤.
Рахмат
Берээриң бир ууч кана боз топурак
Динара сонун аткаргансыз просмотр кобойтсон эл укмак журоко жетет экен ырыныз аран таптым мурда дисктен укчу элем
👍👍👍👍
Браво Динара👍👍👍👏👏👏
Кайра кайра уккандан тажабайм го
Молодец классташ коп ийгиликтерге жет
Сонун ырдагансыз...❤️❤️❤️
Ааайт жанинан сонун ыр экен ий
Журоко жетет го