Майсалбектин каты. "Саманчынын жолу" повестинен үзүндү. Окуган Ырысбек Шарше

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 19 ноя 2018

Комментарии • 48

  • @user-bt6jc9fe7y
    @user-bt6jc9fe7y 5 лет назад +94

    «Апаке, ак сүтүңдөн айланайын апакем, - деп баштаптыр. - Мен сени кандай киши экенинди билбесем, бул катты жазбайт болчум. Сенин акылмандыгыңа, кайратыңа, сенин күчүңө ишенип жазып отурам. Ошентседа эмне деп түшүндүрүп, эмне деп айтууга сөз табалбай, алакандай ак баракты тиктеп отурган кезим.
    Акыр түбү менин кылган ишимди туура деп табарсың, мен ага өзүмө ишенгендей ишенем. Ооба, апа, сөзсүз мени туура дээрсиң... Антсе да, түшүнсөң да, жүрөгуңдүн түпкүрүндө мага деген айтылбаган сурооң калар: «Балам, кантип өз өмүрүңдү өзүң кыйдың? Адамга бир гана жолу берилчү бул жарык дүйнө менен кантип өзүң эле коштошуп кете бердиң? Мен сени эмнеге төрөп, эмнеге өстүрүп чоңойттум? » Ооба, апа, энесиң, сенин бул сурооңо тарых кийин жооп берер. Ал эми менин айтарым, согушту биз тилеп алган жокпуз, бул көптүн башына келген кыйын иш, бүткүл адам баласына балта урган зулум күч. Биз аны менен күрөшпөй коё албайбыз, аны үчүн кан төгүп, аны үчүн жан берип, аны кыйратып жок кылууга милдеттүүбүз. Антпесек биздин адам деген атыбыз өчөт. Мен согушта жүрүп эрдик көрсөтөйүн деп эчкачан эңсеген эмес элем, мен өзүмдү эң бир жөнөкөй, эң бир асыл ишке - мугалимдикке даярдап жүргөм. Заманым ушул экен, балдарды тамга таанытып окутуунун , ордуна, курал кармап жоокер болдум. Ал менин айбым эмес.
    Мына азыр мектепте окуучу жаштарга менин биринчи жана эң акыркы берип кетер сабагым ушул, аларга окутуп кеткен билимим да ушул. Буга мен турмуштан алып чыккан баардык билимимди, баардык дилимди жумшайм.
    Бир сааттан кийин мен Мекеним тапшырган ишке барып, кайра кайтпаймын. Душмандын талылуу жерине барып, аны кыйратып өзүм да жок болом. Мекен үчүн, эл үчүн, жеңиш үчүн, дүйнөнүн баардык жакшылыгы үчүн...
    Бул менин акыркы катым, акыркы калем шилтешим, акыркы сөзүм. Апа, миң бир эки апа десем да,кадырыңа жетер белем, түшүнгүн: бул жөн эле өлүп берүү эмес, бул жөн эле жанкечтилик эмес, бул өмүр сүрүүнүн эң бир эбегейсиз түрү. Кулакка балким, жат угулса да, бул жашоо үчүн болгон өлүм. Мен өз ыктыярым менен ушуну туура таптым. Мен эч кандай кылчактаган жерим жок. Мекеним бул ишти мага ишенип тапшырганы үчүн сыймыктанам!
    Мени жоктобо, апа. Менин артымда туягы калган жок дебе. Дүйнөдө мындан нары согуш болбосо, жаңыдан төрөлгөн баланын ыңаалаганы - ошол мен, бой жеткен кыздардын жоодураган көздөрү - ошол мен, бутакта көгөргөн жалбырак - ошол мен, талаада өнүп чыккан эгин - ошол мен, мугалимдин балдарга биринчи үйрөткөн «А» тамгасы - ошол мен, ощонун баары мен, ошонун баарын мен, мен деп билип жүргүн, апа!
    Ыйлаба, апа, эч ким ыйлабасын, Мындай өлүм үчүн эч ким ыйлабасын.
    Кош, түбөлүккө кайыр кош!.. Кош, карааныңдан айланайын, Ала-Тоо!
    Сенин мугалим уулуң - лейтенант Майсалбек Субанкулов.
    Фронт. 9-март 1943-ж. түнкү саат - 12.»

    • @farhodabdumanapov169
      @farhodabdumanapov169 3 года назад +1

      Лсщсолмивралсолвиыиывьылвьа тв алвжаивлаошв вшалщыовлвовгвогвшрвшвгвоыгыовровгвтвоылыоврылгвовововоовлышвшвлвшыьшылвоыовлышвшоаослсьажузц09цг3шцгуташашалоалвосьвовтаодвсилвосствьлслмшммммимимммммммммммымыммымиииуммммммммми ммммммууухххххааааааммммммммммммммаааааадддддддддддддддккккккккккккккккккоооооооооооооооодддддддддддддддииииииииииииииииииииииииииииииииииииррррррррррррррррррррррррррррррррррррр

    • @fastfenix8092
      @fastfenix8092 3 года назад

      зб

    • @angelochkatv1147
      @angelochkatv1147 3 года назад

      🤧

    • @user-ex9gg1iu7w
      @user-ex9gg1iu7w 3 года назад +1

      красавчик

    • @user-ex9gg1iu7w
      @user-ex9gg1iu7w 3 года назад

      иаоаосососшатащат

  • @user-lx7hc6wp9r
    @user-lx7hc6wp9r 4 года назад +20

    Бейиш эненин таман алдында дегенди бекер айтпаса керек😟😢

  • @user-qk9pp7vb3c
    @user-qk9pp7vb3c 6 месяцев назад +2

    Эх😢

  • @user-fl3no9rn4f
    @user-fl3no9rn4f 4 года назад +11

    Азамат

  • @perizatkadyrova7879
    @perizatkadyrova7879 3 года назад +3

    😭🤲😭🤲❤️🥰😊😘омин😭😭😭😭😭😭😭😭😭👍👍👍👍

  • @kyrgyzbal1965
    @kyrgyzbal1965 5 лет назад +8

    Красавчик

  • @user-gy7fp6hc7u
    @user-gy7fp6hc7u 2 года назад

    Эн мыкты!!журоктун тупкуруно жеткизе айтты👏👍❤️

  • @user-yw5sj7qp8f
    @user-yw5sj7qp8f 3 года назад +4

    Сонун үнүңүз бар экен.

  • @aygulesenalieva233
    @aygulesenalieva233 3 года назад +3

    Онорун оркундой берсин, берекем!

    • @moonstudio1930
      @moonstudio1930  3 года назад

      Чооооооооон рахмат мамоу!

  • @user-gs5rr9lk8w
    @user-gs5rr9lk8w Месяц назад

    😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢

  • @user-lu2rf4sl1h
    @user-lu2rf4sl1h 3 года назад +4

    Апакем менин бейишим

  • @user-tf1pk1dv4k
    @user-tf1pk1dv4k 8 месяцев назад

    😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢

  • @user-ld3ir2uk8k
    @user-ld3ir2uk8k 5 лет назад +9

    Голос классное 😍👍

  • @user-qq2rd7vc6o
    @user-qq2rd7vc6o 4 месяца назад +1

    😢😊

  • @user-ge8gw2cj4u
    @user-ge8gw2cj4u 2 года назад +4

    «Апаке, ак сүтүңдөн айланайын апакем, Мен сени кандай киши экенинди
    билбесем, бул катты жазбайт болчум. Сенин акылмандыгыңа, кайратыңа, сенин күчүңө ишенип
    жазып отурам. Ошентседа эмне деп түшүндүрүп, эмне деп айтууга сөз табалбай, алакандай ак
    баракты тиктеп отурган кезим.
    Акыр түбү менин кылган ишимди туура деп табарсың, мен ага өзүмө ишенгендей ишенем. Ооба,
    апа, сөзсүз мени туура дээрсиң... Антсе да, түшүнсөң да, жүрөгуңдүн түпкүрүндө мага деген
    айтылбаган сурооң калар: «Балам, кантип өз өмүрүңдү өзүң кыйдың? Адамга бир гана жолу
    берилчү бул жарык дүйнө менен кантип өзүң эле коштошуп кете бердиң? Мен сени эмнеге төрөп,
    эмнеге өстүрүп чоңойттум? » Ооба, апа, энесиң, сенин бул сурооңо тарых кийин жооп берер. Ал
    эми менин айтарым, согушту биз тилеп алган жокпуз, бул көптүн башына келген кыйын иш, бүткүл
    адам баласына балта урган зулум күч. Биз аны менен күрөшпөй коё албайбыз, аны үчүн кан төгүп,
    аны үчүн жан берип, аны кыйратып жок кылууга милдеттүүбүз. Антпесек биздин адам деген
    атыбыз өчөт. Мен согушта жүрүп эрдик көрсөтөйүн деп эчкачан эңсеген эмес элем, мен өзүмдү эң
    бир жөнөкөй, эң бир асыл ишке - мугалимдикке даярдап жүргөм. Заманым ушул экен, балдарды
    тамга таанытып окутуунун , ордуна, курал кармап жоокер болдум. Ал менин айбым эмес.
    Мына азыр мектепте окуучу жаштарга менин биринчи жана эң акыркы берип кетер сабагым ушул,
    аларга окутуп кеткен билимим да ушул. Буга мен турмуштан алып чыккан баардык билимимди,
    баардык дилимди жумшайм.
    Бир сааттан кийин мен Мекеним тапшырган ишке барып, кайра кайтпаймын. Душмандын талылуу
    жерине барып, аны кыйратып өзүм да жок болом. Мекен үчүн, эл үчүн, жеңиш үчүн, дүйнөнүн
    баардык жакшылыгы үчүн...
    Бул менин акыркы катым, акыркы калем шилтешим, акыркы сөзүм. Апа, миң бир эки апа десем
    да,кадырыңа жетер белем, түшүнгүн: бул жөн эле өлүп берүү эмес, бул жөн эле жанкечтилик эмес,
    бул өмүр сүрүүнүн эң бир эбегейсиз түрү. Кулакка балким, жат угулса да, бул жашоо үчүн болгон
    өлүм. Мен өз ыктыярым менен ушуну туура таптым. Мен эч кандай кылчактаган жерим жок.
    Мекеним бул ишти мага ишенип тапшырганы үчүн сыймыктанам!
    Мени жоктобо, апа. Менин артымда туягы калган жок дебе. Дүйнөдө мындан нары согуш болбосо,
    жаңыдан төрөлгөн баланын ыңаалаганы - ошол мен, бой жеткен кыздардын жоодураган көздөрү -
    ошол мен, бутакта көгөргөн жалбырак - ошол мен, талаада өнүп чыккан эгин - ошол мен,
    мугалимдин балдарга биринчи үйрөткөн «А» тамгасы - ошол мен, ощонун баары мен, ошонун
    баарын мен, мен деп билип жүргүн, апа!
    Ыйлаба, апа, эч ким ыйлабасын, Мындай өлүм үчүн эч ким ыйлабасын.
    Кош, түбөлүккө кайыр кош!.. Кош, карааныңдан айланайын, Ала-Тоо!
    Сенин мугалим уулуң - лейтенант Майсалбек Субанкулов.
    Фронт. 9-март 1943-ж. түнкү саат - 12.»

  • @user-vp8ky9qg7q
    @user-vp8ky9qg7q 5 лет назад +6

    👍👍👍

  • @__Kalybekov__
    @__Kalybekov__ Год назад +1

    👏

  • @mini_joma1781
    @mini_joma1781 2 года назад

    Сонун азаматсынар

  • @user-vy4jy4hj3z
    @user-vy4jy4hj3z 4 года назад +3

    Браво

  • @user-zp4cn2jh8o
    @user-zp4cn2jh8o 2 года назад

    Азаматсын эн соонун болуптур 👍

  • @user-fc4kk2ym3p
    @user-fc4kk2ym3p 4 года назад +2

    Кросава

  • @user-bp5re9um3y
    @user-bp5re9um3y 4 года назад +2

    👍👍😢😢

  • @erlanbakalov2202
    @erlanbakalov2202 Год назад

    Аябай жакшы окуптурсуз, көбүрөөк ушундай видеолорду чыгарсаңыз жакшы болмок)

  • @user-oo3zu5jm5u
    @user-oo3zu5jm5u 2 года назад +2

    Майсалбектин каты
    "Апаке, ак сүтүңдөн айланайын апакем. Мен сени кандай киши экениңди билбесем, бул катты жазбайт болчумун. Сенин акылмандыгыңа, кайратыңа, сенин күчүңө ишенип жазып отурам. Ошентсе да эмне деп түшүндүрүп, эмне деп айтууга сөз табалбай, алакандай ак баракты тиктеп отурган кезим.
    Акыр түбү менин кылган ишимди туура деп табарсың, мен ага өзүмө ишенгендей ишенем. Ооба, апа, сөзсүз мени туура дээрсиң... Антсе да, түшүнсөң да, жүрөгүңдүн түпкүрүндө мага деген айтылбаган сурооң калар: "Балам кантип өз өмүрүңдү өзүң кыйдың? Адамга бир гана жолу берилчү бул жарык дүйнө менен кантип өзүң эле коштошуп кете бердиң? Мен сени эмнеге төрөп, эмнеге өстүрүп
    чоңойттум?" Ооба, апа, энесиң, сенин бул сурооңо тарых кийин жооп берер. Ал эми менин айтаарым, согушту биз тилеп алган жокпуз, бул көптүн башына келген кыйын иш, бүткүл адам баласына балта урган зулум күч. Биз аны менен күрөшпөй коё албайбыз, аны үчүн кан төгүп, аны үчүн жан берип, аны кыйратып жок кылууга милдеттүүбүз. Антпесек биздин адам деген атыбыз өчөт. Мен согушта жүрүп эрдик көрсөтөйүн деп эч качан эңсеген эмес элем, мен өзүмдү эң бир жөнөкөй эң бир асыл ишке - мугалимдикке даярдап жүргөм. Заманым ушул экен, балдарды тамга таанытып окутуунун ордуна, курал кармап жоокер болдум. Ал менин айыбым эмес.
    Бир сааттан кийин мен мекеним тапшырган ишке барып, кайра кайтпаймын. Душмандын талылуу жерине барып, аны кыйратып өзүм да жок болом. Мекен үчүн, эл үчүн, жеңиш үчүн, дүйнөнүн бардык жакшылыгы үчүн...
    Ыйлаба, апа, эч ким ыйлабасын... Кош, түбөлүккө кайыр кош!.. Кош, караныңдан айланайын, АлаТоо!
    Сенин мугалим уулуң - лейтенант Майсалбек Субанкулов".

  • @user-oq6xe7nj2r
    @user-oq6xe7nj2r 2 месяца назад

    "Апаке, ак сүтүңдөн айланайын апакем. Мен сени кандай киши экениңди билбесем, бул катты жазбайт болчумун. Сенин акылмандыгыңа, кайратыңа, сенин күчүңө ишенип жазып отурам. Ошентсе да эмне деп түшүндүрүп, эмне деп айтууга сөз табалбай, алакандай ак баракты тиктеп отурган кезим.
    Акыр түбү менин кылган ишимди туура деп табарсың, мен ага өзүмө ишенгендей ишенем. Ооба, апа, сөзсүз мени туура дээрсиң... Антсе да, түшүнсөң да, жүрөгүңдүн түпкүрүндө мага деген айтылбаган сурооң калар: "Балам кантип өз өмүрүңдү өзүң кыйдың? Адамга бир гана жолу берилчү бул жарык дүйнө менен кантип өзүң эле коштошуп кете бердиң? Мен сени эмнеге төрөп, эмнеге өстүрүп
    чоңойттум?" Ооба, апа, энесиң, сенин бул сурооңо тарых кийин жооп берер. Ал эми менин айтаарым, согушту биз тилеп алган жокпуз, бул көптүн башына келген кыйын иш, бүткүл адам баласына балта урган зулум күч. Биз аны менен күрөшпөй коё албайбыз, аны үчүн кан төгүп, аны үчүн жан берип, аны кыйратып жок кылууга милдеттүүбүз. Антпесек биздин адам деген атыбыз өчөт. Мен согушта жүрүп эрдик көрсөтөйүн деп эч качан эңсеген эмес элем, мен өзүмдү эң бир жөнөкөй эң бир асыл ишке - мугалимдикке даярдап жүргөм. Заманым ушул экен, балдарды тамга таанытып окутуунун ордуна, курал кармап жоокер болдум. Ал менин айыбым эмес.
    Бир сааттан кийин мен мекеним тапшырган ишке барып, кайра кайтпаймын. Душмандын талылуу жерине барып, аны кыйратып өзүм да жок болом. Мекен үчүн, эл үчүн, жеңиш үчүн, дүйнөнүн бардык жакшылыгы үчүн...
    Ыйлаба, апа, эч ким ыйлабасын... Кош, түбөлүккө кайыр кош!.. Кош, караныңдан айланайын, АлаТоо!
    Сенин мугалим уулуң - лейтенант Майсалбек Субанкулов".

  • @user-tz8hu7vz7k
    @user-tz8hu7vz7k 2 года назад

    😢😢😢

  • @dastantorokulov3325
    @dastantorokulov3325 Год назад

    ыйлабай тура албадым.

  • @rustamkutmanaliuulu6559
    @rustamkutmanaliuulu6559 5 лет назад +9

    Минус кандай аты?

  • @user-ew1mh7vj3d
    @user-ew1mh7vj3d Год назад

    Музыканын аты эмне

  • @user-lq7vd8np9u
    @user-lq7vd8np9u 4 года назад +2

    Бул жанар акаев екен

  • @user-tv8hq2hb8s
    @user-tv8hq2hb8s 2 месяца назад

    Мы. Мм м

  • @aichurokabdyrazakovna
    @aichurokabdyrazakovna Год назад

    Ушул музыканын атын айтып койунуздарчы сураныч ким билет?

  • @user-sd6od1yj2m
    @user-sd6od1yj2m 5 лет назад +6

    музыкасы барвы

    • @user-el5eg5ci1h
      @user-el5eg5ci1h 5 лет назад +3

      Ооба бар.0709 78 30 68 ватсаптан жазсанар.

    • @meridianaturusbekovva2398
      @meridianaturusbekovva2398 4 года назад

      @@user-el5eg5ci1h мага ушул музыка керек болотат