“ КАРА МЫШЫК “ ЫСМАЙЫЛ КАДЫРОВ | Ангеме |

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 25 окт 2023
  • Кимдир бирөөнүн мышыгы тууганда “мынча мышыкты эмне кылам?” - деп ар кайсы короого бирден ыргытканбы же балдар уурдап чыгып оюндары канганда таштаганбы, айтор жазга маал короодо жаңы гана көз ачкан кичинекей кара мый пайда болду. Мый бул үйдөгүлөргө жагып калды. Ушул үйдө чоңоё баштады. Бул үйдө чал менен кемпир жашоочу. Мый экөөнү тең жакшы көрүүчү. Кемпир анын курсагын бөксөртчү эмес, чал жонунан сылап мештин түбүндө отурчу. Мый үчүн жашоо ушундай гана өтө берүүчүдөй сезилчү. Убакыт зыпылдап өтүп жатты. Мыйдын куйругу менен ойногон балалыгы калып, капкара мышык болду.
    Бир күнү адаттагы турмуш өз нугунан бузулуп, чал төшөккө жатып калды. Кирип­чыккан эл көбөйдү. Бир жума өтпөй үйдөн чуу чыкты. Сыртка боз үй тигип, чалды анын капшытына жаткырышты. Опур­топур, ый­өкүрүк, ызы­чуудан мышыктын башы айланды. Кечинде киши азайган кезде мышык жыла басып, чалга жакындады. Жонунан сылап, эркелеткенин сагынган эле. Кара жоолук салынып, тескери карап отурган аялдардын бирөө көрө коюп, тапичкеси менен бир чаап, мышыкты кубалап чыкты. Эми ал үйгө жолобой короодо гана жүрдү. Эртеси түш оой чалды көтөрүп чыгышты да, үй жанына бир аз коюп, эл тегеректеп сүйлөп, айрымдары ыйлап басылышкан соң кайдадыр алып кетишти. Коргондун кырында эч нерсеге түшүнбөй карап отурган мышыктын ичи ачышып, мыёлоп жиберди, бирок кайра келээр деген үмүттө кала берди.
    ruhesh.kg/ky/dasmiya/1182-kadi...
    #аудиокитеп #кыргызча #чыгарма #аңгеме #укмакитеп #сүйүү #жашоо #бакыт #өмүр #пайда #сооп # китеп #билим

Комментарии • 4

  • @user-nf5jt1qw9w
    @user-nf5jt1qw9w 9 месяцев назад +2

    Абдан сонун ангеме экен, Байке сизге чыгармачылык ийгилик каалайм, окуган кыздын уну да жагымдуу, уккулуктуу, дагы да коптогон чыгармаларын кутобуз агайдын.

  • @user-yi9me5kg9o
    @user-yi9me5kg9o 9 месяцев назад +2

    Бечера мышык. Дагы башка чыгармаларындан кутобуз.Рахмат абдан жакшы окуйт экенсин👍⚘⚘⚘

  • @dastanabdullaev
    @dastanabdullaev 3 месяца назад +1

    Соонун❤

  • @Wisdomwhispers7777
    @Wisdomwhispers7777 9 месяцев назад +1

    ❤❤❤