Кыргыз поэзиясы / УЛУТМАН көрсөтүүсү

Поделиться
HTML-код

Комментарии • 46

  • @user-ox4dt8ku1b
    @user-ox4dt8ku1b Год назад +9

    Ушунчалык эргуу алдым, кандай сонун, Рахмат сизге " Улутман' учун !! Рахмааат !!!!!

  • @user-il2to3hc9z
    @user-il2to3hc9z Год назад +16

    Туголбай аке сизге чон рахмат бар бардар болунуз, кыргыз деп куйгондор болосуз ден соолукта болунуз.

  • @dears621
    @dears621 Год назад +11

    Түгөлбай атага денсоолук каалайм чын жүрөктөн!

  • @user-sz3od1hy2x
    @user-sz3od1hy2x Год назад +9

    Казаков Туголбай агайыбызга абдан чон раазычылык билдиребиз. - Улутман - беруусу учун, бул берууго биздин акындарыбызды чакырып жалпы Эл менен тааныштырып, жакшы ырларын, чыгармаларын угузуп, жарандарыбыздын ой толгоосун жанылап, жашоого жана жаратылышка болгон мамилесин же суйуусун арттырып, ушундай бир сонун жолугушууларды уюштурганына дагы коп ирет рахматыбызды айтабыз. Агай сиз озунуз суйлогондо да ошол айткандарыныз дароо таамай так элестетилет. Бар болунуз.

  • @user-jq7nt6lh9c
    @user-jq7nt6lh9c Год назад +7

    Урматтуу Түгөлбай агайыбызга терең ыраазычылык билдиребиз! Сиздей мекенчил, чыгаан, мыкты уулу бар кыргыз элинин багы бар, келечеги бар! Сиздей билимдүү, таланттуу, мыкты адамдарыбыз көп болсун агай! Бар болуңуз, өмүрлүү болуңуз, бактылуу болуңуз! Кыргыз элине талыкбай эмгектене бериңиз! Сизге ийгиликтерди каалайбыз агай! Улутман берүүңүз үчүн жана жаштарды алып чыкканыңызга терең ыраазычылык билдиребиз! Кыялбек агайдын керемет ырлары жазыла берсин! Акын уул кыздарга ийгиликтерди каалайбыз! Силердей акындар бар жашоо керемет! Чоң рахмат сиздерге жаштар керемет сонун ырларыңар улансын, бийиктесин, элдин жүрөгүнөн орун тапсын! Бар болуңуздар акындар!

  • @user-gy7yg5nk8l
    @user-gy7yg5nk8l Год назад +8

    Сонун тема которулду кыргыз тарыхын толук билуу балдарыбызга зарыл иш бар болгула.

  • @user-jq2nz2gz2i
    @user-jq2nz2gz2i Год назад +6

    Улутманды көргөндө эс алам. Түгөлбай агайдын алып барганы кандай сонун. Башкалар бир сааттык берүүгө алты, жети киши чакырат да коногуна суроо берип алып кайра оозунан сөзүн жула качып, бээ жөнүндө сүйлөп жатып эле төөгө өтүп кетип, аа бээ бүткөн турбайбы десең бир аздан кийин кайра бээни айтып чарчатышат. Болбосо чакырган жети коногунун ар бирин жөн коюп эки саат сүйлөтсө да зериктирбей турган залкар адамдар болот. Убара кылып чакырып алып жаңы эле сонун бир нерсени айтып баштаса сөзүңүз оозуңузда деп бөлүп салышат. Кайра сөзү оозунда калды эле деп эстеп да коюшпайт. Телефон чалууларды кабыл алышса ал көрсөтүүнү көрбөй эле коюш керек. Анткени телефон чалуу бар экен, кабыл алып коёлу деп жатып конокторду таптакыр сүйлөтпөйт. Ошол телефон чалгандын авторитети коноктукунан өйдө чыгып кетет. Сен сүйлөбөй калсаң эч нерсе эмес, кокуй телефон чалып жаткандарды угушубуз керек деп. Алып баруучунун деңгээлин деңгээл деген сөз менен да айта албайсың. Мына, Түгөлбай агай деле бир саатта ушунча кишини кенен эле сүйлөтүп жатат го. Бар болуңуз, агай! Сиз мен сыйлаган эки адам болсо ошол экинин бирисиз.

  • @tilek5606
    @tilek5606 21 день назад

    Алтынбек акындын создору кадимкидей айырмаланып, кашкайып корунуп турат экен🎉

  • @user-ry9ow9sk2l
    @user-ry9ow9sk2l Год назад +3

    Түгөлбай ага сизди мен Кыргызстанда номер 1 эң намыстуу инсан деп эсептейм.

  • @user-hb9qb9is1h
    @user-hb9qb9is1h Год назад +7

    Түкө , өтө сонун идея ,сиздин мектеп реформасы тууралуу мурунку берүүлөрүңүздөгү сонун идеяңызды министрге жеткизиңиз .Мен да Тез кабарды алып барган Атакулга айткым келип кыжаалат болчу элем.Сизге рахмат, ар бир берүүлөрүңүз баа жеткис, бардык жагынан .

  • @user-pn7bj3te3e
    @user-pn7bj3te3e Год назад +7

    Туголбай ага сизге чоон ракмат,ден соолукта болунуз,акындар менен болгон маегин из мага аябай жакты,озгочо билим беруу министрине кайрылганыз эн туура болду,Алтынбек белгилегендей мектеп программасын толугу менен озгортуу бугунку кундун талабы,озунуз белгилегендей жумушчу комиссия тузулуш керек.Сизге омур ишинизге ийгилик каалайм.

  • @user-jj4bb8uu6w
    @user-jj4bb8uu6w Год назад +4

    Туголбай аке бар болунуз ден-соолукта болуп узаак омур сурунуз...
    700 онор сизге аздык кылат АЛЛАХЫМ ЫРААЗЫ БОЛСУН.

  • @mairambek3089
    @mairambek3089 Год назад +2

    Рахмат Түгөлбай ага бар болуңуз.Сизди учурдагы эл үчүн кызмат кылган эл үчүн күйгөн ак сакал инсандар катарында көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катары билебиз.Кудайым өмүрүңүзгө береке берсин.

  • @nazgulburzhueva5372
    @nazgulburzhueva5372 Год назад

    "Улутман" чынында мыкты көрсөтүү

  • @nurbolot.00temirali73
    @nurbolot.00temirali73 Год назад +2

    Алтынбек агайыбыздын тили кызыл камчыдай чаап, үстүңөн муздак суу төгүп салгандай адамды сергите коёт экен...

  • @kzkmkfmf8570
    @kzkmkfmf8570 Год назад +1

    Бердибек Жамгырчиевдин ырларынан "энелердин журогу токтогон кун "деген ыры абдан жагат

  • @user-uq9uw4io2d
    @user-uq9uw4io2d Год назад +3

    Туголбай байке сизге рахмат 👍 денсоолукта аман эсен журунуз 👍

  • @user-bw4sn3pm3f
    @user-bw4sn3pm3f Год назад +3

    Уйуштурган Туголбай агайга рахмат.
    Акындар аалам кузгусу да.

  • @user-dj5os5tb9d
    @user-dj5os5tb9d Год назад +2

    Эн жАкшы коргозуу элибиз поэзияга суусап турат баарына чарчады руханий байлык адамдын Жан азыгы биз адамбыз да

  • @sezimkalybekova6093
    @sezimkalybekova6093 2 месяца назад

    Алтынбек акындан башкасы чыныгы акын эмез экен акыйкат айтсам❤

  • @childrendraw9143
    @childrendraw9143 Год назад +1

    Бир гана апам менин чанып кетпейт.👍👍👍

  • @user-jq2nz2gz2i
    @user-jq2nz2gz2i Год назад +6

    Интернеттеги чала сабаттар эмес ушул эле КТРКда да алып баруучулар жарымы орусча, жарымы кыргызча сүйлөшөт. Аларды тескеген эч ким жок болгонуна таң калам. Казактарды карасаңар кичинекей балдарынан бери таза казакча сүйлөшөт, орусча кошпойт. А бизде өткөндө "Сен мыктысыңга" бир кичинекей Баткендик бала келип кыргызча акцент менен сүйлөп жатат. Баарынан да апасына сөз берсе баласы жөнүндө айтып жатып "Кызыгы баламдын тили орусча чыкты" деп мактанат. Бир орус жок жерлерде балдарыбыздын тили орусча чыгып жатса, аны келесоо энелери мактанып айтып отурса, кыргыз тилин өнүктүрөбүз деп айлык жеп отургандар кайсы эшекти такалап жүрүшөт. КТРК азыркы жарымы кыргызча, жарымы орусча фильмдерди көрсөтпөшү керек. Маанисине мен тийишпей эле коёюн. Жок дегенде тилине цензура коюш керек. Эмнеге минтип тартасыңар десе жашоодо ушундай да дешет режиссерлору. Акмакчылык да. Чыгармачылык бул адамды жакшы жолго түшүрүп, өзү менен эрчитип кетиши керек. А бизде баары тетири.

  • @nurbaiibraev1475
    @nurbaiibraev1475 Год назад +3

    Баракелди,баарыныздар бар болунуздар!

  • @kyizart
    @kyizart Год назад +7

    Мадумаров канча айтып жүрдү эле... Рахмат сизге Түгөлбай Казаков агай

    • @user-zm4er8wr8x
      @user-zm4er8wr8x Год назад +1

      Адахан биринчи орус болуп андан кийин кыргыз болот . Мадумаровдун интервьюсунан.

    • @user-rj2vb5ng1e
      @user-rj2vb5ng1e Год назад +2

      Мадумаров бир орусча соз кошпой суйлойт ,орусча кошуп суйлогондорго канча жолу айтып жаман корунду ,Мадумаровдун алдын ала айтканы баары туура ,тан бериш керек ,туураны туура деш керек калыс болуш керек.

    • @user-zm4er8wr8x
      @user-zm4er8wr8x Год назад

      @@user-rj2vb5ng1eМадумаров эгер орусча кошпой суйлосо ЖК оппозиция, позиция, сотрудников деп айтпай эле.

    • @user-rj2vb5ng1e
      @user-rj2vb5ng1e Год назад

      @@user-zm4er8wr8x сотрудник деп айтканын уккан эмесмин ,оппозиция ,позициянын котормосу жок ошон учун ,эми ушуну издеп таптынбы

  • @user-kr1gh9qv1x
    @user-kr1gh9qv1x Год назад

    Агай беруунузго рахмат мен сыйлаган ырларын суйгон аеындар келишиптир чыгармачылык ийгилик

  • @user-nl5wy9kp7i
    @user-nl5wy9kp7i Год назад

    Баары бири биринен өткөн кыйын акындар экен 👍👍👍👍👍

  • @Zama19
    @Zama19 Год назад +2

    Акбар Кубанычбековду да чакырыш керек эле...

  • @user-hd7no3xw9s
    @user-hd7no3xw9s Год назад +1

    Рахмат! Туголбай ага, Сиздин кыргыз деп соккон журогунуз учун ийилип таазим кылам! Ошол тез кабарды ырас эле айттыныз да! Ал какалап, ошентип чала кыргызча суйлоп реклама кылып байыган бир манкурт! Ошол бала учун эле такыр тез кабарды коргум келбейт, тим эле итиркейди келтирет!!! Сиздей азаматтарыбыз арабызда аман болсун 🙏🙏🙏🤲🤲🤲🤲

  • @faridaashyrbekova2944
    @faridaashyrbekova2944 Год назад

    Аябай сонун. Озум ыр жазбасам да акындардын оздорунун окуусунда ыр уккум келип жургон. Бат баттан ушундай поэзия кечесин уюштуруп турсаныз жакшы болмок.

  • @gulmiramamytova3965
    @gulmiramamytova3965 Год назад

    💐🌹🙏

  • @zamirsamatov1989
    @zamirsamatov1989 Год назад +1

    Надырбек Алымбековду дагы чакырсаңар болмок

  • @user-tt1tc6wb2i
    @user-tt1tc6wb2i Год назад

    Айткылачы ,мен акын бекем.
    Куйулушкан жакшы созго
    Жакын бекем.
    Туголбай агама окшоп,
    Акардион тарта алсамчы.
    Чынгыз атама окшоп .
    Роман жаза алсамчы.
    Атаганат, мен ошондо
    Жарманы чалбайт белем.
    Ээ бир чон акын
    болуп калбайт белем.
    Кыргызымдын кооз жердерин. .
    Далай далай баатыр эрлерин
    Дуйноого мактап жеткизип,
    Тарыхка, мык кылып какпайт белем.
    Эми байкагвлачы мен ,кандай экем. Тамаша.

  • @user-qp1cc4ws4n
    @user-qp1cc4ws4n Год назад

    Туголбай агайдай дагы эки, уч эле жан куйгон адам болсо маданиятыбыз качан эле гулдоп осмок....экинчиден мектеп пр эртереек карап чыгыш кк.

  • @user-os9iw3uh6f
    @user-os9iw3uh6f Год назад +1

    Мен сыйлаган кадырман акындар...Кыялбек Урманбетов,Бердибек Жамгырчиев, Алтынбек Сулайманов, Максат Жангазиев ж.б.лар.

  • @user-kr3lc8tt9e
    @user-kr3lc8tt9e Год назад +1

    Акындык Кудайдан Акындар улут кузгусу

    • @user-nm6vz1bj7v
      @user-nm6vz1bj7v Год назад

      Туголбай "Улутман" программада кандай темада болбосун ушунчолык сонун, тушунуктуу жана кызыктуу озуда ото билимдуу, накта кыргыз инсаны.Кыргыз элине бир жаралган, кудайдын суйгон пендеси,бар бол ден-соолукта уй- булон менен жашоонун рахатын кор.

  • @user-ry9ow9sk2l
    @user-ry9ow9sk2l Год назад

    ТҮГӨЛБАЙ ага өтө туура айттыңыз, ошол Тез кабардын балдары орус тилин такыр билбейт тантырашып, бирок орусча сүйлөп күйгүзөт дабдырашып.

  • @user-pt8ku9yy9b
    @user-pt8ku9yy9b Год назад +1

    Бердике менен Максат Райкан менен Мидиндей болуп ээрчишип адабиятка салымынарды кошуп журобергиле ананайындар.

  • @user-sv3co6gj8c
    @user-sv3co6gj8c Год назад

    Миңден бирибиз,Түгөлбай агайдын деңгээлинде ой жүгүртө алганда,улутубуз балким көрүнгөндү туурабай,кыргыз бойдон сакталып калат белек...

  • @user-fm2fd5sp4i
    @user-fm2fd5sp4i Год назад +1

    Рахматагай баягы кочолордун атын жерлердин атын кыргыздын баатырлардынатын негизи эле кыргызча койсок

  • @mairambek3089
    @mairambek3089 Год назад

    Ушул сыяктуу маданият көйгөйлөрдү болобу , саясий көйгөй болобу бат баттан чыгарып жалпы теле радиодон берилип турса ,аз болсо ашыкча кеткендерибиз уялаар белек..