ЗАМАНБАП МУГАЛИМ КАНДАЙ БОЛУШ КЕРЕК?

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 8 дек 2022
  • #Пятый_канал​​​​​​​​​​​​​​
    Наш сайт: https: 5tv.kg/​​​​​​​​​​​​​​
    Facebook: / ​​​​​​. .
    Instagram: 5tv_kg?hl=r​

Комментарии • 94

  • @user-jc7vw7pk3r
    @user-jc7vw7pk3r Год назад +11

    Мыкты маек болуптур. Мугалимдер бар болгула!

  • @user-ou9lc7tt5s
    @user-ou9lc7tt5s Год назад +17

    Эң сонун берүү. Алып баруучуга терең ыраазычылык билдиребиз. Абдан кызыктуу, сонун маек болуптур.
    Качан кыргыздын кыртышынан чыккан уникалдуу мугалимдерди колдойбуз?
    Ушундай көп жылдары апробация, эксперимент жүргүзүп жыйынтык көргөзгөн мыкты мугалимдердин усулдарын жайылтыш керек. Алып баруучу туура айтып жатат, мугалимдин айлыгын 100 миң сомго чейин көтөрүп, андан кийин талапты күчөтүш керек.
    Гапыр агай айткандай мугалимдин статусун, имиджин көтөрүү керек. Ал үчүн КРББ министрлиги тарабынан көп жылдан бери натыйжасын көрсөтүп келе жаткан Гапыр Мадаминовдун мектебинде өткөрүлүп жаткан "Акыл эмгегинин маданияты", "Ата-энелер мектеби", "Инсан таануу" , "Жаш мугалимдер мектеби" аттуу баарыбызга керектүү сабактарды киргизүү жана жайылтыш керек.

    • @Ali-vz3ip
      @Ali-vz3ip Год назад

      По

    • @akmaral_bermet349
      @akmaral_bermet349 Год назад

      Эн соонун маек болуптур предметтерди н негизгисин гана окутуш кк дегенге кошулабыз

  • @user-bq4sq8kb5e
    @user-bq4sq8kb5e Год назад +7

    Коп жашаныз Гапыр Мадеминов агай эн туура айттыныз Колдо бар алтындын баркы жок дегендей Агайдын методдорун колдонуу,керек.Даяр программа

  • @aynurakalandarova5781
    @aynurakalandarova5781 Год назад +11

    Мыкты берүү, мыкты алып баруучу. Керим байке ийгилик сизге, Гапыр агайды көп - көп чакырып турунуз. Г. Мадаминов көйгөйлөрдү айтып эле, сындап эле койбостон чечүүнүн жолдорун айтып, китептерин көрсөтүп, ишинин результатын айтып отурат, а жанындагылар дагы деле Кореяны, Япония, Американы сүйлөп отурат мисал келтирип (алып баруучудан башкалары). Бир аз ичибизди кенен коёлучу кыргызым.

    • @Aika012
      @Aika012 Год назад

      Мен дагы ушу нерсеге абдан кейидим Айнура эже

    • @user-hi4em9mu5z
      @user-hi4em9mu5z Год назад

      Эң туура 👍👍👍

    • @abubakirabubakir8955
      @abubakirabubakir8955 Год назад

      Эң туура

    • @Aibiyke_aiym
      @Aibiyke_aiym Год назад

      Мен ушул нерсени айтайын дегем

    • @Aibiyke_aiym
      @Aibiyke_aiym Год назад

      Чет жакты карабайлы өзүбүздү карайлы

  • @user-uw2mx7kk5e
    @user-uw2mx7kk5e Год назад +17

    Силер отуруп алып Оз оюнарды бербейсинер мадеминовдун китептерин окуп ошонун методикасын колдосонор бары чечилет Мадеминовду укпай Оз билемдик кылып атасынар алдынарда отуруп агай озун не удобный сезип кетти ал баарын жазып корсотуп койгон ошондон пайдалансанар болот колдо бар залкарды баалайлы кыргыз элим

  • @user-zk4xi4cd3b
    @user-zk4xi4cd3b Год назад +5

    Туура айтат Гапыр агай, ал жазган китепти мугалимдерге таркатыш керек, сунушташ керек. Учителя должны читать эти книги. Сейчас учителя занимаются тем, что заполняют никому ненужные бумаги, все их время уходит на это😢Некогда просвящаться бедным учителям

  • @Aika012
    @Aika012 Год назад +5

    Керим ага Гапыр Мадеминовдун өзүн чакырыңызчы, ошондо эфириңиз укмуш болот.

  • @user-ks9wg2rg6p
    @user-ks9wg2rg6p Год назад +2

    Шумдуктуу аңгемелешүү...👍🏻👍🏻👍🏻❤️🇰🇬✊️

  • @user-vm2zm7xk4f
    @user-vm2zm7xk4f Год назад +4

    Билимди көтөрүш үчүн,биринчи мугалимге мүмкүнчүлүк берүү керек.Кандай?Өзүн өнүктүргөнгө, өзүн тарбиялап,билим бериш үчүн сабакка даярданып,изилденгенге мүмкүнчүлүк берүү керек.Ан үчүн мугалим көчө жыйнабаш керек ,чоңдор келди деп чогулуштарга айдалбаш керек,ашыкча семинар,кустовойлорду жоюу керек ж.б.
    Анан материалдык ,моралдык жардам.Эгерде мугалимдин кийими бүтүн,курсагы ток,үй-бүлөсүндө баары жакшы болсо,ал мугалим мыкты болот.Айдай эң туура айтат.Аялды коргоо,колдоо керек.
    Себептери көп.

  • @Aika012
    @Aika012 Год назад +8

    Айланайындар силер айтып, көтөрүп чыккан көйгөйлөрдүн баарына Гапыр Мадеминов агайыбыздын китептеринде жооп берилген.Ошол китептерди эле жайылтып, агайдын методдорун мектептерге милдеттүү түрдө өтүү керек.

  • @Aika012
    @Aika012 Год назад +2

    Керим Айдаров мыкты журналист экенсиз. Көтөргөн темаңыз да абдан актуалдуу экен

  • @user-hs7ck5kx9t
    @user-hs7ck5kx9t 11 месяцев назад +1

    Мен ойлойм да
    Балдарга билим берүү сиңимдүү болуу үчүн балдар менен бирге жаңылыктарды жаратуу керек

  • @shahsanammamaeva2960
    @shahsanammamaeva2960 Год назад +4

    Ушул маекте айтылгандар баары туура бирок элдик педагогикага кобуроок басым жасаш керек ошону менен бирге алгач ата энелердин билимин остуруш керек.Алар учун тунку окуларды ачып окутуш керек.Иш убактысынан тышкары окутуш керек.Илгери союз маалында вечерний школа деп окушкан.Мунун айтканымдын себеби мугалимдер окуучуга окутуп уйротуп жонотсо ,уйдон окуучуга жардам жок.Баланын бир канаты иштесе ,экинчи канаты иштебей жатат.

  • @user-rg8jr9nm6h
    @user-rg8jr9nm6h Год назад +1

    Өтө сонун берүү болуптур.Өтө маанилүү мамеле козголуптур,билимге көңүл бурчу кез келди.

  • @user-oe8gt2op1f
    @user-oe8gt2op1f Год назад +2

    Гапар агай өмүрүңүз узун болсун.

  • @user-hi4em9mu5z
    @user-hi4em9mu5z Год назад +4

    Гапыр агай менен өзүнчө берүү бериңиздерчи. Койчуманова эркек эч качан идиш жуубайт. Токтомамбетов Америка, Кытай дей бербей, Гапыр агайды колдоңуз!! Ойду-кырды сүйлөй турган заман эмес азыр. Оюн так айткан, тактап сүйлөп аткан Гапыр агайга көбүрөөк сөз бериш керек эле. Сөз талашпай, кун коюп, анан жооп берип отурат. Мен дагы мугалиммин. Гапыр агайды кинодон көрүп, эми таанып отурам. "Агай" сериалын көрбөгөндө, Гапыр агайды тааныбай калмакпыз. Кино тарткан Руслан Акунга рахмат!! Чыгармачылык менен иштеген мугалиммин. Бирок эч ким колдобойт. Ал үчүн директорго, же директордун аялына жакшы көрүнүп, ушак ташып иштешим керек 😢😢 өкүнүчтүү...

  • @user-os9iw3uh6f
    @user-os9iw3uh6f Год назад +2

    Гарип Мадаминовдун гимназиясынын филиалын Ошко ачса,биз жардам берет элек...спонсор болуп.

  • @user-jq1is5mx3v
    @user-jq1is5mx3v Год назад +1

    Эн жакшы мыкты магалимдерди колдоо керек сонун маселе козголду👍👍

  • @user-ro4yw3nf2d
    @user-ro4yw3nf2d Год назад +2

    Өлкөдө эң 1-коррупция жок болсо,баары эң сонун болот.Чыныгы мугалимди-ак эмгек менен иштеген,мыкты,үлгүлүү мугалимдерди сыйлап алсак,мугалимдин баркын көтөрүп алсак,анан өнүгүү болот деп ишенем.Бирок,тилекке каршы,таныш-билиш менен сыйлыкка көрсөтүлөт.Талкуу өтө кызык,маанилүү болду.

  • @user-zd1rd8zu7d
    @user-zd1rd8zu7d Год назад +3

    Орусчадан Кыргызчага которгондор эн сабатсыз.Крутится дегенди учат деп которуп койгон жерлер бар.Мугалимдик кесип,депутатка балатироватса эткен денгеелде болуш керек.

  • @user-vm2zm7xk4f
    @user-vm2zm7xk4f Год назад +1

    Ушундай көрсөтүүлөрдү көбүрөөк чыгарыңыздар.Мугалимдин көйгөйү толтура.Рахмат.

  • @user-zk4xi4cd3b
    @user-zk4xi4cd3b Год назад +1

    Туптуура профиль дик окуутуну киргизиш керек, анткени балдар баардык предметтерди окуп эмне кылам дейт, изначально, поэтому не хотят учиться

  • @user-uw6kk6ps6r
    @user-uw6kk6ps6r 7 месяцев назад

    Соонун берүү, Сиздерге чоң ыракмат

  • @user-qe4oh9wr1y
    @user-qe4oh9wr1y 10 месяцев назад

    Мугалимдер суйлошун билбейт балдарды бөлүп жарып чүнчүтүшөт,өздөрүнү окутуш керек писих баардыгы.

  • @user-ei2uq4ru3u
    @user-ei2uq4ru3u 8 месяцев назад

    Гапыр Мадаминов агайды сыйлайм, агай Аллахым сизге узуун өмүр, бекем ден соолук берсин 🤲🤲🤲🤲🤲

  • @user-sx8hu3rd7q
    @user-sx8hu3rd7q 2 месяца назад

    Гапыр агайды билим беруу министир кылуу керек

  • @user-nl6iv2zv6t
    @user-nl6iv2zv6t 4 месяца назад

    ❤Гапыр агай тура айтты чыгаан мугалимдердин атын атап алып чыкса жалпы педагогдор учун улгу,мотивация болот!

  • @user-vm2zm7xk4f
    @user-vm2zm7xk4f Год назад +1

    Гапыр агай супер адам да.Аман болуңуз!Ар бир мугалимдин оюн билип турат.Накта практик мугалим!

  • @user-vz7ym6sg3m
    @user-vz7ym6sg3m 10 месяцев назад

    Эн мыкты инсандар.Туура идеаны козгошту.Пенсия боюнча туура айтышты

  • @user-db1so8oo3t
    @user-db1so8oo3t 9 месяцев назад +1

    Күчтүү мугалимдердин көп болуусу үчүн окуу жайлар күчтүү студенттерди даярдаш керек .Мектепти эптеп бүткөн окуучулар окуп жатышкан алар да заочный окуйт анан кайдагы күчтүү мугалим чыгат .

  • @user-pr9to2eg2e
    @user-pr9to2eg2e Год назад +2

    Эң сонун маек болуптур

  • @user-fs5im9qu6z
    @user-fs5im9qu6z Год назад +2

    Биринчи айлыкты кобойтуп анан мугалимге шарт койгула

  • @user-ru4wb9fq3b
    @user-ru4wb9fq3b 6 месяцев назад

    Салам Кыргызстан өзгөрүүүү болсууун

  • @user-vm2zm7xk4f
    @user-vm2zm7xk4f Год назад +1

    Укмуш көрсөтүү болуптур.Алып баруучу өтө билимдүү,мугалимди жүрөгү менен сезген адам экен.Мен дагы кайталап көрдүм.Билим берүү системасындагы ар бир көйгөйдүн жообу Мадаминов агайда жатат.Туура айтат,өзүбүздү баалабай,четти эңсеп отурабыз.Мадаминов билим берүүнүн легендасы.Башканын кереги жок.
    Дагы жаңы көрсөтүү күтөбүз.

  • @user-uk3tf4vh8i
    @user-uk3tf4vh8i Месяц назад

    Эмнени талашат отуруп алышып, алддында таланты ийгиликти Коро албагандардан эмнени кутсо болот эмнеге талап жок экен!!!

  • @user-lk6wq3sm2i
    @user-lk6wq3sm2i Год назад +2

    Соонун👍🌹🌹🌹🌹🌹

  • @kushtarbekkimsanov7150
    @kushtarbekkimsanov7150 Год назад +3

    СОНУН берүү болуптур

    • @kadichakadicha
      @kadichakadicha Год назад +2

      Гапыр агайдын эмге Гин Бут Кыргызстана таратыш кк эн сонун болот ГАПЫР агай Алга алгааааа

  • @Aibiyke_aiym
    @Aibiyke_aiym Год назад

    Мыкты маек болуптур
    Бирок кыргызда бар нерсе айтып эле тим болбой практикада көрсөтүү керек отургузуп сүйлөтүп кйосо баары акылдуу бирок деген сөз бар
    Мектептерде мугалимдер бар аябай күчтүү бирок колдоо жок
    Мамлекет колдогону менен мектепте колдоо болбосо кыйын

  • @user-eq3mj2il1k
    @user-eq3mj2il1k Год назад +1

    Мугалимдерди түндүккө жана түштүккө алмаштырып иштетиш керек

  • @user-zf2fj4kp7l
    @user-zf2fj4kp7l 2 месяца назад

    Азаматсыздар мен абдан кубанычтамын сиздердин коптооон койгойлорду айтып которуп чыктынар мен да айта кете турган нерсе наристелерди 5 жашка чейин ойгото албасак анда абдан билимден арта эле калабыз

  • @user-qx2zm7mb7i
    @user-qx2zm7mb7i 7 месяцев назад

    Эң туура айтат. "Эл Баатыры" ... деген сыяктуу мугалимдерге ж.б мыктыларга сыйлык ыйгырыш керек.

  • @user-vm2zm7xk4f
    @user-vm2zm7xk4f Год назад

    Таалайкүл эжей ,мугалимге шарт түзүп анан лицензияны айтыңыз!

  • @user-hr8ug1eb8u
    @user-hr8ug1eb8u 2 месяца назад

    Мугалим жакшы иштеши үчүн! Анын айлыгын көтөрүп эмес,аны ашыкча жумуштардан арылтыш керек,ремонт иши,ишембилик ж.б иштер менен кыйнабашы керек

  • @user-um9cm1wr9r
    @user-um9cm1wr9r Год назад

    Рахмат, маек ото соонун.

  • @user-dy8ru4re6u
    @user-dy8ru4re6u Год назад +1

    Ушул кыз туура айтат

  • @user-it4qr1gd8q
    @user-it4qr1gd8q Год назад

    Гапыр Агай эң мыкты мугалим экенсиз сизди өтө сыйлайбыз

  • @user-zd6me6lr3f
    @user-zd6me6lr3f 10 месяцев назад

    Гапыр агайга Эл баатырына татыктуууу

  • @Aika012
    @Aika012 Год назад +5

    Алмазбек Токтомамбетов мынча кекирейдиңиз мага окщоп, Гапыр агайдын китептери, методдору жөнүндө маалыматыңыз бар туруп бир жолу да оозуңузга алып койбодуңуз, каяктагы чет өлкөлөрдү айтпай

    • @user-ju1mo3cd3v
      @user-ju1mo3cd3v Год назад +2

      Абдан туура айттыңыз. Өз агасын алгалай албаган бирөөнүн агасын сагалайт.

    • @user-su1ew8ug8c
      @user-su1ew8ug8c Год назад +1

      Ичи аябай тар экен

    • @user-ow1kv4jq9f
      @user-ow1kv4jq9f Год назад

      Эээээ Алмаз ал-дейсин, бул-дейсин, ар нерсени тантырайсын, Гапыр агайга жетпейсин..😝😝😝😝😝😝😝😝👍

    • @abubakirabubakir8955
      @abubakirabubakir8955 Год назад

      Туура

  • @user-zd6me6lr3f
    @user-zd6me6lr3f 10 месяцев назад +1

    Алып баруучу мыкты экен

  • @user-lx3ed9qd5p
    @user-lx3ed9qd5p Год назад

    Мугалимдин кадыр-баркын которуу керек.Сиздерге рахмат

  • @user-zm8zi7qd4m
    @user-zm8zi7qd4m 6 месяцев назад

    КАОдо ушинтип окутуш керек.

  • @user-kn6ug9yg5l
    @user-kn6ug9yg5l Год назад

    Пачка пачка студенттерди бүтүрөт университет. Анан эле жумушка кирейин десе места жок эгер таанышы болбосо. Анан Россиялап кетет жүрүп жүрүп места бошогондо келет бирок унутуп калатта профессиясын. Айтып отурсаң маселе көп. Жаш мугалимдерге колдоо көрсөтүш керек платный семинарларга чакыра бербей мамлекет деңгээлинде бекер кругазор психология методикаларды окутуу керек.

  • @Jenishbekov.15
    @Jenishbekov.15 Год назад

    Мугалимдер биринчи өздөрүн өнүктүрүшү керек билимдүү болуш керек.

  • @user-ei3gj6mm5t
    @user-ei3gj6mm5t Год назад

    Жакшы беруу болуптур. Мен Гапыр Мадаминов агай болгон учун гана кордум.

  • @user-it4qr1gd8q
    @user-it4qr1gd8q Год назад

    Баарыныздар мыкты мугалимсиздер бирок баланы тарбиясы эненин курсагында кийин торолгондо эне баласын жок дегенде 4жашында садике бериш керек кийин мектепте мугалим жана ата эне тарбиялаш керек озун озу тарбиялап журушубуз керек Гапыр Агай туура айтып жатат

  • @Jenishbekov.15
    @Jenishbekov.15 Год назад

    Жаш кыз кыйын кыз экен.
    Азыркы учурда мугалимдер азыркы замандын балдары менен окуп иштешкенди билишпейт. Сабап коркутуп ушундай кылышат. Анан Илгери биз минтип окутушчу эле. Мурун бизди минтип койсо коркуп турчук эле дешет . Ал деген эмне коркутуу күн карама айла жоктон кичинесинен жакшы суйлөгөндөргө патхалим кылуу . Кичинесинен коорупцияга көндүрүү болуп саналат. Мектептен коркутуу укуктуу болуп атса кошумча ташыл болуп үйдөн ата эне урушуп окубадын минтпедин деп баланы чүнчүтпөш керек.

  • @noneyim4640
    @noneyim4640 Год назад

    Саламатсыздарбы, Гапыр Мадаминовдун китебин кантип алсак болот, кайсы жерге кайрылабыз

  • @user-zd6me6lr3f
    @user-zd6me6lr3f 10 месяцев назад

    Гапыр Мадамиовдун китептерин таркатып ата энелерге дамы окутуш керек

  • @user-it4qr1gd8q
    @user-it4qr1gd8q Год назад

    Ар бир адам озун озу өнүктүрүү керек мен эмнеге бул жашоого келдим мен Инсанмын эмне кылышым керек теп терең ойлонуш керек Тынбай илим алышыбыз керек

  • @Jenishbekov.15
    @Jenishbekov.15 Год назад

    Мугалимдер өзүнүн кесибин мыкты билсе, өздөрүнүн методуна салып, баланын ички психологиясын билип, билимдүү кылып тарбия бере алат. Анан үйүндө мындай тигиндей деп притензия коё бербеш керек.

  • @Luchshyi888
    @Luchshyi888 4 месяца назад

    Аябай жүдөгөн немелер го баары эле 😢

  • @ZarifaKaraeva
    @ZarifaKaraeva Год назад

    Gapyr agaidy emnege koldoshpoit?❤ Agai baaryn dayardap koigongo😮

  • @user-zd6me6lr3f
    @user-zd6me6lr3f 10 месяцев назад

    Алып баруучунун мугалимдерге стимул катары пенсияга кобуроок акчага чыгаруу дегени жакты

  • @user-vh9zs9uk9e
    @user-vh9zs9uk9e 10 месяцев назад

    Гапыр агайдын китебин кайдан алабыз бала бакчаны эмес мугалимдер оккууган окуу жайды жакшыртыш керек ошол жерден уйронуп келип балдарды окутушсун ата эне жакшы окуутайын деп ата энелер далалат кылат акча толоп жатышат

  • @abubakirabubakir8955
    @abubakirabubakir8955 Год назад

    Токтомамбетов какилдайт эле Гапыр Мадаминовко такыр сөз беришпейт го.

  • @user-hq7nf1zl1n
    @user-hq7nf1zl1n Месяц назад

    Китепти алгым келет

  • @user-hq7nf1zl1n
    @user-hq7nf1zl1n Месяц назад

    Мага жакты

  • @A_A12460
    @A_A12460 Год назад

    Мадаминов дагы эле "белая ворона".

  • @nargizarakhmatova9747
    @nargizarakhmatova9747 Год назад

    Арабаева дейт го😢😢😢

  • @user-fd6cf2ek5z
    @user-fd6cf2ek5z 8 месяцев назад

    Айлыкты мугалимдерге көтөргөнү менен мугалидин изденүүсүнө убакыт бербей жатпайсыңарбы, горононун тапшырмасы менен эле түндөп отурушат

  • @user-kn6ug9yg5l
    @user-kn6ug9yg5l Год назад +1

    Практикадан өткөрүп эмне керектигин жазып көрсөтүп көзгө сайып турат Г.Мадаминов просто уятта даяр көрсөтүп койгонду көрбөй Корея Япония дегендери. Япония кыргыз менталитетине туура келеби жашоо шарты башканы дуурабай өзүбүздөгү мыкты практикадан өткөн методиканы колдонуп көрүү керек.

  • @user-uk3tf4vh8i
    @user-uk3tf4vh8i Месяц назад

    Алдынарда Г. Мадамиов улуттун лидер чыныгы,педагог ,чыныгы чыгармачыл мугалим улутубуздун лидери отурат эмне учун Коро билбейсинер картина тааныбайсыздар ,тан калычтуу.!!!

  • @AyzadaAkimbekova-hl4hb
    @AyzadaAkimbekova-hl4hb 10 месяцев назад

    Бул кыз ото туура емес суйлоду. мугалимдердин айлыгы которулган жок кандай ахиаксынар туура емес жолдо баратат болгону жолдутуурулаш кере

  • @dtyu8ddgfdertuyffredft323
    @dtyu8ddgfdertuyffredft323 Год назад +1

    🐷🐷🐷🐷🐷🐷🐷🐷🐷🐷🐷

  • @abubakirabubakir8955
    @abubakirabubakir8955 Год назад

    Токтомамбетов какилдайт эле Гапыр Мадаминовко такыр сөз беришпейт го.

    • @tyetgg9502
      @tyetgg9502 7 месяцев назад

      Г.Мадамимовдун тажрыйбасын жайылтуу керек,мугалимдердин айлыгын которуп,ставкасын азайтуу керек,мугалимге оз билимин которууго убакыт керек,энелер мектебин киргизуу керек,мугалимдердин проблемасын чечип беруу керек,ошондо мугалим заманбап болот