Дидактика / Аман Токтогулов / Поэзия

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 2 окт 2024
  • ДИДАКТИКА
    Жакшы адамдар кор болуп жамандарга
    иши түшүп алдына келип турса,
    Кем акылдар өздөрүн «гений» сезип
    Кем акыл деп башканы сөгүп турса
    Эң татыктуу адамдар иштечү ишти,
    эбин таап эпчилдер ээлеп турса,
    Алакандай бир жердин адамдары
    бирин-бири көралбай көөлөп турса.
    Бул көрүнүш төрөйт кейиш.
    Бирок ал дайым жүрсө көкүрөктө
    кейигенден эч нерсе өзгөрбөсө,
    Андан туулат коркунучтуу
    сезим өлүк - баарына кол шилтеген
    кайдыгерлик.
    Алдыңбы аялыңды, алгандай бак,
    Көгүчкөндөй кулпунтуп, көңүлүн тап.
    Өмүр бою сыйынып өткөндөй кыл,
    Жакпаса да ал сага, сен ага жак.
    Ырас, иним, жакшы аял - ордолуу шаар,
    Бирдей эмес бирок да бардык аял.
    Өз койнуңдан суурулуп чыга келип,
    Маңдайыңда ышкырып тургандар бар.
    Андай аял бир алса мурунтуктап,
    Алыс качат дос-курбу, урук-тууган.
    Токмок болот ал аял сен кутулгус
    Күндө бир маал төбөңө уруп турган.
    Эл бар жерде момундун кейпин киет,
    Эл жок жерде атылып октой тиет.
    Жылдар өтөт, акыры жеңилесиң
    Сен билбейсиң - бүт баарын ошол билет.
    Колуктуңду көргөздүң. Болсун, баатыр.
    Колтугуңа жармашып бара жатыр.
    Кыз кезинде кишинин баары жакшы
    Кылдай кайгың жок жүргөн чагың азыр.
    Аял жакшы - эр жакшы. Бакыт конот,
    Чачылганың жыйналат, бөксөң толот.
    Калк айткандай алган жар - ордолуу шаар,
    Картайганда өзүңө эне болот.
    Ырас аны жараткан антип кудай,
    Бирок кеп бар айтылчу буган улай:
    Келин жакшы, келген жер жаман болсо
    Ажаан болот аргасыз момун жубай.
    Колуктуңду көргөздүң. Болсун, баатыр.
    Колтугуңа жармашып бара жатыр.
    Жаман аял билбеймин кайдан чыгат,
    Жакшы зайып табылгыс бир кен азыр.
    Аман Токтогулов
    #кыргызпоэзиясы #амантоктогулов
    #поэзия

Комментарии •