Бишкек шаарында "Дени сак болуу - модалуу" атту жүрүш өттү

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 17 май 2024
  • Бүгүн Бишкек шаарында "Дени сак болуу - модалуу” аттуу жүрүш өттү.
    Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин “Жаштар арасында наркобизнеске жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө” тапшырмасына ылайык уюштурулган.
    Акцияга Бишкек шаарыдык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев жана Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы баштаган спортчулар, жаш активисттер жана шаар тургундары катышты.
    Иш-чаранын максаты - жаштар арасындагы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү көйгөйүнө көңүл буруу жана бул терс көрүнүш менен күрөшүү боюнча коомдук кыймылды активдештирүү. Акция жаштар арасында сергек жашоо образын колдоого жана баңгизаттардан баш тарткан позитивдүү коомчулукту түзүүгө багытталган.
    Белгилей кетсек, жүрүш Чүй проспектиси боюнча Манас проспектисинен Орозбеков көчөсүнө чейин жана Орозбеков көчөсү менен Чүй проспектисинен Т.Усубалиев атындагы аянтка чейин болду.
    Иш-чара кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа менен уланды.

Комментарии • 3

  • @inn2268
    @inn2268 Месяц назад +1

    Колдойбуз

  • @user-ih2hn6hb8n
    @user-ih2hn6hb8n Месяц назад +1

    2 созду Окубай оз созунор менен эле айтып койсо жакшы болот деп ойлойм.

  • @user-tx6ch5we7h
    @user-tx6ch5we7h Месяц назад

    Аптекалврды текшергиле синтетикалык таблеткаларды сатып жатышат