Ажырашкандарды жараштырган ыр. Баары ыйлашты го чиркин.

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 19 окт 2024
  • Бул ыр негизи Казак боордошторубуздун ыры.Эзелтен Казак-Кыргыз канатташ эл болуп жашап келген эл эмеспизби. Бири бирибиздин ырыбыз бири бирибизге ооп дегендей. Алара биздин ырды ырдашып, биз алардыкын аткарып келишет. Ошентседа бул ырды аткаруучудан уруксат суроо учун Казак акыны Ринат Зайытов деген акындан сураштырдык. Алгылыктуу жооп болбогондо жазма акындарына да кайрылып кордук. Акыры уюлдук телефонун алып , аткаруучу Нурмухаммед Жакыптын атасына байланышка да чыгып ала албай койдук. Ошентип мындай тарбиялык ырды Ыйман Кечесине колдондук. Бирок ошону менен калып калбастан Музарт тобунун продюссери Эрлан агада байланыштык. Ошондо ал агабыз бул ырды Кудай кааласа уруксатын алып берем деп бизди сооротту. Ананда Кыргыз ырчысы Данияр Эрматовда ал иниме мен ырымды бергем, бир нерсе болсо мен дагы суйлошуп берем деп бизге умут байлады. Ошондой болсо да биз Нурмухаммед Жакып аттуу ырчыбызга жана ата-энесине томондогучо кайрылуубузду билдирмекчибиз!
    Урматтуу Казак боордошторубуз биз сиздерге Алланын амандыгын, Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) шапаатын насип этуусун каалайбыз. Анткени ушундай таасирдуу ырды жаратып Казак - Кыргыз элине салым кошконунуздарга. Биз бул ырды Пайгамбарыбыздын атын таанытуу максатында гана пайдаландык. Туура уруксат маселесин озунуздордон алсак жакшы болмок , бирок сиздер менен байланыша албагандыктан ушундай жагдай жаралып калды. Кеч болсо да акыныздарды адал кылыныздар. Кичинекей инибиз Нурмухаммед Жакыпда алдыда чыга турган биздин программабыздагы ырларыбызды ырдаганга уруксат беребиз! Биз сиздердин ишиниздерди баалайбыз. Сиздердин жана биздин максат элди туура жолго чакырып, жаман жолдон кайтаруу болуш керек деп ойлойм. Дагы бир ирет акыныздарды адал кылыныздар!

Комментарии • 50