Жоолугуң кызыл башайы, Жол жүрүп келдим атайы. Жалынга салсаң өзүң сал, Жароокер Гөзал сыпайы. Көйнөгүң кызыл башайы, Мен көргөнү келдим атайы. Күйүткө салсаң өзүң сал, Көркөмдүү Гөзал сыпайы. Ар ким ырдайт сүйгөнүн, Акылына түйгөнүн. Ашык бир болуп жете албай, Арасат күндө жүргөнүн. Мен дагы ырдап берейин, Ашыглыктан бир сабак. Дак салдың ууз жүрөккө, Дардизар Гөзал ак тамак. Дүрдөөлү жаштын иши экен, Күсөдүм сүйүү чарбагын. Аманат жанга белек деп мен Ашыглык гүлүн кармадым. Анан ошол гүлдү беришке мен Гөзалды издеп барганмын. Булактан көрүп чак түштө мен Булбулдай абаз салганмын. Көрдүм даалай урууну, Кечтим дайраң улууну. Издеп бир келдим Гөзал кыз, Ышкыдар сендей сулууну. Тааныбайсың сен мени, Тарпи кылат эл сени. Таанышалы ушул жерден, Тартиптүү Гөзал кел бери. Кыйланы көрдүм кыдырып, Кара-Суу менен Чарбактан. Каш кирпигин төгүлүп Карасам кумар таркаткан. Көкүрөккө өрт коюп ай, Көк жылдызын саматкан. Жанада көптү көрмөкмүн мен, Жаралган болсом канатчан. Кал, калындан калыңдан, Кайкалап бүткөн далыңдан. Безеленген бетиңден, Беш талдап өргөн чачыңдан, Чачың көлдүн камышы, Өзүңүздү сурасам, Эмгектүү элдин калысы. Сураганым себеби, Сүйбөй бир киши келеби. Сыпайынын жайыны Билбей бир киши келеби. Зыяда болсоң кулак сал Зарымды угуп, гүлүм ал. Керек бир болсо Гөзал кыз сен Көрө турган күнүмдү ал. Кайда барсаң, жаныңда Ынагың болуп жүрөйүн. Караңгыда жол бассаң, Чырагың болуп жүрөйүн. Күнүгө келип суу алчу, Мен булагың болуп жүрөйүн. Жашырбастан ачык айт Эмине болсо оюңда. Жүрөгүмдөн илинген да Туткунуң менмин торуңда. Кыйнасаң да, өзүң бил, Сыйласаң да, өзүң бил, Тагдырым сенин колуңда.
Нурсултан Сузак районундагы Ак-Тоок айылынан болот.#12 Ш.Абдыраманов атындагы орто мектепте окуган.Мектепте окуп жүргөндө эле дастан айтуу боюнча конкурстарга катышып, мектептин намысын коргоп жүргөн бала.Талантың ташкындай берсин, өнөрүң өркүндөй берсин,Нурсултан!
Ашыктык ырынын шедеври Барпы атанын ыры го жарыктык.
Аткарганга сөз жок.
Кандай талант ананайын балам омурун Узун болсун
Эмне деген ун эмне деген талант 😍😍😍
Жоолугуң кызыл башайы,
Жол жүрүп келдим атайы.
Жалынга салсаң өзүң сал,
Жароокер Гөзал сыпайы.
Көйнөгүң кызыл башайы,
Мен көргөнү келдим атайы.
Күйүткө салсаң өзүң сал,
Көркөмдүү Гөзал сыпайы.
Ар ким ырдайт сүйгөнүн,
Акылына түйгөнүн.
Ашык бир болуп жете албай,
Арасат күндө жүргөнүн.
Мен дагы ырдап берейин,
Ашыглыктан бир сабак.
Дак салдың ууз жүрөккө,
Дардизар Гөзал ак тамак.
Дүрдөөлү жаштын иши экен,
Күсөдүм сүйүү чарбагын.
Аманат жанга белек деп мен
Ашыглык гүлүн кармадым.
Анан ошол гүлдү беришке мен
Гөзалды издеп барганмын.
Булактан көрүп чак түштө мен
Булбулдай абаз салганмын.
Көрдүм даалай урууну,
Кечтим дайраң улууну.
Издеп бир келдим Гөзал кыз,
Ышкыдар сендей сулууну.
Тааныбайсың сен мени,
Тарпи кылат эл сени.
Таанышалы ушул жерден,
Тартиптүү Гөзал кел бери.
Кыйланы көрдүм кыдырып,
Кара-Суу менен Чарбактан.
Каш кирпигин төгүлүп
Карасам кумар таркаткан.
Көкүрөккө өрт коюп ай,
Көк жылдызын саматкан.
Жанада көптү көрмөкмүн мен,
Жаралган болсом канатчан.
Кал, калындан калыңдан,
Кайкалап бүткөн далыңдан.
Безеленген бетиңден,
Беш талдап өргөн чачыңдан,
Чачың көлдүн камышы,
Өзүңүздү сурасам,
Эмгектүү элдин калысы.
Сураганым себеби,
Сүйбөй бир киши келеби.
Сыпайынын жайыны
Билбей бир киши келеби.
Зыяда болсоң кулак сал
Зарымды угуп, гүлүм ал.
Керек бир болсо Гөзал кыз сен
Көрө турган күнүмдү ал.
Кайда барсаң, жаныңда
Ынагың болуп жүрөйүн.
Караңгыда жол бассаң,
Чырагың болуп жүрөйүн.
Күнүгө келип суу алчу,
Мен булагың болуп жүрөйүн.
Жашырбастан ачык айт
Эмине болсо оюңда.
Жүрөгүмдөн илинген да
Туткунуң менмин торуңда.
Кыйнасаң да, өзүң бил,
Сыйласаң да, өзүң бил,
Тагдырым сенин колуңда.
Ей кудай ден соолук берсин емне деген таалант
Керемет орындау, керемет үн. Аман бол бауырым!
Мына талант 👍
БАР БОЛ АЗАМАТ . ТАЛАНТЫҢ ТАШКЫНДАЙ БЕРСИН .❤️❤️❤️👍🏻👍🏻👍🏻🎼🎼🎼🇰🇬🇰🇬🇰🇬🌍🌍🌍
Азаматсың досум ,өнөрүң оркүндөй берсин ,
Ананайын менин эн жакшы коргон укам булбулдай унун очпосун онорун оркундой берсин 🤲💐😘
Салам айжанар
@@МээримТургунбаева-ш2у Ассолому алейкум мени тааныйсызбы
@@АйжанарКадыралыева оа 1мектептэ окуганмын силэр мн нурсултандан1жаш ка кичумун
@@АйжанарКадыралыева актооктон боломун мен
Азамат Нурсултан соонун аткаруу
Омурун узун болсун добушн жакшы алхм сактасн
Жаша досум! Бар бол!
Азаматсын уулум онорун оркундой ьерсин
ХХаййй келтиресинда чиркин пиркин
Ххай де
Онорунуз оркундой берсин
Браво ❤❤❤❤❤
Эркек экенсин иним азаматсын
Бали, Кыргыз жигити.
Омурун узун болсун,онорун осо берсин.
Молодец талантына таазим 👏👏👏👍👍👍
Суппер!!!
Азаматсыз, Нурсултан, өнөрүңүз өркүндөсүн!❤
А баали досум унунон сенин булбулда унун.
Азаматсын балам
Маладез жигит бар бол
Эй бали сонун 👍
Ото сонун
Аябай сонун аткаргансын.унуно береке.уккан сайын уккун келет.чыгармачылык ийгилик каалайм.дагы ырларынарды кутобуз
Ото сонун Аткаруу👍👍
Онорун оркундой берсин унуно береке жееним
Баали коп жаша
ох ох охо пайпай соонун ыр
Нурсултан Сузак районундагы Ак-Тоок айылынан болот.#12 Ш.Абдыраманов атындагы орто мектепте окуган.Мектепте окуп жүргөндө эле дастан айтуу боюнча конкурстарга катышып, мектептин намысын коргоп жүргөн бала.Талантың ташкындай берсин, өнөрүң өркүндөй берсин,Нурсултан!
Азматсын нурсултан
БАР БОЛ ЖАШ ТАЛАНТ . ❤❤❤👍🏻👍🏻👍🏻
Азаматсын дайым ырдап журо бер буулбулдай болгон.унун.очпосун
керемет ыр, мыкты аткаруучу
Барпы атанын ырын Нурсултан сонун аткарыптыр
Чыныгы талант Ото жогорку денгээлде Аткарылган Чыгарма моладец иним
Унун комузга жакшы тушкон.Жолболдунун чолпон дастанын ыодап чык суранамын
Бул жигиттин таланты зор экен. Бул жигитке демоорчу болсо таланты менен коп ийгилик жаратчуудай. Ийгилик
Азаматсыз Байке Аллахым омур берсин
Азаматсын онорун осо берсин сонун👍
Улуу өнөрдү улантучуу маладез
Шап қырғызым!
Красавчик
Нурсултан баракелде👍👍👍
Ээ азамат соз жок
Кайра кайра угуп атам
Азамат жакшы ырдаптыр
Сүйүү ырын ушундай ырдайт маладез бар бол кыргызтын улуу👍👏❤🇰🇬
Азамат сонун ырдайт экенсиң
Онорун оркундой берсин,ото жогорку денгээлде аткарыптыр.
Азамат,талантын оркундосун.
Молодец
Онорун оркундой берсин Женим
Өнөрүңө баракелди азамат барпы атага тасим👍✊❤
Унун жакшы экен,,👍👍👍
Баракелде!Үнүңүзгө береке.
Кайра кайра уктум соонун азвматсын
Кайра кайра угам го чиркин
Ай азамааат, чыныгы ырчы жигит ушундай эле болот. Анан башка катын эмес же эркек эмес көгүш ырчылардай болбой...
а баракелде досум, үнүңө береке обонуң созоолой берсин
Рахмат соонун ырдаптыр,ийгилик ден соолук каалайым, оркунун оссун.
Соонун
Үнү соонун экен. Азаматсың Иним. Өнөрүң өркүндөй берсин.
Чолпонумду да аткарыныз сизден кутобуз.
Ырахат алсын уккан сайын, баракелде
Аа Балли .
Кандай кэремет
Соонун аткаруу Жогорку денгеелде
Дагы соонун ырларды кутобуз
Бул ырды коп киши аткарат, бирок ушул аткаруучунун обону өзгөчө экен, ырга төп келет , кечке угуп атам 😊😊😊
Кайсы жердин кулунусун, балам? Онорун оркундосун! Так чертип, ыргагы мн ырдайт экенсин, бали!
Жалалабад областы, Сузак району, Актоок айылынан болот кайним азаматсыз
@@ГулжазУзакбаева-я6г актооктон болосунарбы
Бизде аты чыкпаган жакшы ырчылар коп. Бали бали
Ошол ырчылар актоокто жашайтда тууганым
@@МээримТургунбаева-ш2у актоот деген эмне карандаш?
Менин укамда
Акам менин
Аа бали классташ нуке
Рахмат,кандайсын Акылжан жакшы журосунбу?
Нурсултан Кудай үнүңө берекесин берсин🤲🏻Чыгармачылыгың артып,Кудай өзү жар болсун🤲🏻Эки дүйнөнүн бактылуулугун насип кылсын Аллахым🤲🏻
🧡💚💜💛❤️💓💕💞
🥰🥰🥰🥰🥰
Бали! Таланттарга элибиздин учугу куру эмес экен. Кубанычтамын.
🔥🔥🔥
❤❤❤
🇰🇿🇰🇬👍👍👍👍
Корком соз чебери Барпы акын
👍👏✊🇰🇬❤
🥳🥳
👍👍👍🇰🇬🇰🇬🌺🌷🌷🌹💐
Махабат ырларын Барпыдай эч ким ырдаган эмес
Барпыдадан ашат бул
Прохадин
Не мешайте ему петь. Ненада ваших и дениз.
Красавчик