Баткен облусунда курулуп бүткөнтурак-жайлардын абалы

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 15 июн 2023
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы каргашалуу окуялардын натыйжасында талкаланган Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу бир нече айылдарында курулуп бүткөн турак-жайлардын абалы менен таанышты.
    Текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облусу боюнча жалпысынан 417 турак-жай жабыркаганы, бүгүнкү күндө 416 турак-жайдын курулушу бүткөрүлгөнү айтылды. Ак-Сай айылында жайгашкан бир үй 2 күндүн ичинде бүткөрүлөөрү белгилүү болду.
    Белгилей кетсек, үйлөрдү курууга республикалык бюджеттен 1,3 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.
    Бүткөрүлгөн үйлөр менен таанышып чыккан Акылбек Жапаров өзгөчө макамга ээ болгон Баткен облусун өнүктүрүү мамлекеттин приоритеттүү багыты экенин белгиледи.
    “Мамлекет башчысы Баткен облусунун “депутаты” дагы, “министри” дагы экенин, облус калкынын жашоосун мурдагы нукка буруу үчүн бардык шарттарды колдонобуз деп бир нече жолу айткан. Бардык шарттары бар турак-жайлар курулуп бүттү, социалдык объектилер, аскердик инфраструктураны бүтүрүү стадиясында турат, жолдор, анын ичинде ички жолдор курулууда. Акырындык менен жашоо жакшырып баратат, баары жакшы болот, Баткенди гүлдөп-өсүү гана күтүп турат”, - деп баса белгиледи МинКаб Төрагасы.
    Андан соң ротация менен келген жергиликтүү бийлик башчыларына курулган кызматтык үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.
    Учурда үйлөрдүн курулушу 85%га бүтүп калды, тактап айтканда, пайдубалын түптөө бүткөрүлүп, чатыры жабылып, ички жана тышкы оңдоо иштери бүткөрүлдү.
    Маалым болгондой, облус боюнча жалпысынан 31 ушундай турак-жай курулат.
    Иш сапарынын биринчи күнүнүн соңунда МинКаб Төрагасы Лейлек районунун ички жолдорун реконструкциялоо иштери менен таанышып, жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.
    «ЭРКИН-ТОО» МАМЛЕКЕТТИК РАСМИЙ ГЕЗИТИ
    _________________________________________
    Биздин сайт - www.erkin-too.kg/
    Инстаграм - / erkintoo.kg
    Фейсбук - / erkintoo.kg
    Ютуб - / @user-tv6iw1xk4b
    Телеграм - telegram.me/+-Vvnr0xngUA4NjEy
    #кыргызстан #эркинтоо #кабарлар #ош #баткен #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #чуй #бишкек #жаңылыктар #маалымат

Комментарии • 1

  • @m.1305
    @m.1305 Год назад

    Только показуха экен да 🥴🥴😏😏