50 000 АКШ доллар акча талап кылган...

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 25 июн 2023
  • 20 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалган Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У.А. УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
    Эске салсак, УКМК Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда 20 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У.А. кармалган. Ал арыз ээсине карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн материалдарынын негизинде кылмыш ишин козгобоо үчүн 50 000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап акча талап кылган.
    Ушул жылдын 24-июнунда кармалган кызматкер тергөө аяктаганга чейин КР УКМКнын тергөө абагына камалды.
    «ЭРКИН-ТОО» МАМЛЕКЕТТИК РАСМИЙ ГЕЗИТИ
    _________________________________________
    Биздин сайт - www.erkin-too.kg/
    Инстаграм - / erkintoo.kg
    Фейсбук - / erkintoo.kg
    Ютуб - / @user-tv6iw1xk4b
    Телеграм - telegram.me/+-Vvnr0xngUA4NjEy
    #кыргызстан #эркинтоо #кабарлар #ош #баткен #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #чуй #бишкек #жаңылыктар #маалымат

Комментарии •