ИИМдин Республикалык окуу борборунда талапкерлердин бүтүрүү аземи болуп өттү.

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 24 июн 2024
  • ИИМдин Республикалык окуу борборунда талапкерлердин бүтүрүү аземи жана Укук бузуулардын алдын-алуу Борборунун ачылышы болуп өттү.
    2024-жылдын 25-июнь күнү ИИМдин Республикалык окуу борборунда талапкерлердин бүтүрүү салтанаты өткөрүлүп, 81 талапкер окууларын ийгиликтүү аякташты.
    Аталган салтанаттуу иш-чарага Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Омск Академиясынын башчысынын орун басары, юридика илимдеринин доктору, профессор, милициянын полковниги Владимир Гусеев, Россиянын Ички иштер министрлигинин Башкаруу академиясынын профессору, юридика илимдеринин доктору, Юрий Калюжный жана Укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча кеңешчиси Равшан Абдукеримов, ошондой эле РОБдун ардагери милициянын отставкадагы полковниги Алмаз Иманов, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, ЖМК өкүлдөрү жана РОБдун өздүк курамы катышты.
    Борбордо билим алып жаткан талапкерлердин окуудагы ийгиликтери, үлгүлүү жүрүм-туруму, маданий-массалык жана коомдук иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн тандалган талапкерлерге Борбордун жетекчилиги жана коноктору тарабынан сыйлыктар тапшырылды.
    Иш-чара талапкерлердин аткаруусунда жеңил бий, бир сызыкта туруучулардын курал менен аткаруучу ыкмалары, обондуу кыргызча, орусча ырлар жана милиция маршы номерлерин аткаруу менен коштолду.
    Ошондой эле, талапкерлердин бүтүрүү салтанатына утурлай эле Республикалык окуу борбордун базасында Европадагы Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) колдоосу менен Укук бузуулардын алдын-алуу Борбору ачылды. Борборду Укук бузуулардын алдын-алуу Борборун Европадагы коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү, кеңешчи Константин Бедарев жана РОБдун башчысы милициянын полковниги Бакыт Дубанаев ачышты.
    Жаңы ачылган Борбордун ачылышында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулардын алдын-алуунунун негиздери жөнүндө маалыматтар айтылды.
    ИИМдин Басма сөз кызматы

Комментарии •