Бердибек Акаевдин театралдык сахналаштырылган музыкалары “Театр күнүнө карата” Маалымат 👇🏻⬇️

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 9 сен 2024
  • 27-март Эл аралык театр күнүнө карата Жумгал музыкалуу драма театрында 1970-жылдан тарта 2004-жылга чейинки, театрда сахналаштырылып көргөзүлүп жүргөн спектакльдардан үзүндү!
    1970-жылдан 2004-жылы 5-апрельге чейин композитор Бердибек Акаев музыкалаштырып алып чыккан спектакльдин бири, сиздер көрүп жаткан байыркы кыргыз эл жомогу, “Кедейкан” кийин кенже эпоско айланган, кийин айтылуу кара жаак ак таңдай алп акын,төкмө акын Калык Акиевдин айтуусу боюнча, атактуу ырчы Токтогулдун варианты, төрт миң ыр саптан ашкан элге таратылган негиз боюнча, сахналаштырылган 2-көшөгөлүү эпикалык драма! Биринчи эпизодтон үзүндү!
    Дал ушул драманын композициясын иштеп чыккан: Бердибек Акаев.
    Режиссёру: Майрамбек Сагынбаев.
    Сахнанын сүрөтчүсү (Декоратор,художник) : Асеин Абдраев.
    “Кедейкан” эпосунда кедей-кембагалдардын бийликти колго алышы, адилетсиз хан менен бек, кожо, молдолордун эл арасынан кубаланышы жөнүндө маселе тикеден-тике көтөрүлөт. Эпостун башталышында эле Кедейдин бардык кыймыл-аракети элдин мүдөөсү, кызыкчылыгы менен ажырагыс бирдикте сүрөттөлөт. Сөз кадимки эле карапайым жетим баланын айланасында болот. Жашынан жетим калып, аталык мээримден, энелик эркелетүүдөн ажыраган баланын өмүр жолу өтө татаал болгондугу менен мүнөздүү. Чыгармада Кедейдин хан болушу эпостун негизин түзүп, окуядан окуяга өтүп чиеленип, бардыгы ошонун айланасында өтөт. Мында нагыз элдик үмүт, тилек, жакшы турмуш, "адилеттүү хандар" жөнүндөгү ой, кыялдануулар, кызыктуу берилген. Азимкан өңдүү акылсыз адамдын эл башкарууга жөндөмү жоктугу, зулумдугу, Ак эшенди олуя катары көрүп, элдин сөзүн, турмуш тиричилигин этибарга албастан жөндөн жөн эле Кедейге тактысын тарттырып жибериши жогорку көркөмдүктө, чеберчиликте чагылдырылат.

Комментарии • 7

  • @user-qp4kk3vt4q
    @user-qp4kk3vt4q Месяц назад +1

    ♥️

  • @user-yf9ld7yu6m
    @user-yf9ld7yu6m Месяц назад +2

    Ойлоп көрсөм ошондо эле байке аранжировщик, музыкант, композитор экен да, ак кайран агай азыркыдай студияны өзү эле ачып алмак экен да.

    • @berdibekakaev
      @berdibekakaev  29 дней назад

      Рахмат! байке, агайды таанып,билип, эмгегин айтып, унутпай жүргөнүңүзгө! Сиздей агалар аман болсун! 🔥

  • @user-yf9ld7yu6m
    @user-yf9ld7yu6m Месяц назад +3

    Эстегенде айта кетейин, 2003 же 2004 жыл болчу,театрдын аркасында жол бар, ошол жолдо Бердибек байке таң атпай, жанагы кир жууган узун чоң тазикти анын ичине сыр чара, жанында сыр чака анысы аз келгенсип сол колуна тунук баштыкка буудай салып алыптыр.
    Улам токтоп келаткан, жакындап калганда эле байке экенин таанып калып, чуркап бардым, Ассалоому алейкум деп эле бериңиз байке көтөрүшөйүн деп экөөбүз тең бөлүп көтөрүп алдык, ичимде байке жеңе менен урушуп кеткенго деп ойлоп коем 😂 анан байкеден сурадым кайда баратасыз? десем жумушка, “Батмазуура” деген спектаклга музыка жазам деди, ой мен таң калганымчы, ушулар мененби? десем ооба деп күлүп койду, чака чайнек менен музыка жазам деген кишини биринчи көрүшүм деп кошо кирип театрга отуруп алдым, анан кызык башталды 😊
    Бердибек байке жанагы тазикке майда таштарды салып ары бери чайкап эле аткан, андан кийин чарага буудайды салып алып жанагы кууругандай күүшөп аткан, анан чакасына суу куйуп алып аны бир чакадан бир чака куйуштуруп, тамчылатып эле аткан анан жанагы эски кыл кыяк деп коебу же коңур кыяк деп коебу ошол менен отуруп күү чертип отуруп запись кылып бутту окшойт бир маалда уксак жанагынча эмгектен, Шамалдын үнү, суунун үнү, толкуган суу,тамчылаган суу анан коңур үндү кыяктын керемет добушу менен кыскача күү жазды, эсим ооп калыптыр😅 тура калып кол чаптым, ошондон кийин Бердибек байкенин “Агайдын” дейиечи талантын аябай түшүнүп калгам кыска бир 4 саатта.
    Ээх агай кабырыңыз нурдуу болсун, Жараткан Аллабыз сизди өз жаннатына алсын 🙏🏻 аман болгондо музыкалык же музыкадагы профессор болмок экенсиз! 🥹✊🏻🔥

    • @berdibekakaev
      @berdibekakaev  29 дней назад

      Керемет билдирүү болуптур! Чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз сизге! 🎉🔥❤️Аман болуңуз! Ден-соолукта болуңуз! ❤🔥

  • @user-yf9ld7yu6m
    @user-yf9ld7yu6m Месяц назад +2

    Анан бул роль ойноп жаткан Арзыбек менен Мирболотту көрүп эстеп кетпедимби, ошондо Бердибек агай экөөнө даагы балдар кыздар бар болчу ошолорго артикуляция, дикциянарды оңдогула деп кыска эле сөздөр “ Тпто” беле? анан (Клара-краля в то время кралась к ларю, пока Карл у Клары крал кораллы) деген сөздөрдү окутуп шар айттырып жатты, ошондо мен дагы балама жаттатып алайын деп ушул сөздү жазып алгам мындан дагы көп сөздөрдү берген почти бир тетрад толгон Бердибек агайдан. пайдасы тийди уулум журналист болуп чыкты.

    • @berdibekakaev
      @berdibekakaev  29 дней назад

      Агайдын бир эле театрга кылган эмгеги, сиздин уулуңузга жакшы таасирин берсе ал дагы биз үчүн чоң бакыт! Уулуңуз ушул агайдай белгилүү, элине кереги тийген эр азамат журналист болсун! 🔥