Алдей, Алдей Ак-Бөбөк - Бешик ыры Кыргызча

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 14 июл 2020
  • Кичинекей баланы уктатканга жардам бере турган видео.
    Идея: Максат К. Адила Ж.
    Сөзү: Ападан калган
    Музыка: Айтбек Саматов, Нурдин Байтуров
    Ырчы: Айдай Калыкова
    **********
    Бул видеону даярдоодо көп эмгек кеткен, эгер бирөөнүн эмгегин сыйласаңар көчүрбөгүлө!
    ***********
    Эски ырларыбызды унутпайлы!
    Эгер бул тараптагы видео жакса анда "Бармакты өдөгө"
    Алдей алдей ак бөбөк,
    Ак бешикке жат бөбөк,
    Кунан койду сой бөбөк,
    Куйругуна той бөбөк.
    Алдей алдей бөбөгүм,
    Алдей бөпөм ыйлаба,
    Менин жаным кыйнаба,
    Атаң тойго кетиптир,
    Аккисте толгон эт келет.
    Алдей, алдей бөбөгүм,
    Энең тойго кетиптир,
    Эмчеги толгон сүт келет,
    Алдей бөбөк ыйлаба,
    Эжекеңди кыйнаба.
    Алдей, алдей бөбөгүм,
    Кырма табак кырдырба,
    Кыруусу менен куйдурба,
    Куруу кыйнап эжеңди,
    Кокуйлатып кыйнаба.
    Алдей, алдей бөбөгүм,
    Жапкан нандын ортосу,
    Жүрөгүмдүн толтосу,өӨ
    Алдей, алдей бөбөгүм,
    Садагасы кетейин,
    Сарысына жетейин,
    Ат тээп ийгенсип,
    Томолонуп кетейин

Комментарии •