Эркин Тентишев суунун агымын текшерди...

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 10 ноя 2024
  • Башка жылдарга салыштырмалуу быйыл дарыяларда эки-үч эсе суу аз болуп жатат. Жалпысынан Кыргызстан боюнча суу өткөн жылдарга салыштырмалуу 40% аз келүүдө. Анын себеби тоо чокулары жылыбай, мөңгү ээрибей жаткандыгын окумуштууларыбыз баштап, баардыгы айтып жатышат.
    Министрлер кабинетинин Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев Батыш Чоң Чүй каналынын Башкы бөлүмүнөн баштап, жалпы суунун агымын жана суу тартыштыгынын чоо-жайын жеринден текшерип көрдү.
    Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев
    Бул кезектеги рейд учурунда Чоң Чүй каналынын башкы бөлүмүнө дастаркон жайып,конок тозуп отурган адамдарга ким уруксат бергенин өзү көзөмөлгө алды.
    Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев
    Ысык-Ата районундагы Чоң Чүй каналынын башкы бөлүмүндө суунун агымы 37,9 пайызды көргөзүп жатат, демек бир жуманын ичинде дагы азайып кеткени байкалат .
    Өткөн жыйындагы кабыл алынган чечимдер толук аткарылбай жатканын Эркин Тентишев баса белгиледи. Анткени, ар бир суу түтүктөрүнө табличка коюулуп,сууну туура бөлүштүрүү талабы коюлган. Чүйдүн жетекчиси унаасын өзү айдап алып, суу бойлоп жүрүп отурду. Чоң чүй каналынын ичи таштандыга толуп, таш,кум,балыр басып,суунун агышы жай болуп калган. Бул арыктын ичи көп жылдан бери тазаланбаганын айтып турат.
    Жаан, тамчылатып сугаруу ыкмасы азыркы учурда абдан үнөмдүү жана пайдалуу технология экенин көрсөтүүдө. Ысык-Ата районунун Красная Речка айылындагы томат заводу 600 гектардан ашуун жерге помидор тигилип, тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуп келишет.
    Ысык-Ата районунда 55 371 гектар айдоо жери бар, бул чоң суу сактагычка 3 млн куб суу батат, муну 20 гектар айдоо жерлерди сугарууга болот.
    Эрлан Өмүралиев Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси
    Белгилей кетсек, кургакчылыктан улам Чүй облусунун дарыяларында суу нормадан 2,5 эсе аз болду. Ысык-Ата суу сактагычына топтолгон суу толугу менен агызылып, учурда 2,5 куб метр суу секундасына агып чыгууда. Ал эми Чүй жана Ысык-Ата районундагы тогуз миң гектардан ашуун жерди сугарчу Кегети суусу секундасына 1 куб метр гана суу берүүдө.
    “Суу сыйлаган зор болор,Суу кордогон кор болор” дегендей Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев суу үнөмдөө эң башкы милдет экендигин дагы бир ирет айтып, белгилеп, көргөзүп кетти.

Комментарии • 1

  • @Diana_kolilo
    @Diana_kolilo 3 года назад +1

    *Колдо бар алтындын баркы жок*- дегендей биз суунун баркын биле бербейбиз,,уномдосок жакшы болмок деги Любой убакта сууну уномдоо керек СУУ-жашоо булагы го..,..