Малик Аликеев - МӨЛМӨЛҮМ // мындай эчким ырдай албайт

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 14 янв 2025

Комментарии • 146

  • @ГульназЖусупова
    @ГульназЖусупова 2 года назад +193

    Молмолумду молмолум кылып ырдаган ырчы эле... Жайы жанатта болсун🙏🙏🙏.

    • @ПараПара-г9т
      @ПараПара-г9т 7 месяцев назад +7

      Убагында окмот жардам кылып дарылатса сакайып кетсе керек беле😢

  • @БишкекБишкек-щ7д
    @БишкекБишкек-щ7д 2 года назад +76

    Ото уккулуктуу ыр башкалар мындай ырдай албайт 100%

  • @ГулмираЖунусова-з3о
    @ГулмираЖунусова-з3о 2 года назад +95

    Мындай ырчы кылымда бир жаралат. Баракелде.....

  • @Альфа-ь3б
    @Альфа-ь3б 2 года назад +33

    Малик Аликеев дегенде, Молмолум.
    Молмолум дегенде, Малик Аликеев эледа. Аттин бейишиниз болсун 🤲🤲🤲

  • @МахабатТокторбаева-о7т

    Эч кандай фонаграммасы жок сонун ырдайт Мына нукура талант Кубулжуган мукамдуу ун Бар бол Ооруба Сенин ордун сахнада

    • @FREEZER-v1h
      @FREEZER-v1h Год назад +2

      Өтүп кеттиго былтыр

  • @ШайлообекМатенов
    @ШайлообекМатенов 2 года назад +40

    Аллахым бейишин берсин!
    Кыргыздын таланттуу уулу эле.

  • @НазиБ-я2с
    @НазиБ-я2с 2 года назад +30

    Малик байкебиз болбосо молмолумду мынчалык элге эч ким жеткире албаса керек .

  • @TurgunchikSadblkov
    @TurgunchikSadblkov Год назад +36

    Биздин бети жок чиновниктер ушундай мыкты талантка оз убагында наамдарды, уй берип, баалап койгондо..... .балким Маликтин жашоосу таптакыр башка болот беле? Аттин...кайран бала эч бааланбай кетти....

    • @TurgunchikSadblkov
      @TurgunchikSadblkov 10 месяцев назад +1

      @user-kb4ru8xu2l Сиз кызыксыз....ошо бааланбаган учун ичип кеткендир....ушундай талантты баалаган жокпуз, ошол эле убакта, чондор итибай-чотубайларга наам ды онду - солду берип жатышты го.....

    • @TurgunchikSadblkov
      @TurgunchikSadblkov 10 месяцев назад +1

      ОШО БААЛАНБАГАН УЧУН ИЧТИ ДА.....@user-kb4ru8xu2l

    • @dn1415
      @dn1415 8 месяцев назад

      @user-kb4ru8xu2l эмне арактын кесепетинен ооруга чалдыккан беле?

    • @ТемирбекБектаев
      @ТемирбекБектаев 2 месяца назад

      @user-kb4ru8xu2l эмне арактан олдубу мен билбейт экенсин?

  • @user-qw7pf
    @user-qw7pf 2 года назад +21

    Мөлмөлүмдү Маликтей эч ким жеткире аткара албайт го чиркин.

  • @АкниетРахметова-з8р
    @АкниетРахметова-з8р 2 года назад +29

    Беттин көркү нур менен
    Белдин көркү кур менен
    Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм
    Белгилүү болсун ыр менен
    Эки илебиң кызыл гүл ачылгандай, Мөлмөлүм
    Бир карасаң жүрөккө от
    чачылгандай, Мөлмөлүм
    Маңдай чачың Маргалаң
    жибегиндей, Мөлмөлүм
    Сенин ышкың баланын
    тилегиндей, Мөлмөлүм
    Өтүмдүүсүң Өзгөндүн
    күрүчүндөй, Мөлмөлүм
    Созулганың зергердин
    күмүшүндөй, Мөлмөлүм
    Майиндигиң жоргонун
    жүрүшүндөй, Мөлмөлүм
    Гүлзар кылчы жүрөктүн
    какшып жаткан чөлдөрүн
    Күйдүм, Мөлмөл, аппагым
    Ааламдан сендей таппадым
    Издеп-издеп күн-түнү
    "Мөлмөлүм!" деп какшадым
    Секин баскан бутуңдан
    Сейдана мончок жытыңдан
    Кадам койгон бутуңдан
    Калемпир мончок жытыңдан
    Чыныга куйган бал болсоң
    Чымындай ага малынсам
    Чыга албай жатып ошондо
    Чын өзүңө багынсам
    Чыгарып койсоң боор ооруп
    Чырагың болуп жагылсам
    Алты оролуп мойнуңа мен
    Ак маржан болуп тагылсам
    Берейин десем малым жок
    Мал табууга алым жок
    Кедейликтин дартынан
    Тышым жалын, ичим чок
    Бирок да мунун баарына
    Карабайт экен көңүл шок
    Көрүнүп койсоң бир жолу
    Булуттан чыккан айга окшоп

  • @ОктомканИсмоилова
    @ОктомканИсмоилова 2 года назад +9

    Молмолум ырды Маликсиз элестетуу кыйынго Жайын жаннаттан болсун

  • @Айдин-ы6й
    @Айдин-ы6й 4 месяца назад +12

    🤲🤲🤲дуа кылгыла 😭😭😭😭😭барган жери бейийшь болсун оооомин!

  • @РыскулИманмолдоева
    @РыскулИманмолдоева 2 года назад +20

    Онорлу адам эч качан олбойт!
    Элдин эсинде туболуко жашайт 😭🤲

  • @КЫРААН-г9б
    @КЫРААН-г9б 2 года назад +26

    Таланттууларды тирүүсүндө сыйлай алсак жакшы болот эле

  • @user-ux7gf5ie9t
    @user-ux7gf5ie9t 2 месяца назад +7

    Ай кайран Залкар! Мөлмөлүмдү Малик агамдай эч ким ырдай албайт.
    Аллахым бейиштик кылсын 🤲

  • @ГСатыкулова
    @ГСатыкулова 2 года назад +7

    Обону келбеген акчасы көптөр алат экен сыйлыкты бизде акыйкаттык жоголгону өкүнүчтүү өлгөндөн кийин кереги не мактагандан тирүүсүндө кадырын билбегендеер

  • @пользователь-д1э5щ
    @пользователь-д1э5щ 2 года назад +40

    Жаткан жери жайлуу болсун АКЕБИЗДИН.
    Талас эли бүгүн күлүк кулунун жоготту.

    • @ilimbeishenaliev9433
      @ilimbeishenaliev9433 2 года назад +6

      Талас эли деле эмес, Кыргыз эли !

    • @ilimbeishenaliev9433
      @ilimbeishenaliev9433 2 года назад +1

      Тууган болун болу

    • @TurgunchikSadblkov
      @TurgunchikSadblkov 10 месяцев назад +2

      Таалас эле эмес, бутундой кыргыз жоготту.....

  • @МиргулАбдыкадырова-у1ю

    Раматылык оору адамдын жанын алып тынат экен😢 ыйлап атып уктум жайы жанатта болсун алаахым бейишинен орун берген болсун 🤲😢😢

  • @aziyatakbaeva3274
    @aziyatakbaeva3274 2 года назад +21

    До сих пор хит ээ ушул ыр

  • @azamjonyunusov410
    @azamjonyunusov410 8 месяцев назад +14

    Харсафар эштсам мазза киламан.охирати обод болсин🇰🇬🇺🇿🤲

    • @ПараПара-г9т
      @ПараПара-г9т 7 месяцев назад

      Норм перевод кылчы узбекчеден кыргызчага

    • @azamjonyunusov410
      @azamjonyunusov410 7 месяцев назад

      Тушунмадим сиизни (норм)

    • @Айдин-ы6й
      @Айдин-ы6й 4 месяца назад

      @@azamjonyunusov410 🇰🇬♥️🇺🇿😭😭😭😭😭😭😭

    • @a1bduvaitov
      @a1bduvaitov 22 дня назад

      @@ПараПара-г9т ар дайым уксам маза кылам жаткан жери бейиште болсун дейт

  • @ГулмираОмурбека
    @ГулмираОмурбека 2 года назад +15

    Маликтин консертин толук чыгаргылачы кутуп атам баарынарды келе жаткан жаны жылынар менен куттуктайм

  • @РсрсосТсосопл
    @РсрсосТсосопл 2 года назад +18

    Маликтин толук концертин ютубга чыгарсанар жакшы болот эле

  • @Bilalkgzars
    @Bilalkgzars 2 года назад +12

    Жаткан жери жайлуу болсун акырети аабад болсун бейиштен орун берсин Аллахым

  • @ДуйшоканШорукова
    @ДуйшоканШорукова 2 года назад +19

    Малик Азаматсын!Ден соолугун бекем болуп ыр куржунун боксорбосун.Ийгилик.

  • @Kutmeder
    @Kutmeder 2 года назад +8

    Кайран Кыргыздын жылдызы бейиште болсун Сенин жашоон топурагын торкр болсун

  • @AltynbekKasimov
    @AltynbekKasimov 7 месяцев назад +7

    Қырғыз ағайындардың керемет әндерінің бірі. 👍🫡

  • @Madina_kyrgyz_vlog
    @Madina_kyrgyz_vlog 26 дней назад +2

    Беттин көркү нур менен,
    Белдин көркү кур менен.
    Биз сүйгөн сулуу - Мөлмөлүм,
    Бүгүн белгилүү болсун ыр менен.
    Эки илебиң - кызыл гүл,
    Ачылгандай, Мөлмөлүм.
    Бир карасам жүрөккө от,
    Чачылгандай, Мөлмөлүм.
    Маңдай чачың Маргалаң,
    Жибегиндей, Мөлмөлүм.
    Сенин ышкың баланын,
    Тилегиндей, Мөлмөлүм.
    Күйдүм, Мөлмөл аппагым,
    Ааламдан сендей таппадым.
    Издеп-издеп күн-түнү,
    Мөлмөлүм деп какшадым.
    Секин баскан бутуңдан,
    Сейдана мончок жытыңдан.
    Кадам койгон бутуңдан, аа,
    Калемпир мончок жытыңдан.
    Бетиме түшсө жамалың,
    Ашыглык отко жанамын.
    Боорукер болсоң колдоп ал,
    Боздоп жүргөн баламын.
    Алкымыңа жарашкан,
    Алтын иймек, сагагың.
    Ай тийгенсип көрүнөт,
    Ак бермет таккан тамагың.
    Боз уланды какшаткан,
    Болор-болбос баш баккан,
    Сенин бөдөнө тумшук мамагың.
    Айдап-айдап мал бербей,
    Айры өркөчтүү нар бербей.
    Сүрүп-сүрүп мал бербей,
    Сүйрү өркөчтүү нар бербей.
    Башымды берсем тартууга,
    Алар белең, Мөлмөлүм?
    Ашыглыкка бир даба,
    Же табар белең, Мөлмөлүм?
    Же мал бербей, өзүн берет деп,
    Бул өлмөсөк кимге керек деп,
    Чанар белең, Мөлмөлүм?
    Берейин десем малым жок,
    Мал табууга алым жок.
    Кедейликтин дартынан,
    Тышым жалын, ичим чок.
    Көрүнүп койчу бир жолу,
    Булуттан чыккан айга окшоп.
    Көрүнүп койсоң болбойбу?
    Булуттан чыккан айга окшоп.

  • @ДильбараАкматова-ф7м
    @ДильбараАкматова-ф7м 2 месяца назад +3

    Мындай молмолумду сыздаткан адам болоор беке😢н.кайран замандашым бейишин болсун

  • @Bars-gg
    @Bars-gg 2 месяца назад +4

    Кайран талант омурун кыска экен. Молмолум менен бир дунгуродун эле .

  • @Талас.007
    @Талас.007 10 месяцев назад +3

    Бул адамдар караоке дегенди билбесе керек деп ойлоп коём да😅
    Сонун ырдашат бул эле эмес баардыгы.

  • @sulisuli3687
    @sulisuli3687 6 месяцев назад +5

    Эсимде Маликтин эн биринчи ырдап чыкканда,укмуш ырдаган!!!

  • @ШайымЖумабекова
    @ШайымЖумабекова 2 года назад +7

    Сонун аткарат Малик молмолумду. Дегеле таланты кучтуу инсан. Концерт апасы кошо ырдаган ошону толук баарын койсонор корот элек. КТРК ны да карайбыз концерттин бере элек. Аябай кутуп жатабыз.

  • @zhusup2343
    @zhusup2343 Год назад +8

    Аттин арман убагында жакшы барктай албадык😢жаткан жериниз кенен нурлуу болсун🙏🤲

  • @ШергазыБакалов
    @ШергазыБакалов 2 месяца назад +3

    Малик жараган жигит эле.Жаткан жери жайлуу болсун.Ото окунучтуу жаш кеткени.Молмолумду жеткизе аткарган ырчы эле

  • @АзиретЖолчубеков
    @АзиретЖолчубеков 2 года назад +8

    Жаткан жерин жайлуу болсун

  • @Ади-з4ю
    @Ади-з4ю 2 года назад +6

    Артыныз кайрылуу болсун

  • @anarasatybekova1360
    @anarasatybekova1360 2 года назад +2

    Аттин жалган ушундай таланттын дуйнодон өткөнү ичимди ачыштырды апасына Сабыр

  • @МамамМамамова
    @МамамМамамова 2 года назад +3

    Бүгүн конокпуз эртең жомокпуз 😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢

  • @ГулнараТуратова-ц8ы
    @ГулнараТуратова-ц8ы 2 года назад +6

    Малик байкедей ьрдаганьн корбодумгоо алга омурунуз узун болсун ден соолугунуз чьн болсун

  • @АминаАбдимиталипова-о7ф

    Жаткан жериниз жайлылуу болсун 😭😭

  • @OrozgulTurdueva
    @OrozgulTurdueva 2 месяца назад +3

    Ушунчалык залкар таланттуу жигит жайын жанната болсун

  • @qwqw8672
    @qwqw8672 2 года назад +4

    Кубанып корчу элем бугун ыйлап коруп жатам!!!! Кошунуз Малик Аке Арман Кун аааай!!!!! Кыргыздан дагы Бир бакыт Кушу учкандай болду!!!!

  • @aesvxqx
    @aesvxqx 8 месяцев назад +4

    Беттин корку нур менен
    белдин корку кур менен
    биз суйгон сулу молмолум
    белгилу болсун ыр менен
    Маңдай чачың Маргалаң
    Жибегиндей, Мөлмөлүм.
    Сенин ышкың баланын
    Тилегиндей, Мөлмөлүм
    Гүлзар кылчы жүрөктүн
    Какшып жаткан чөлдөрүн
    Секин баскан бутуңдан,
    Сейдана мончок жытыңдан.
    Кадам койгон бутуңдан,
    Калемпир мончок жытыңдан
    чыныга куйган бал болсон
    чымындай ага малынсам
    чыга албай жатып ошондо
    чын озуно багынсам
    алты оролуп мойнуна
    ак манжар болуп тагылсам
    угар белен унумду
    алар белен тилимди
    Айдап-айдап мал бербей,
    Айры өркөчтүү нар бербей;
    Сүрүп-сүрүп мал бербей,
    Сүйрү өркөчтүү нар бербей,
    Тартууга берсем өзүмдү
    Алар белең, Мөлмөлүм?
    Ашыглыкка бир дабаа
    Табар белең, Мөлмөлүм?
    Же, мал бербей, өзүн берет деп,
    Өлөсө кимге керек деп,
    Чанар белең, Мөлмөлүм?
    берейин десем малым жок
    мал табууга алым жок
    тышым жалын ичим жок
    корунуп койсон бир жолу
    булуттан чыкаан айга окшоп
    эки илибин кызыл гул
    ачылгандай молмоум
    бир карасан журок от
    чачылгандай молмолум
    (забыл)
    (забыл)
    секин баскан бутундан
    сейдана мончок чытындан
    кадам койгон бутундан
    калемпир мончок жатындан
    Бетиме түшсө жамалың,
    Ашыглык отко жанамын.
    Боорукер болсоң колдоп ал,
    Боздоп жүргөн баламын
    (то что у нас в книге)

  • @ЭльмираЭсенбаева-з9м
    @ЭльмираЭсенбаева-з9м 2 года назад +5

    Мындай молмолумду эч ким ырдай албайт жаткан жери жайлуу болсун

  • @aizhantursunbaeva7014
    @aizhantursunbaeva7014 2 года назад +6

    Жаткан жери жайлуу болсун..

  • @йцукеннекуцй-з8н
    @йцукеннекуцй-з8н 4 месяца назад +2

    Дауысы керемет екен тиктоктан ремиксін тыңдап таң қалып оригиналды тыңдағанда одан бетер таң қалдым.👍

  • @janylmamytova9868
    @janylmamytova9868 2 года назад +4

    Малик балам сеникиндей ун жок, концертиндин толугун качан коробуз, ден соолугун болуп, укулуктуу ырларды жарата бер,кылымда бир жаралган Малигим

  • @АлиханЖумабеков-я8б
    @АлиханЖумабеков-я8б 2 года назад +4

    Оо малик унуно береке озуна ден соолук

  • @ДинарМолдоканова
    @ДинарМолдоканова 3 месяца назад +2

    Азамат, аман бол, жаман көздөн, жаман сөздөн сактасын!

  • @MeGa-wi5fn
    @MeGa-wi5fn 2 месяца назад +3

    Рамалык акыркы жолу ырдаган ырлары экен

  • @АдинайСолтонбекова-к4п

    Кандай керемет талант,ун эле жалп этип очтунуз го,ыйманыныз жолдош болсун башка не дейбиз

  • @Айдин-ы6й
    @Айдин-ы6й 4 месяца назад +2

    Коруп журогум оруду 😭😭😭😭😭

  • @МайраОрунтаева
    @МайраОрунтаева Год назад +5

    Жаны жәннатта. болсун

  • @КөкөевБабас
    @КөкөевБабас 2 года назад +3

    МОЛМОЛУМДУ МОЛМОЛУМ КЫЛГАН МАЛИК БОЛЧУ КАЙРАН ГАНА ТАЛАНТ ЭЧ КИМ МЫНЧАЛЫК ДЕНГЕЛИНЕ ЖЕТКИРИП АТКАРА АЛБАЙТ

  • @НургулРыскулова-х6э
    @НургулРыскулова-х6э 2 года назад +8

    Кандай сонун голос

  • @БекзатЖанышев
    @БекзатЖанышев 2 года назад +5

    Кайран акем! Бейиштик болуңуз!

  • @bayanbatma
    @bayanbatma Год назад +3

    ❤❤❤сонун ыр 😢😢

  • @ainuraainura4791
    @ainuraainura4791 11 месяцев назад +2

    Сөз жок азаматсыз маладец ❤❤❤❤❤❤❤

  • @СоюзбекОрозбеков
    @СоюзбекОрозбеков 19 дней назад +1

    Мөлмөлүм
    Бөдөнө тумшук мамагын
    деген жери менен мөлмөл...

  • @saykalbaktybekova6341
    @saykalbaktybekova6341 2 года назад +3

    Жакшы киши эле омур кыска экен эх жаткан жери жайлу болсун

  • @Jaan6aevam
    @Jaan6aevam 8 месяцев назад +3

    Соонун экен мага Жагып калды комуз черткени

  • @ГулжигитТемирканов-э9к

    Чыныгы ыр деп ушуну айтат жаткан жери жайлуу болсун

  • @АйгульАйка-и1ф
    @АйгульАйка-и1ф Год назад +7

    Браво,лучший голос Кыргызстана🔥👍👍👍

  • @МендибайБостонкулов
    @МендибайБостонкулов 2 года назад +6

    чыныгы талант

  • @ГулмираМырзакулова-ф4ж

    Малик!!! Унуно

  • @ШаийрбекЖумалиев
    @ШаийрбекЖумалиев Год назад +2

    Маладесин

  • @Ar_sen_007
    @Ar_sen_007 18 дней назад +1

    Мына чыныгы молмолум

  • @МарапатЧыныбекова

    Ажалга айланайын арга жок экен кудайыман башка улук эч Ким жок айланайын жаткан жери жайлуу болсун айланайын. Ырларын сагынып угуп зээним Кейси ырларын уктум кыргызга нукура талант эле айланайын омуру кыска бирок нуска жашаптыр талантты бир шундук Эми ырларын уктум эле келет айланайын.

  • @РитаАлдашова
    @РитаАлдашова 2 года назад +1

    Аттин арман дуйно эмне деген ырчы токмо акын элен жаткан жериниз жайлуу болсун Аллахым фердаус бейишин берсин энесине терен кайгыруу мн конул айтам

  • @КасымРайымжанов-с4к
    @КасымРайымжанов-с4к 2 месяца назад +2

    Керемет

  • @kkmerim
    @kkmerim 9 дней назад +1

    Как же красиво🤍

  • @alinaandashova945
    @alinaandashova945 Год назад +3

    Байкуш жаш кети 😭😭😭

  • @ainurka-ef1ks
    @ainurka-ef1ks 5 месяцев назад +2

    Абдан жакшы ыр.

  • @БексултанЭламанов-з7ь

    Жаткан жериниз жайлу болсун 😥😥

  • @АрузатКурманбекова

    Жайы жаннаттан болсун.эң сонун ырдаган экен

  • @Aziz-nz3bj
    @Aziz-nz3bj Месяц назад +3

    Аа мындай эчким ырдай албайт❤❤❤❤❤😊😊😊😊😊😊🎉🎉🎉🎉🎉

  • @aliyoqubov1107
    @aliyoqubov1107 Год назад +1

    Вот настоящий талант респект ❤

  • @kgkgz9718
    @kgkgz9718 Год назад +2

    Кыргыз улуу эл

  • @ТурумканИсембаева
    @ТурумканИсембаева 2 года назад +7

    Толук концертин ютубка чыгаргылачы

  • @ЭлдиярЮлдашев-с6ц
    @ЭлдиярЮлдашев-с6ц Год назад +1

    Аллахым беишинен берсин

  • @ГулмираМырзакулова-ф4ж

    Береке

  • @ОлддОопа5ол
    @ОлддОопа5ол Год назад +1

    Обону да сонун экен😊

  • @ЧолпонайМуратова-в1д
    @ЧолпонайМуратова-в1д 2 года назад +1

    Эх, кандай сонун ырдаган!!!

  • @kgkgz9718
    @kgkgz9718 Год назад +1

    Акындарды азыр колдош керек

  • @ЖазгулТалипова-и3ь

    Кайран талант, жарк этти да жалп очту дегендей да...

  • @RustamjonGofurov-gb5rw
    @RustamjonGofurov-gb5rw 9 месяцев назад +1

    Машаллох

  • @JenishkulAbdyjalilova
    @JenishkulAbdyjalilova 9 месяцев назад +1

    Топурагын торко болсун

  • @ОмурбекАбдыкалыков-б2ж

    Ырчы деп ушуну айтыш керек,калп эле компьютер менен жасап алып уялып да коюшпайт.Сандан сапатка отуш керек,элдин баары эле ырчы болуп Кетти.

  • @kgkgz9718
    @kgkgz9718 Год назад +1

    Абдылда иманкуловго Эл артистин бериш керек

  • @АзаматЖумабаев-щ9с
    @АзаматЖумабаев-щ9с 6 месяцев назад

    Сонун чертет экен мннда комуз чертем ырдап

  • @МирДобрый-м3ь
    @МирДобрый-м3ь 2 года назад +13

    Баркелди омурунуз узуун БОЛСУН

  • @datuuilisirailova1501
    @datuuilisirailova1501 Год назад +1

    Шикарно 💐

  • @Aselmatieva8
    @Aselmatieva8 21 день назад +1

    Молмолум ырын комузда чертууну кааласаныз, менин автордук курсума келиниз 👍

  • @МамаджанЭсенбаев
    @МамаджанЭсенбаев 4 месяца назад +1

    ❤түштүк.чарчы.жаршып.калыптыр.0ш
    Kgz

  • @Calix-ji3po
    @Calix-ji3po 5 месяцев назад +1

    Тексти корком айтылган экен

  • @kyrgyz_khaganate
    @kyrgyz_khaganate Год назад +1

    Мен азыр үйрөнүп жатам

  • @КөкөевБабас
    @КөкөевБабас 2 года назад +2

    КОМУЗДУ ЧЕРТСЕ КОМУЗУ ДА ЫРДАП ЖАТКАНДАЙ КАНДАЙ КЕРЕМЕТ

  • @АйзадаТыныбекова-ъ3д

    Айзада тыныбекова. Мес мен песиядагы энемин

  • @aisuluuosmonalieva6529
    @aisuluuosmonalieva6529 Год назад +1

    Обзор
    Текст песни
    Основные результаты
    Беттин көркү нур менен ай
    Белдин көркү кур менен
    Биз сүйгөн сулуу мөлмөлүм ай белгилүү болсун ыр менен
    Эки илебиң кызыл гүл
    Ачылгандай мөлмөлүм
    Бир карасам жүрөккө от чачылгандай мөлмөлүм
    Магдай чачың маргалаң жибегиңдей мөлмөлүм
    Сенин ышкың баланын ай тилегиңдей мөлмөлүм
    Өтүмдүүсүң өзгөндүн күрүчүндөй мөлмөлүм
    Созулганың зергердин күмүшүндөй мөлмөлүм
    Майиңдигиң жоргонун жүрүшүндөй мөлмөлүм
    Гүлзар кылчы жүрөктүн ай какшып жаткан чөлдөрдүн
    Гүлзар кылчы жүрөктүн ай какшып жаткан чөлдөрдүн
    Гүлзар кылчы жүрөктүн ай какшып жаткан чөлдөрдүн
    Гүлзар кылчы жүрөктүн ай какшып жаткан чөлдөрдүн
    Гүлзар кылчы жүрөктүн ай какшып жаткан чөлдөрдүн
    Гүйдүм мөлмөп аппагым ааламда сендей таппадым
    Издеп-издеп күнү-түн "мөлмөлүм"-деп какшадым
    Секин баскан бутуңдан сейдана мончок жытыңдан
    Кадам койгон бутуңдан ай калемпир мончок жытыңдан
    Чыныга куйган бал болсоң
    Чымындай ага малынсам
    Чыга албай жатып ошондон
    Чын өзүңө багынсам
    Чыгарып койсоң боор ооруп
    Чырагың болуп жагылсам
    Алты оролуп мойнуңа мен
    Ак маржан болуп тагылсам
    Берейин десем малым жок
    Мал табууга алым жок
    Кедейликтин дартынан
    Тышым жалын, ичим жок

  • @МээримИлязова-н6ж
    @МээримИлязова-н6ж 8 месяцев назад +1

    👍👍