Меңди МАМАЗАИРОВА: "Мадинанын күйөөсү жакшы болгондо эбак эле гүлдөмөк..."
HTML-код
- Опубликовано: 5 фев 2025
- “Жүрөгүмө өзүң гана чак келдиң”, “Махабат балладасы” аттуу китептердин жана бир топ обондуу ырлардын автору, акын Мадина Тураеваны колдоо максатта кечээ (6-апрелде) Бишкектеги «Сейтек» балдар борборунда кайрымдуулук концерти болуп өттү.
Уюшулган иш-чарага бир топ атактуу ырчылар (К.Эралиева, Ш.Аскарова, С.Каримов. Ж.Калчаева, Р.Нургазиева ж.б.) келип ырдашты, белгилүү адамдар сөз сүйлөштү. Кыргыз эл акыны Меңди Мамазирова акындын ата-энесин да жакшы тааныгандыктан Мадина айымды кенедейинен жакшы билерин, кызындай эле болуп калганын айтып, кийин зөөкүр күйөөгө туш болуп, ден соолугунан ажырап калганын, чыгармачылыктан өксүп калганын баса белгилеп, президент Садыр Жапаровго бир бөлмөлүү үй берүүгө жардам берип коюшун суранды. "Мадинанын баш калкалаар жери болсо эле дагы деле ыр жаза бермек, ден соолугу да оңолмок. Ушундай кайрылуумду, үнүмдү президенттик аппараттан келген өкүл президентке жеткирет деп ойлойм",- деди Кыргыз эл акыны.
Туура айтыптыр эжекебиз