Улуттук нарк | "НАРК - улут уңгусу" көрсөтүүсү | 1-чыгарылыш

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 29 ноя 2024

Комментарии • 681

  • @СалтанатБогомбаева
    @СалтанатБогомбаева 8 месяцев назад +1

    Эн маанилуу,журокту ойуткон ,создор айтылыптыр.Демек КЕЛЕЧЕК барго деген ОЙ, ар бир адамдын журогуно,канына, акыл -эсине келсе экен.Сиздерге ЧОН Рахмат,ден -соолукта,аманчылыкта болуп,калк арасында тунок тапсын Салт санаа,урп адат,кадыр барк.Оомийин!

  • @anaramoldobachaeva9264
    @anaramoldobachaeva9264 Год назад +37

    С.Касмамбетов; сизде Кыргыздын нарк насили баалуулугун көрөңгөсү өтө көп.Аман болуңуз!Элиңизге көбүрөөк айтып туруңуз.Сиздин сөздөр аба менен суудай керек.👏

  • @AinagulKarimova
    @AinagulKarimova 2 года назад +164

    Эн сонун маек! Элге билим берип, маданиятка, наркка чакырган адамдарыбыз менен бирге каналдарыбыз дагы көбөйө берсин! Түгөлбай агайым туура айттыныз, биз дагы карап отура бербей ар кимибиз ар жерден айта берели, дей берели. Эл кыдыралы, Журт кыдыралы, саябан уюштуралы, көкүрөк көөдөнүбуздө эң кымбат нарктарды кайрадан эсибизге салалы.
    "Өткөнүн билбеген эл - келечекке жол таппайт" деп жапондордун эң сонун макалын айттыңыз. "Ааламдаштыруудан биз дагы Ак Боз аттан түшпөй" аман-эсен чыгалы. Ар бир жан мен киммин, кайда баратам деген суроого туура жооп издесек.
    Дүнүйөдөгү жалгыз жогорку окуу жайдын окутуучусу "Кто я? Зачем я в этом мире?" деген 3 бөлүктөн турган видеодо Жаратканым кандай максатта адамга өмүр бергенин айтат.
    Нарктан кантип кеттик? Анатолий Паламар "Обманутое человечество" деген 3 бөлүктөн турган видеосунда абдан сонун түшүндүрөт. Эн негизги маалымат ошол видеонун алдында жайгашкан. Көргүлө, уккула, сурагыла, менин сүрөтүмдү бассанар каналым чыгат, каалаган видеонун алдына байланыш сөз таштагыла. Бардык суроонорго жооп аласынар, мумкун наркыбызды таркатууга көмөктөш болосуз. Ар дайыма бар бол, Журтум!

    • @МамадалиКалматов
      @МамадалиКалматов 11 месяцев назад +2

      Рахмат

    • @Мадинатабакелова
      @Мадинатабакелова 10 месяцев назад +3

      Чоон Рахмат соонун беруу болду бирок ушуну жеткируу кыйын да ошон учун Бир мектеп ачып эле уялбай эле жашын чектеп туруп эле Ата энелерди н инистутун ачыш керек ошол жерден угуп кнута турганыбызды каспектилепжазып алышыбыз керек анан байбичелерге аксакалдарга кийим кийгенди окутуш керек да мага Туголбай агайдын койногу аябай жакты касиеттуу нарктуу адамды коруп турам Суйутбек агайдын созун уккандан жадабайм таазир алам

    • @AinagulKarimova
      @AinagulKarimova 10 месяцев назад

      @@Мадинатабакелова ата энелер мектеби сыяктуу, жашы 24 төн жогорку тишим өтөт, орусча окуй алам деген адамдар үчүн дүйнөдө жалгыз жогорку окуу жайы
      Народный Академический Университет Эволюции Разума бар. Кырк өлкөнүн өкүлдөрү окушат. Эң сонун билим берет, балдарыңызга чоң мурас болот, келсеңиз бирге билим алалы.

    • @torogeldikubanychbekov5536
      @torogeldikubanychbekov5536 7 месяцев назад

      Ар бир нарктуу сөзүңөрдү тик ток менен кыска тасма кылып жиберип туруш керек.

    • @aidaitengebaeva7822
      @aidaitengebaeva7822 7 месяцев назад

      Яяяяяяяяяяяя́я́я́яяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяяыяя́яяяяяяяяяяяяя́яяя́яя́яяяяяяяяяяяяя́ по

  • @ТынчтыкЖумагулов-д1с
    @ТынчтыкЖумагулов-д1с 2 года назад +42

    Сиздерге рахмат. Кыргыздын наркын, салтын жумасына эки жолу телеканалга киргизип койсонуздар болмок санжыра, жомок дагы айтып корзотуп турса болмок.

  • @КенешКарагулов-э2я
    @КенешКарагулов-э2я 2 года назад +26

    Азаматсын ар ушундай кыргыздын кыргыз салтын наркын коп жолу элге тез тез айтып туруш керек эн сонун соз болуп жатат

  • @УрматТолошов
    @УрматТолошов 2 года назад +95

    Түгөлбай аксакал ✊🇰🇬 ушул берүүгө катышкан ага эжелер баардыгы кыргыз үчүн жаны ачып , күйгөн адамдар 🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @Бишкек2021
    @Бишкек2021 2 года назад +23

    Элибиз үчүн эң керектүү маселе нарктуулукту талкуулап элге тартуулап жатканыңыздарга чоң рахмат! Мамлекеттик катчыбыз урматтуу Сүйүнбек Касманбетов агайыбыз менен Түгөлбай Казаков даңктуу агайларыбыз аксакалдарыбыз чогулуп башында туруп мамлекеттик идеологияны иштеп чыгып элибизди кыдырып 7 дубандын ар бир айылына мектептерге барып эл менен жүзмө жүз бетме бет жолугушуп, баарлашып, аңгемелешип аны тартып чыгарып кайра элге жайылтып кыргыздын кайра жаралуу доорун баштайсыздар, нарктуулукту, салттуулукту, тарбия таалимди нукка салып, элге смңиресиздер деп сиздерге терең ишенебиз!
    Элибизде сиздердей асыл адамдарыбыз аксакалдарыбыз бар болсун! Мамлекеттик идеологиябыз бар болсун жана ишке ашсын! Сиздерге ийгиликтерди каалайбыз!

  • @ТурсунайЖээнбаева
    @ТурсунайЖээнбаева 2 года назад +19

    Мыкты,баракелде!Ишиңерге ийгилик!Чет жакта жүргөн мекендештерибиге дагы жеткирип,колдоо керек,себеби АтаМекенибизге кайтканда жашоо улана берет,тамырыбызды тааныш керек!

  • @АйгульСыдыкова-ы1б
    @АйгульСыдыкова-ы1б 2 года назад +33

    Ооба мен дагы 4-5 жолу угуп аябай жакшы нарктуу создор айтылды чындыгында балдарга кыздарга абдан жакшы сабак

    • @СуйунСУЛАЙМАНОВА-щ3ш
      @СуйунСУЛАЙМАНОВА-щ3ш Год назад +1

      Кыргыз айымдары айткан созунорго жараша биринчи чачынарды байлагылачы кыргыздын созу барго албарсыдай болбой чачынды байлачы деген.

  • @almazbekmukaev8808
    @almazbekmukaev8808 2 года назад +58

    Салт жоголсо кыргыз эли жоголот ушуну унутпасак айланайын кыргыз элим

  • @ЩфтОвш
    @ЩфтОвш 2 года назад +50

    Аябай туура теле буруу болуптур.Журогум толкундап койдум. Кудайым ден соолук иштериниздерге ийгилик боосун.

    • @ЗамирбекЖанболотов
      @ЗамирбекЖанболотов Год назад +1

      Биздин мамлекеттик идеология,ар бир кыргыздын каны менен агып ,жүрөгүндө жашаган мээбиздеги акыл эс парасаты,ата эне тарбиясында ,эне сүтү менен келген улуттук нарк нуска,каада салтыбызды турганын эң туура баамдагансыздар.
      Ойубузга келбеген каныбызга сиңбеген, нарк нускабызга каада салтыбызга жуурулушпаган ,өгөй ,бөтөн идеологиянын кереги жок.
      Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө,өсүүсүнө, туура багыт идеалогиядан башталат.
      Мен ,,улуттук нарк нусканы,каада салтты,, колдойм.

  • @СуйунбубуКаролова
    @СуйунбубуКаролова 2 года назад +24

    Мыкты көрсөтүү болуптур...!

  • @Бахти-й1к
    @Бахти-й1к 2 года назад +18

    Ээээн тууура адептууулук улууулук, идеялогиябыз, маданиятыбыз кылымдардан келе жаткан улуу Кыргыз элбиз

  • @АидаЖапарова-м3у
    @АидаЖапарова-м3у 2 года назад +96

    Сиздерди колдойбуз!
    Нарк-насилибизди ойлогон бийик, улуу инсандарыбызга алкыш!

    • @БерекетБерекет-м5ф
      @БерекетБерекет-м5ф Год назад +3

      Эн туура маек албетте ! Мен Кыргыздын озогу , салт - санаасы , урп - адаты дегенде жанымды берем ! Эн сонун беруу болуптур !

    • @ТолонСокеев
      @ТолонСокеев Год назад

      ​@@БерекетБерекет-м5ф😅

    • @KyzdarkanBostonbaeva
      @KyzdarkanBostonbaeva Год назад +1

      Нарктуулук жонундоайтылган нарктуусоздордун китебин коп нускада чыгарып мектеп програмасына колеж инистутаттврга киргизишкерек макал лакаптар бардык насаат тарбиялык создордун жыйнагын чыгарышуерек окутуш керек антпесе созсуз жоюлат нарк насил билимберуу министирлиги колго алышкерек

  • @АнараМомоканова
    @АнараМомоканова 2 года назад +59

    Керемет чыгарылыш экен, бирок муну жаштар корбойт. Ал эми адеп сабагын мектепте оркундотсо, жаштарга жетет эле жана оз натыйжасын берет эле.

  • @СагидаТоктогулова-ф7д

    Түгөлбай аман бол,ден соолугун бекем болсун. Абдан жакшы маалымат болду. Эң туура элге, мектептерге барып жолугуларды өткөрүү зарыл.

    • @КеримоваШарипа-в4в
      @КеримоваШарипа-в4в Год назад

      Биздин убагыбызда мектепте тура эмес окута баштаган кудай жок деп окутушкан ошол нерсе ата апаларыбызга катуу тийген ойдо жактан баш айлантма коп болгон элди чондор оздору бузган нукура кыргызды ушундай алахвалга келтирген ойдо жак десек болот орустарды турашып орус болуп да кетпедикпи орустар оздорунун наркын эч кетирген эмес кетирбейт дагы эмнеге он жыл мурун кайята журдунор

  • @kylychbekimankulov3373
    @kylychbekimankulov3373 2 года назад +68

    Аябай жакшы маек болуптур. Кыргыздын барктуу,нарктуу аксакалдарыбыздын бар экени кубандырат. Менин оюмча,ушул айтылган указды ишке ашырыш үчүн мектеп программасына киргизиш керек! Мектептердин окутуу тилине карабастан,баардык мектептерде биринчи класстан баштап милдеттүү түрдө окутуш керек! Ошондо гана,он бир жылдан кийин кыргыздын каада-салтын,үрп-адатын билген кыргыздар чыга баштайт! Ал эми башка улуттун өкүлдөрү дагы,туулуп-өскөн мекенинин каада-салтын,тарыхын,үрп-адатын билип калышат. Башка ишке ашыруу жолу жок деп эсептейм!

    • @ТолкунРыскулова
      @ТолкунРыскулова Год назад +5

      Созсуз турдо мектеп программасына киргизуу зарыл турдо керек

  • @В.Усманова
    @В.Усманова 10 месяцев назад +3

    Түгөлбай ага сизге ыраазычылык🙏
    Улут, нарк маселесин көтөргөнүнүзгө ийгилик тилейм, көөп - узаак жашаңыз🤲.

  • @ДильбараНуралиева
    @ДильбараНуралиева 2 года назад +26

    Жакшы теле беруу болуптур!сиздердей нарктуу аталар апалар бар учун кыргыз элибиз жок болбой келе жатабыз!терен ыраазычылык сиздерге!

  • @kurmankozhoevbaktybek3720
    @kurmankozhoevbaktybek3720 6 месяцев назад +1

    Өтө жакшы.Эми сөздөн ишке өтүү керек.Ар кимибиз жүрүм турум,кийген кийимибиз, сүйлөгөн сөзүндө көрсөтүүгө милдеттүүбүз.

  • @aidaralikutbidin9554
    @aidaralikutbidin9554 6 месяцев назад +1

    Рахмат сиздерге жакшы сөздөр, маектер болуптур. Мен шаардын бир бала бакчасында кароолчу болуп иштеймин. Ишке жаңыдан келгенимде балдардын ата энесида учурашууну каалабайт эле. балдарына АсСалому алейкум деп зордоп учурашууну үйрөтүп жатып ата энелер да учурашууну унутпай калышты. Биз ар бирибиз келечегибиз үчүн жөнөкөй наркыбызга басым жасообуз парз

  • @Гулира-э4ь
    @Гулира-э4ь Год назад +3

    Аябай акылдуу,урматтуу нарктуу аксакалдар Улуттук идеологияны күчөтүп жатканын колдойбуз.
    Суйунбек агай,Түгөлбай Казаков эң кеменгер,руханий бийик инсандар.Азамат.

  • @НуржамалДюшенбаева-й4ъ

    Ушундай таалим-тарбия,жакшы создорун айткан агаларыбыз коп болсун.

  • @damirmomunbekov8645
    @damirmomunbekov8645 Год назад +25

    Түгөлбай агай бар болуңуз,өтө кыргыз элине керектүү маселени көтөрүпсүңөр.Кыргыз өз наркыбызга кайталы ,үйрөнөлү,билели айрыкча жаштарыбызга керек.

  • @zari3606
    @zari3606 2 года назад +75

    Азаматсыздар, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарды системага салыш керек деп, эң туура пикир айтып жатасыздар, бар болуңуздар. (Боз үйдү, комузду ширк дегендерге жетсин)

    • @aruukemyrzakulova4232
      @aruukemyrzakulova4232 2 года назад +2

      My

    • @samatzerger2716
      @samatzerger2716 2 года назад +5

      Жазганынызга караганда коп маалыматыныз жок корунот. Ширк Кудайга шерик кошуу,Боз уй, комузду эч Ким ширк деп эсептебейт.

    • @Капия-я2м
      @Капия-я2м 2 года назад +5

      Абдан жакшы, маанилуу,кыргызмын деген ар инсандын журогунон орун алган маек болуптур.Туголбай агабыздын ар бир алып барган беруусун кызыгып угам жана адамдык касиетин сыйлайм.Бул кишини нарктуу, барктуу , ар бир созу маанилуу, жаштарга улгулуу инсан деп баалагым келет.
      Улуттук каада- салтты, тилибизди , башка элди туурабай оз динибизди ыйык тутуп сакташыбыз керек.
      Ушундай маанилуу, тарбиялуу беруулорду бат- бат чыгарып турсанар биз колдойбуз.Сиздер сыяктуу акылман адамдарга ТААЗИМ бар болунуздар.

    • @СанталатУсенбекова
      @СанталатУсенбекова Год назад +2

      Туура туголбай мырза муну токтотпонуз ушуга отуш керек депутаттар карапайым Эл катары жашасын

    • @ЖамилаАлибекова-к7т
      @ЖамилаАлибекова-к7т 6 месяцев назад

      ​@@СанталатУсенбековаАбдан жакшы маек болду, негизинен адамга эң маанилүү, керектүү сөздөр айтылды, дагы бат-баттан ушундай маектер болуп турса элге жетет, деп ишенем.

  • @AltymyshMadymaev
    @AltymyshMadymaev 2 года назад +9

    Кандай кана керемет баарлашуу!!!

  • @МарветГапырова
    @МарветГапырова Год назад +3

    Өтө мазмундуу,маңыздуу көрсөтүү,улуттук нарк- насил жөнүндө,ушунчалык муюп уктум. Кыргызстандагы эң кадырлуу,нарктуу инсандардын нарк жөнүндө омоктуу ойлорун тарбиялык мааниси өтө терең. Өтө таасирдүү көрсөтүү,рахмат Сиздерге.

  • @СуйунДжундубаева-ы9щ

    ОТОО МЫКТЫ МАЕК БОЛДУ, БААРДЫГЫНЫЗДАРГА ТААЗИМ🙏🏻, ЭМИ КЫРГЫЗ 👨‍👩‍👧‍👦 КАЛКЫ НАРК НАСИЛ, КААДА САЛТ, ДЕГЕН НУКУРА ТААЛИМ ТАРБИЯГА
    ЖАПА ТЫРМАК СОЗДОН ИШКЕ ОТУ КЕРЕК АЛЛГГАА👏🤝

  • @МирбекМанапбаев-т3и
    @МирбекМанапбаев-т3и 2 года назад +48

    нарк жөнүндө мектептен окутуп баштасак жакшы болмок

  • @УланДербишев-п6о
    @УланДербишев-п6о Год назад +63

    Суйунбек Касманбетов илгерки сабаттуу нарктуу барктуу нагыз аксакалдардай отоо билимдуу копту коргон копту окууган мыкты кыргыздын азаматы екен Туголбай агабызга рахмат жакшы ишти алпарып жатат коп коп уланта бериниз

    • @FayziddinKarabashov
      @FayziddinKarabashov Год назад

      ООушул эле улуу адамдын айтканын эле кылсак кыргыз омуп онугобуз го кээ акмактар бул улуу адамдын айтканына кирбей тенирчиликке немецтердин динине ж.б.диндерге кирип кыргыздын ынтымагын.жарып кыргыздын душманы болуп жатышат .Баарыбыз Кудайга жакындапкудайдын нуруна жуурулбасак биз онукпойбуз А эгер Кудайдын нуру биздин журокко баргандан кийин ал нурдангандар бир бирин негрби кытайбы оруспу суйушот жана жанын да берууго даяр турушат Ош.тан Кудайга жакындагыла нурдангыла. Бир биринерди суйгуло ушул ынтымактык дегенболот ушул ынтымактык кыргызга насип кылбай жатат себеби кудайдайга жакындап нурдангыла суйгуло бири биринердиболбосо кыргыз бузуку коомго кирет бузуку коомду кудай онуктурбойт башка коомго кул кылып коет же жок кылат 124 минпайгамбардын умоттору сыяктуу Кыргыз 4 жолу дуйнону алган акретте да дуйнону алат экенбиз бул бугунку абалдан чыкпасак онукпойбуз

    • @ТурсунайКыкыева
      @ТурсунайКыкыева 11 месяцев назад +4

      Бул программаны мектеке университетке сабак киргизип суйломду емес ар бир созду терен тушундуруп кайра майын чыгара мээсине синире сурап алыш керек ал тугул эгзаменкатары дакиргизсе азыркы жашьардын мээсине синет еле

  • @Малика-н9ы
    @Малика-н9ы 2 года назад +112

    Эн туура ата энелерибиздин нарк насилин билип балдарыбызга уйротушубуз керек.

    • @БабушкаМодель
      @БабушкаМодель 2 года назад +7

      Сиздерге ыраазымын,
      Азыр Кыргыз кайда гана баратабыз....

    • @СанталатУсенбекова
      @СанталатУсенбекова Год назад +4

      Эн туура маселе айтылды биз колдойбуз чондор депудаттар уксун тойбогондор мыйэамды туура айтты ыракмат стздерге уккун эле келет

    • @АалымАйталиев-г6е
      @АалымАйталиев-г6е Год назад

      ​@@БабушкаМодель фф

    • @Мамырбек-с1ь
      @Мамырбек-с1ь 10 месяцев назад

      ​@@СанталатУсенбековаaaaaaaaaaaaaaaaall QQ 11

    • @mukambetnukunov6928
      @mukambetnukunov6928 10 месяцев назад

      Саксайган чачың наркка ттакыр туура келбейт тил менен келбет да айкалышса

  • @agbagb6201
    @agbagb6201 2 года назад +17

    Улуттук нарктын өнүгүшүнө, таалим-тарбия берүүчү улуттук маданият көп таасир берет. Мисалы кино. Биздин кино орусташып, ичиндеги улуттук нарктар өлгөн. Улуттук кино тартылып жатып, сөзсүз түрдө орустардын "бирдемесин" да кыпчылган боктой кылып кыпчып коюшат биздин чала режиссерлер.
    Жаштарга мекенди сүйүү, ата наркы, улуттук баалуулук, салт, дин, тилди баалаш үчүн баатырдык жана мекенчилдик филмдер тартылуу керек! Дүйнөдөгү мусулмандарды бириктирип, мекенди коргоо сезимин ойготкон, а эн башкысы адамдын бул жашоодо "КИМ?" экендигин терен чагылдырып көрсөткөн Эртугрул Дирилиштей филмдер керек! Акыркы күчү калмайынча сырткы душмандар менен өзгөчө тактикалары менен күрөшкөн Абдулхамиддей филмдер керек! Мындай филмдерди тартуу чама-чарк жетпейт мамлекетте. Бирок, аларды кыргызчага которуп элге жеткирүүдө эмне кыйынчылыктар бар???! Көп адамдардын Эртугрул Дирилиш филминин артынан мусулман болгондору эми айтып бүткүс икая!!
    Биздин филмдер -рэкетчилик, сойкулук, бузукулук, ички, уюшкан кылмыштуулук, зына...деги койчу "ыпласчылык"! Маданият министри ушуга басым жасоо керек!!

    • @Bibi_557
      @Bibi_557 2 года назад +5

      Ушул нарктуу каада салтты жакшы чыгардынар болбосо балдар эмес кээ Бир а алар энелердин кылык жорктарын уксанар тобо чач тик турат го китепти кобуроок чыгарса !?

  • @tezkabar9270
    @tezkabar9270 2 года назад +30

    Туголбай мырза сизге чон рахмат коп чыгып турунуздар

    • @МинаварМаматова-ю3й
      @МинаварМаматова-ю3й Год назад

      Башка мамлекетти коюп озубуздусындайлы
      Башка мамлекеттер суйлогон создорду закон кылбай койсок брлмок
      Ушул биздин кызматта отургандар озунун созу жокбу чет мамлекеттерде журуп ошол мамлеетке салыштырбасвн
      Биз эн бийиктикте жашаган кылым карыткан улутпуз
      Чет мамлекеттин саясатын онугупосушун айтпай эле
      Биз озубуз менен озубуз онугобуз
      Бизге кереги жок башкалардын акылы саясаты

  • @youtubeyoutube-gp1um
    @youtubeyoutube-gp1um Год назад +5

    Касманбетов Агайыбыз даанышмандуулунуз менен тан калтырдыныз,узаак жашаныз ,бар болунуз,руханий байлык азык алдым!
    рахмат!

  • @ЯранРиман
    @ЯранРиман 2 года назад +7

    Жакшы маек болуптур.кыргыз оз наркы каада-салты мн.мин жылдарды карытып жашап келди ушул кезге чейин.ошол ата салтына кайра барыш кк.болок нерсе синбейт биздин кулк мунозго.

  • @АсанАхунн
    @АсанАхунн Год назад +5

    Эн сонун сонун акылдар. Айланайын кыргызым бар бололу. Бир бололу. Асман ачык тынчылык болсун элимде. Аллах ыраазы болсун меймандар мн видеонун авторуна

  • @kenjeakmatova9777
    @kenjeakmatova9777 Год назад +3

    Мен ото кубандым Кыргыздын нукура нарктуу барктуу доолотуу,аксакалдарыбыз бар болунуздар ушундай нарктуу салтуу беруулорду кобуроок бериниз Туголбай агай сизге терен ыраазыбыз бар болунуздар

  • @ЖакшылыкАйт
    @ЖакшылыкАйт 2 года назад +17

    Кандай болбосун аракеттин арты берекет.
    Кыргыздын тарыхына маданиятына каада салттарына кызыгуу артып интернет аркылуу түшүнүк алып турган учур.
    Элге таанымал блогерлер аркылуу белгилүү инсандар ой бөлүшүп турганы жакшы көрүнүш.
    Буйруса ыйман билим жуурулушуп кыргыз дүйнөсү ачыларына ишенем.

  • @ЖурсунТумонбаева
    @ЖурсунТумонбаева Год назад +9

    Ушундай мыкты соз билген наркты салтты айтып даназалаган элдик мырзаларга рахмат бат бат чыгып туруназдар Суйунбек менен Туголбайбайдын ар бир создору терен маанилуу тарбиялуу керектуу

  • @СуранИбраимов
    @СуранИбраимов 2 года назад +32

    Бул жакшы иш болду муну токтотпой улантыш керек.китеп кылып чыгарып бала-бакчадан баштап,мектеп чон окуу жайларына окутуу керек.интернетзаманында атайын сабак кылып отпосо.бир эки айтылган дарды ,чай менен кошо жутуп койобуз???.

    • @АйшаТоктогулова-х1я
      @АйшаТоктогулова-х1я 2 года назад +4

      Эң жакшы ишти баштапсыңар,антпесек чындыгында өзүбүздүн каада салтыбызды,наркыбызды унутуп баратабыз. Сүйүнтбек Сапарбекович менен Түгөлбай Казаковко чоң рахмат.

  • @КлараКалматова-ц8ч

    Эн сонун беруу ото пайдалуу ушундай беруулорду кобуроок бергиле диний беруулорду азайталы элдин оюн экиге болбой оронгон менен сакалчанды мактай бербей алар менен онукпойт элибиз каада салт наокыбыз менен онугот рахмат агайлар сиздерге элибизге тезираак жайылтайлы тушундуролк

  • @sulaimanovanazira9526
    @sulaimanovanazira9526 2 года назад +29

    Ушул уюмду уюштуруп, Оз Элинин келечекте ,нарк санатын сактап ,уткулуу Эл боюнча калышына шарт тузуп,экран аркылуу салтын сыпайыкерчилуугу,менен тушундуруп,жаткан эмгегинизди ЭЛИНИЗ БААЛАСЫН!!!... КУДАЙЫМ СИЗГЕ БАТААСЫН БЕРСИН.

  • @ЭрнисМуканбетов-ь1е
    @ЭрнисМуканбетов-ь1е 2 года назад +140

    Баарына аманчылык болсун 👍 Туголбай байке Суйунбек байке силерге денсоолук жана чон чон ийгилик каалайм 👍👍

    • @duykanbayabdiev425
      @duykanbayabdiev425 2 года назад +17

      Туголбай Казакович сизге кудай бардык жакшылыктарды берсин Кыргыз эли жок болуп кетпес учун бардык билиминизди жумшап келесиз тил салт жок болсо эл жоголот Сактап калатурган жол бар Садыр Нургожоевич буга Манас акедемиясын тузгону Кыргыз элинин идеялогиясы салты урматсыя мамлекети жаратылышты намысты сактоонун баары бар жалпы элибис ойгонуп кадасалтты сактасаекен ушул сизазыр чогултуп берген маалматыныз элучун жакшы сабак болду ишинерге ийгилик

    • @rraha9549
      @rraha9549 Год назад +1

      Өткөнку 2- бөлүмүндө, Түгөлбай Казаков,Меркеден жолоочу казак карыяны Москвич не олтургузуп,жолугат сүйлөшүп,таятасынын эски,казак досторунун урпактарына жолугуп,ал алпейим адамдын анын Чоң тупкулуу тамырын ачып бериши,аны Түгөлбай 10 жылдай ары бери өткөндө Меркеге токтоп,бир нерсени күткөн бой сезим менен жүргөнү бул чоң сыр экен.Анткени же апасы тарабынан,же таянеси тарабынан айтылган эскеруу аңгемелер ,анын таятасы тууралуу же кудайдын кудурети,касиети менен же таятасынын арбагы колдоп,таятасын көрүп,угуп,коздошуп жүргөн казак тамырларын жолугуп калышы бол чоң касиеттүү окуя экен.Себеби таятасы ал жолоочу адамдын албетте эскеруу су боюнча айтылган болуу керек жана да Түгөлбайдан айтуусунда,таятасы өтө чоң бай жана чоң казалы, заманын сабаттуу кишиси болгон экен да.Эр тагайын тартат деген ошол эмеспи ар бир сөзгө маани ,маңыз берип сүйлөп и кыйды көз карашы да катылып турат.Ошол эле мезгилде 70- жылдары Аман Токтогулов биз билим алып окуган Политехникалык институттун адабий ийриминин жетекчиси катары келип бир аптада 1-2 жолудан адабий кружокту уюштуруп жүрчү.Адабий ийримге белгилүү акындар Жолон Мамытов сыяктуу,адабиятчы, окумуштуу,аалым,акын Омор Соороновду,балдар и жаштар акыны Жайлообек Бекниязовду жана Асан Жакшылыков дорду чакырып,ээрчитип келип бизге таалим берчу чоң акындар ырларын окуп,бизге ыр жазууда кеп кеңешин угуп талкууга алып анан өтө чоң таасирлерин тийгизгени эстен кеткис эле.Кызыгы биз Токтогулов атайын кызматта иштегени кийин кокусунан уктук.Бирок ал ВЛКСМ дин 17 съездине катышканы,ал жерде,саанчы,чабан,пахтачы келин кыздардан делегаттардын,наушник тагып алып,доклад угуп - укпай олтурганы,ал кулакчын микрофон чет элден келген конокторго синхрондук котормо үчүн экенин айтып күлдүргөн эле.Ошол комсомолдун съездинде Аман Токтогулов бу ,Ч.Айтматов досу Расул Гамзатовго тааныштырып мына ушул жигит ,, Мой Дагестан,,чыгарманды кыргыз атын мингизип,кыргызча сүйлөткөн ушул жигит деп тааныштырганын аябай кызыктуу айтып берген эле.Муну эскерген биз Түгөлбай ата энесинин эле эмес Аман агасынын да ,зор тарбиясын алган жана бүт бир туугандары да өтө таланттуу инсандар экенин ачыктап жана да агасына өтө чоң урмат-сый менен эскерүүсүндө ар бир сөзүнөн баамдап болот.Кыргвз тарыхына,маданиятына из салган Туко бар болуңуз,аман эсенчиликте жүрүңүз.,,Жыйырманчы жаздан,,көп көп,узагын кечип өтүңүз.Замандаш катары каалоом менен бирге, чың ден-соолук байлыгын каалайм.

    • @ЭрнисМуканбетов-ь1е
      @ЭрнисМуканбетов-ь1е Год назад +8

      @@rraha9549 Булардай адамдар чанда жаралса керек бул жарык дуйного 👍

    • @АсылканОмурзакова-ю2и
      @АсылканОмурзакова-ю2и Год назад +3

      @@ЭрнисМуканбетов-ь1е
      Б
      Бааоыныздарга терен раазычылык суйлоп жаткан эжекелер жакшынакай болуп койнок кийип алсаныздао суйлогон создорунуздор
      Кыргыздын каадасына ,салтына дал келбей калган ,
      Оромол салынган эжекенин созу жандуу , жузу нурлуу болуп турат
      Баарыныздар бар болунуздар
      Кыргыздын каймактары !

    • @bcgvv3215
      @bcgvv3215 Год назад +3

      @@duykanbayabdiev425 мс😮х

  • @ГулнараНурматова-ф3м
    @ГулнараНурматова-ф3м 9 месяцев назад +1

    Өттө соонун талкуу уюштурупсуздар. Ишиңиздегре ийгилик. Азыркы турмуштун өткөнү келечекке пайдалуу жагы калышы үчүн жасаган, эмгегиңиздерди мен жогорку деңгээлде баалаймын.Жаштардын, жана жеке өзүмдүн атымдан угуп тарбияланууга , аракет кылсак өлкө үчүн эл үчүн кызмат кылгандар көбөйө берсин.Ушундай инсандардын сөзүн уга билели тирүүсүндө баалай билели кыргыз жаштары.

  • @zari3606
    @zari3606 2 года назад +40

    Көйгөйлүү маселе, эң туура берүү болду, ар бирибиз салым кошолу, ар улутту ээрчибей.. (Папа, мама, машаллах, иншаллах, баракатух дебей).

    • @ТурумкулСааданбаева
      @ТурумкулСааданбаева 2 года назад +6

      СИЗДЕР АБДАН ЫРААЗЫМЫН. НАРКТУУЛУКТУ, ТААЛИМ-ТАРБИЯ УЙ БУЛОДО БАШТАЛАТ.УШУНДАЙ БЕРУУЛОР КОП БОЛСО.БАЛДАРЫБЫЗГА,НЕБЕРЕЛЕРИБИЗГЕ, АЙТЫП,КУЛАГУНА КУУП, КЫЙМЫЛ -АРАКЕТИБИЗ МЕНЕН КОРГОЗУП,УЙДОН БАШТАШЫБЫЗ КЕРЕК.

    • @umutkasymova3628
      @umutkasymova3628 2 года назад +1

      😂😂😂

    • @АзатАбдымамытов
      @АзатАбдымамытов 2 года назад +2

      @@umutkasymova3628 сага кулку болуп жатабы

    • @zhusupbekmamatkulov7474
      @zhusupbekmamatkulov7474 Год назад

      Ашачппңыз

    • @Бектурсун-д5я
      @Бектурсун-д5я 7 месяцев назад

      😢​@@ТурумкулСааданбаева

  • @АйбекИбраев-г8ы
    @АйбекИбраев-г8ы Год назад +1

    Түгөлбай агайга чооң рахмат, ооба агай сиздин өтүнүчүнүзгө кошулабыз, эң сонун маек болуптур, биз да колдойбуз, сиздердей агайларыбыз бар, кыргыз эли сөзсүз өнүгөбүз .

  • @ЖыпаргульАшырбекова

    Аман болгула акылмандар кандай Гана сонун создор уга еле бергин келет коп коп чыгып тургула алааг ыраазы болсун кыргыз елим журтум аталар АК калпакгынарды кийип жургуло енелер АК жолугунарды салынып журсонор кыргызымдын акулдуулары Ден соолукта болгула ракмат

  • @ЖылдызКарабаева-ю7э
    @ЖылдызКарабаева-ю7э 2 года назад +8

    Сиздерге таазим бар болунуздар.

  • @НуржамалИбраева-к3ф
    @НуржамалИбраева-к3ф 10 месяцев назад +1

    Өтө сонун берүү, айланайын Түкө , бул керемет берүүнү улам,улам узарта көрүңүздөр, өтүнөбүз ! Ушул эле акылмандар менен, мүмкүн болсо.

  • @omalbonu7857
    @omalbonu7857 2 года назад +19

    Арбаныз!
    Эн сонун маек болуптур!
    Чон Рахмат!
    Нарксыз алдыга кантип жылабыз? Кылым карыткан кыргыз озун ордун билсе!

  • @zinakaraeva9468
    @zinakaraeva9468 2 года назад +9

    Эн туура соз болуп жатат.Ошол 100 наркты тезде чыгартып эле жеткируу керек.

    • @ТаалайРыскулов-г4м
      @ТаалайРыскулов-г4м 2 года назад +1

      Түкөгө рахмат.Ушундай көрсөтүүнү даярдап ар дайым кыргыздуулукту козгойт.

  • @Burul-hn3su
    @Burul-hn3su 7 месяцев назад +1

    Бул тууралуу мектеп программасына киргизүү зарыл деп эсептейм.Туголбай агайга узун өмүр чың ден-соолук каалайм ООМИЙИН!

  • @НиццаСарымсакова
    @НиццаСарымсакова 2 года назад +46

    СИЗДЕРГЕ ЧОН РАХМАТ кыргызды кыргыз жытаантып жатасыздар

    • @БектурИшенов-ч2ъ
      @БектурИшенов-ч2ъ Год назад +1

      Сиздерге өтө чоң ыраазычылыгымды билдирем. Сиздер райондорду.айыл аймактарын кыдырып келсеңиздер чоң пайда берет.мен колдоймун.мен сиздерин айтакандарыңыздарга ынанып муйуп олтурам.балдарыма.неберелериме учурунда тарбия беришим керек. Урматтуу кыргыз элим муну колдойлу.алга.

  • @КылычбекБектурсунов-э5к

    Жараткан Кудайым баарыбызга бекем ыйманды,бакубат жашоону насип кылып, илгерки Ата бабаларыбыздын аздектеп улам кийинки келечек муунга сактап келген каада салтыбызды,урп адатыбызды, Улуу мурасыбыз Манасты улуттун негизги идеологиясы кылып жашоо керек.

  • @ainurka-ef1ks
    @ainurka-ef1ks Год назад +2

    Абдан Жакшы.Кыргыздын Жан Дуйносуно жакын ,даары сымаал создор суйлонду.
    Сиздерге Ыраазычылык.
    Ишиниздер Илгерилеп , осуп келе жаткан жаштарыбызга ар бир созунуздор сабак болуп ,журокторундо сакталып калсын!!!
    Мектеп ,Чон оку жайларына дагы лекциялар окулуп ,атайын Сабак киргизиниздер.

  • @botcomputer5390
    @botcomputer5390 2 года назад +17

    Китептер мектептерге милдеттуу турдо жеткирилип турса жакшы болот эле!!! Азыр башка региондорду билбейбиз, библиотекабыз жарды болуп турабыз!!!

  • @МинаварМаматова-ю3й

    Катчыбызга
    Жаратканым жар болсун
    Уй булоосу менен ар дайым жакшылыктын устундо журсун
    Кыргыщдын бактысына бар болсун
    Нарк насил жонундо элге жеткирип айтып элибиз оркундоп оссун
    Угушубуш керек анткени наркты билбей калдык элим
    Катчвбыз ак журок калыс элим деген журогу таза киши экен
    Уй булоосуно тынчтык аманчылык ар дайвм бакубат жашоо каалацбыз

  • @SabiraJorobekova
    @SabiraJorobekova 11 месяцев назад +1

    Абдан жакшы көрсөтүү болуптур , ийгилик коштоп ишке ашсын. Кыргыз эл наркын жапатырмак жайылтуубуз учурда өтө зарыл маселе.

  • @АбдижапарМаматов
    @АбдижапарМаматов 2 года назад +20

    Ушундай беруулорду ар куну теледен берип туруу керек кылчактабай туз айтып суйлогон аксакалдарды суйлотуу керек

  • @ЖанышАбдыкадыров-ч8п

    Арыбаныздар.Сонун маек болуптур.Рахмат

  • @UlanbekKurganbaev
    @UlanbekKurganbaev 2 месяца назад

    Азаматсыздар кыргыз аксакалдары, эн туура маселе. Адам коп нерсени коргонунон тарбия алат. Баары аракетти озунон башташ керек. Жогоруда напсине байланган чондорубуз, айтканы башка, кылганы башка. Сабаттуулукту аттуу баштуу эл бийлегендерден баштаган натыйжасын тез берет. Ар бир иште калыстык болуш керек. Ийне кайда барса, жип ошол жака барат. Элдин баары ойдону карап эле турат. Салт санааны, урп адатты китепке жазып чыгарып, ушундай баалуулуктар жонундо чогулуштарды эфирден тез-тез корсотуп, аркандай кыргыздын оюндарын уюштуруу зарыл. Буйруса кыргыз озун наркын билет.

  • @АлымбекОмурзаков-н7к
    @АлымбекОмурзаков-н7к 8 месяцев назад

    Сиздерге чон Рахмат.
    Эн негизги туура маселер.
    Кеч болуп кете электе кайрадан кыргыздвн патриоттору болуп нарк салттарды сактап калуу керек...

  • @MrKai-hj8wv
    @MrKai-hj8wv 2 года назад +39

    Кулак эс алган баарлашуу жасашты ,рахмат.

    • @SamsungGalaxy-zl6eb
      @SamsungGalaxy-zl6eb Год назад +2

      Биринчи окмот башчылары нарктуу болуш керек, согунуп, ызырынып , коркутуп, уркутуп олтурбай, сабырдуу мунозду улгу коюш керек

    • @КЫРГЫЗ-р6р
      @КЫРГЫЗ-р6р Год назад +2

      Кулактын кычуусун кандырган..;)

    • @КубанНасирдинов-и9ю
      @КубанНасирдинов-и9ю Год назад +1

      @@КЫРГЫЗ-р6р . .моокумун кандырган...

    • @SairabubuAdbykerimova
      @SairabubuAdbykerimova 5 месяцев назад +1

      Рахмат элдин наркын издеген адамдар барына тооба

  • @aryisfar5317
    @aryisfar5317 2 года назад +13

    Биз тендуу эле инсан экен Суйунбек ,абдан копту билген эс тутууму акыл ээси жеетик инсан экен, бизде ушундай аквлман адамдарыбыз баарында келечегибиз бар экен,бар болунуздар кудай силерди колдосун,коп,коп чыгып элди ойготуп турунуздар.

  • @УказбекЧатыркулов-ъ6ь

    Бул сөздүн түбү. Чындык,тазалык,боорекер,такыба.Кишнин жашосу.

  • @almazbekmukaev8808
    @almazbekmukaev8808 2 года назад +18

    Мектеп жана жогорку окуу жайларынын программасына киргизүү керек

  • @aigulbegalieva-px4df
    @aigulbegalieva-px4df Год назад +6

    Улутубузду сактоо учун жапырт жумурай журт которулуп колкабыш кылалы, келечек муундарыбызды кыргыз кылып остуролу,эн мыкты ойлор айтылды,биз сиздер менен биргебиз,,

  • @РозаМатаева-ю6т
    @РозаМатаева-ю6т 7 месяцев назад

    Иий Алтын Кыргыз жигиттерим, инилерим силерге,, Таазим айтамын эсен болгула,, ынтымак таа болгула,, 👍👍👍 Р, М, Таштанбе-а

  • @ЭралиевАлижан
    @ЭралиевАлижан 11 месяцев назад

    Биз кыргыз эли 70 жылдык советтик идиологияда жашап өзүбүздүн нарктуулугбузду, тилибизди, дилибизди, динибизди, улуттук салтыбызды жоготуп коё жаздадык.
    Эми ушунун баарына шүгүрчүлүк келтирели.
    Мына бүгүнкү кыргыздын салттык идеологиясын, ушундай передачага чыгарып элибиздин катмарына жеткирип жатканыңыздарга мен ийилип туруп таазим кылам.
    Сиздерге АЛЛАхым ыраазы болсун.
    Кыргызтан өнүгүүгө терең кадам койдук десем жаңылышпаймын.
    Рахмат сиздерге!!!🤲🤲🤲.

  • @anarbekusupbaev1211
    @anarbekusupbaev1211 2 года назад +24

    Касмамбетов мыкты,соз жок!

    • @ЭмиилбекПатиев
      @ЭмиилбекПатиев 7 месяцев назад

      Бул киши мусулман бы Деги. Мындай жомокчцлар ктмге керек тушунбойм негедир бирдагы курандан суйлобойт. Келгиле пайгамбарды ээрчийли

  • @СуйорканКозубекова
    @СуйорканКозубекова 6 месяцев назад

    Эн сонун,эң керектүү тема❤эжелерибиз улуттук кийим менен ,чачын бекитип чыкса андан да сонун болмок...

  • @Шер-ы6в
    @Шер-ы6в 7 месяцев назад

    Ушундай илимдүү,билимдүү,ага ини эжелерибиз түрганда,келечегибиз кең👍

  • @ГулбакытКендирбаева-ф8е
    @ГулбакытКендирбаева-ф8е 5 месяцев назад

    Кун койуп угуп ыраазы болуп атам.О́кунучтусу биз мектепте окуган эмеспиз азыркы 70,60,50 жаштагылар.Эгер окуганда азыркы малда,кылдым озгоргон кезде женил болот беле дейм.Анкени озун билбесен эмнени айтасын,туйшук таркандан башка.Азаркы жаштар ан сезими кучтуу эмнедеген техниканы ,электрондорду башкарат.Эми сиздердин маегинерди угуп мен тасирлендим сиздерге чоон рахмат аман болунуздар.❤❤❤❤

  • @user-nd6vh7lt5b
    @user-nd6vh7lt5b 2 года назад +5

    Туура суйлогуло, туура колдонгула кыргызчаны

  • @КыдыргазыИсмаилов

    Бар болгула байкелер!!!

  • @СабираКасымбекова-г2й
    @СабираКасымбекова-г2й 7 месяцев назад

    Эн сонун Акыл эстуу билимдуу адамдарыбыз дакшы ойлорду айтып жатат ар бирибиз балдарыбызга,небере колу кошуналар менен чогуу талкуулап озубузду тарбияласак болот,ойгонолу

  • @ШиринТурусбекова-и2й

    Бар болуңуздар!
    Колдоого даярбыз!

  • @БолотбекТабалдиев
    @БолотбекТабалдиев 2 года назад +10

    Мына азамат Касмамбетов накта Кыргыздын Нарк каада- салтын ушул жерде олтурган филасофторго сабак бердиби РАХМАТ сизге ,кана эми сиздейлер кобойсо

    • @ТолкунРыскулова
      @ТолкунРыскулова Год назад

      Буйруса кобойот

    • @Дмитрий-у7ч7б
      @Дмитрий-у7ч7б Год назад

      @@ТолкунРыскулова Бул нарк каада салт легенди Угуп Эстеп абдан Кувандык рахмат сиздерге ушул нерсени мектепте тарбия сабагына программа на киргизиш керек ошондо колечек муундарыыз нарктулукту каада салттарыбыз унутулбайт

    • @Дмитрий-у7ч7б
      @Дмитрий-у7ч7б Год назад

      Рахмат сизге жакшы адамдар кобойуп жаштагы насаар берели

    • @satybektalgarov3677
      @satybektalgarov3677 Год назад

      Сүйүнтбек Касмамбетов мырза абдан билимдүү экен, атанын баласы деп ушуну айт, "аккан арыктан суу агат..."

  • @umutkasymova3628
    @umutkasymova3628 2 года назад +15

    Нарк жөнүндө конкурстарды уйуштуруп сыйлык берсе кызыгышат го

  • @ЖылжызБекболинова
    @ЖылжызБекболинова 10 месяцев назад

    Биз колдойбуз ! Кыргыз эли колдойт . Кийим жонундо болсо ; анык. Кыргыздын кийимин кийип журсок тойлордо ,- мектеп убагындагылар озунчо , Энелер - апалар озунчо , Аталар - жигиттер озунчо Нарктуу кийимдерин тойлордо кийип журсо , кандай сонун корунот эле !!!!!

  • @АимАсаналиева
    @АимАсаналиева 11 месяцев назад

    Президен,Туголбай ,Суйунбек,Гапыр агайлардай...... эле беш алты Адам жетет эле КыргызстангаОшолор бириксе эле улут унгусу онолот .Рахмат агайлар сиздерге Кудай омур ден соолук берсин!!!

  • @БактыгулАкматова-й9м
    @БактыгулАкматова-й9м 2 года назад +15

    Туура нарктуу коомду тарбиялаш керек. Тарбия уйдон башталат.

  • @ЖылжызБекболинова
    @ЖылжызБекболинова 10 месяцев назад +2

    Биздин Кыргызда ушул аталардай болгон Нарктуу , салттуу Акылман аталарыбыз кобое берсин , Кыргыз эли ыйманына келип, онугуп оссун , жаш уул кыздарыбыз Салтын наркын билип ыймандуу болушса , Кыргыз эли ылдам эле Которулуп кетебиз .

  • @ГулшатКайнакеева

    Ото сонун ,маанилуу маек.Кеп куржуну бай адамдар.

  • @nazgulburzhueva5372
    @nazgulburzhueva5372 Год назад

    Рахмат ! Ушундай берүүлөр көбүрөөк болсун . Эл үчүн өтө маанилүү

  • @samatzerger2716
    @samatzerger2716 2 года назад +43

    Мен мусулман Кыргызмын. Наркымды, салтымды суйом жана саткайм. Биздин нарк салтыбыздын кобу ото сонун .

  • @SamsumSamsum-lz8vn
    @SamsumSamsum-lz8vn 4 месяца назад

    Урматтуу Туголбай агабызга жана билим жолундагыл жакшыларыбызга ийгилик болсун 🎉🎉🎉

  • @АбдуманапСапаралиев
    @АбдуманапСапаралиев 2 года назад +2

    Урматту Туголбай Жана Суйунбек агалар ,каада салат боюнча жакшы соз болуптур кордум. Бирок биздин салтка каршы келген, балдарыбызды озубузго оз баланы тартипке чакырсан соток бергени каршы келет.Эркиндик деп баардык каада салттарыбызды жонотуп жатабыз.Мыйзамды да он терм жактарын карап чыгарыш керек мыйзамчыгаруучулар.Андай болбосо ура адат, каада салат, нарк написал деген создорубуз бекер болуп калат.Мен президентибиздин жарлыгын жактырам сиздерге сизге Рахмат Манасчы Абдыманап.

  • @АсялкулТт
    @АсялкулТт Год назад +10

    Туголбай суйунбек аман болгула!!!!!

  • @СыргашсБейшалиева
    @СыргашсБейшалиева 2 года назад +4

    Мектнптке бир.жумада Бир саат. сабак киргисе болот деп ойдойм.Балдар жашынан укан.омур бойу эсинен кетпейтдеп ойлойм.

  • @РазияИсманова
    @РазияИсманова 2 года назад +11

    Кээ бир адамдар замандын талабы ушундай экен деп келиндерин жолук салбай эле кой шым кийсе дагы мейли деп калышты кайнене талап кылыш керек биринчиден баладардын кулагына синдириш керек аяалын жолугун таштабасын шым кийбесин биздин законго баш ийиши керек деп ,бирок балдарыбыз аяалын коргоп апасына душман болуп жатышпайбы окунучтуусу ушул

  • @baktygulabdykerimkyzy3862
    @baktygulabdykerimkyzy3862 Год назад +2

    Бравоо Туголбай ага ушундай корсотуулор коп болсо азыркыдай манкурт болбойт элек духовный отецтер коп болсун биз ошого карап ээрчийбиз!

  • @almazsuiunbaev1104
    @almazsuiunbaev1104 Год назад +2

    Туура адабий тилди нарк-насилди унутуп бара жатканыбыз ото окунучтуу!

  • @РозаСуранбаева
    @РозаСуранбаева 3 месяца назад

    Эң соонун байларките
    чыгарсын эл үчүн деп
    өзүмчүл болуп кетишти баары эл үчүн
    десе аалам колдойт😊

  • @АнарканУсубалиева

    Бул передача 5ай мурда болгон экен, мен эми коруп атам. Мен уктабай аягына чейин толук кордум аябай суйундум. Ушул тема Кыргыз элине ото керек, Нарк насил деген создун маансин мен да тушунбой келгем. Абдан туура убакта мыйзам чыгыптыр, элге ото керек Эл суусап турган убак.
    Баштаган ишиниздер аягына чыгып элдин колдоосун табат деп ишенем. ЖАРАТКАН сиздерге куч кубат берсин, ишиниздерге ийгилик каалайм. 😊

  • @ОрелГорный-с5о
    @ОрелГорный-с5о 2 года назад +16

    Улттук нарк теле беруусу жогорку кенештен да ыйык ,бийик кызыктуу жогорку денделде болуптур. Ушул наркыбызды теледен коп,коп берип турунуздар дагы бала бакча окуу куралда коп колдонуш керек ошого колдоо корсотуп бериниздер,намысыбыз жоголуп баратат бар болунуздар.

  • @midinimanaliev6464
    @midinimanaliev6464 2 года назад +12

    элдик наркты айтып туура маселе баштадыныздар мен жонокой жаран катары салым кошсом болобу жардам берип комоктошот элем озунуздордун эмгекти таратууга салым кошот элем тарыхка кызыгам

  • @Жалгасов
    @Жалгасов 2 года назад +9

    Китеп кылып мектептерге универстеттерге сабак кылып программа берилсе жакшы болот эле
    Улуу кичуу баарыбызга керек эле
    10-15 жылда онолуп кетет элек

  • @АйбекСамудинов-б1ш
    @АйбекСамудинов-б1ш 2 года назад +27

    Мектепте класстык сааттарды киргизиш керек.....

    • @МинараОсмонова-щ6г
      @МинараОсмонова-щ6г Год назад

      Эн туура сунуш айтыныз!!
      Мектеп Жогорку окуу жайларынан окутса кандай сонун болмок.
      Жанагы Кыргыздын каада салтын ширик дегендерге богот койулат беле???
      Киши каза болсо ыйлабагыла ,мал сойбогула, дешип ширик дегендер жоголот, беле???Оздору тамандары жарылып ,койнок дамбал ,башында авгандын баш кийимин кийип , кыз келиндери кара кийишип ,бети баштарын чумконгон башкалардын каада салтын бизге танууклаганы жаман болуп атпайбы???

  • @ЗайнакулЖумаева
    @ЗайнакулЖумаева 7 месяцев назад

    Суйунбек ава бар болунуз аман болунуз сиз менен кыргыз эли сыймыктанабыз .
    Узааак омур сурунуз.