Чүй өнүктүрүү фондунун кезектеги жыйыны!!

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 20 сен 2024
  • Чүй облусунун өнүктүрүү фондунун кезектеги жыйыны болуп өттү,анда жарым жылдык отчет берилип, жаңы бекитилген байкоочу кеңештин курамы менен таанышып, Чүй өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин төрагасы шайланды.
    Кубатбек Мамыров Чүй облусунун өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин төрагасы
    Чүй өнүктүрүү фонду Чүй облусундагы социалдык экономикалык тармактардын өнүгүүсүнө чоң салымын кошуп келүүдө. Чүй облусунун жетекчиси Эркин Тентишев Панфилов,Жайыл райондорундагы скважиналарды кайра иштетүү демилгеси көтөргөн, Чүй өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңеши бул демилгени толугу менен колдоп берди.
    Аскат Молдогазиев Чүй өнүктүрүү фондунун директору
    Ошону менен бирге Чүй районунун Он Бир-Жылга айыл аймагына таза суунун турбаларын киргизүүгө сунуш кылынган,долбоорду кеңештин мүчөлөрү жактырды. Таза суу тээ союз убагынан бери каралбай эскилиги жетип калган.
    Сыдыков Ильичбек Он Бир-Жылга айыл аймагынын башчысы
    Жайыл районунда 142, Панфилов районунда 126 скаважина бар,алардын ар бири 50 литр суу бергенде, 100 скаважинадан 5 куб суу чыгат.Эскерте кетсек Чүй облусунун жетекчиси Эркин Тентишев өз каражатынан акча бөлүп,элге скважина чыгарып берүүдө.

Комментарии •